Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-февралы № 44 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн 2006-2007-жылдарга мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексинде каралган иш-чараларды аткаруусунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун2005-жылдын 21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга кар-шы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын 28-февралындагы № 132токтому менен Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн2006-2007-жылдарга мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга каратаиш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнчаралар комплекси (мындан ары - Чаралар комплекси) бекитилген, мындакоррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш-чаралар каралган. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомство-лор жана аткаруучу бийликтин башка органдары Чаралар комплексинде ка-ралган иш-чараларды аткаруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүштү. Мыйзамчыгаруучу жана башка укуктук иштер жүргүзүлүп, уюштуруу жана практика-лык мүнөздөгү чаралар ишке ашырылды. Чаралар комплексин ишке ашыруу ма-селеси министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын коллегияла-рынын отурумдарында жана кењешмелеринде мезгил-мезгили менен каралып,иш-чаралардын ведомство ичиндеги тийиштүү пландары бекитилди, ошондойэле мамлекеттик органдарда коррупцияны иликтөө жана баалоо боюнча жооп-туу кызмат адамдары аныкталды. Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттикстратегиясын (мындан ары - Мамлекеттик стратегия) аткаруу боюнча иш та-кай жүргүзүлүп жатат, коомдук кабылдамалар ачылган жана ишеним телефон-дору орнотулган. Кадрлардын сапаттык курамын жакшыртуу максатында "Мам-лекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамле-кеттик бош кызмат орундарды ээлөөгө ачык конкурстар уюштурулат, этикабоюнча комиссиялар түзүлгөн, алардын отурумдарында мамлекеттик кызмат-чылардын эмгектик тартибинин жана таза жүрүм-турумунун маселелери кара-лат, операциялык-тергөө иштерин жүргүзгөн мамлекеттик кызматчылар үчүнкоррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшкө багытталганквалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлөт, ведомстволук окуу бор-борлору жана юридикалык кызматтар коррупциянын алдын алуу жана ага кар-шы күрөшүү максатында мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта ара-кеттенип коомдук уюмдар жана жарандар үчүн алардын укуктары жөнүндөокутуучу курстарды өткөрүшөт. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттукагенттиги (мындан ары - Агенттик) Мамлекеттик стратегиянын иш-чаралары-нын аткарылышын контролдоо боюнча тагылган милдеттерин аткаруу макса-тында Чаралар комплексинде каралган иш-чаралардын аткарылышын такай мо-ниторингдерди, анда мамлекеттик органдардын аны аткаруусунун жакшы ди-намикасы аныкталды. Ошону менен бирге эле, Агенттиктин корутундусунда мамлекеттик ор-гандар Чаралар комплексинин иш-чараларын канааттанарлык аткарышпаганыбелгиленген. Айрым иш-чаралар боюнча конкреттүү жооптуу аткаруучуларбелгиленген эмес, ага байланыштуу иш-чаралар аткарылбай калган. Чаралар комплексин аткарууда иш-чараларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрүэске алынган эмес, башкача айтканда көп учурларда аткарууга 2007-жылдын2-жарымынан баштап алынган, ал эми мамлекеттик органдардын жетекчилеритараптан тийиштүү контроль болбогондуктан жүргүзүлгөн иш-чаралардын на-тыйжалуулугу бир топ эле төмөн дењгээлде калууда. Чаралар комплексинде коррупцияга каршы 63 иш-чараны аткаруу карал-ган, алардын ичинен 4, 11, 14 жана 25-пункттар Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлигинин сунушу боюнча алып салынган. Калган 59 иш-чара-нын 47си (79,7%) аткарылган, 6 иш-чаранын (10,1%) айрым бөлүгү аткарыл-ган жана 6 иш-чара (10,2%) аткарылган эмес. Чаралар комплексинде каралган иш-чараларды аткарбаган мамлекеттикоргандардын арасында Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жанасоода министрлиги (8 иш-чаранын 2өө аткарылган), Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлиги (3), Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги (1), КыргызРеспубликасынын Маданият жана маалымат министрлиги (6), Кыргыз Респуб-ликасынын Билим берүү жана илим министрлиги (13 иш-чаранын 9у аткарыл-ган), Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги (2), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздуккомитети (15 иш-чаранын 8и аткарылган), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргообоюнча мамлекеттик агенттик (1), Кыргыз Республикасынын Улуттук байла-ныш агенттиги (5), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтыкресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги (3), Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токойчарбасы боюнча мамлекеттик агенттик (5), Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик(2), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдыкресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (3), Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдербоюнча мамлекеттик агенттик (7), Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштууМонополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекет-тик агенттик (2), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесип-тик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик (2) бар, КыргызРеспубликасынын Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги бир да иш-чараныаткарган эмес. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-домстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын Мамлекеттикстратегиянын жана Чаралар комплексинин иш-чараларын аткаруу боюнча иш-терин калыс баалоо үчүн 2007-жылдын 8-ноябрында Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин № 462 буйругу менен эки топтон турган комиссиялартүзүлүп, алар 12 мамлекеттик органды ылгап текшерип чыгышкан. Комиссиялар мамлекеттик органдар Мамлекеттик стратегияны жана Ча-ралар комплексин аткаргандык жөнүндө мурда берген маалымат туура эмесжана так эмес экендигин аныктаган. 13 иш-чара 80 процентке аткарылганкатары көрсөтүлгөн, ал эми комиссия тарабынан Чаралар комплексининиш-чаралары иш жүзүндө 50 процентке аткарылганы аныкталган. Мисалы, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы 13 иш-чаранын7өөн аткарган, 3өө толук эмес аткарылган, Ысыккөл облусунун мамлекеттикадминистрациясы 4 иш-чараны аткарган, 6 иш-чаранын айрым бөлүгү атка-рылган, Талас облусунун мамлекеттик администрациясы 2 иш-чараны аткар-ган жана 6 иш-чаранын айрым бөлүгү аткарылган, Нарын облусунун мамле-кеттик администрациясы 4өөнү толук, 8 иш-чаранын айрым бөлүгүн аткар-ган, Ош облусунун мамлекеттик администрациясы 9ун толук жана 2өөнүн ай-рым бөлүгүн аткарган, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы3өөнү толук, 7син айрым бөлүгүнүн жарым-жартылай аткарган, Жалалабатоблусунун мамлекеттик администрациясы 4өөн толук, 7өөнүн айрым бөлүгүнаткарган, Бишкек шаарынын мэриясы 5өөн аткарган, 5өөнүн айрым бөлүгүаткарылган, Ош шаарынын мэриясы 6оон толук, 3өөнүн айрым бөлүгүн аткар-ган. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана коррупция социалдык-эконо-микалык өнүгүүгө терс таасир тийгизерин, уюшкан кылмыштуулуктун жанатерроризмдин таралышына шарт түзөрүн, коомдун Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө карата ишенимине доо келтирерин жана экономиканы бүлүнтөөрүнэске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттукагенттигинин Комиссарынын орун басарынын маалыматы эске алынсын. 2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын Кыргыз Рес-публикасында коррупцияга каршы күрөштүн 2006-2007-жылдарга мамлекеттикстратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин аткаруу боюнча иш-тери жетишсиз деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттукагенттигине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрация-лык ведомстволордун, облустардын мамлекеттик администрацияларынын жанааткаруучу бийликтин башка органдарынын Чаралар комплексинде каралганиш-чараларды аткаруусунун жүрүшү боюнча төмөнкүлөр сунушталсын: - мамлекеттик органдардын Чаралар комплексин аткаруусу жөнүндөөзүнүн корутундусун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо; - Чаралар комплексинде каралган иш-чараларды тийиштүү түрдө аткар-баганы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрация-лык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетек-чилерин жоопко тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгилен-ген тартипте сунуш киргизүү; - Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча кийинкижылдарга карата мамлекеттик саясатын координациялоону күчөтүү. 4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, агенттиктердин же-текчилери, облустардын мамлекеттик администрацияларынын жана аткаруучубийликтин башка органдарынын башчылары: - Мамлекеттик стратегиянын жана Чаралар комплексинин аткарылышынатийиштүү контролду камсыздабаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин бирайлык мөөнөттүн ичинде коллегиялардын отурумдарында карашсын жанакүнөөлүүлөргө карата абдан катуу чараларды көрүшсүн; - 2008-жылдын 13-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынКоррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигине коррупцияга каршыкүрөштү өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизишсин; - Чаралар комплексинин иш-чараларын аткаруу боюнча чаралардыкөрүшсүн. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов