Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-январы № 23 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Рентон-Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарын кармоочуларга социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 514, 2009-жылдын 3-июнундагы №334 токтомунун редакциясына ылайык) "Рентон-Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары -"Рен-тон-Групп" ЖЧК) баалуу кагаздарын кармоочуларга социалдык жардам көрсө-түү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын28-майындагы № 145-б буйругу менен бекитилген жумушчу тобунун заседани-есинин 2007-жылдын 16-октябрындагы № 6 протоколунун 1-пунктуна ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын 3-статьясынын негизинде кредитордун талап коюу укугун өткөрүпберүү жөнүндө түзүлгөн макулдашуулардын негизинде көрсөтүлгөн баалуукагаздардын ар бир кармоочусуна кредитордук карыздын бөлүгүн республи-калык бюджеттен төлөп берүү аркылуу "Рентон-Групп" ЖЧКсынын баалуу ка-газдарын кармоочуларга төмөнкүдөй шарттарда социалдык жардам көрсөтсүн: 1948-жылга (ошол жылды кошо алганда) чейинки туулган адамдарга онмињ сомго чейинки өлчөмдөгү сумма бөлүнөт жана төлөнөт; 1948-жылдан кийинкилерге он мин сомго чейинки өлчөмдө сумма бөлү-нөт, ал мамлекеттик кыска мөөнөттүү векселдердин бирдей жылдык натыйжа-луу проценттик ставкасынын жылдык проценттик ставкасында 7 жылдык төлөөмөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгарылган мамле-кеттик баалуу кагаздарга келишим боюнча кайра таризделет, эгерде КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан эсептөөнүн башка тартиби аныкталбаса - "Рентон-Групп" ЖЧКсынын баалуу кагаздарын кармоочулардан талапкоюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте тариздесин; - "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун караганда "Рен-тон-Групп" ЖЧКсынын баалуу кагаздарын кармоочуларга социалдык жардамкөрсөтүү үчүн акча каражатын карасын; - 1948-жылдан кийин туулган, "Рентон-Групп" ЖЧКсынын баалуу кагаз-дарын кармоочулар үчүн бөлүнүүчү суммаларды мамлекеттик баалуу кагазгакайра тариздөө тартибин жана аларды жоюу тартибин иштеп чыксын жана бе-китсин; - талап коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө түзүлгөн макулдашуу бо-юнча иш жүзүндө төлөнгөн сумманын өлчөмүндө кредитор катары Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлигин таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынынмыйзамында белгиленген тартипте "Рентон-Групп" ЖЧКсынын атайын админис-траторуна кайрылсын. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 514, 2009-жылдын 3-июнундагы №334 токтомуну редакциясыясына ылайык)1-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздары- нын кармоочулары менен талап коюу укугун берүү жөнүндө макулдашууну кат- тоо жана тариздөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-июну;
- төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-сентябры.
(2009-жылдын 3-июнундагы №334 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн өлчөмүнөнашкан сумма "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык жоюла тургандыгы белгиленсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов