Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №379 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор 1. Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардынжөнгө салуучу таасирин талдоонун усулу (мындан ары - Усул) Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 "Кыргыз Рес-публикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюн-ча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын норма-тивдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылай-ык иштелип чыкты. 2. Бул Усул ишкердиктин жана коомдун өнүгүүсүнө ченемдик укуктукактылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнүн (мындан ары ЖСТТ)жана жөнгө салуучу таасиринин натыйжаларын мониторингдөөнүн тартибинбелгилейт. 3. ЖСТТнын максаты: - ченемдик укуктук актыларды негиздөөгө; - алдын-ала талдоо жүргүзүүгө; - ченемдик укуктук актыны аткаруу менен байланышкан чыгымдарды жа-на болжолдонуп жаткан пайдаларды баалоого жана талкуулоого; - ченемдик укуктук актыны колдонууга республикалык (жергиликтүү)бюджеттин чыгымдарын аныктоого; - экономикага жана коомдук процесстерге күтүлүүчү натыйжаларды ча-гылдырууга; - ченемдик укуктук актынын эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыр-гыз Республикасынын милдеттенмелерине шайкеш келишин жана алардын сак-талышын баалоого; - сунуш кылынып жаткан ченемдик укуктук актыда жөнгө салына турганпроблемаларды чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин кароого бирдиктүүыкманы белгилөө болуп саналат. 4. Ченемдик укуктук актынын долбооруна түшүндүрмө кат ЖССТнын на-тыйжаларынын негизинде таризделет. 5. ЖСТТ колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карата алардын та-асиринин натыйжаларын баалоо жапа аларды андан ары өзгөртүү же күчүнжоготкондугун таануу зарылчылыгын аныктоо максатында жүргүзүлүшүмүмкүн. 6. ЖСТТнын натыйжасы ченемдик укуктук актынын тийиштүү долбоорункабыл алуу же четке кагуу зарылчылыгын аныктоо, ошондой эле ишкердиксубъектине анын тийгизе турган негизги таасирлерин (пайдаларын жана чы-гымдарын) сандык жана сапаттык баалоо болуп саналат. 7. Бул Усул мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары иштеп чыга турган, ишкердик жүргүзүүнү жөнгөсалуучу. колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга да, ошондой элеалардын долбоорлоруна да колдонулат. II. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана кабыл алуу 8. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана кабылалуу "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат жана иштеп чыгуу; тал-куулоо; чечимди кабыл алуу этаптарын камтыйт. 9. Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу этабында эконо-мисттерден, юристтерден жана киргизиле турган жөнгө салуу тармагындагы(чөйрөсүндөгү) ченем иштеп чыгуучу органдын штатында турган же аны иш-теп чыгуу үчүн тартылган адистерден, ошондой эле бизнес ассоциациялар-дын өкүлдөрүнөн турган эксперттерден жумушчу топ түзүлөт. Эксперттердин жумушчу тобу: - максатка жетүүнүн дењгээлин, проблеманы жана аны конкреттүү фор-мада чечүүнүн пландалган натыйжасын аныкташат; - кабыл алынуучу ченемдик укуктук акты таасир эте турган кызыкчы-лыктардын тобун аныкташат; - жөнгө салуу оњ натыйжа сыяктуу эле терс натыйжа да бериши мүм-күндүгүн эске алуу менен жөнгө салуунун ар кыл ыкмаларынын социалдыктоптордун тандоосуна, кызыгуусуна жана алардын жүрүм-турумуна кандайтаасир этээрин баалашат; - саясаттын (жана мыйзамдын) мындан мурун мындай жасалган же проб-леманы чечүүгө ар кыл мамиле жасоого таасир этүүчү башка тармактарынкарап чыгышат; - таасир этүүнүн таза натыйжасын аныктоо үчүн талдоонун ар кыл ык-маларын пайдаланышат; - ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгышат, Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык ага маалымкат-негиздеме даярдашат. 10. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн- -түз камтыган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун. ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо этабында ченем иштеп чыгуучу органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоо үчүн алар милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Ченем иштеп чыгуучу органда расмий сайт жок болгон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда ченем чыгуучу органдын чечими боюнча ченемдик укуктук актылар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.Коомдук талкуулоонун мөөнөтү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуучу тарабынан коюлат жана бир айдан ашык эмес убакытты түзөт.
Ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучунун чечими боюнча коомдук талкуулоо үчүн биринчи ирет белгиленген мөөнөт узартылышы мүмкүн.
Ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу коомдук талкуулоого катышуучулардын жазуу жүзүндө, катышуучунун реквизитин көрсөтүү менен берилген сунуштарын кароого кабыл алууга милдеттүү.
Бардык түшкөн сунуштар аларга каттоо номерин ыйгаруу менен каттоодон өткөрүлөт. Ар бир сунуш аны кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечимин чыгаруу менен жүйөөсү боюнча каралууга тийиш.
Коомдук талкуулоонун катышуучусу өзүнүн сунушу боюнча чечимдин мазмуну менен таанышууга, ошондой эле чыгарылган чечимди эске алуу менен жаңы сунуш жиберүүгө укуктуу.
Ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу келип түшкөн сунуштардын эсебин жүргүзөт. Сунуштар жана аларды кароонун жыйынтыктары жалпыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №379 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун чечимин кабыл алуу (кабылалуу же четке кагуу) этабында чечимдин сунушталган бардык варианттарыкаралат. 12. Ченемдик укуктук акты ишке киргизилгенден 6 ай өткөндөн кийинанын мониторинги жүргүзүлүшү мүмкүн. Мониторинг анын реалдуу болжолдон-гон таасирин жана натыйжалуулугун текшерүү, ырастоо же жокко чыгарууүчүн пайдаланылат. Бул учурда кандай өлчөмдө максаттарга жетишилгенди-гине баалоо жүргүзүлөт жана зарыл болсо тийиштүү ченемдик укуктук акты-ны жокко чыгаруу, өзгөртүү жана (же) кошумчалоо жөнүндө сунуш жасалат.Баалоого тартылган эксперттер мамлекеттик түзүмдөрдөн жана кез каранды-сыз эксперттерден кошумча маалымат ала алышат. Мониторингдин жыйынтыктары альтернативдүү баалоону бере турган иш-керлердин өкүлдөрүн кошуп алганда коомчулук жана бардык кызыкдар тарап-тар үчүн ачык болууга тийиш. III. Ченемдик укуктук актыларга ЖСТТ жүргүзүү жол-жоболору 13. Ченемдик укуктук актыны кабыл алууга ЖСТТ жол-жоболорун өткө-рүү менен даярдоо жана негиздөө төмөнкү жол-жоболордон турат: - чечүүсү болжолдонуп жаткан проблемаларды баяндап жазуу; - ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарыл болуп жаткан жана мам-лекеттик кийлигишүү талап кылынган себептерди аныктоо; - сунуш кылынып жаткан ченемдик укуктук акт менен жетишүү зарылболгон максаттарды көрсөтүү; - ченемдик укуктук актынын жогору турган ченемдик укуктук актылар-га жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардынченемдерине шайкештигине укуктук талдоо жүргүзүү; - ченемдик укуктук актыны кабыл алууда ага тартылган бардык тарап-тар үчүн чыгымдарды (түз жана кыйыр) жана пайдаларды (түз жана кыйыр)жана чыгымдарын жана пайдаларын эсептөө методу менен экономикалык тал-доо жүргүзүү, белгилүү убакыт ичинде бул ченемдик укуктук актыны колдо-нуу жана аткарылышын контролдоо үчүн зарыл бюджеттик каражаттарды эсеп-төө, чыгымдарды жана пайдаларды салыштыруу; - проблеманы чечүүнүн альтернативдүү варианттарын сунуштоо. Сунуш-талган альтернативдүү варианттардын ар бири ал проблема кандай чечиле-рин аныктап жана сунуш кылынган өзгөртүүлөр колдонуудагы мыйзамдар ме-нен кандайча айкашаарын көњүлгө алуу керек. Ошондой эле сунушталган арбир вариант боюнча ЖСТТ жүргүзүп, альтернативдүү варианттардын чыгымда-рын жана пайдаларын эсептөө зарыл. ЖСТТнын альтернативдүү вариантыныннегизинде проблеманы чечүүнүн төмөнкүдөй варианттары турат: - "баарын мурдагыдай калтыруу", башкача айтканда эч нерсе кабылалбоо; - дерегулдаштыруу же рыноктук механизмдердин таасири. 14. ЖСТТ бир нече стадиялар менен жүргүзүлөт: базалык, бөлүктүү,толук. 14.1. Базалык ЖСТТ чечүү болжолдонуп жаткан проблеманын баяндама-сын, ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарыл болуп жаткан жана мамле-кеттик кийлигишүү талап кылынган себептерди, максаттарды аныктоону,укуктук жана экономикалык талдоолорду жүргүзүүнү камтыйт. "Пайдалар" - "чыгымдар" ыкмасынын негизинде ЖСТТ жүргүзүүнүн база-лык методикасы төмөнкүдөй жол-жоболордон турат: 14.1.1. Сунуш кылынып, мамлекеттик жөнгө салуунун түрүнүн көмөгүменен чечүү керек болуп жаткан проблеманы так аныктоо, анын мүнөзүн жа-на кењдигин так белгилөө, эмне үчүн ал пайда болгондугун, жеке жанаюридикалык жактар үчүн эмне стимул болорун жана жөнгө салуунун натыйжа-сында алардын жүрүм-туруму кандай болоорун түшүндүрүү зарыл. 14.1.2. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жана мамлекеттик кийли-гишүү зарыл болгон себептер. 14.1.3. Проблеманы аныктагандан кийин мамлекеттик орган ал сунушкылынып жаткан ченемдик укуктук акты менен кандай максаттарды коюп жат-кандыгын көрсөтүүгө тийиш. Максаттар проблемалар менен айкалышып, аларды чечүүгө (жоюуга) ар-налып, реалдуу жана ишке ашкыдай болууга тийиш. Коюлган максаттардын жана аларга жетишүү каражаттарынын ортосунда-гы байланыш көрсөтүлүшү милдеттүү. Бул сунуш кылынып жаткан ченемдикукуктук актынын аныкталган жобосу коюлган максатты жүзөгө ашырууга кан-тип жана эмне үчүн алып келээрин көрсөтүү зарылдыгын билдирет. 14.1.4. Укуктук талдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жа-на эл аралык укуктун ченемдерине шайкештигин талдоону; - карама-каршылыктарды жана бири-бирин кайталаган башка ченемдикукуктук актыларды аныктоону; - башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү же кара-ма-каршы келген ченемдерди жокко чыгаруу боюнча сунуштарды даярдоону. 14.1.5. Экономикалык талдоо (чыгымдардын жана пайдалардын эсеби)өзүнө жумшалган убакытты (кыйыр чыгымдар) жана бир жолу берилүүчү да,кайталанган да акчалай чыгымдарды (түз чыгымдар) камтыйт. 14.1.6. Ишкананын (ишкердин) чыгымдарынын (Ич) эсеби төмөнкү фор-мула боюнча эсептелет: Ич = кыйыр чыгымдар (Кч) + түз чыгымдар (Тч) Түз чыгымдар (Тч) = i1 + i2 + i3 +...+ in, мында: i - ченемдик укуктук актыны сактоодогу тигил же бул тартиптин нар-кы, сом менен; Кыйыр чыгымдар (Кч) = ЭАор * nt/t, мында: nt, - бир жол-жобого жумшалган сааттардын саны; t - ай ичиндеги жумушчу сааттардын саны; ЭАор - ишкана/экономика боюнча орточо эмгек акы. 14.1.7 Мамлекеттик органдардын чыгымдарынын (Мч) эсеби төмөнкүформула боюнча эсептелет: Мч = мамлекеттик органдын түз чыгымдары Тчм + мамлекеттик органдынтүз чыгымдары (Кчм). Мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларды жүзөгө ашыруугабайланыштуу түз чыгымдары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - реестрлерди жана башка документтерди жүргүзүүгө чыгымдарды; - мыйзамдын сакталышын контролдоого байланышкан чыгымдарды; - санкцияларды салууга кеткен чыгымдарды; - рынокторду изилдөө жана талдоо боюнча чыгымдарды; - кызматкерлерди окутууга кеткен чыгымдарды; - мыйзамдарга талдоо жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды. Мамлекеттик ор-гандардын кыйыр чыгымдары (Мкч) төмөнкү формула боюнча эсептелет: Мкч = к * (ЭАор * nt/t), мында: k - функциялык жүктөө коэффициенти; nt - бир жол-жобого жумшалган сааттардын саны; t - ай ичиндеги жумушчу сааттардын саны; ЭAop - мамлекеттик мекеме боюнча орточо эмгек акы. 14.1.8. Ишкана (тармак) үчүн түз чыгымдарды, ошондой эле мамлекет-тик органдардын чыгымдарын эсептеп чыгып, өлкөнүн экономикасы үчүн жал-пы чыгымдарды (Эч) эсептөөгө болот: Эч = ишкананын (тармактын) чыгымдары Ич + мамлекеттин чыгымдары(Мч), Ишканалардын (тармактын) чыгымдары ишканалардын (тармактын) түзжана кыйыр чыгымдарынын суммасынан турат, ал эми мамлекеттин чыгымдарымамлекеттик органдардын түз жана кыйыр чыгымдарынын суммасынан турат. 14.1.9. Ишкердиктин жана мамлекеттин пайдаларынын эсеби төмөнкүформула боюнча эсептелет: П = i1 + i2 + i3 +...+ in, мында i - ченемдик укуктук актыны сактоонун сом менен баалангантигил же бул жакшы натыйжасы. Экономика үчүн пайда ишкердик үчүн пайданын жана мамлекет үчүнпайданын суммасы менен аныкталат. 14.1.10. Ченемдик укуктук актынын долбооруна ЖСТТ жүргүзүүнүн жы-йынтыктары ушул Усулдун N 1 тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасындаченемдик укуктук актынын долбооруна талдоонун жыйынтыктоочу таблицасытүрүндө таризделет. 14.1.11. Колдонуудагы ченемдик укуктук актынын долбооруна ЖСТТжүргүзүүнүн жыйынтыгы ушул Усулдун N 2 тиркемесине ылайык Кыргыз Рес-публикасында колдонуудагы ченемдик укуктук актыга талдоонун жыйынтыкто-очу таблицасы түрүндө таризделет, анда төмөнкү маселелер бөлүпкөрсөтүлөт: - таасир этүү максатына жетишилдиби; - кандай реалдуу пайдалар алынды; - мамлекеттин жана таасир этүү объектилеринин (ишкерлер, жарандаржана башка социалдык топтор) реалдуу чыгымдары кандай болгон; - пайдалардын жана чыгымдардын катышы кандай. Корутундуда тиешелүү ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу,өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизүү жөнүндө сунуштар жасалат. 14.2. Бөлүктүү ЖСТТ базалык ЖСТТнын толук көлөмүндө жана чечимдинальтернативдүү варианттарынын чыгымдарын жана пайдаларын кошумча талдо-ону камтыйт. 14.3. Толук ЖСТТ ЖСТТнын мурдагы стадияларын толук өлчөмдө жана"зарыл" ресурстарды альтернативдүү пайдаланууну кошумча талдоону кам-тыйт. "Толук" ЖСТТ жүргүзүүнүн сандык критерийи болуп ченемдик укуктукактыны кабыл алууга демилгечи болгон органдын аны эки жыл мөөнөткө ка-был алуудагы пайдаларды жана чыгымдарды баалоосу эсептелет, эгерде: - эгер ченемдик укуктук актыны кабыл алуудан чыгымдар жана пайда-лар бирдей болсо; - эгер пайдалар жана чыгымдар өткөн жыл үчүн Кыргыз Республикасы-нын ички дүњ продуктусундагы (ИДП) тиешелүү пайыздан ашып кетсе (ИДПнынпайызынын 0,03 төн 0,1 ге чейин), анда ченемдик укуктук акты ЖСТТнын"толук" , башкача айтканда базалык дагы, айрым дагы жол-жобосунан,ошондой эле "зарыл" ресурстарды альтернативдүү пайдалануунун кошумчаталдоосунан да өтөт. Чыгымдарды жана пайдаларды сандык жагынан, башкача айтканда акча-лай эсептөө мүмкүн эмес же оор болгон учурда, анда баалоонун экономика-га, коомго жана айлана-чөйрөгө таасирин мүнөздөөчү сапаттык критерийлеркиргизилет. IV. Чакан жана орто бизнеске ЖСТТ жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 15. Чакан жана орто бизнес субъектилерине ЖСТТ процессинде кењешберүүлөрдү жана сурамжылоолорду ургаалдуу колдонуу сунуш кылынат. 16. Чакан жана орто бизнеске таасир тийгизишин текшерүүнүн кыйлазарыл сегменттери катары индикаторлордун төмөнкү топторун көрсөтүүгөболот: - жумуштуулук; - эмгек өндүрүмдүүлүгү жана жалпы өндүрүмдүүлүк (өндүрүлгөн товар-дык продукциянын орточо көлөмүнүн чыгымдалган ресурстардын бирдигинекарата көрсөткүчү); - компаниялардын өсүшүн, алардын динамикасын чагылдыруучу көрсөт-күчтөр (өндүрүштүн көлөмү, негизги капиталга инвестициялар,экспорт/импорттогу үлүш, тењештирилген финансылык натыйжа(пайда/чыгым); - чыгымдардын түзүмү, эњ чоњ болжолдонгон киреше, эњ чоњ салыктыкставка жана алар менен байланышкан таасир этүү өлчөмдөрү. V. Корутунду жоболор 17. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун демилгечиси же анын атка-рылышын контролдоочу мамлекеттик орган ЖСТТдагы таасир этүү көрсөткүч-төрүн пайдалануу менен аны киргизүүнүн ийгилигине мониторинг жүргүзөтжана зарыл болсо аны өзгөртүүнү же күчүн жоготту деп эсептөөнү сунушкылат. Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоонун усулуна № 1 тиркеме Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актынын долбооруна талдоонун ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТАБЛИЦАСЫ -----------------------------------------------------------------------|Орган: ||---------------------------------------------------------------------||ченемдик укуктук актынын | ||долбоорунун аталышы: | ||------------------------------|--------------------------------------||ушул ченемдик укуктук актыны | ||кабыл алуу менен чечүү | ||белгиленип жаткан проблема: | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актынын | ||долбоорун даярдаган жумушчу | ||топ (аты-жөнү, кызматы, | ||уюм/ведомство): | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актыны баалоо| ||мөөнөтү (долбоорду баалоо | ||башталган жана аяктаган | ||күндөрүн көрсөтүү): | ||---------------------------------------------------------------------||долбоордун аракет чөйрөсүнө кирген субъекттер (саноо керек): ||---------------------------------------------------------------------||1) мамлекеттик органдар | ||------------------------------|--------------------------------------||2) мамлекеттик эмес уюмдар | ||------------------------------|--------------------------------------||С) жарандар | ||------------------------------|--------------------------------------||долбоорду кабыл алгандагы |түз чыгымдар (жазуу менен), сом/$ ||чыгымдар (тартылган |(эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн болбосо ||тараптардын чыгымдарын да, |негизин көрсөтүү керек) ||жалпы эле экономиканын |--------------------------------------||чыгымдарын да камтыйт), сом/$ |--------------------------------------|| |кыйыр чыгымдар (жазуу менен), сом/$ || |(эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн болбосо, || |негизин көрсөтүү керек) ||------------------------------|--------------------------------------||долбоорду кабыл алуудан |түз пайдалар (жазуу менен), сом/$ ||күтүлгөн пайдалар (тартылган |(эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн болбосо ||бардык тараптардын пайдаларын |негизин көрсөтүү керек) ||да, жалпы экономиканын |--------------------------------------||пайдаларын да камтыйт), сом/$ |--------------------------------------|| |кыйыр пайдалар (жазуу менен), сом/$ || |(эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн болбосо || |негизин көрсөтүү керек) ||---------------------------------------------------------------------||Проблеманы чечүүнүн альтернативалуу варианттары: ||---------------------------------------------------------------------||1) эч нерсени өзгөртпөө керек |негиз: ||(баарын мурдагыдай калтыруу | ||керек; | ||------------------------------|--------------------------------------||2) дерегуляция же рыноктук |бардык тартылган тараптардын жана ||механизмдер |жалпы эле экономиканын түз чыгымдары || |(жазуу менен), сом/$ (эгер баалоо || |жүргүзүү мүмкүн болбосо негизин || |көрсөтүү керек) || |--------------------------------------|| |--------------------------------------|| |бардык тартылган тараптардын жана || |жалпы эле экономиканын кыйыр чыгымдары|| |(жазуу менен), сом/$ (эгер баалоо || |жүргүзүү мүмкүн болбосо негизин || |көрсөтүү керек) || |--------------------------------------|| |--------------------------------------|| |бардык тартылган тараптардын жана || |жалпы эле экономиканын пайдалары || |(жазуу менен), сом/$ (эгер баалоо || |жүргүзүү мүмкүн болбосо негизин || |көрсөтүү керек) ||---------------------------------------------------------------------||3) башка чечимдер ||---------------------------------------------------------------------||долбоорго өзгөртүү/кошумча | ||киргизүү зарылчылыгы (кайсы | ||экенин көрсөтүү керек): | ||------------------------------|--------------------------------------||башка ченемдик укуктук | ||актыларды түзүү/кайра карап | ||чыгуу зарылчылыгы (кайсы | ||экенин көрсөтүү керек): | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актынын | ||долбоору боюнча сын пикирлер: | ||------------------------------|--------------------------------------||Коомдук угуу өткөрүлгөнбү | ооба | жок ||(тиешелүүсүн астын сызуу | | ||керек) | | ||---------------------------------------------------------------------||жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: ||---------------------------------------------------------------------||аты-жөнү | ||------------------------------|--------------------------------------||кызматы | ||------------------------------|--------------------------------------||колу | ||------------------------------|--------------------------------------||күнү, мөөр | |----------------------------------------------------------------------- Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоонун усулуна № 2 тиркеме Кыргыз Республикасында колдонуудагы ченемдик укуктук актыга талдоонун жыйынтыктоочу ТАБЛИЦАСЫ -----------------------------------------------------------------------|Орган: ||---------------------------------------------------------------------||Ченемдик укуктук актынын | ||аталышы: | ||------------------------------|--------------------------------------||ушул ченемдик укуктук акты | ||менен чечиле турган проблема: | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актына | ||кароонун зарылдыгы: | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актыны | ||даярдаган жумушчу топ | ||(аты-жөнү кызматы, | ||уюм/ведомство): | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актыны баалоо| ||мөөнөтү (долбоорду баалоонун | ||башталган жана аяктаган | ||күндөрүн көрсөтүү): | ||---------------------------------------------------------------------||долбоордун аракет чөйрөсүнө кирген субъекттер (саноо керек): ||---------------------------------------------------------------------||1) мамлекеттик органдар | ||------------------------------|--------------------------------------||2) мамлекеттик эмес уюмдар | ||------------------------------|--------------------------------------||3) жарандар | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актыны |сарптоонун ченемдик чыгымдары ||сактоодон болуучу ченемдик |(жазуу менен), сом/$ (эгер ||жана иш жүзүндөгү чыгымдар |баалоо жүргүзүү мүмкүн болбосо ||(тартылган тараптардын да, |негизин көрсөтүү керек) ||жалпы эле экономиканын да |--------------------------------------||чыгымдарын камтыйт), сом/$ |--------------------------------------|| |иш жүзүндөгү чыгымдар (жазуу менен), || |сом/$ (эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн || |болбосо, негизин көрсөтүү керек) || |--------------------------------------|| |--------------------------------------|| |ченемдик кыйыр чыгымдар (жазуу менен),|| |сом/$ (эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн || |болбосо негизин көрсөтүү керек) || |--------------------------------------|| |--------------------------------------|| |иш жүзүндөгү кыйыр чыгымдар (жазуу || |менен), сом/$ (эгер баалоо жүргүзүү || |мүмкүн болбосо негизин көрсөтүү керек)||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актыны |түз пайдалар (жазуу менен), сом/$ ||сактоодон алынуучу пайдалар |(эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн ||(тартылган тараптардын |болбосо, негизин көрсөтүү керек) ||пайдаларын да, жалпы эле |--------------------------------------||экономиканын пайдаларын да |--------------------------------------||камтыйт), сом/$ |кыйыр пайдалар (жазуу менен), сом/$ || |(эгер баалоо жүргүзүү мүмкүн болбосо || |негизин көрсөтүү керек) || |--------------------------------------||---------------------------------------------------------------------||проблеманы чечүүнүн альтернативдүү варианттары: ||---------------------------------------------------------------------||1) эч нерсени өзгөртпөө керек |негиз: ||(баарын мурдагыдай калтыруу | ||керек) | ||------------------------------|--------------------------------------||1) дерегуляция же рыноктук |бардык тартылган тараптардын жана ||механизмдер |жалпы эле экономиканын түз чыгымдары || |(жазуу менен), сом/$ (эгер баалоо || |жүргүзүү мүмкүн болбосо негизин || |көрсөтүү керек) || |--------------------------------------|| |--------------------------------------|| |бардык тартылган тараптардын жана || |жалпы эле экономиканын кыйыр чыгымдары|| |(жазуу менен), сом/$ (эгер баалоо || |жүргүзүү мүмкүн болбосо негизин || |көрсөтүү керек) || |--------------------------------------|| |--------------------------------------|| |бардык тартылган тараптардын жана || |жалпы эле экономиканын пайдалары || |(жазуу менен), сом/$ (эгер баалоо || |жүргүзүү мүмкүн болбосо, негизин || |көрсөтүү керек) || |--------------------------------------||------------------------------|--------------------------------------||3) башка чечимдер | ||------------------------------|--------------------------------------||каралып жаткан ченемдик акт | ||менен жөнгө салуу максаттарына| ||жетишилеби: | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актыга | ||өзгөртүү/толуктоо киргизүүнүн | ||зарылчылыгы (эмне өзгөртүлөрүн| ||көрсөтүү керек): | ||------------------------------|--------------------------------------||башка регламенттерди | ||түзүү/кайра карап чыгуу | ||зарылдыгы (кайсы экенин | ||көрсөтүү керек): | ||------------------------------|--------------------------------------||ченемдик укуктук актыны жокко | ||чыгаруунун зарылдыгы (жокко | ||чыгаруунун себебин көрсөтүү | ||керек): | ||------------------------------|--------------------------------------||эскертүүлөр: | ||------------------------------|--------------------------------------||коомдук угуу өткөрүлгөнбү | ооба | жок ||(тиешелүүсүн астын сызуу | | ||керек) | | ||---------------------------------------------------------------------||жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: ||---------------------------------------------------------------------||аты-жөнү | ||------------------------------|--------------------------------------||кызматы | ||------------------------------|--------------------------------------||колу | ||------------------------------|--------------------------------------||күнү, мөөр | |-----------------------------------------------------------------------