Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-январы № 16 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолу жөнүндө Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аныктоого көмөк көрсөтүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономика-лык өнүктүрүүнүн божомолу жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына квартал сайын, отчеттукмезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен акча-кредит саясатынжүргүзүү жөнүндө маалыматты жана Кыргыз Республикасынын төлөм балансы-нын абалы жөнүндө алдын ала маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономи-калык өнүктүрүү жана соода министрлигине берип туруу сунушталсын. 3. Тармактык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административ-дик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары ай сайын, отчеттукмезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен тышкы жана ички фактор-лорду эске алуу менен тейлөөчү тармагынын өнүгүүсүнүн иш жүзүндөгү аба-лы жана божомолу жана мүмкүн болгон терс факторлордун таасирин токтотуубоюнча чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлигине берип турушсун. 4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлиги: - божомолдоо маселелеринде, анын ичинде бирдиктүү методологиялыкбазаны өздөштүрүү жана пайдалануу бөлүгүндө министрликтердин, мамлекет-тик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигининбашка органдарынын ишмердиктерин координацияласын; - Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн ортомөөнөттүү (үч жылдык) божомолуна өтүү мүмкүндүгүн караштырсын; - ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен2008-жылдын акырына чейин Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн алдын ала божомолун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-ратына берип турушсун. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 16 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн БОЖОМОЛУ Киришүү Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн божомолу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соодаминистрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын23-октябрындагы № 419-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жу-мушчу топ менен бирдикте даярдалды. Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн божомолунун негизги максаты экономиканы өнүктүрүүнүн оптималдыксценарийин түзүү, мүнөздүү багыттарын жана өбөлгөлөрүн тактоо жана кон-креттештирүү, колдо болгон ресурстарды жана тобокелчиликтин мүмкүн бо-луучу факторлорун табуу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн божомолу мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн 2008-жылга иш-аракеттер программасынын долбоорлорун иштеп чыгууүчүн негиз катары колдонулат. Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн божомолу экономиканын иштешинин ички жана тышкы шарттарынын өзгөрү-шүнө карата жањы мүнөздүү багыты табылган учурда, тобокелдиктин жањыфакторлору пайда болгондо такталышы мүмкүн. Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн божомолун иштеп чыгууда төмөнкүлөр эске алынды: - 2007-жылды кошо алганда өткөн жылдар үчүн түзүлгөн багыттар; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы №249 "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө"
Жарлыгыменен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясында ка-ралган саясаттын чаралары жана иш-аракеттердин планы; - "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн2007-жылдын I кварталындагы жыйынтыктары жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2007-жылга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-майындагы № 191
токтому мененбекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга иш-аракеттерпланы; - 2007-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөө-нөттүү божомолунда каралган бюджеттик саясаттын чаралары; - Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-ринин, администрациялык ведомстволорунун, Улуттук банкынын сунуштары. Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн божомолу өнүгүүнүн мүмкүн болгон үч сценарийин эске алуу менен иш-телип чыкты (1-таблица): - базалык сценарий, экономикалык өсүшүнө карата сакталып турганмүнөздүү багыттарынын жана колдогу ресурстардын негизинде иштелген; - оптимисттик сценарий, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү жана экономика-лык өсүү үчүн резервдерди, ошондой эле ички жана тышкы конъюнктуранынмүмкүн болгон позитивдүү өзгөрүүлөрүн эске алуу менен иштелген; - пессимисттик сценарий, күтүлүүчү терс факторлордун таасирин эскеалуу менен иштелген. Биринчи бөлүмдө 2006-2007-жылдар үчүн негизги экономикалык сектор-лордогу өнүгүшүнө карата тенденциялар баяндалган. Экинчи бөлүмдө өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон үч сценарийи камтылган.Базалык сценарийде, экономикалык саясаттын чараларын, колдо болгон ре-сурстарды жана калыптанган тенденцияларды эске алуу менен социал-дык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн негизинде эконо-миканын тармактары боюнча иштелген. Оптимисттик жана пессимисттик сценарийлерде социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү тиешелүү түрдө оњ жана терс фактор-лордун таасирлерин эске алуу менен экономика тармактары боюнча иштел-ген. Үчүнчү бөлүмдө иштелип чыккан сценарийлердин негизинде ИДПны өндү-рүүчү секторлорго карата максаттуу параметрлери аныкталган. Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн божомолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттери-нин программасын иштеп чыгууда пайдаланылды. 1. Кыргыз Республикасын 2006-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тенденциялары жана 2007-жылдын жыйынтыктары 1.1. Кыргыз Республикасын 2006-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары 2006-жылда макроэкономикалык абалды бекемдөөнүн оњ тенденциясыбайкалды. 2005-жыл менен салыштырганда ИДП 2006-жылы 3,1 проценткекөбөйгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетининтакталган маалыматы боюнча 113800,1 млн. сомду түзгөн. ИДПнын реалдууөсүшү "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларын эсепке албаганда 5,7процентти түзгөн. Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 21,8 мињсомду түзгөн жана 1,7 процентке өскөн. Номиналдуу ИДПнын структурасында айыл чарбасынын кошумча наркынынүлүшү 28,6 процентти, өнөр жайда - 14,9 процентти, соодада, автомобил-дерди, тиричилик буюмдарды жана жеке колдонуучу буюм-заттарды оњдоодо18,3 процентти, транспортто жана байланышта - 6,1 процентти, курулушта- 2,7 процентти, мейманканада жана ресторандарда - 1,4 процентти түз-гөн. Кошумча нарктын ИДПдагы өнөр жайынын үлүшү өткөн жылга салыштыр-ганда 2,4 проценттик пунктка кыскарган. Максаттуу багытталган акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатынжүргүзүүнүн натыйжасында инфляциянын дењгээли бир калыпта калган жана105,6 процентти түзгөн. ИДПнын дефлятору 0,2 процентке көбөйгөн жана109,4 процентти түзгөн. Валюталар рыногунда кырдаал туруктуулугун сактап калды. Сом АКШдолларына карата бекемделди. АКШ долларынын сомго карата расмий орточожылдык курсу бир доллар үчүн 40,16 сомду түзгөн жана 2005-жыл менен са-лыштырганда 2,1 процентке төмөндөгөн. Банк чөйрөсүндө абал байкаларлык жакшырды. Реалдуу секторду кре-диттөөнүн өсүшү байкалды. Коммерциялык банктардын кредиттик капчыгы дэ-эрлик 1,5 эсе көбөйгөн жана 11,35 млрд. сомду түзгөн. Коммерциялыкбанктардын депозиттик базасы 28,8 процентке көбөйгөн жана 2006-жылдындекабрь айынын аягына карата 16,8 млрд. сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2727,2 млн. АКШ дол-ларын түзгөн жана 2005-жылга салыштырганда 46,4 процентке көбөйгөн.Экспорттун көлөмү 18,1 процентке өскөн жана 796 млн. АКШ долларынтүзгөн. Алтынды экспорттоонун көлөмүн эсептебегенде экспорттун көлөмү33,1 процентке көбөйгөн жана 590 млн. АКШ долларын түзгөн. Импорттункөлөмү 62,5 процентке көбөйгөн жана 1931,2 млн. АКШ долларын түзгөн. Соода балансынын сальдосу терс көрсөткүчтө ээ болду жана 1135,2млн. АКШ долларын түзгөн, бул 2005-жылга салыштырганда 2,2 эсе жогору. Товар өндүрүүчү тармактарда ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарбасынынжана курулуштун эсебинен камсыз болгон. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ИДП-нын өсүшү 3,4 процентти, анын ичинде соодада, автоунааларды, тиричиликбуюмдарын жана жеке колдонуучу буюмдарды оњдоодо 2,6 процентти, мейман-каналарда жана ресторандарда 0,3 процентти транспортто жана байланышта0,2 процентти түздү. Ошону менен бирге, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү олуттуу кыскарып(90,7%ке чейин), ИДПнын 1,7 процентке төмөндөшүнө алып келди. Кен казуу өнөр жайларында өндүрүштүн өсүү темпи 114,8 проценттитүздү. Муну менен катар эле, кен чыккан жерлерде запастардын табигыйтүгөнүүсүнүн, ошондой эле мунай, газ жабдууларынын өтө эскиришине(85-90%) байланыштуу чийки мунай жана жаратылыш газын алуу (7,25%ке)кыскарган. Иштетүү өнөр жайынын көлөмүнүн 8,9 процентке азайышына "Кумтөр"кенинде алтын өндүрүүнүн кыскарышы терс таасир көрсөттү. "Кумтөр" кениништетүүчү ишканаларды эсепке албаганда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 10процентке текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн, тамак-аш, башка металл эмесминералдык продукцияларды өндүрүүнүн эсебинен өскөн. Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү 0,9процентке азайган, бул экспорттун кыскарышынын жана жоготуулардын жо-горку дењгээлинин натыйжасы болуп эсептелет. Энергетика секторундаструктуралык реформалардын бүтпөгөндүгү инвестицияларды тартууну, энер-гокомпаниялардын финансылык жактан жакшыртылышын чектеген. 1-сүрөт. Өнөр жай тармагынын өсүү темпинин 2003-2006-жылдардын аралыгындагы динамикасы Айыл чарбасында өндүрүштүн реалдуу өсүшү 1,5 процентти, өсүмдүкөстүрүүдө - 2 процентти, мал чарбачылыгында - 1,0 процентти түзгөн. Инвестициялык жана курулушта активдүүлүк жогорулады. Негизги капи-талдагы инвестициянын көлөмү 18771,3 млн. сомду түзгөн, бул 2005-жылгакараганда 18,2 процентке көп. Инвестициянын негизги көлөмү подряддыкиштерди түздү. Негизги капиталга салынган каражаттардын көпчүлүк бөлүгү транспортжана байланышка (өздөштүрүлгөн инвестициянын жалпы көлөмүнөн 30,1%) кенказууга (20,46%), иштетүү өнөр жайына (8,7%), электр энергиясын, газдыжана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүүгө (6,8%) турак жай курууга (19,38%)багытталган. Курулуш продукцияларынын дүњ продукциясынын жалпы көлөмү 13335,9млн. сомду түзүп, 2005-жыл менен салыштырганда реалдуу өсүш 8,5 про-центти түзгөн. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле экономиканын ыкчам өнүккөнсектору бойдон калууда. Кызмат көрсөтүү көлөмү 2005-жыл менен салыштыр-ганда реалдуу өсүш 8,3 процентти түздү. Соода жана автоунааларды ремонттоо (кызмат көрсөтүүлөрдөгү үлүшү43 проценттен жогору) кызматтарын көрсөтүүнүн өсүшү 14 проценттитүзгөн. Чекене сооданын өсүү тенденциясы (15,1%) сакталды. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн өсүшүбул түрлөргө керектөө суроо-талаптарынын жогорулагандыгынын эсебинен19,7 процентти түздү. Байланыш кызматын көрсөтүүчү операторлордун санынынкөбөйгөндүгүнүн жана абоненттик базанын өсүшүнүн эсебинен почта жанаэлектр байланышы 13,7 процентке өскөн. Транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүк ташуу көлөмү2005-жылга салыштырганда автомобиль транспорту (2,2%ке), темир жолтранспорту (12,1%ке) менен жүк ташуунун көбөйгөндүгүнүн эсебинен 2,8процентке жогорулаган. Экономикадагы позитивдүү тенденциялар социалдык чөйрөдө абалдынжакшырышына түрткү берди. Минималдуу керектөө бюджети (мындан ары -МКБ) калктын жан башына алганда орточо бир айда 2377,24 сомду түзгөн. 2006-жылы орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 3091сомду түзгөн. 2006-жылдын 1-октябрынан баштап социалдык чөйрөнүн кыз-маткерлеринин эмгек акылары 30 процентке көбөйтүлгөн. 1.2. Кыргыз Республикасын 2007-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары Туруктуу экономикалык өсүүнүн жогорку темпи калыбына келтирилди.ИДПны өндүрүү 139749,4 млн. сомду суммасында түзүлгөн, ал эми 2006-жылменен салыштырганда анын реалдуу өсүшү 8,2 процентти түзгөн. ИДПнын ре-алдуу өсүшү "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, эко-номиканын бардык секторунда өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен 8,7 проценттитүздү. 2-сүрөт. 2007-жыл үчүн ИДПнын 2006-жылдын ушул эле мезгилине карата проценттик динамикасы Биринчи жарым жылдыкта экономикалык өсүштүн жогорку темпи мененкатар эле, экинчи жарым жылдыкта (августтан баштап) экономикалыкөсүштүн басањдашы байкалган, бул негизинен 2006-жылдын ушул мезгилинесалыштырганда чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн, курулуштун жана айылчарба продукцияларын өндүрүүнүн азайгандыгы менен байланыштуу. Бул не-гизги тамак-аш азыктарына жана курулуш материалдарына баалардын кескинөсүшү, ошондой эле дан эгиндеринин түшүмүнүн кыскарышы менен шарттал-ган. Тамак-аш азыктарына баалар олуттуу өстү. Нан азыктары жана акшак-тар 32,0 процентке, өсүмдүк жана малдын майы - 19,6 процентке, жањыбышкан мөмө жемиштер жана жашылчалар - 12,1 процентке, сүт - 8,8 про-центке, жумуртка - 6,5 процентке, кант - 1,1 процентке кымбаттаган. Ал-коголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа 2,4 процентке жогорула-ды. Азык-түлүк эмес товарларга баа 1,1 процентке өстү. Калккакөрсөтүлүүчү акы төлөп кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жана тарифи 3,7 про-центке өскөн, бул билим берүү 1,5 процентке, мейманкана жана ресторан-дардын кызмат көрсөтүүлөрү - 14,9 процентке жогорулагандыгы менен шарт-талган. Мектепке чейинки мекемелерге акы төлөө 5,1 процентке өскөн.Ошону менен катар эле, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн баасы 3 процентке ар-зандагандыгы белгиленген. Сырье ресурстарына, анын ичинде дан жана мунайга дүйнөлүк баанынөсүшүнө байланыштуу продукция өндүрүүчүлөрдүн баасынын көбөйүү тенден-циясы уланууда. Былтыркы жылга салыштырганда өнөр жай продукциясынөндүрүүчүлөрдүн баасынын индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштыр-малуу 109 процентке өскөн, айыл чарба продукциясы - 131,6 проценткеөскөн. 2006-жылдын декабрына карата азык-түлүк продуктылары жана алко-голсуз суусундуктар 33,1 процентке жогорулаган, алкоголдук ичимдиктержана тамеки - 6,4 процентке, азык-түлүк эмес товарлар 6,7 процентке,кызмат көрсөтүүлөр - 10,2 процентке кымбаттаган. Баалардын кескин жогорулашы менен болгон абал Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан инфляцияны токтотуп туруу жана азык-түлүк коопсуз-дугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды жүргүзүүнү талап кылды.Бул максатта Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуп туруу боюнчаиш-чаралардын планы бекитилген, Кыргыз Республикасында азык-түлүк кооп-суздугу боюнча кењеш түзүлгөн, буудай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюн-ча иш-чаралар бекитилген, Кыргыз Республикасынын Президентинин пенсия-ларды жана социалдык пособиелерди жогорулатуу боюнча Жарлыгы чыккан.Инфляцияга каршы натыйжалуу чаралар болуп калктын аз камсыз болгон кат-марына жењилдетилген баада ун бөлүштүрүп берүү эсептелди. 2007-жылдын октябрь айындагы баалардын кескин өсүшү өлкөнүн эконо-мика тармактарынын өнүгүшүнө анчалык катуу таасир эткен жок. Өндүрүлгөнөнөр жай продукциясынын материалдык көлөмүнүн индекси 2006-жылга салыш-тырганда 107,3 процентти, "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканалардыэсепке албаганда 110,3 процентти түзгөн. Өсүүнүн оњ темпин тамак-аш продуктусун, тигүү буюмдарын, курулушматериалдарын, желим жана пластмасса буюмдарын чыгаруу, ошондой элецеллюлоза-кагаз жана химиялык өндүрүш, электр энергетика боюнча тармак-тары камсыз кылды. Чийки мунайды жана жаратылыш газын алууну азайтуудан отун-энерге-тикалык пайдалуу кендерди казуунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү. Текстильбуюмдарын, машиналарды жана жабдууларды, транспорт каражаттарын жанаэлектр жабдууларын, металлургия өнөр жайынын продукцияларын өндүрүүтөмөндөгөн. Кен казуу өнөр жайынын натуралай көлөмүнүн индекси 101,3 процент-ти, иштетүү өнөр жайында 104,3 процентти түзгөн. Газ жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө натуралай көлөмүнүн ин-декси 107,6 процентти түзгөн. Бул тармактагы өсүүнүн жогорку темпи, ба-арыдан мурда Өзбекстан жана Казахстан Республикасына 2007-жылдын бирин-чи жарым жылдыгында электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү менен шарт-талган. Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүүнүнөсүү темпи азайган жана 107,6 процентти түзгөн. Айыл чарба азык-түлүктөрүн, мергенчилик жана токой чарба продукци-яларын дүњ чыгаруу 89724,9 млн. сомду түзгөн, бул өткөн 2006-жылдындењгээлинен 1,5 процентке көп. Жагымдуу экономикалык конъюнктура жана калктын реалдуу кирешелери-нин, орточо айлык акынын өсүшү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө ке-ректөө суроо-талаптарынын жогорулашына шарт түздү. Соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди, тиричилик жана жеке колдонууда-гы буюмдарды оњдоонун жалпы көлөмү 131104,4 млн. сомду түзгөн, өсүүтемпи 111,4 процентти түздү. Почта жана электр байланышы кызматкөрсөтүүлөрүнүн дүњ көлөмү 9084,7 млн. сомду түзгөн, өсүү темпи 175процентти түзгөн, негизинен республиканын аймагында мобилдик байланышменен камтылган абоненттеринин санынын өсүшү жана зонанын кењейиши ме-нен байланыштуу, мобилдүү байланыш операторлорунун ишинин эсебиненкөбөйгөн. Курулуштун дүњ продукциясынын жалпы көлөмү 20653,2 млн. сомдутүздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 20,2 процентке көп. Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн көлөмү каржылоонунбардык булактарынын эсебинен 24385,5 млн. сомду түзгөн, мында өткөнжылдын ушул мезгилине салыштырганда реалдуу өсүш 103,7 проценттитүзгөн. Каржылоонун булактары боюнча негизги капиталга инвестицияныөздөштүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда олуттуу өсүүсүреспубликалык бюджеттен 1,7 эсе жана жергиликтүү бюджеттен 1,6 эсе, четэлдик гранттардын жана гуманитардык жардамдардын 2,6 эсе, калктын кара-жаттарынан жана башка каражаттардан 16 процентке каржылоону көбөйтүүнүнэсебинен жүргүзүлгөн. Турак жай курулушунда 2820,4 млн. сом өздөштүрүлгөн, пайдалануугажалпы аянты 546,1 мињ кв.м болгон 5115 квартира киргизилген. "Жал-Ар-тис" ири турак жай комплексин, ошондой эле "Пишпек" жана "Риом" (Им-паш-Манас) мейманкана комплекстерин куруу уланууда. "Ала-Тоо" мейманка-на комплекси тендерге коюлган. Экономиканын өсүшү социалдык чөйрөдө кырдаалдын жакшырышына көмөккөрсөттү. МКБ орточо калктын жан башына алганда 2795,8 сомду түздү. Республика боюнча 2007-жылдын 11 айы үчүн бир жумушчунун (чаканишканаларды эсепке албаганда) бир айлык номиналдуу эмгек акысы 3836,8сомду түздү. 2007-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 400 сомгочейин жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 процент көбөйтүлдү, айсайын берилүүчү социалдык пособиелерге 100 сомдон 300 сомго чейин ко-шумчалар белгиленди. Өнүктүрүүнүн тышкы шарттары жана тобокелдиктери: - Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Рес-публикасынын жана Кытай Эл Республикасынын экономикалык өсүшү мененшартталган ыњгайлуу тышкы конъюнктура; - Шанхай Кызматташтык Уюмунун (КМШ), ЕврАзЭСтин алкагында тышкыэкономикалык кызматташууну кењейтүү, Кыргыз Республикасынын ДСУдагымүчөлүгүн активдүү пайдалануу; - коњшу мамлекеттердин саясый туруктуулугу; - экономиканын ачыктыгы; - алтынга, мунай продуктуларына жана башка чийки ресурстарга бол-гон дүйнөлүк бааларга республиканын экономикасынын көз карандылыгы; - данга, өсүмдүк майына болгон дүйнөлүк жана региондук баалардынолуттуу өсүшүнүн тескери таасири; - доллардын курсунун өсүшү. Өнүктүрүүнүн ички шарттары жана тобокелдиктери: - өлкөдө коомдук-саясий жана макроэкономикалык туруктуулук; - эмгек ресурстарынын тышкы жана ички миграциясы; - капиталдык курулушка, социалдык чөйрөнүн кызматчыларына, мамле-кеттик жана муниципалдык кызматкерлерге айлык акыларды жогорулатуугамамлекеттик чыгымдын көбөйүшүнө байланыштуу инфляциянын андан арыөсүүсү; - "көмүскө" экономиканын жогорку үлүшү; - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун түзүүдө импорттун үстөмдүк кылу-усу; - электр энергиясына, газга жана күйүүчү-майлоочу материалга та-рифтердин өсүшү; - ишкердик жана инвестициялык ишмердик чөйрөсүндө мыйзамдардын же-тилбегендиги; - экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча струк-туралык реформаларды андан ары илгерилетүү; - коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжа-луулугун жогорулатуу; - банк системасын чыњдоо жана финансылык рынокту терењдетүү; - чакан жана орто бизнестин субъекттеринин ишин туруктуу жогорула-туу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу ишкерликтин өнүгүшүнө өбөлгөтүзүү; - жеке инвестициялардын келүүсү үчүн ыњгайлуу инвестициялык кли-матты түзүү; - "көмүскө" экономиканы легалдаштыруу; - азык-түлүк коопсуздугун чыњдоо; - азык-түлүк продуктуларына баанын өсүшүнүн терс факторлору. 2. Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолунун сценарийи 2.1. Базалык сценарий 2.1.1. Макроэкономикалык саясат 2008-жылы экономикалык өнүктүрүүнүн темпин тездетүү төмөндөгү не-гизги милдеттерди аткарууга багытталган салмакталган макроэкономикалыксаясаттын негизинде жүргүзүлөт: - экономиканын төмөндөгүдөй тармактары боюнча дүњ продукция чыга-руунун реалдуу өсүү темпинин эсебинен: айыл чарбасында - 4,1 процент-тен, өнөр жайында - 19,9 проценттен, курулушта - 15 проценттен, кызматкөрсөтүү чөйрөсүндө - 11,1 проценттен кем эмес камсыз кылуунун эсебинен7,6 проценттен кем эмес ИДПнын өсүшүнүн реалдуу темпине жетишүү; - белгиленген максаттуу көрсөткүчтүн чегинде инфляциянын темпинтоктотуп турууну камсыз кылуу; - ИДПдан 2,4 процентке ашпаган дењгээлде бюджеттин тартыштыгынкармап туруу; - 4-5 айдан кем эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн дењгээ-линде эл аралык резервдин көлөмүн сактоо; - мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана корруп-цияга каршы күрөшүү; - жеке инвестициялардын келүүсү үчүн ыњгайлуу инвестициялык кли-матты түзүү; - рыноктук институттарды чыњдоо жана жөнгө салуучу саясат чарала-рынын натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен ишкерликти өнүктүрүүгөөбөлгө түзүү; - тышкы карыздын оордугун жењилдетүү; - "көмүскө" экономиканы легалдаштыруу; - тышкы экономикалык байланышты жана сооданы кењейтүү; - жањы жумуш орундарын түзүү; - мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз учурун-да камсыздоо. 2.1.2. Акча-кредиттик саясат 2007-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасы көбүнчө тышкы моне-тардык эмес факторлордун таасири менен пайда болгон баалардын бир нечесоккусуна дуушар болду. Олуттуу таасир этүүлөргө 2007-жылы 33 проценткекөбүрөөк кымбаттап кеткен тамак-аш продуктуларына болгон баалар дуушарболду, бул калктын күткөн инфляциянын күчөшүнө алып келди. Андыктан ак-ча-кредиттик саясаттын негизги максаты калктын күткөн жогорулап кеткенинфляцияны азайтуу жана баалардын жалпы дењгээлине жетишүү жана кармаптуруу болуп эсептелет. Инфляциянын динамикасы республикадагы макроэкономикалык кырдаалгатышкы соккулардын таасир этүүсүнүн сакталып калуу тобокелдигин, ошондойэле ички жана тышкы биргелешкен керектөөлөрдүн өсүшү; тышкы конъюнкту-радагы өзгөрүүлөр; табийгый монополиянын тарифтеринин күтүлүп жатканжогорулашы; мамлекеттик секторлордогу айлык акылардын өсүшү; айыл чарбапродуктыларына баалардын мезгилдүү өзгөрүп туруусу сыяктуу факторлордуаныктайт. Акча-кредиттик саясаттын максаттуу багыты кайра монеталаштыруупроцессинин уланышын, финансылык тартипти (анын ичинде бюджеттик-салыкчөйрөсүндө) чыњдоону, структуралык реформаларды эске алуу менен эконо-миканын азыркы абалын жана өнүктүрүүнүн божомолун талдоонун негизиндеаныкталган. Жеке секторду кредиттөөнүн олуттуу өсүшүнө байланыштуу пайда бол-гон банк системасындагы тобокелдикти азайтуу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Улуттук банкы көзөмөлдөөнүн сапатын жогорулатуу жолу мененбанк чөйрөсүн чыњдоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Кыргыз Республикасы-нын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте коммер-циялык банктарга болгон калктын ишенимин арттырууга мүмкүндүк бере тур-ган депозиттерди коргоонун системасын киргизүү боюнча жумуштарды улан-тат. Алыскы региондордо банктык эмес секторду колдоо жана финансылыккызмат көрсөтүүлөргө калктын жетишүүсүн кењейтүү үчүн, 2006-2010-жыл-дарга чакан каржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясын ишкеашыруу боюнча катуу контролдоону жүргүзүү зарыл. 2.1.3. Бюджеттик - салык саясаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесинин жалпыкөлөмү 41500,4 млн. сом суммасында, же ИДПга карата 26,3 процент дењгэ-элинде божомолдонууда. Республикалык бюджеттин кирешесин 36274,9 млн.сом суммасында же ИДПга карата 23 процент божомолдоо каралууда. Мамлекеттик бюджеттин чыгашасы (Мамлекеттик инвестиция программа-сын эске алуу менен) 48476,2 млн. сом суммасында, бул 2007-жылга кара-ганда 12585,2 млн. сомго (35,1%ке) көбүрөөк, анын ичинде акы төлөнүүчүкызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардан жана башка атайын каражат-тардын эсебинен 3492,4 млн. сом суммасында долбоорлонгон. Бюджеттик ка-ражаттардын эсебинен чыгымдар 44983,8 млн. сомду түзөт. Мамлекеттикбюджеттин жалпы чыгымы ИДПга карата 30,7 процентти түзөт. Мамлекеттик чыгымдар саясатынын максаты мамлекеттин социалдык ке-пилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо жана экономикалык өсүүгөыњгайлуу шарт түзүү болуп эсептелген. Негизги басым чыгымдардыөнүктүрүүнүн программаларына байланыштырууну камсыздоого жасалат. Мам-лекеттик инвестициялар программасы (мындан ары - МИП) өндүрүштүк, айылчарбалык жана социалдык инфраструктураларын түзүүгө жана колдоого ба-гытталат. Инфраструктураларды алгылыктуу дењгээлде кармап туруу артык-чылык катары каралууга тийиш. Бюджеттик-салык саясаты мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын ИДПгакарата 3,2 процентке чейин кыскартууну камсыз кылуучу чараларга топтош-турулат, бул макроэкономикалык туруктуулукту сактоого таасир берүүчүолуттуу фактор болуп саналат. Жакырчылыктын дењгээлин кыскартуу жана экономикалык өнүктүрүүгөкөмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик чыгымдар Өлкөнү өнүктүрүүнүнстратегиясында аныкталган орто мөөнөттүү бюджеттик негиздин контекстин-деги артыкчылыктарга ылайык төлөнөт. Социалдык чыгымдардын даректүүлүгүн күчөтүү аркылуу калктын айрык-ча аялуу топторун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттер негизги болот.Жакырчылыктын көйгөйлөрүн чечүүгө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынпайдалануунун дењгээлин аныктоо үчүн жакырчылыктын дењгээлин кыскартуу-га багытталган чыгымдардын үлүшүн бөлүүчү бюджеттик чыгымдарды класси-фикациялоонун жањы системасы киргизилүүдө. Чыгымдардын жакырчылыктын дењгээлин кыскартууга болгон таасирининнатыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүчү программалык өлчөмүнкиргизүү андан ары улантылат. Салык саясатынын негиз түзүүчү багыты чарба жүргүзүүчү субъекттер-дин салык оорчулуктарын андан ары төмөндөтүү саналат. Ушуга байланыштуусалык саясатынын маанилүү милдеттеринин бири болуп бир эле мезгилдечарба жүргүзүүчү субъекттердин салык оорчулугун жењилдетүү менен катарсалык алуу базасын кењейтүүнү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө натыйжалуусалык салуу жөнүндө жобону бекитүүнү караган Кыргыз Республикасынынжањы Салык кодексин кабыл алуу эсептелет. Салык саясатынын дагы бир маанилүү милдети болуп салыктарды адми-нистрациялоону жакшыртуу жана күчөтүү, калыс салык салуу жана инвести-циялардын агылып келүүсүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү аркылуу салык жанабажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу. Салыкты админист-рациялоону реформалоо жана модернизациялоо максатында 10 млн. АКШ дол-лары көлөмүндө грант бөлүп берүү жөнүндө Азия өнүктүрүү банкы (мынданары - АӨБ) менен макулдашууга жетишилди. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө контрабандага каршы күрөшүү (башкабажы эрежелерин бузуулар) жана бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрүн көбөйтүү,ошондой эле эсептешүүлөрдө накталай төлөөнү кыскартуу жана бүтүмдөрдүнакталай эмес ишке ашырууга өтүү боюнча иштер улантылат. Бажы кызматынмодернизациялоо боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттикчегарасындагы өткөрүү пункттарын куруу, жайгаштыруу жана техникалыкжабдуу боюнча иштер улантылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажыкомитетине 7,5 млн. АКШ долларына барабар кредит берүү жөнүндө АӨБ ме-нен макулдашууларга жетишилди. Долбоордун аяктоо мөөнөтү - 2009-жылдын31-декабры. Бюджеттин тартыштыгын кыскартууда прогресске жетишүүнү камсыз кы-луу үчүн, мамлекеттик бюджеттен чыгымдоо катуу контролдоонун алдындажана келип түшкөн кирешелерге ылайык жүргүзүлөт. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосундагы системаны ан-дан ары реформалоо пландаштырылууда. Республикалык бюджеттин чыгымдары (МИПти эске алуу менен) 2007-жы-лы бекитилген бюджетке карата 10219,9 млн. сомго (31,8%ке) көбөйүү ме-нен 42381,7 млн. сом көлөмүндө, акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардантүшкөн каражаттардын жана башка атайын каражаттардын эсебинен чыгымдар3196 млн. сом суммасында долбоорлонууда. Республикалык бюджеттин жалпычыгымы ИДПга карата 26,8 процентти түзөт. Бюджеттин саламаттык сактоого чыгымдары 4173,7 млн. сом суммасындадолбоорлонгон, ал 2007-жылы бекитилген бюджеттен 1201,5 млн. сомго(40,4%ке) көп. "Билим берүү" бөлүмү боюнча чыгымдар 3081,1 млн. сомсуммасында долбоорлонгон, ал 2007-жылы бекитилген бюджеттен 695,7 млн.сомго (29,2%ке) көп. Социалдык коргоого чыгымдар 4017,9 млн. сомго өсүү долбоорлонгон,ал 2007-жылы бекитилген бюджеттен 603,0 млн. сомго (17,7%ке) көп. 2.1.4. Мамлекеттик карызды башкаруу Карыздын жүгүн акырындап жењилдетүүгө багытталган, анын ичиндетышкы карыздар боюнча төлөөлөрдүн белгиленген графигин бир мезгилдесактаган учурда тышкы карыздарды кыскартуунун эсебинен мамлекеттик ка-рызды башкаруу саясаты сакталып калат. Мамлекеттик карыздын туруктуу дењгээлине жетишүү, анын структура-сын оптималдаштыруу жана мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу үчүннегиздерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынбашкаруунун стратегиясынын чегинде орто мөөнөттүү келечекке төмөнкүлөрсунушталат: - мамлекеттик тышкы карыздын жүгүн азайтуу; - мамлекеттик карызды өз убагында тейлөө; - тышкы карызды андан ары өзгөртүп кайра түзүүнүн мүмкүнчүлүгүнкароо (Париж Клубуна мүчө эмес кредиторлор алдында Кыргыз Республикасы-нын эки тараптуу карызын реструктуралаштырууга карата сүйлөшүүлөрдүаяктоо боюнча чаралар көрүлөт); - 45 проценттен кем эмес грант-элементтери менен жењилдетилгентышкы кредиттерди тартуу; - Өлкөнүн өнүктүрүүнүн стратегиясында аныкталган артыкчылыктаргаылайык МИПтин чегинде тышкы кредиттерди тартуу; - мамлекеттик баалуу кагаздардын жањы түрлөрүн чыгаруу жана жай-гаштыруу аркылуу ички карыздардын көлөмүн көбөйтүү; - мамлекеттик баалуу кагаздардын капчыгын диверсификациялоо; - тобокелдиктерди башкаруунун тажрыйбасын киргизүү. Мамлекеттик карыздарды тейлөөгө карата Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн милдеттенмелери боюнча чыгымдары 2008-жылы 4587,2 млн. сомдутүзөт, анын ичинен процент боюнча төлөмдөр 1453,8 млн. сомду, негизгикарыз боюнча төлөөлөр - 3133,4 млн. сомду түзөт. Ички карызды тейлөөгө республикалык бюджеттин каражаттарынан2632,42 млн. сом, тышкы карызды тейлөөгө - 1954,78 млн. сом багыттоопландаштырылууда. 2.1.5. Тышкы сектор Тышкы экономикалык ишмердик Республиканын тышкы экономикалык ишмердиги дүйнөлүк чарбалык бай-ланыштардын азыркы системасына ырааттуу кошулуу болуп кала бермекчи.Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жагымдуу шарттарын түзүүүчүн Кыргызстан тышкы экономикалык ишмердиктин либералдуу саясатынтөмөндөгүлөрдүн эсебинен улантат: - Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы,Кытай Элдик Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Түркия Республикасысыяктуу стратегиялык өнөктөштөрү жана башка соода өнөктөштөрү менен өзара мамилелерди активдештирүү жана бекемдөө боюнча иштерди улантуу; - Евразиялык экономикалык коомчулуктун чектеринде кызматташтыктыөнүктүрүү; - Шанхай кызматташтык уюмунун чегинде, анын ичинде биргелешкенэкономикалык долбоорлорго катышуу жолу аркылуу энергетика, транспорт,байланыш жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө кызматташтыктыөнүктүрүү; - соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия-нын отурумун (кыргыз-россия, кыргыз-казакстан, кыргыз-кытай, кыр-гыз-польша, кыргыз-түрк, кыргыз-герман, кыргыз-москва өкмөттөр аралыккомиссияларынын, экономикалык жана өнөр жайы боюнча кызматташуунун кыр-гыз-италия өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушчу тобунун жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунунөкмөтүнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тобунун отурумун)өткөрүү. Кызматташуунун негизги маселелеринин тизмесине электр энерге-тика, агроөнөр жай комплекси, кен казуу тармагы, транспорт, курулуш,соода, туризм, саламаттык сактоо, миграция, билим берүү, чегара жанабажы боюнча кызматташуу кирет; - КМШнын, Экономикалык Кызматташуу Уюмунун (ОЭС) региондук бирик-мелеринин чегинде макулдашууларды жана экспортту өнүктүрүү үчүн башкадокументтерди биргелешип иштеп чыгуу боюнча жумуштарды улантуу. Тышкы соода жүгүртүүнүн өсүшү 2007-жылдын көрсөткүчтөрү менен са-лыштырганда 28,2 процентке өсүү божомолдонууда, бул 4900 млн. АКШ дол-ларын түзөт, анын ичинде экспорт - 18,2 процентке, бул 1300 млн. АКШдолларын түзөт, импорт - 32,4 процентке, бул 3600 млн. АКШ долларынтүзөт. Соода балансынын терс сальдосу 2300 млн. АКШ доллары өлчөмүндөтүзүлөт. Экспорттун өсүүсүнө экспортко багыт алган тармактарда өнөр жайөндүрүшүн диверсификациялоо жана анын өсүшү көмөк көрсөтөт. Экспорттунөсүшү алтынды экспорттоо - 8,5 процентке, чыњалуу лампалары - 10 про-центке, цемент - 12,5 процентке, такта айнек - 8,5 процентке, сүт азык-тары - 5,5 процентке, тамеки - 15,5 процентке, жашылча-жемиштер - 20процентке, текстиль жана трикотаж кездемелеринен кийимдер - 25 процент-ке өсүшүнүн эсебинен күтүлүүдө. Импорттун келүүсүн жабдуулардын жана механикалык орнотмолордун(тамак-аш жана кайра иштетүү тармагы, жењил өнөр жайы, транспорттук ма-гистралдарды калыбына келтирүү жана куруу үчүн) келүүсүн көбөйтүүнүнэсебинен 15,5 процентке, электр-техникалык продуктылардын (тиричиликтехникаларынын, маалыматтык технологиялардын, калктуу конуштарды теле-фондоштуруунун чегинде радиотелефон жабдууларынын) - 20,5 процентке,мунай продуктылары - 25 процентке, жаратылыш газын - 10 процентке, жы-гач-тактай материалдарын - 30,5 процентке, химия тармагынын продуктула-рын - 20 процентке, кара металлды - 20,5 процентке, фармацевтикалыкпродуктуларды - 15 процентке көбөйтүү күтүлүүдө. 2.1.6. Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү Өнөр жай Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү божомолу 2007-жылы түзүлгөнөбөлгөлөрдүн, ошондой эле өткөн жылдарда өнөр жайынын бардык тармакта-рында өнүктүрүү тенденцияларын эсепке алуу менен жүргүзүлгөн. Өнөр жайында өндүрүштүн өсүү темпи 119,9 процент дењгээлинде неги-зинен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун алтын өндүрүүнүкөбөйтүү боюнча активдүү ишмердүүлүгүнүн эсебинен өндүрүштү (1,7 эсе)өстүрүү божомолдонууда. Кен казуу тармагында өндүрүштүн өсүү темпи көмүр, чийки мунайдыказып алуунун эсебинен жана башка кен казуу өнөр жайларынын өндүрүшү оњбойдон калат жана 101 процентти түзөт. Иштетүү тармагында өндүрүштү 123,8 процент дењгээлинде өстүрүү бо-жомолдонууда, бул өндүрүш көлөмүн металлургия өнөр жайында (1,6 эсе),тамак-аш өнөр жайында (3%ке), тигүү тармагында (15%ке), башка металлэмес буюмдар өндүрүшүндө (3%ке) көбөйтүү менен шартталат. Электр энергияны, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө суужетишсиз мезгил келгендиктен Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы-нын көлөмү кыскарышынан өсүү темпи (100,1%ке) төмөндөөрү божомолдонуу-да. 4-сүрөт. 2005-2008-жылдар үчүн өнөр жай тармагынын өсүү темпинин динамикасы Тамак-аш өнөр жайынын продукциясын өндүрүүдөгү өсүүнү төмөнкүлөр-дүн эсебинен камсыз кылуу каралууда: - ликер-арак жана спирт тармагында, мында алкоголь тармагын башка-рууну жакшыртуунун жана контрабандага каршы күрөштү катуулатуунун на-тыйжасында спирт өндүрүү 3,5 процентке, арак - 5,1 процентке жогорула-тылат; - "Апросах" ачык акционердик коомунда кант өндүрүшүн жандандыруу; - "Аксуу жүгөрүнү кайра иштетүү комбинаты" ачык акционердик коому-нун ишканаларында өндүрүштү өстүрүү. Алкоголсуз ичимдиктерди, сүт тармагынын азыктарын, ошондой эле ун,нан, кондитер азыктарын жана башка продуктыларды чыгарууну көбөйтүү бо-жомолдонууда. Тигүү өнөр жайында өндүрүштүн өсүүсү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсызкылынат: - иштеп жаткан ишканалардын ишин активдештирүү, токтоп калгандарынишке киргизүү, жањы өндүрүштүк кубаттуулугун өздөштүрүү; - тигүү өндүрүшүн легалдаштыруу. Текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн "Кыргыз комволдук-нооту комбинаты"акционердик коомунун ишканаларынын, "Тевиз" жоопкерчилиги чектелген ко-омунун, "Касиет" акционердик коомунун, "Илбирс" акционердик коомунун,"Кыргызжиптекс" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Кара Балта Килем"жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Лиматекс" жоопкерчилиги чектелгенкоомунун жана пахта тазалоочу ишканалардын өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүнэсебинен, ошондой эле жањы ишканалардын кубаттуулугун өздөштүрүүнүнэсебинен өсүүнүн оњ темпи күтүлүүдө. Атап айтканда "Эмгек-Берекеси" жо-опкерчилиги чектелген коомунда (2007-жылы пайдаланууга берилген, кубат-туулугу бир жылда 10 млн. кв.м пахтадан жасалган кездеме өндүрүү). Иштеп жаткандарын кењейтүү жана жањы тигүү өндүрүшүн ишке кир-гизүү, тигүү продуктыларын эл аралык рынокторго жылдыруу, экспорттукөбөйтүү боюнча ыњгайлуу шарттарды түзүү боюнча чараларды ишке ашыруубоюнча иштерди улантуу каралууда. "Легпром" ассоциациясынын Казакстан Республикасындагы (Астана шаа-ры), Тажик Республикасындагы (Дүйшөмбү шаары) өкүлчүлүгүн жана Свердловшаарында соода үйүн ачуу пландаштырылууда. Башка металл эмес минералдык продуктуларын (курулуш материалдары)өндүрүш көлөмүн 3 процентке көбөйтүү төмөнкүлөрдүн эсебинен божомолдо-нууда: - тармакта өтө зор салыштырма салмакка ээ (80%тен жогору) "Кантцемент-шифер комбинаты" ачык акционердик коомунун, ошондой эле - "Биш-кек ТББ заводу" ачык акционердик коомунун, "Таш-Темир" ачык тибиндегиакционердик коомунун, "Бишкеккурулуш материалдары" ачык акционердик ко-омунун, "Бессер-Борбордук Азия" ачык акционердик коомунун, "Ийгилик"акционердик коомунун; - иштерин калыбына келтирген "Технолин" жоопкерчилиги чектелгенкоому (Кант МВМ заводу), "Күрмөнтү цемент" ачык акционердик коому,"Токмок КСМ" ачык акционердик коому сыяктуу ишканаларда өндүрүшкөлөмдөрүн өстүрүүнүн; - продукциянын жањы түрлөрүн ("Интергласс" ЖЧКыда күзгү чыгаруу)чыгаруунун. "Хайдаркан сымап комбинаты АК" ачык типтеги акционердик коомунажана "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомуна стратегиялыкинвесторду тартууга байланыштуу сымапты өндүрүү 350 тоннага жана сурь-маны 4000 тоннага көбөйтүү күтүлүүдө. "Кара-Балта кен комбинаты" акцио-нердик коомунун ишканаларында өндүрүш көлөмүн өстүрүү күтүлүүдө. Айыл чарба Айыл чарба продуктусун өндүрүүнүн реалдуу өсүшүнүн 4,1 процентдењгээлине өсүмдүк өстүрүүдө өндүрүштү 5,6 процентке жана мал чарбачы-лыгында - 2,5 процентке өстүрүүнүн эсебинен жеткирүү божомолдонууда.Өсүмдүк өстүрүүдө дан (11,4%ке), жана кант кызылчасын (24,5%ке), пахта(9,8%ке), тамеки (8,5%ке), картошка (3,2%ке), жашылча (1,7%ке) мөмө-же-миштерди (5,7%ке) өндүрүүнү көбөйтүү күтүлүүдө. Айыл чарбасында өндүрүштүн өсүшүнө тамак-ашты кайра иштетүү тар-мактарынын өнүгүшү көмөк көрсөтөт. МИП чектеринде айыл чарба секторун колдоо максатында төмөнкүдөйдолбоорлор жүзөгө ашырылат: - "Айыл чарбасындагы көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо"; - "Ирригациялык системаларды реабилитациялоо"; - "Айыл чарбасын аймактык өнүктүрүү"; - "Агробизнес жана маркетинг"; - "Айыл чарба стратегиясын иштеп чыгуу" ж.б. 2008-жылы бул программаларга чыгымдардын көлөмү 1387,6 млн. сомөлчөмүндө каралууда. Кредит ресурстарына жетишүү ошондой эле айыл чарба сектордунөсүшүнө таасир тийгизе турган факторлордун бири болуп саналат. Кредитресурстары менен камсыз болууну жогорулатуу максатында кредиттик союз-дар, чакан кредиттөө системасы, аманаттардын коомдук фонддору аркылуукалктын каражаттарын андан ары мобилизациялоо каралууда. Алдыдагы мезгилге карата айыл чарбасында төмөнкүдөй 6 программажүзөгө ашырылат: - "Жер жана агрардык реформа"; - "Мал жана айыл чарба продукциясын өндүрүүдө айыл чарба секторунамамлекеттик кызматтарды көрсөтүү"; - "Үрөнгө мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү"; - "Айыл жерин суу менен камсыз кылуу"; - "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү"; - "Ирригациялык сектордун иштеши". Аталган программаларды жүзөгө ашыруу айыл чарбасынын потенциалынжогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү дүњ чыгаруунун реалдуу өсүү темпи111,1 проценттин дењгээлинде күтүлүүдө. Кызмат көрсөтүүгө суроо-талапкалктын акчалай кирешелеринин реалдуу өсүшү менен колдоого алынып ту-рат. Суроо-талапка ошондой эле эмгек мигранттарынын акчаларын которуудагы таасир тийгизет. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүшү негизинен соодадагы финансыкөзөмөлүн жакшыртуунун, ири чекене соода ишканаларынын тармагын анданары өнүктүрүүнүн, ошондой эле электрондук соода системасын өнүктүрүүнүнэсебинен сооданын, автомобилдерди, тиричилик жана жеке колдонуу буюмда-рын оњдоонун (өсүү темпи - 111,8%) өсүшү менен камсыз кылынат. Транспорт кызматтарын көрсөтүүдө рынок экономикасынын шарттарынашайкеш келген республиканын транспорттук комплексин түзүү улантылат.Транспорттук кызмат көрсөтүүнүн өсүү темпи 10 проценттин дењгээлиндеболот. Байланыш кызматы кызмат көрсөтүүнүн кењири спектрин камсыз кылган,республиканын дүйнөлүк маалымат мейкиндигине кошулуусуна мүмкүнчүлүктүзгөн жогорку технологиядагы телекоммуникация системасын түзүү багы-тында өнүгөт. Өлкөнүн алыскы райондорунда СДМА-450 технологиясынын жар-дамы менен айылдарды телефондоштуруу боюнча иштер улантылат; мындаөлкөнүн аймагынын 85 проценти телефон байланышы менен камсыз болот. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын почта бөлүмдөрүнүн база-ларында банк жана финансы кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү каралууда. Булреспубликанын банк системасын өнүктүрүүдө жана почта инфраструктурасынмодернизациялоодо оњ натыйжага жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Инвестициялар жана курулуш Экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө каржылоонун бардыкбулактары боюнча 28,16 млрд. сом инвестиция негизги капиталга пайдала-нылат. Капиталдык салымдарды "Жерүй", "Талдыбулак сол жээк" алтын кенде-ринде, энергетика объекттеринде (Камбарата ГЭС-2, башка ГЭСтерди модер-низациялоо); курулуш материалдарын өндүрүүдө (Ош облусунун Араван райо-нунудагы цемент заводу), соодада ж.б. өздөштүрүү каралууда. Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн божомолдонуп жаткан көлөмүнөналганда, курулуштун дүњ продукциясы 26,3 млрд. сом көлөмүндө күтүлүүдө,ал эми реалдуу өсүш 15 процентти түзөт. Өсүш бир катар ири инвестиция-лык долбоорлордогу иштердин көлөмдөрүнүн көбөйүшү менен шартталат. Ку-рулуштагы артыкчылыктуу багыттар транспорт магистралындагы объекттер("Ош-Сарыташ-Иркештам" автожолдорун, Түштүк региондук коридордун авто-жолдорун, Тараз-Талас-Суусамыр-1 жана 2-автожолдорун, Бишкек-Торугарт,Бишкек-Георгиевка автожолдорун реабилитациялоо), кен казуу жана энерге-тика тармактарында (алтын казуучу ишканалар, Чакан ГЭС, Баткен-Кара-Бу-лак 2-фаза), ошондой эле турак жай жана социалдык чөйрөнүн объекттеринкуруу болуп саналат. 2.1.7. Социалдык саясаттын негизги багыттары Жашоо дењгээли Социалдык саясаттын багыты жакырчылык дењгээлин төмөндөтүү, калк-тын билим берүү жана саламаттык сактоо, социалдык камсыздандыруу кыз-маттарына жетишүүсүн камсыз кылууга багытталат. Бул максаттарда социал-дык чөйрөнүн бардык багыттарында реформалар улантылат. Төмөнкү керектөө бюджети (мындан ары - ТКБ) 3131,41 сом өлчөмүндөбожомолдонууда. ТКБ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жыл-дын 9-июнундагы № 1088-III токтому менен бекитилген товарлардын ассор-тиментинин 39дан 52 аталышка кењейгендигин эске алуу менен эсептелген. Орточо эмгек акы 5200 сомдун дењгээлинде божомолдонууда же анынреалдуу өсүшү 16,1 процентти түзөт. Орточо эмгек акынын ТКБдан ашышы 65проценттен ашыгын түзөт. Эмгек рыногу жана жумушчу орундарын түзүү Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында 2008-жылы рес-публиканын калкынын саны 5 млн. 322 мињ адамды түзөт. Жумушсуздук дењгээли 10-12 процентти түзөт. Бюджеттик каржылоо жу-мушсуз жарандар менен иш алып баруудагы негизги багыт болуп саналганактивдүү саясатты (окутуу, коомдук акы төлөнүүчү жумуш, чакан кредиттөөжана жумуштуулук боюнча башка долбоорлор) жана пассивдүү саясатты (жу-мушсуздук боюнча пособие) андан ары жүргүзүүгө багытталат. Төмөндөгүлөрдү өркүндөтүү каралган: - "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-нын тиешелүү мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана "Жумуш менен камсыз кы-лууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу аркылуу улуттук мыйзам-дарды; - миграция жана жумуштуулук чөйрөсүндөгү эларалык-келишим базасын. Калкты социалдык жактан коргоо Социалдык коргоо саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизгибагыттары болуп төмөнкүлөр кала берет: - бюджеттик чөйрөдө эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү; - пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн орточо айлык акынын 15 про-центке жогорулатуу, мында пенсиянын базалык бөлүгү 2008-жылы 450 сомдундењгээлинде божомолдонууда; - жењилдиктерди берүү системасын акчалай төлөөгө которуу жолу ме-нен реформалоо; - калкты социалдык коргоонун даректүүлүгүн арттыруу максатында биржолку айлык пособие дайындоодо (мындан ары - БАП) үй-бүлөлөрдүн муктаж-дыгын аныктоонун ыкмаларын өркүндөтүү; - кепилденген төмөнкү керектөө дењгээлинин (мындан ары - КТКД)өлчөмүн ТКБдан 6,8 процентке (200 сомго чейин) чейин этабы менен жого-рулатуу. Пенсиялык реформа Пенсия системасын андан ары реформалоо учурдагы пенсия системасынатоптоо компонентин киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Топтоо система-сынын элементтерин киргизүү пенсияга чыгууда жогорку пенсия алуу, эко-номикада сактоо үлүшүн жогорулатуу, капитал рынокторун түзүү жана ту-рукташтыруу, ошондой эле пенсиялык активдердин инвестицияларынын эсеби-нен экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Колдонуудагы пенсиялык системага топтоо элементтерин киргизүү мам-лекеттик бюджеттин профицити болгон учурда мүмкүн жана экономиканын не-гизги секторлорунун даярдыгын талап кылат: банк секторунун, камсыздан-дыруу рыногунун, баалуу кагаздар рыногунун, ошондой эле актуарий-адис-терди даярдоонун, эл аралык финансы инвесторлор-институту менен бирдик-те макулдашылган чечимдерди кабыл алуу. Буга байланыштуу пенсиялык системага топтоо компонентин кир-гизүүнүн мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана керектүү шарттарын аныктоо, аныкиргизүү менен байланышкан узак мөөнөттүү финансылык кесепеттерге баа-лоо жүргүзүү керек. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын
5-майындагы № 105"Электр энергиясына тарифтер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионер-лерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" жана 2006-жылдын 28-апрелиндеги№ 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартындакалктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошумча чараларыжөнүндө"
жарлыктарына ылайык аскер кызматчыларынын пенсияларына, пенси-яларга кошумчаларга, пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөргө республи-калык бюджеттен 1553,6 млн. сом суммасында милдеттүү трансферт келиптүшүүсү каралууда. Билим берүү Билим берүүгө чыгымдардын көлөмүнө таасир этүүчү негизги факторболуп билим берүү мекемелеринин тармагын жана жалпы билим берүүчү мек-тептердин жана кесипчилик орто окуу жайларынын окуучуларынын санынөстүрүү саналат. Тармактык бюджеттин жалпы көлөмү төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт: - орто билим берүүгө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыл-дын 30-июнундагы № 271 "Жалпы билим берүүчү мектептерди бюджеттик кар-жылоонун төмөнкү стандарттарынын шкаласы жөнүндө" токтомуна ылайык жы-лына 1 окуучуга эсептегенде жалпы билим берүүчү мекемелеринин бюджеттиккаржылоонун минималдуу стандарты боюнча. Минималдуу стандарттарга жер-гиликтүү шарттарга жараша бюджеттик кызмат көрсөтүүнүн объективдүү кым-батташы чагылдырылган оњдоочу коэффициенттер системасы (бийик тоолуулукжана алыскы аймак, айыл жеринде, калкынын саны аз чакан шаарларда жай-гашкандык жана татаал экологиялык кырдаалдан улам мугалимдердин абданкөп кетиши) колдонулат. Пландаштырылып жаткан мезгилде 1108,4 мињ окуу-чусу бар, орто билим берүүчү мектептердин саны 2112ни түзөт; - жылына 1 бюджеттик студентке орто кесиптик жана жогорку окуужайларында чыгымдардын ордун толтурууну талдоонун жана нормативдерининнегизинде; - артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун зарыл көлөмдөрүналып салгандан кийин мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билимберүү мекемелерине, билим берүүдөгү усулдар жана колдоо, башкаруу жанаадминистрациялоо чөйрөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдө бюджеттик каржыло-онун накта түзүлгөн базалык көлөмү бюджеттин көбөйүшүн индексациялооменен. Мында, 465 мамлекеттик мектепке чейинки мекемелердин тармагы ту-рукташат жана сакталат. Саламаттык сактоо Саламаттык сактоо тармагында калктын сапаттуу медициналык жана ал-дын алуу жардамына жетишин жакшыртууга багытталган комплекстүү реформа-лар, ошондой эле "Манас-Таалими" программасына ылайык реформалар улан-тылат. Саламаттык сактоо уюмдарынын чечим кабыл алууда өз алдынчалыгынжогорулатуу, менеджменттин жана эмгек шарттарынын жакшырышы калктын,айрыкча айыл жерлеринде сапаттуу медициналык жардам алууга жетишин жак-шыртууда медициналык кызматкерлер үчүн өбөлгө түзөт. Көрүлгөн чараларкалк үчүн финансылык оорчулукту жењилдетүүгө жана калктын ден соолугу-нун абалынын жакшырышын камсыз кылат. Саламаттык сактоонун сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнөжетиши төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат: - алгачкы медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу; - калктын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетишин кењейтүү; - башкаруунун натыйжалуу куралдарын жана жањы технологияларды кир-гизүү жолу аркылуу саламаттык сактоонун сапатын көтөрүү; - медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатын жакшыртуу. Программада жалпысынан саламаттык сактоо тармагындагы натыйжалуусаясатты түзүүгө көмөк көрсөтүүчү төмөндөгү негизги багыттар каралган: - саламаттык сактоонун бюджетин түзүү механизмдерин өркүндөтүү; - жалданып иштөөчүлөрдүн кирешелеринин эсебинен милдеттүү медици-налык камсыздандырууга мүчөлүк акылардын тарифин 1 процентке көбөйтүү; - этап боюнча региондорду каржылоону тењештирүү; - калк үчүн жењилдик берүүнүн механизмдерин өркүндөтүү; - медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу; - коомдук саламаттык сактоо кызматынын натыйжалуу ишмердигин кам-сыз кылуучу ченемдик укуктук базаны түзүү; - медициналык билим берүү системасын өркүндөтүү. 2.2. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн оптимисттик сценарийи Оптимисттик вариант боюнча Кыргыз Республикасын өнүктүрүү "Кумтөр"кенинин иштетүүчү ишканалардын, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунунишмердигин турукташтыруунун, текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүүчүн шарт түзүүнүн, башка металлдык эмес минералдык продуктылардыөндүрүү боюнча айрым ишканаларда ишти жандандыруунун, энергетикалык жа-на айыл чарба секторунун натыйжалуулугун жогорулатуунун, рыноктук кыз-мат көрсөтүү жана курулуштун өсүшүнүн эсебинен экономиканын өнөр жайсекторунун өнүгүшүнүн өбөлгөлөрүнө негизделген. ИДПнын реалдуу өсүшү 8,5 процентти түзөт. Экономиканын өнөр жайсекторунда оптимисттик сценарий боюнча өсүүнүн темпи 34,1 процент, аныничинде "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларсыз - 9,9 процент дењгээ-линде божомолдонууда. "Кумтөр" кенинин иштетүүчү ишканаларынын, "Кыргызалтын" ачык акци-онердик коомунун ишинин нормативдик-укуктук базаларын жакшыртуу метал-лургия өнөр жайына бери дегенде 2 эсе (196,3%) өсүү темпин көбөйтүүүчүн жагымдуу инвестициялык шарттарды түзөт. "Кыргыз Республикасында 2015-жылга чейинки аралыкта көмүр казыпалуучу тармактарды өнүктүрүү" программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу"Кара-Кече" күрөњ көмүр кенин өнүктүрүүгө бюджеттин капиталдык салымы-нан бөлүп берилген шартта көмүр казып алууну 421 мињ тоннага чейинкөбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Оптимисттик вариант иштебей калган "Ош-Жибек" акционердик коому-нун, "Жылдыз-Шпарта" кыргыз-герман биргелешкен ишканасынын, "Ош-Текс"акционердик коомунун, "Текстильщик" акционердик коомунун ишканаларынынжана текстиль жана тигүү өнөр жайынын продукцияларын (16,8%) 7219,9млн. сом суммасына өндүрүүнү карайт. Текстиль жана тигүү тармактарында продукция өндүрүүнүн оњ темпинпахтаны сатып алуу баасын жогорулаткан шартта, ошондой эле пахта айдооаянттарын жана чигиттүү пахтаны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебиненкамсыз кылуу күтүлүүдө. "Технолин" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Күрмөнтүцемент" ачыкакционердик коомунун, "Токмок курулуш материалдар комбинаты" ачык акци-онердик коомунун ишканаларынын ишин жањылаган жана жањы продуктылардычыгара баштагандардын өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен металл эмесбашка минералдык продуктуларды (105,8%) өндүрүүнүн өсүү темпин көбөйтүүкүтүлүүдө. Жалпы кубаттуулугу 1 жылда 120 мињ тонна цемент бере турган Ош об-лусунун Араван жана Ноокат райондорунда эки цемент заводун, региондордокурулуш материалдарын чыгаруу боюнча башка кичи ишканалар аркылуу про-дукция өндүрүүнү көбөйтүү божомолдонууда. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө агрардык-техникалык шарттарды,ветеринардык нормаларды сактоодо жана субсидирлөө түрүндө мамлекеттикколдоодо жана финансылык колдоодо айыл чарбасындагы өсүү темпи 105 про-цент дењгээлинде божомолдонууда. Дан өсүмдүктөрдү өндүрүү 12,5 процент-ке, пахта - 10,2 процентке, тамеки - 8,5 процентке, кант кызылчасы -20,1 процентке, май алынуучу өсүмдүктөр - 23,3 процентке; мөмөлөр жанажемиштер - 7,7 процентке өсүшү божомолдонууда. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагын динамикалык өнүктүрүү айыл чарбапродукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүнүн түрткү берүүчү фактору болуп ка-лат. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө калк үчүн керектөө рыногуна жетишүүнүндењгээлин жогорулатуу, товарларды илгерилетүүнүн өнүккөн системасынтүзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, ата-мекендик товар өндүрүүчүлөргөпродукцияны сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Кызмат көрсөтүүнүн жылдык дүњ көлөмү рыноктук кызмат көрсөтүүнүкењейтүүнүн эсебинен 13,6 процентке өсөт. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомун менчиктештирүү телекомму-никациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда ийкемдүү конъюнктуранытүзүүгө көмөк көрсөтөт. Капиталдык салымдын жалпы көлөмү 30756,9 млрд. сомдун дењгээлиндебожомолдонууда. Капиталдык инвестициялардын өсүүсү ишканалардын, уюм-дардын (кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн объекттерин куруу, тамак-аш кайраиштетүү тармагынын ишканаларын куруу жана реконструкциялоо) жана калк-тын (турак жайды кредиттөөнү өнүктүрүү жана социалдык турак жайлардыкурууну мамлекеттик колдоо жолу менен турак жай курулушун кењейтүү),чет элдик тике инвестицияларынын (Камбарата-2 ГЭСинин курулушун улантуужана жана башка ГЭСди реконструкциялоо) каражаттарын пайдаланууну өсүшүменен шартталган. Курулуш продукцияларын өндүрүүнүн дүњ продуктусунун реалдуу өсүшү20 процент дењгээлинде божомолдонууда жана 27,3 млрд. сомду түзөт. Инфляция Оптимисттик сценарийге ылайык инфляциянын дењгээлин мүнөздөөчү ке-ректөө баасынын индекси 8 процентти түзөт. Бул сценарийде калган тобо-келдиктер жана коркунучтар эске алынбастан электр энергиясына жана газ-га баалардын жогорулашы гана эске алынды. 2.3. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн пессимисттик сценарийи Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн төмөндөшү төмөндөгүлөрдүтөмөндөтүүнүн эсебинен болушу мүмкүн: - "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларда алтын өндүрүү; - коњшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоону кыскартууга бай-ланыштуу электр энергиясын иштеп чыгаруу. Бул оптимисттик божомолдоого салыштырганда 24,2 процентке (134,1%)өнөр жайынын өсүү темпинин азайышына алып келет. Айыл чарбасында мүмкүн болуучу ыњгайсыз аба ырайынын шарттарынан,ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалга жана үрөнгө баанын мүмкүн бол-гон жогорулоосу жана башка жагымсыз факторлорунан өнүгүүнүн темпи 101,5процент дењгээлинде божомолдонууда. Пессимисттик сценарий боюнча инфляциянын дењгээлин мүнөздөөчү ке-ректөө баасынын индекси 15-18 процентти түзөт, бул 2007-жылдын дењгээ-лине ылайык келет. Бул электр энергиясына, газга, күйүүчү-майлоочу ма-териалга, ошондой эле импорттук керектөөчү товарга баанын өсүшү мененшартталышы мүмкүн. 2.4. 2007-жылы аймактарды өнүктүрүү Жылдын жыйынтыгында Ысыккөл облусунан башка (99,7 процент), бардыкаймактардын өнөр жай секторлорунда өндүрүштүн өсүшүнө жетишилди. Баткен облусунда өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн натуралайкөлөмүнүн өсүшү 38,7 процентти түздү. Өнөр жайынын натуралай көлөмүнүниндекси иштетүүчү өнөр жайынын эсебинен (н.к.и. 170,8%), анын ичинен:металлургия өндүрүшүндө жана даяр металл буюмдарын чыгарууда (7,9 эсе),химиялык өндүрүштө (196,3%), машина жана жабдууларды жасоодо (214,4%),ошондой эле отун-энергетика пайдалуу кендерин казууда (102,5%) көбөйдү.Тамак-аш, текстиль, тигүү өндүрүшүнүн продуктуларын чыгаруу көбөйгөнүжана "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун жана ачыктиптеги "Айдаркен сурьма комбинаты" акционердик коомунун иштери жакшыр-ганы байкалууда. Жалалабат облусунда өндүрүштүн өсүшүн 5,5 процентке өстүрүү "Нур"ачык акционердик коомунун, "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунун,"Электр станциялары" акционердик коомунун (Токтогул ГЭСтер каскады),"Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун, "Кыргызалтын" акционердиккоомунун ("Макмал" алтын өндүрүү комбинатынын), "Гуламата" жоопкерчили-ги чектелген коомунун, ошондой эле "Майлуусуу электр лампа заводу" ачыкакционердик коомунун ж.б. ишканаларында өндүрүш көлөмдөрүнүн көбөйүшүменен шартталган. Тамак аш продуктуларын, ошондой эле суусундуктар, тамеки, (н.к.и.125,6%), жыгач иштетүү (172,5%), мунай продуктыларын өндүрүү (198,7%),машина жана жабдууларды өндүрүү (3,3 эсе), желим жана пластмасса буюм-дарын жасоо (2,6 эсе) жана башка тармактарда өндүрүштүн көлөмү өскөн. Нарын облусунда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралайкөлөмүнүн өсүшү былтыркы жылга караганда 6,4 процент дењгээлине жетти.Кен казуу өнөр жайында өсүш темпи көбөйгөнү байкалат (128,6%). Иштетүүөнөр жайында натуралай көлөмдүн индекси 113,3 процентти түздү. Жыл жы-йынтыгында тамак-аш продуктуларын, анын ичинде суусундуктар (н.к.и.122,8%), тери жана териден жасалган буюмдарды өндүрүү (160,2%), тигүүөндүрүшү (129,9%), жыгач иштетүү (131,4%) көбөйдү жана башка тармактарбоюнча (2,1 эсе) өстү. 2007-жылы "Каракече" кенинде көмүр казуучутөмөнкү ишканалар иштеди: "Беш-Сары" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы,"Демилге+ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому, ошондой эле "Шарбон" жабыкакционердик коому, "Акжол көмүр" жоопкерчилиги чектелген коому жана"Бусурманкул-Т" жоопкерчилиги чектелген коому. Ысыккөл облусунда өнөр жай продукциясы 9330,6 млн. сом суммасындаөндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 процентке аз. "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканалар өндүргөн өндүрүш продукциясынынкөлөмү 7759,8 млн. сомду түзгөн (н.к.и. 99,1%). Отчет мезгилинде кенказуу өнөр жайында 42,2 млн. сом суммада продукция өндүрүлгөн (н.к.и.49,2%). Артта калуу көмүр казуу өнөр жайында болгон. 10,9 мињ тонна же2006-жылдын дењгээлине караганда 48,7 процент көмүр казылган."Көк-Бел-Көмүр" жоопкерчилиги чектелген коому, "Шахта Жыргалањ" мамле-кеттик акционердик коому, "Жемиш" акционердик коому жана облустун биркатар ишканалары өнөр жай продукциясынын өсүшүн камсыз кылышкан жок. Жыл жыйынтыгы боюнча тери өндүрүү, териден буюм жасоо (4,6 эсе),желим жана пластмасса буюмдарын жасоо (2,2 эсе) башка металл эмес мине-ралдык продуктуларды (н.к.и. 162,2 процент) жасоо көлөмү көбөйгөн. Ош облусунда өнөр жай продукциясын өндүрүү 24,7 процент дењгээлдекөбөйгөнү белгиленген. Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү: "Пери-ти-Коал" жоопкерчилиги чектелген коому, "Ош-Дюбек" тамеки ферменттөөчүзаводу, "Кыргызстан-2200" жоопкерчилиги чектелген коому, "Дан-Азык" ак-ционердик коому, "Даннур-Түштүк" жоопкерчилиги чектелген коому жанабашкалар тарабынан камсыз болгон. Кен казуу өнөр жайында натуралайкөлөмдүн индекси 3,1 эсе, ал эми отун-энергетикалык пайдалуу кендердиказууда 17 процентке көбөйгөн. Иштетүү өнөр жайында натуралай көлөмдүн индекси 116,9 проценттитүзгөн, 391,4 млн. сомго продукция өндүрүлгөн. Тамак-аш продуктуларынөндүрүүдө натуралай көлөмдүн индекси (137,9%), тигүү өндүрүшүндө (102%)жана башка тармактарда көбөйгөн. Талас облусунда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралай көлөмү10,6 процентти түздү. Кен казуу өнөр жайында натуралай көлөмдүн индекси79 процентти, иштетүү өнөр жайында 91,7 процентти, электр энергиясынөндүрүүдө, газ жана суу бөлүштүрүүдө 124,8 процентти түздү. Кийим өндүрүүдө өсүш темпи 123,4 процентти, башка металл эмес ми-нералдык продуктыларды өндүрүүдө - 110,1 процентти түздү. "Талас-Сүт"акционердик коому, "Талас-Дан-Азык" акционердик коому, "Түндүк электр"акционердик коому (Таластагы филиалы) жана башка ишканалар өндүрүштүнөсүшүн камсыз кылышты. Чүй облусунда жылдын жыйынтыгында өнөр жай өндүрүшүнүн 12,7 про-цент дењгээлде өсүшүнө жетишилди. 2007-жылы "Кристалл" акционердик коому (205% - спирт өндүрүү),"Кант цемент-шифер комбинаты" акционердик коому (132,5%), "Темирбетон"акционердик коому (213,3%), "Касиет" акционердик коому ("Бияз" жоопкер-чилиги чектелген коому) (154,7%), "Интергласс" жоопкерчилиги чектелгенкоому (116,1%) жана башкалар, ошондой эле чакан жана орто ишкердиксубъекттери продукцияны өндүрүү темпинин өсүшүн камсыз кылышты.2007-жылы токтоп турган 16 ишкана, анын ичинде "Кара-Балта тоо кен ком-бинаты" акционердик коому, "Апросах" акционердик коому, "Молибден" ак-ционердик коому, "Технолин" жоопкерчилиги чектелген коому иштерин кайрабашташты. Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралайкөлөмүнүн өсүш темпи 111,9 процентти түздү. Өсүүнүн темпи тамак-аш,кайра иштетүү, жењил өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүүнүн эсеби-нен камсыз болду. Жалпысынан иштетүү өнөр жайы боюнча продукцияныөндүрүү 13,4 млрд. сомду (н.к.и. 112%) түздү. Өндүрүштүн көлөмү өсүшүнө"Кока-Кола-Бишкек-Ботлерс" жабык акционердик коому, "Бишкек ун комбина-ты" ачык типтеги акционердик коому, "Арпа" акционердик коому, "ФирмаШоро" жабык типтеги акционердик коому, "Акжалгасын-Алко" жоопкерчилигичектелген коому, "Эль-Вест" акционердик коому, "Бишкексүт" акционердиккоому, "Таттуу" акционердик коому, ошондой эле "Бишкек" эркин экономи-калык зонасынын субъекттери жана башка ишканалар орчундуу салым кошуш-ту. Ош шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүш темпи 111,8 про-цент дењгээлде камсыз болду. Тамак-аш продуктуларын жана кайра иштетүүөнөр жайынын (133,7%), текстиль өндүрүшүндө (140%), машина жана жабдуу-ларды жасоо тармактарында (4 эсе) жана башкаларда көлөмдөр көбөйгөн. Өсүш темпинин көбөйүшү "Ош электр" ачык типтеги акционердик коому-нун (115,2%), "Кыргызгаз" акционердик коомунун Ош газ чарба башкармалы-гынын (129%),"Кыргызжиптекс" жоопкерчилиги чектелген коомунун (226,2%),"Алтын-Алко" жоопкерчилиги чектелген коомунун (143,7%), "Гүл-Азык" ак-ционердик коомунун (110,9%), "ЖБИ-20" жабык акционердик коомунун(172,6%), "Металлист" акционердик коомунун (200,9%) жана облустагы баш-ка ишканалардын иштеринин эсебинен жетишилген. Республиканын айыл чарба секторунда жылдын жыйынтыгы боюнча айылчарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү 101,8 процент дењгээлде камсыз бол-ду, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүдө өсүү темпи 101,7 процентти, мал чар-басында 101,9 процентти түздү. Айыл чарба продукциясын өндүрүү темпиЧүй облусунан (96,2%), Бишкек шаарынан (99,7%) жана Ош шаарынан (97,8%)башка республиканын бардык региондорунда өскөндүгү белгиленет. 2007-жылы региондордо кызмат көрсөтүү сектору, анын ичинде соодажана рыноктук кызмат көрсөтүүлөр ыкчам өнүгүүсү уланды. Бардык регион-дордо чекене товар жүгүртүү жана элге акы төлөнүүчү кызматтардыкөрсөтүү көлөмдөрүнүн өскөнү белгиленди. 2.5. 2008-жылда региондорду өнүктүрүүнүн келечектери Баткен облусу Өнөр жай секторунда өндүрүштүн натуралай көлөмүнүн өсүү темпи 105процент дењгээлде күтүлүүдө, аны "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акци-онердик коомунун жана "Айдаркен сымап комбинаты" акционердик коомунунишинин, айыл чарба продукциясын иштетүү боюнча тармактын (тамеки жалбы-рагы, пахта буласы, ун жана өсүмдүк майы) эсебинен камсыз кылуу каралу-уда. Кен өнөр жайында өсүш көмүрдү жана башка пайдалуу кендерди казыпалууну көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Кызылкыя шаарындаТүштүк-кыргыз цемент заводун куруунун натыйжасында 2008-жылдын аягындабиринчи өндүрүштүк линияны пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүш темпи 103,7 процентдењгээлде божомолдонууда. Өндүрүштүн өсүшү негизинен дыйканчылыктын,техникалык өсүмдүктөрдүн (тамеки, пахта), дан өсүмдүктөрүнүн (буудай,жүгөрү, күрүч), жемиштердин (жүзүм, өрүк) түшүмдүүлүгүн жогорулатуунунэсебинен камсыз кылынат. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн реалдуу өсүшү 5 проценттиндењгээлинде божомолдонууда, ал негизинен сооданын инфраструктурасынөнүктүрүүнүн, калктын ишкер активдүүлүгүн жогорулатуунун жана тейлөөнүнсапатын жакшыртуунун эсебинен камсыз кылынат. Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн өсүшү 8 проценттин дењгээ-линде божомолдонууда. Анын өсүшү туристтик бизнестин андан арыөнүктүрүлүшү, туристтердин арбын келиши менен камсыздалат.Жүргүнчүлөрдү ташууда, турак жай-коммуналдык кызматтарда, саламаттыксактоо жана билим берүү, байланыш мекемелеринде өсүүгө туруктуу тенден-циялар түзүлдү. Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 1237,4 млн. сом ин-вестиция пайдалануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүнчет өлкөлүк кредиттер жана гранттар, калктын каражаттары, ошондой элереспубликалык бюджеттин каражаттары түзөт. Облустун энергетика тарма-гында, курулушта жана транспорттук автомагистралдарды реконструкциялоо-до инвестициялык ишти активдештирүү, ошондой эле ипотекалык кредиттөөмеханизмдерин киргизүү менен турак жай курулушун андан ары кењейтүү ка-ралууда. Облус боюнча айлык орточо эмгек акы номиналдык түрдө алганда3768,7 сом, ал эми эњ төмөнкү керектөө бюджети 2769,4 сом дењгээлинебожомолдонууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 7,4 мињ адамдын дењгээ-линде каралууда. Жалалабат облусу Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүү темпи 102 проценттин дењгээ-линде божомолдонууда, ал төмөнкүлөрдүн: облустун ири ишканаларында -"Кыргыз-Петролиум Компани" биргелешкен ишканасында, "Майлуусуу электро-лампа заводунда", "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунда продукция чыга-рууну көбөйтүүнүн; "Кыргызалтын" акционердик коомунда ("Макмалалтын"АКК жер алдында алтын казуунун); "Кристалл" акционердик коомунда иштепжаткан кубаттуулуктарынын базасында жањы өндүрүштөрдү уюштуруунун; айылчарба продукциясын, анын ичинде жапайы өскөн мөмө-жемиштерди кайра иш-тетүү боюнча чакан өндүрүштөрдү уюштуруунун эсебинен камсыз кылынат. Айыл чарба продукциясынын дүњ өсүш темпи 103 проценттин дењгээлин-де божомолдонууда, ал негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнкөбөйтүүнүн, жогорку түшүмдүү техникалык өсүмдүктөрдү - пахта, данөсүмдүктөрүн, жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат.Айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү пахтаны, жашылчаларды,май өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиштерди, жүзүмдү кайра иштетүү көлөмдөрүнкөбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн 5 про-центке көбөйүшү жеке сектордо соода ишмердигин өнүктүрүүнүн эсебиненкамсыз кылынат. Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн 8 процентке өсүшү ресторан-дардын, кафелердин, маданий-оюн зоок жайларынын санын өстүрүүнүн, ошон-дой эле туризмди өнүктүрүүнүн эсебинен каралууда. Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 2132,6 млн. сомпайдалануу каралууда, каралып жаткан инвестициялар облустун өндүрүштүкжана социалдык инфраструктурасынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгөжумшалат. Облус боюнча айлык орточо эмгек акы номиналдуу түрдө алганда4967,8 сомдун, эњ төмөнкү керектөө бюджети 3097,6 сомдун дењгээлиндебожомолдонууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 7,3 мињ адамдын дењгээ-линде каралууда. Нарын облусу Өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүү темпи 104 проценттиндењгээлинде божомолдонууда, ал көмүр казуу, электр кубатын иштеп чыга-руу, тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү боюнча өнөр жай ишканаларынын ту-руктуу иштеринин эсебинен камсыз кылынат. "Каракече" разрезинде күрөњкөмүрдү брикеттөө жана көмүрдү жарым кокска кайра иштетүү боюнча иштер-ди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароо белгиленүүдө. Өнөр жайкөлөмүндө үлүшү 50 процентти түзгөн чакан жана орто бизнес ишканалары,жеке ишкерлер туруктуу өсүштү камсыз кылышат. Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн 3,4 процентке көбөйтүүмал чарбачылыгын азыктуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүнтүшүмдүүлүгүн, атап айтканда, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогоркутүшүмдүү үрөндөрүнүн сортторун колдонуу аркылуу жогорулатуунун эсебиненкамсыз кылуу божомолдонууда. Кытай Эл Республикасы менен коњшулаштык жана мамлекеттер аралыкмакулдашуулардын чектеринде кызматташууга жетишүү биргелешкен ишкана-ларды түзүү, сооданы, туризмди өнүктүрүү аркылуу облустун экономикасынөнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн реалдуу өсүшү 10,7 проценткежогорулашы жеке сектордо соода ишмердигин өнүктүрүүнүн эсебинен камсызкылынышы божомолдонууда. Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүү көлөмүнүн өсүшү 10 процентинебожомолдонууда, ал коомдук-тамактануу системасын, кызмат көрсөтүү сер-вистерин, маданий-оюн зоок жайларын, ошондой эле туризмди өнүктүрүүнүнэсебинен камсыз болот. Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 218,1 млн. сом пай-далануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүн чет өлкөлүккредиттер, республикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле калктын ка-ражаттары түзөт. Инвестициялар облустун өндүрүштүк жана социалдык инф-раструктурасынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгө багытталат. Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 4967,8 сом-дун, төмөнкү керектөө бюджети 3067,9 сомдун дењгээлинде божомолдонууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 7,8 мињ адамдын дењгээ-линде божомолдонууда. Ысыккөл облусу Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралай көлөмү 68,5 проценттиндењгээлинде өсүүсү күтүлүүдө, ал негизинен "Кумтөр" кенин ишететип жат-кан ишканалардын ишмердигинин эсебинен камсыз болот. Андан аркы өсүш төмөнкүлөрдүн эсебинен каралат: Аксуу районундагыСары-Жаз комплексин өздөштүрүү; "Жыргалањ шахтасы" мамлекеттик акцио-нердик коомунда жана "Көк-Бел-Көмүр" жоопкерчилиги чектелген коомундакөмүр казып алуу көлөмүн жогорулатуу; "Күрмөнтүцемент" акционердик коо-мунда цемент өндүрүшүн өстүрүү; "Ысыккөлоблкурулушматериалдары" акцио-нердик коомунун цехтерин кайрадан курууну аяктоо (курулуш материалдары-нын өндүрүшүн уюштуруу планданып жаткан). Айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү 104 процент өсүш темпи мененбожомолдонууда, ал жерлерди жана сугат тармактарын кыйла натыйжалуупайдалануунун жана үрөндөрдүн жогорку түшүмдүү жањы сортторун себүүнүннатыйжасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн өстүрүүнүн эсеби-нен камсыз кылынат. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү 103,2 процент дењгээлин-де, ал эми калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүү көлөмү 105,3 процент темпменен божомолдонууда. Бул чөйрөлөрдөгү божомолдук өсүштөрдү камсыз кы-луунун өбөлгөлөрү болуп облусту туризм аймагы катары өнүктүрүү саналат. Облустун экономикасын өнүктүрүүгө каржылоонун бардык булактарынынэсебинен негизги капиталга 2820 млн. сом инвестиция пайдалануу каралуу-да. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүн чет өлкөлүк кредиттер, рес-публикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле калктын каражаттарытүзөт. Инвестициялар облустун өндүрүштүк жана социалдык инфраструктура-сынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгө багытталат. Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 4282,6 сом,төмөнкү керектөө бюджети 3222,8 сом дењгээлинде божомолдонууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 5,8 мињ адамдын дењгээ-линде каралууда. Ош облусу Облустун өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүшү (н.к.и. 104,9 %)кайра иштетүүчү, текстиль жана тигүү тармактарын, айыл чарбаазык-түлүктөрүн кайра иштетүүнү, мунай жана газ алууну өстүрүүнүн эсе-бинен божомолдонууда. "Жањы-Ноокат" акционердик коому менен мрамор ка-зып алууну уюштуруу, "А.М.Масалиев атындагы шахта" "Беш-Бурханкөмүр"акционердик коомунда көмүр казып алуунун, "Ак-Ниет" жоопкерчилиги чек-телген коомунун базасында токуу цехин жана башка өндүрүштүк объекттердикуруунун эсебинен божомолдонууда. Айыл чарба дүњ азык-түлүктөрүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 2007-жылгакарата 104,1 процент менен божомолдонууда жана ал талаачылыказык-түлүктөрүнүн өндүрүшүн өстүрүүнүн натыйжасында камсыз кылынат. Облус боюнча чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн божомолдонгон өсүүтемпи 103 процентти түзөт. Чекене товар жүгүртүүнүн өсүшүнө облустунбардык аймагында жањы кийим-кече, азык-түлүк жана аралаш базарлардыначылышы көмөк көрсөтөт. Алай районунда чегара соодасынын жањы пунктта-рын ачуу пландалууда. Коомдук тамактануу жана дүкөндөрдүн объектилери-нин тармагы андан ары өнүгөт. Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 2007-жылда күтүлүпжаткандагыдан 8 процентке өсүшү жањы ишканаларды түзүүнүн, көрсөтүлүпжаткан кызматтардын ассортиментин кењейтүүнүн жана сапатын андан арыкөтөрүүнүн эсебинен каралууда. Облустун экономикасын өнүктүрүүгө каржылоонун бардык булактарынынэсебинен негизги капиталга 1025,8 млн. сом инвестицияларды пайдалануукаралууда. Каралып жаткан инвестициялар облустун өндүрүштүк жана соци-алдык инфраструктурасынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгө багытталат. Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 2912,2 сом,төмөнкү керектөө бюджети 3326,5 сом дењгээлинде божомолдонууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 13,3 мињ адамдын дењгэ-элинде божомолдонууда. Талас облусу Облустун өнөр жайында продукциянын натуралай көлөмүнүн өсүү темпи104 проценттин дењгээлинде божомолдонууда, ал иштеп жаткан ишканалардатамак-аш азык-түлүктөрүн жана айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүөндүрүшүн көбөйтүүнүн, токтоп турган ишканаларда жањы цехтерди жанатехнологиялык линияларды ишке киргизүүнүн, курулуш материалдарын, эме-ректерди ж.б. чыгаруу боюнча анча чоњ эмес өнөр жай объекттерин куруу-нун жана пайдаланууга берүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Облустун өнөржай секторуна олуттуу салымды чакан жана орто ишкердиктин ишканаларыжана жеке ишкерлер кошушат. Айыл чарба дүњ азык-түлүктөрүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 103,8 про-цент дењгээлинде божомолдонууда жана ал негизинен талаачылыказык-түлүктөрүн өндүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 106,5 процент дењгэ-элинде божомолдонууда. Өсүш негизинен соода тармагынын кењейишинин,ошондой эле рыноктун жењил өнөр жай товарларынын жана азык-түлүк товар-ларынын негизги түрлөрү менен топтолушунун эсебинен камсыз болот. Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 106,3процент дењгээлинде божомолдонууда жана соода, байланыш, транспорт жанакоммерциялык ишмердик чөйрөлөрүндө рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдү анданары өнүктүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 458,7 млн. сом ин-вестиция пайдалануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүнчет өлкөлүк кредиттер жана гранттар, республикалык бюджеттин каражатта-ры, ошондой эле калктын каражаттары түзөт. Узундугу 39 чакырымды түзгөнСуусамыр-Талас автожолунун экинчи фазасын куруу каралууда. Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 3768,7 сомдундењгээлинде, төмөнкү керектөө бюджети 3080,8 сомдун дењгээлинде божо-молдонууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 2,3 мињ адамдын дењгээ-линде болжолдонууда. Жумушсуздардын санын кыскартуу соодада жана айылчарба азык-түлүктөрүн сатууда, курулуш материалдарын, тамак-аш азыкта-рын өндүрүүдө жана ишкердиктин башка түрлөрүндө жањы жумуш орундарынтүзүүнүн эсебинен күтүлүүдө. Чүй облусу Өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүү темпи 128,7 проценттитүзөт, "Кыргызалтын" акционердик коомунун "Аффинаж өндүрүшү" филиалынэсепке албаганда өсүү темпи 106,3 проценттин дењгээлинде божомолдонуу-да. Көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү "Кант цемент-шифер комбинаты" ачык акци-онердик коомунун, "Абдыш-Ата" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Ин-тергласс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана башка ишканалардын ту-руктуу иштешинин эсебинен камсыз кылуу каралууда. Чүй облусу айыл чарба азык-түлүктөрүн негизги өндүрүүчү болуп калаберет. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн дүњ көлөмүнүн өсүү темпи 103 про-цент дењгээлинде божомолдонууда. Кант кызылчасын, дан эгиндерин, жашыл-чаларды жана жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүү каралууда. Мал чарбачылыгын-да башкы көњүл мүйүздүү ири малдарды, канаттууларды өстүрүүгө бурулат. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүш темпи 109,5 процент дењгэ-элинде, ал эми калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүү көлөмү боюнча 9 про-цент дењгээлинде божомолдонууда. Облустун кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөөтө көп салыштырма салмакты соода, коммуналдык жана транспорт кызматта-ры түзөт. Ушуну менен катар, маалымат-коммуникация борборлорунун жанафинансы-кредит мекемелеринин кызматтары өнүгүүдө. Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 1,4 млрд. сомго чу-кул каражат пайдалануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүнреспубликалык бюджеттин каражаттары, калктын каражаттары, чет өлкөлүктике инвестициялар түзөт. Капиталдык салымдарды алтын казып алуу ("Тал-ды-Булак-Сол жээк" кенинде) жана курулуш индустриясынын (Кант "МВМ" за-воду жана "Силикат" АК) объекттеринде өздөштүрүү каралууда. Курулушта артыкчылыктуу багыттар транспорт жана байланыш, кен жанаэнергетика тармагынын, ошондой эле турак жай объекттери болот. Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 5653 сомгочейинки өлчөмдө божомолдонууда. Облус бул көрсөткүч боюнча Бишкек шаа-рынан кийин экинчи орунду ээлейт. Төмөнкү керектөө бюджети 3253,9 сом-дун дењгээлинде божомолдонууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 8,6 мињ адамдын дењгээ-линде божомолдонууда. Бишкек шаары Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүү темпи 104,1процент дењгээлинде божомолдонууда жана өнөр жайынын бардык тармактары-на инвестицияларды тартуунун жана сатып өткөрүүнүн жањы рынокторунөздөштүрүүнүн эсебинен жетишилет. Иштетүү тармагынын экономикалык өсүшүнө салымдардын акыркы жылдар-дагы байкалган жогорулоо тенденциясы кийинки өнүктүрүүсүн улантат. Өтөолуттуу салымды айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн, текстиль жанатигүү өнөр жайынын, курулуш материалдарын өндүрүүнүн, металлургия тар-магынын, машина куруунун эсебинен камсыз кылуу божомолдонууда. Тамак-аш тармагында инвестицияларды тартуунун, жабдууларды модер-низациялоонун эсебинен "Таттуу" акционердик коомунун, "Эльвест" акцио-нердик коомунун, "Бишкексүт" акционердин коомунун өндүрүшүн андан арыөстүрүү жана чыгарылган продукциянын ассортиментин кењейтүү, ошондойэле алкоголь эмес жана ликер-арак продукцияларын өндүрүү көлөмдөрүнкөбөйтүүнүн эсебинен каралууда. Тармактын өнүгүшүнө зор салымды нан жа-на булочка, кондитер, колбаса ж.б. азыктарды чыгаруучу чакан жана ортоишкердиктин жањы ишканалары кошушат. Текстиль жана тигүү өнөр жайында өндүрүш көлөмүн чакан ишканалар-дын жана жеке ишкердик ишмердиктеринин эсебинен көбөйтүү божомолдонуу-да. Тармакта продукция өндүрүүнүн божомолдонуп жаткан дењгээли ири иш-каналардын ("Комволдук-нооту комбинаты" акционердик коому, "ВЛКСМ атын-дагы Бишкек тигүү фабрикасы" акционердик коому, "Илбирс" акционердиккоому ж.б.) продукцияларын сатып өткөрүүнүн реалдуу келечектери жанааларды финансылык-экономикалык калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлгөн ча-ралар менен шартталат, алардын өнүгүшүнө өздүк каражаттарды жана четөлкөлүк инвесторлордун каражаттарын пайдалануу каралууда. Металл эмес башка минерал продуктуларын өндүрүүнү өнүктүрүү келе-чеги көбүнесе республиканын курулуш комплексинин активдешүүсү мененбайланышкан жана курулуш индустриясынын ишканаларынын өндүрүшүнүн божо-молдонгон өсүшүн аныктайт. Машина куруу тармагында өндүрүштүн божомолдонуп жаткан өсүшүнөпродукциялардын ассортиментин кењейтүүнүн, жабдууларды модернизациялоо-нун, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун, сатып өткөрүүнүн жањы ры-нокторун өздөштүрүүнүн эсебинен жетишүү каралууда. Өндүрүлгөн продукци-яларды алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө жөнөтүүнү көбөйтүү каралууда. Продукцияларды өндүрүү көлөмүн жогорулатууга төмөнкү ишканалардынишмердиктеринин эсебинен жетишүү каралууда: - "Айнур" акционердик коомун; - "Ийгилик" жоопкерчилиги чектелген коомун (продукциялардын жањытүрлөрүн өздөштүрүү жана эл керектөөчү товарларды өндүрүүнү көбөйтүүкаралууда); - "Автокураштыруу заводу" акционердик коомун (Казакстандын ке-ректөөчүлөрү үчүн трактордук чиркегичтерди өндүрүүнү өстүрүү). Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 103,6 процентдењгээлинде божомолдонот жана жарандардын жеке менчик чарбактарынөнүктүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Чекене соода жана калкка акы төлөп кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөтиешелүү түрдө 110 жана 109 процент божомолдонуп жаткан темптери сакта-лат. Кызмат көрсөтүү көлөмүнүн өсүшү соода ишмердигин өнүктүрүүнүн,анын ичинде ири соода ишканаларынын тармагын өстүрүүнүн, ресторандар-дын, кафелердин, маданий-оюн-зоок жайларынын тармагын көбөйтүүнүн, ту-ристтик кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Уюктуктелефон колдонуучулардын жана уюктук телефон кызматын көрсөтүшкөн ком-паниялардын санынын көбөйүшүнүн, телефон тармагын модернизациялоонунэсебинен почта жана электр байланышы кызматтарын ыкчам өнүктүрүү улан-тылат. Бишкек шаарынын экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө8,43 млрд. сом капиталдык салымдарды өздөштүрүү каралууда. Капиталдыксалымдардын негизги үлүшүн калктын каражаттары, ишканалардын жана уюм-дардын өздүк каражаттары түзөт. Орточо эмгек акы накталай түрдө алганда 8736,5 сомго чейинкидењгээлде өсүшү божомолдонууда. Негизги азык-түлүк товарларына жана кызматтарга баанын өсүшүн эскеалуу менен төмөнкү керектөө бюджети 3678,6 сомдун чегинде божомолдонуу-да. Бишкек шаардык мэриясы иштеп чыккан калкты 2010-жылга чейин жумушменен камсыз кылуунун программасына ылайык расмий катталган шаардагыжумушсуздардын саны 8 мињ адамдын дењгээлинде божомолдонууда. Ош шаары Өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүү темпи 103 процентдењгээлинде божомолдонууда жана шаардын өнөр жай ишканаларынын иштери-нин туруктуулугунун эсебинен камсыз кылынат. Айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн өсүү темпи 104,6 процентдењгээлинде божомолдонот жана жарандардын жеке менчик чарбактарынөнүктүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү шаарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багытта-рынан болуп калууда. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө олуттуу салыштырма сал-макты соода ээлейт, бул жерде чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүн 106 про-центи дењгээлинде өстүрүүнү камсыз кылуу божомолдонууда. Калкка акытөлөп кызмат көрсөтүү 109 проценттин дењгээлинде божомолдонууда, аныкөрсөтүлгөн кызматтын (транспорттук, тиричилик, туристтик) спектринкењейтүүнүн, кызматтын жањы түрлөрүн (телекоммуникациялык, билим берүү,финансылык ж.б.) киргизүүнүн эсебинен камсыз кылуу күтүлүүдө. Капиталдык салымдардын божомолдонуп жаткан көлөмү каржылоонун бар-дык булактарынын эсебинен 282 млн. сомдун дењгээлинде каралууда. Орточо эмгек акыны накталай түрдө алганда 5653 сом дењгээлине жет-кирүү, төмөнкү керектөө бюджети 3326,5 сомдун чектеринде божомолдонуу-да. Расмий катталган жумушсуздардын саны 1,6 мињ адамдын дењгээлиндебожомолдонууда. 3. 2008-жылга максаттуу көрсөткүчтөр "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы N 249
Жарлыгыменен бекитилген максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө ылайык"экономикалык өнүктүрүү чекиттери" аныкталган. Бул, биринчи кезекте -электр кубатын өндүрүү жана бөлүштүрүү, транспорттук сектор, курулуш,тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү аркылуу айыл чарбасын жана сервистиккызматтын бир катар тармагын өнүктүрүү. 2008-жылда ИДПнын реалдуу өсүшүнүн максаттуу көрсөткүчү 8 процент-ти түзөт. Өнөр жайда өсүш темпи - 19,9 процентти түзөт. Айыл чарбасында- 4,1 процентти. Кызмат көрсөтүүдө - 11,1 процентти. Курулушта - 15процентти түзөт (2-таблица). Экономикалык өсүштү күчөтүү боюнча болгон потенциалды жана резерв-дерди эске алуу менен эсептелген Кыргыз Республикасын 2008-жылга соци-алдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрү 2007-2010-жыл-дарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында берилген көрсөткүчтөргө дал ке-лет. Буга байланыштуу 2008-жылга ИДПнын өсүшүнүн негизги максаттуу па-раметри катары 8 процент дењгээлин кабыл алуу сунуш кылынат. 1-таблица Кыргыз Республикасын 2006-2007-жылдар үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолдонуучу сценарийлери -----------------------------------------------------------------------| | Ченөө | 2006- | 2007- | 2008-жылы үчүн өнүктүрүү || |бирдиги |жылдагы | жылы | снерарийлери || | | факт | алдын |--------------------------|| | | | ала |базалык |опти- |песси- || | | |алынган | |мисттик |мисттик || | | | факт | | | ||---------------------------------------------------------------------|| 1. ИДПны өндүрүү (салыктарды эске алуу менен) ||---------------------------------------------------------------------||Номиналдык ИДП |млн. сом|113800,1|139749,4|162638,4|165304,4|158000,0||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||ИДПнын реалдуу | % | 103,1| 108,2| 107,6| 108,5| 106,7||өсүш темпи | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Дефлятор | % | 109,4| 113,5| 108,2| 109,0| 106,0||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Кошумча нарк | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Өнөр жай |млн. сом| 16935,1| 18159,3| 24895,0| 27495,9| 22053,9||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Айыл чарба |млн. сом| 32638,2| 40552,9| 42868,9| 42265,6| 44187,5||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Курулуш |млн. сом| 3041,9| 4712,6| 7102,9| 7374,7| 5827,8||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Кызмат |млн. сом| 46982,9| 57376,9| 65894,6| 66224,2| 64632,4||көрсөтүүлөр | | | | | | ||---------------------------------------------------------------------|| 2. ИДПны түзүүчү секторлордо продукцияны || өндүрүү жана өсүү темпи ||---------------------------------------------------------------------||Өнөр жай(*) |млн. сом| 57995,2| 62649,4| 82650,0| 90228,8| 76100,4||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||өсүү темпи | % | -9,3| 7,3| 19,9| 34,1| 9,9||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Айыл чарба |млн. сом| 72285,2| 89724,9|100471,7|100632,5| 97759,9||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||өсүү темпи | % | 1,5| 1,5| 4,1| 5,0| 1,5||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Курулуш |млн. сом| 13335,9| 20653,2| 26307,2| 27313,8| 25560,4||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||өсүү темпи | % | 19,1| 20,2| 15,0| 20,2| 10,0||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Кызмат |млн. сом| 86622,4|102998,9|121481,6|122089,2|116036,6||көрсөтүүлөр | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||өсүү темпи | % | 9,0| 11,7| 11,1| 13,6| 4,3||---------------------------------------------------------------------||(*) - сатып алынуучу электр энергияны эсепке албастан, менен иштетип ||алма сырьену кайра иштетүү наркын эсепке алуу ||---------------------------------------------------------------------|| 3. Социалдык көрсөткүчтөр ||---------------------------------------------------------------------||Жумушсуздук | % | 8,1| 11,8 | 11,5| 11,0| 10,5 ||дењгээли | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Төмөнкү | сом | 2377,2| 2795,9| 3229,0| 3166,0| 3400,0||керектөө | | | | | | ||бюджети (ТКБ) | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Орточо эмгек | сом | 3091,0| 4000,0| 5200,0| 5600,0| 5200,0||акы (ОЭА) | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||ОЭАнын реалдуу | % | 12,7| 8,0| 16,1| 29,6| 10,2||өсүшү | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||МКБ карата | % | 130,0| 143,1| 166,1| 185,5| 157,6||ОЭАнын проценти| | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Калктын саны |мињ адам| 5138,7| 5270,0| 5322,0| 5400,0| 5296,0||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Өткөн жылдын | % | 5,1| 20,1| 12,0| 8,0| 18,0||декабрь айына | | | | | | ||карата керектөө| | | | | | ||бааларынын | | | | | | ||индекси | | | | | | ||---------------------------------------------------------------------|| 4. Каржылоо булактары боюнча капиталдык салымдар ||---------------------------------------------------------------------||Капиталдык |млн. сом| 18771,3| 20947,0| 28160,0| 30756,9| 27310,8||салымдар, | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||анын ичинде: | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Республикалык |млн. сом| 1020,1| 1959,8| 3005,0| 3005,0| 3005,0||бюджет | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Жергиликтүү |млн. сом| 251,0| 570,2| 648,0| 648,0| 648,0||бюджеттер | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Ишканалардын |млн. сом| 8835,8| 11655,8| 11793,9| 11943,9| 11793,9||жана уюмдардын | | | | | | ||каражаттары | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Чет элдик |млн. сом| 297,9| 922,7| 1168,0| 1168,0| 1168,0||гранттар жана | | | | | | ||гуманитардык | | | | | | ||жардам | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Чет элдик |млн. сом| 2731,1| 2843,7| 2054,9| 2054,9| 2054,9||кредиттер | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Чет элдик тике |млн. сом| 1503,7| 729,3| 2260,5| 3260,5| 2260,5||инвестициялар | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Калктын |млн. сом| 4131,7| 5704,0| 7230,5| 7230,5| 7230,5||каражаттары | | | | | | ||жана башкалар | | | | | | |----------------------------------------------------------------------- 2-таблица Өндүрүштүн түзүмү жана реалдуу ИДПнын өсүү темпи (2006-2008-жылдар) -----------------------------------------------------------------------| | 2006- |2007- |2008-жыл| 2008-жыл үчүн өнүктүрүү || |жылдагы |жылы |үчүн | сценарийлери || | факт |алдын |максат- |--------------------------|| | |ала |туу |базалык |опти- |песси- || | |алынган |пара- | |мисттик |мисттик || | |факт |метрлер | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||ИДП учурдагы |113800,1|139749,4|162975,1|162638,4|165304,4|158000,0||баа менен | | | | | | ||(млн. сом) | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||ИДП дефлятору | 109,4| 113,5| 108,0| 108,2| 109,0| 106,0||(%) | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||ИДПнын реалдуу | 103,1| 108,2| 108,0| 107,6| 108,5| 106,7||өсүш темпи (%) | | | | | | ||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Өнөр жай | 1,5| 1,5| 4,1| 4,1| 5,0| 1,5||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Айыл чарба | -9,3| 7,3| 19,9| 19,9| 34,1| 9,9||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Курулуш | 19,1| 20,2| 15,0| 15,0| 20,2| 110,0||---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------||Кызмат | 9,0| 11,7| 11,1| 11,1| 13,6| 4,3||көрсөтүүлөр | | | | | | |-----------------------------------------------------------------------