Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-июлу №379
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-майындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы №603 "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулунда:
10-пунктунун экинчи абзацындагы "эки айдан" деген сөздөр "бир айдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |