Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-декабры N 576 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын "Росток" борбору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында бал-дардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" 2006-жыл-дын 26-январындагы № 24 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Швеция Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында2007-жылдын 24-октябрында кол коюлган 2004-2007-жылдарга Кыргыз Респуб-ликасында "коркунуч тобундагы" балдар менен социалдык иштердиөнүктүрүү/окутууну колдоо боюнча Атайын макулдашууга ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын "Росток" борбору муниципалдуу ре-сурстук методологиялык "Росток" борбору болуп эсептелсин. 2. Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаар башкармалыгынажана Крупская айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - акысыз өткөрүп берүү жөнүндө Швеция эл аралык кызматташтык жанаөнүктүрүү башкармалыгы (8ГОА) менен келишим түзүү аркылуу үй-бүлөлөрдүнжана балдардын "Росток" борборунун мүлкүн өз балансына кабыл алуу; - муниципалдуу ресурстук методологиялык "Росток" борборунун тенуюштуруучулары катары чыгуу, Уставын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондойэле аны юстиция органдарында белгиленген тартипте кайра каттоо жүргү-зүү; - муниципалдуу ресурстук методологиялык "Росток" борборун күтүүгө2008-жылдын 1-январынан тартып өздөрүнүн бюджеттеринде белгиленген тар-типте каражат кароо. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев