КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-январы № 34 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы N 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Республиканын банктары жүргүзүүчү лизингдик операцияларды өнүктү-рүүнүн шарттарын камсыз кылуу, транспорт каражаттарын тариздөө үчүнбирдиктүү жыйым колдонуу жана 5 проценттик жыйымды эки жолу алууну бол-турбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспе-кииясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилгенАвтомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Рес-публикасынын ИИМинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эре-желерине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - 46-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча Кыргыз Республика-сынын банктары тарабынан сатылып алынган транспорт каражаттары.". 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов