Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну № 334
"Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочуларына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочуларына жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аягына чыгаруу процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочуларына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "2008-жылдын 31-августуна чейин" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
бешинчи абзацтагы "2008-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочулары менен талап коюу укугун берүү жөнүндө макулдашууну каттоо жана тариздөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-июну;
- төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-сентябры.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочулары менен талап коюу укугун берүү жөнүндө макулдашууну каттоонун жана тариздөөнүн жаңы мөөнөттөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |