КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-декабры № 623 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекеттик чегараны кайтарууну жана коргоону андан ары өркүндөтүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өз-гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы аталган мый-зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурундаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-статья. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2000-ж., № 7, 371-ст.)төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-статьяда: - экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары виза тариздебестен Кыр-гыз Республикасы жарактуу деп тапкан документтеринин бири боюнча, эгерКыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыр-гыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө,бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон ре-жим"; - 4-бөлүктө: "паспортунда же аны алмаштырган жол жүрмөлөрүндө" деген сөздөр"анык" деген сөз менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө" деген сөздөр ", Кыргыз Рес-публикасынан чыгып кетүүгө жана транзит менен өтүүгө" деген сөздөр ме-нен алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Визалык режим - алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыменен белгиленген анык визанын негизинде чет мамлекеттин жарандары Кыр-гыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө,бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим. Өздүгүн күбөлөндүргөн документ - бул дипломатиялык каналдар мененжиберилген жана Кыргыз Республикасы ушул сапатта таанылган, эгер КыргызРеспубликасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик чегарасын кесип өтүүчү адамдын статусун ырас-тоочу документ. Анык документ - көрсөтүүчү адамга таандык болгон жана жасалмаэмес, мөөнөтү өтпөгөн, тийиштүү үлгүдө жазып катталган жана укуктуу ор-гандар тарабынан бекитилген, мамлекет берген компетенттүү органдардынаныктоолоруна реквизиттери жана бардык бөлүктөрү туура келген өздүгүнкүбөлөндүргөн документ. ". 2. 5-статьянын биринчи бөлүгүндө: - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Миграция жана демог-рафия боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы-нын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөрменен алмаштырылсын, "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызма-ты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздуккомитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызма-ты" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. 6-статьяда: - статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине, алардын Кыргыз Республикасында болушуна, транзит менен өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине уруксаты" - биринчи бөлүктөгү "(паспорту же аны алмаштырган документи)" де-ген сөздөр алып салынсын; - биринчи жана экинчи бөлүктөрдөгү "чет өлкөгө баруу паспортторун"деген сөздөр "өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин" деген сөздөр мененалмаштырылсын; - үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул Мыйзамдын 7-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган учурлардантышкары, эгер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыла-рында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача бел-гиленбесе, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Рес-публикасына кирүү же Кыргыз Республикасынан чыгуу визасынын жана аныкдокументтердин негизинде Кыргыз Республикасына кире алышат жана КыргызРеспубликасынан чыга алышат."; - төртүнчү бөлүктөгү "визалардын негизинде," деген сөздөр "аныкдокументтердин жана визалардын негизинде," деген сөздөр менен алмашты-рылсын; 4. 7-статьяда: - статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Рес-публикасына кирүүсү жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү"; - биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-статья. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар, эгерКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында жана Кыр-гыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, аныкдокументтер жана визалар боюнча эл аралык каттоо үчүн ачык мамлекеттикчегарадагы өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жанаКыргыз Республикасынан чыгып кетишет"; - экинчи бөлүктө: 1-пунктчадагы "жарактуу виза, паспорт же аны алмаштырган докумен-ти" деген сөздөр "анык документи же визасы" деген сөздөр менен алмашты-рылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: "6. Эгер бул жаранга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ыйгарымукуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегентартипте Кыргыз Республикасына келүүгө (жашоого) мүмкүн эмес экендигижөнүндө чечим кабыл алынса;"; - 6-пунктча 7-пунктча деп эсептелсин; - статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Рес-публикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда чектелиши мүмкүн, эгерде алар: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жасагандыгыбоюнча шектүү деп кармалгандар же болбосо, айыпталуучу катары тартыл-гандар, - иш боюнча чечим кабыл алганга чейин же сот өкүмү мыйзамдуукүчүнө киргенге чейин; 2) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш кылгандыгы үчүн соттол-гондор, - тарткан жазасы (аткарылганга) бүткөнгө чейин же тарткан жаза-сынан бошотулганга чейин; 3) сот тарабынан салынган милдеттемелери аткаруудан качкандар, -милдеттемелер аткарылганга чейин же тараптар макулдашууларга жеткенгечейин; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салык төлөө боюн-ча милдеттемелерин аткарбаганда, - бул милдеттемелерди аткарганга че-йин; 5) Кыргыз Республикасынын аймагында администрациялык укук бузган-дыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялыкжоопкерчиликке тартылгандар, - жазаны аткарганга чейин же жазадан бошо-тулганга чейин.". - төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи жана ал-тынчы бөлүктөр деп эсептелсин; - бешинчи бөлүк "Кыргыз Республикасына" деген сөздөрдөн кийин "жа-на Кыргыз Республикасынан чыгууда" деген сөздөр менен толукталсын. 5. 8-статьяда: - экинчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "чет өлкөгө баруу паспортто-рун" деген сөздөр "өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин" деген сөздөрменен алмаштырылсын; - үчүнчү бөлүктөгү "паспорт же аны алмаштырган документи" дегенсөздөр "бул максат үчүн атайын барактары бар, өздүгүн күбөлөндүргөн до-кумент гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 6. 10-статьядагы "чет өлкөгө баруу паспортторун" деген сөздөр"өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 7. 11-статьядагы "чет өлкөгө баруу паспорттору" деген сөздөр"өздүгүн күбөлөндүргөн документтери" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 8. 12-статьядагы "чет элдик жарандардын" деген сөздөрдөн кийин"жана жарандыгы жок адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын. 9. 14-статьянын жетинчи абзацындагы "өткөрүү" деген сөз "анык" де-ген сөз менен алмаштырылсын. 10. 15-статьянын жетинчи бөлүгүндөгү "паспорт менен" деген сөздөр"анык документи менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Кыргыз Рес-публикасына кирүүгө" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынанчыгууга" деген сөздөр менен толукталсын. 11. 19-статьяда: - үчүнчү бөлүктүн 3-пунктчасындагы "тартуу үчүн" деген сөздөрдөнкийин "аларды" деген сез менен толукталсын; - алтынчы бөлүктө: "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук министрлиги" дегенсөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети"деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөрдөнкийин "жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөр менентолукталсын. 12. 20-статьяда: - биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар алар келүүгө ачыкболгон Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жүрө алышат."; - экинчи бөлүк "чет өлкөлүк жарандар" деген сөздөрдөн кийин "жанажарандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын. 13. 21-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын бир жерденэкинчи жерге баруу тартиби, анык документтери же Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигинде жана анын өкүлчүлүктөрүндө катталган алардыалмаштыруучу документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигитарабынан аныкталат.". 14. 22-статьяда: - биринчи бөлүктөгү "анык паспорту же алардын өздүгүн ырастоочупаспортту алмаштырган документи" деген сөздөр "анык документи" дегенсөздөр менен алмаштырылсын; - экинчи бөлүктөгү "паспортун же аны алмаштыруучу документин" де-ген сөздөр "өздүгүн күбөлөндүргөн документин" деген сөздөр менен алмаш-тырылсын. 15. 23-статьянын экинчи бөлүгү "чет өлкөлүк жарандар" деген сөз-дөрдөн кийин "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толуктал-сын. 16. 32-статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктчасындагы "паспортунун"деген сөз "анык документинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 17. 39-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "анык паспорттору" дегенсөздөр "анык документтери жана аларды эл аралык келишимдердин негизиндеалмаштырган документтери" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 18. 42-статьяда: - төртүнчү бөлүктө: "бул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер" дегенсөздөр "өздүгүн күбөлөндүргөн документтер" деген сөздөр менен алмашты-рылсын; "өздүгүн күбөлөндүрүүчү" деген сөздөр "күбөлүк" деген сөз мененалмаштырылсын; - бешинчи бөлүк "башка документтер" деген сөздөрдөн кийин "өздүгүнкүбөлөндүрүүчү" деген сөздөр менен толукталсын. 19. 43-статьяда: - алтынчы жана жетинчи бөлүктөрдөгү түрдүү жөндөмөдөгү "жаш бала"деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "16 жашка толо элек жарандар" дегенсөздөр менен алмаштырылсын. 20. 46-статьянын экинчи бөлүгү "улуттук коопсуздук органдары" де-ген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын орган-дары" деген сөздөр менен толукталсын. 21. 63-статья төмөнкүдөй мазмундагы биринчи бөлүк менен толуктал-сын: "Визаларды же чет мамлекетке адамдардын кирүүсүнө башка уруксаттынболушун контролдоо транспорттук (жүргүнчү ташуучу) компаниялардын мил-дети болуп саналат, эгер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин-де башкача каралбаса.". 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти