Редакцияот 17.12.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                          2007-жылдын 17-декабрындагы                                              № 599 токтому менен                                                  бекитилген                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу              Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана             балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин                 Жаштар иши боюнча департаменти жөнүндө                                 ЖОБО                           I. Негизги жоболор      1.1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Дене тарбия жанаспорт, жаштардын  иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тиктин Жаштар  иши боюнча департамент (мындан ары - Департамент) КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иш-тери жана  балдарды  коргоо  боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан арыМамлекеттик агенттик) ведомстволук уюму болуп эсептелет.     1.2. Департамент  өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,"Мамлекеттик жаштар  саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамын  жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук ак-тыларын, Кыргыз  Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, белгиленгентартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Мамлекеттик агенттик жө-нүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.     1.3. Департамент  юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмийтилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, Казыначы-лык системасында учурдагы, алыш-бериш жана атайын эсептери бар.     1.4. Департаменттин борбордук аппаратын кармоого чыгымдарды каржы-лоо бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.     1.5. Департамент жөнүндө жобону Мамлекеттик агенттиктин сунушу бо-юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.     1.6. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саныМамлекеттик агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилет.             II. Департаменттин милдеттери жана функциялары      2.1. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-апрелиндегиN 173  "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин мамлекеттик жаштар сая-сатын өнүктүрүү  концепциясы жана 2006-2008-жылдарга "Кыргызстан жашта-ры" улуттук    программасы    жөнүндө"    Жарлыгы    менен   бекитилген2006-2008-жылдарга "Кыргызстан  жаштары" улуттук программасын ишке ашы-руу;     - жаштарды  ар тараптуу өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык, мада-ний, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаш жаран-дардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуугабагытталган социалдык-экономикалык программаларды жана долбоорлорду иш-теп чыгуу жана ишке ашыруу;     - Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунумаалыматтык-аналитикалык камсыздоо;     - Департаменттин  компетенциясына  киргизилген маселелер боюнча эларалык уюмдар  менен  кызматташтыкты координациялоо жана жаштар саясатычөйрөсүндө эл  аралык  байланыштарды ишке ашыруу, ошондой эле эл аралыктажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү;     - мамлекеттик  жаштар  саясаты жаатында илимий-изилдөө базаны жанаишмердикти илимий  методикалык  камсыздоо  системаларын кызыкдар уюмдарменен бирдикте өнүктүрүү жана өркүндөтүү;     - жаштардын  укуктарын коргоого жана кызыкчылыктарын илгерилетүүгөтиешелүү бөлүгүндө  Кыргыз  Республикасынын экономикалык жана социалдыкөнүктүрүү пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;     - жаштар  жана  жаштардын демилгелерин ишке ашырууга карата ишкер-дик, маалыматтык-билим  берүүчүлүк жана башка инфраструктураларды өнүк-түрүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү;     - жаштар уюмдарынын республикалык реестрин түзүү;     жаштарды патриоттук, рухий адеп-ахлактык, моралдык-эстетикалык жа-на дене тарбияга, интеллектуалдык, чыгармачылык өнүктүрүүгө багытталганмаксаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;     - жаштарды  ишке орноштурууга жана жаш үй-бүлө институтун чыњдоогокөмөк көрсөтүү;     - жаштар  программаларын  жана долбоорлорун финансылык колдоо үчүнинвестицияларды жана  гранттарды тартуу, ошондой эле мамлекеттик жаштарсаясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик саясатты түзүү.     2.2. Департамент  өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функ-цияларды аткарат:     - республикада  жаштар  саясатын  өнүктүрүүгө комплекстүү талдоонужана божомолдоону жүргүзөт;     - кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ме-нен бирдикте мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү инвестициялык сая-сатты түзүү  боюнча  сунуштарды, программаларды жана долбоорлорду даяр-дайт жана ишке ашырат;     - Мамлекеттик агенттиктин кароосуна белгиленген тартипте жаштардыништери  боюнча  аймактык  органдарды  түзүү,  кайра  уюштуруу жана жоюужөнүндө сунуштарды киргизет;     - шыктуу жана таланттуу жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана анданары колдоо үчүн ушундай жаштардын өкүлдөрүн издөөгө жана тандоого көмөккөрсөтөт;     - жаштар чөйрөсүндөгү социалдык, саясий процесстерге, алардын рес-публикадагы  социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалдын абалына жанаөнүгүшүнө болгон таасирине жана мамлекеттик жаштар  саясатынын  негизгибагыттарын ишке ашырууга талдоо жүргүзөт жана болжолдойт;     - белгиленген тартипте чет өлкөдө жашаган  Кыргыз  Республикасынынжаштарынын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн,  ошондой эле Кыргыз Рес-публикасындагы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жаштарынын жана  жаш-тар уюмдарынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырууга көмөккөрсөтөт;     - белгиленген  тартипте  эл  аралык,  региондук жана республикалыкжаштар иш-чараларын  (көргөзмөлөрдү, жармањкелерди, фестивалдарды, кон-курстарды, мелдештерди,  олимпиадаларды  ж.б.),  ошондой эле ишкер жанаилимий симпозиумдарды,  конференцияларды  жана  Кыргыз  Республикасындамамлекеттик жаштар  саясатын өнүктүрүү менен байланышкан башка иш-чара-ларды уюштурат жана өткөрөт;     - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функци-яларды аткарат.                      III. Департаменттин укуктары      3.1. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:     - мамлекеттик  жаштар  саясатын  ишке ашыруу маселелерине тиешелүүКыргыз Республикасынын  мыйзамдарынын,  нормативдик укуктук актыларынындолбоорлорун иштеп чыгууга жана иштеп чыгууга катышууга;     - мамлекеттик  жаштар саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндө иштөөчү кыз-маткерлердин кадрлар  резервин түзүүгө жана алардын квалификациясын жо-горулатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;     - республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен мамлекет-тик жаштар  саясатын  ишке  ашыруу  боюнча республикалык жана региондораралык иш-чараларды каржылоого;     - гранттык  негизде эл аралык жана башка уюмдардан финансылык жанатехникалык жардам алууга;     - жаштар проблемалары боюнча илимий-изилдөөлөрдү, ошондой эле мам-лекеттик жаштар  саясаты жаатында долбоорлорго жана программаларга экс-пертиза жүргүзүүгө;     - Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарды ишке ашырууга.                    IV. Департаменттин ишин уюштуруу      4.1. Департаментти Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу бо-юнча  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кызматкадайындалуучу жана бошотулуучу директор башкарат.     Департаменттин директору:     - Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын  аткары-лышына жеке жоопкерчилик тартат;     - кызматкерлердин ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт;     - өз компетенциясынын алкагында буйруктарды чыгарат жана башка че-чимдерди кабыл алат;     - Мамлекеттик агенттиктин директорунун тапшырмасы боюнча мамлекет-тик мекемелерде,  эл аралык уюмдарда жана башка мекемелерде мамлекеттикжаштар саясаты чөйрөсүндө Мамлекеттик агенттиктин таламдарын көрсөтөт;     - Мамлекеттик агенттиктин директорунун тапшырмасы боюнча өз компе-тенциясынын чегинде  тиешелүү чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эларалык укуктун  башка  субъекттери  менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жанамакулдашууларга, эл аралык келишимдерге кол коюуга укуктуу;     - Департаменттин  кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтанбошотот;     - Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Де-партаменттин ишмердигин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарымукуктарды жүргүзөт.                 V. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу      5.1. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамында аныкталган тартипте ишке ашырылат.