КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-февралы № 61 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мый-замына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директо-ру Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун кара-ган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2004-ж., №9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 3, 6, 8, 13, 29, 38, 47, 53 жана 57-статьялардагы "Мамлекеттикоргандын макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын. 2. 3-статьяда: - 4-пункттагы "Мамлекеттик орган" деген сөздөр "сатып алуучу уюм"деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "мыйзамда бел-гиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болупэсептелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. 5-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик орган-дын макулдугу менен" деген сөздөр "же мамлекеттик органдын чечими боюн-ча" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4. 10-статьяда: - 3-пункт "актыларды" деген сөздөн кийин "министрликтер жана ве-домстволор менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; - 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мамлекеттик орган берилген сатып алуу жол-жоболорунун протоколун10 жумуш күнүнүн ичинде карап чыгат жана тезинен өзүнүн жообун сатыпалуучу уюмга жиберет.". 5. 13-статьяда: - 4-пунктунун төртүнчү абзацы алып салынсын; - 8-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" дегенсөздөрдөн кийин "мамлекеттик органдын сунушу боюнча" деген сөздөр менентолукталсын; - 9-пункттагы "Мамлекеттик орган менен макулдашып," деген сөздөралып салынсын. 6. 14-статьяда: - 2-пункт алып салынсын; - 4-пункттагы "биринчи-бешинчи" деген сөздөр "экинчи-алтынчы" де-ген сөздөр менен алмаштырылсын. 7. 17-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "сатып алуулардынусулун (катышуучулары чектелбеген тоорукка караганда) тандап алуу Мам-лекеттик орган менен макулдашуу боюнча гана жүзөгө ашырылат" дегенсөздөр "катышуучулардын санына чек койбогон тооруктар усулу гана колдо-нулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 8. 23-статьяда: - 2-пунктунун экинчи абзацындагы "6" деген цифра "4" деген цифраменен алмаштырылсын; - 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "/же" деген белги менен сөз алыпсалынсын; - 5-пункт алып салынсын. 9. 29-статьяда: - статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "29-статья. Тоорукту токтотуу жана болгон жок деп таануу"; - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Эгерде сатып алууларды өткөрүү кырдаалдын күтүлбөгөн жерденолуттуу өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттин таламдарына дал келбей кал-са, сатып алуучу уюм тоорукту токтотот."; - статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Сатып алуучу уюм төмөнкүдөй учурларда тоорукту болгон жокдеп тааныйт: бардык арыздар кабыл алынбаганда; тендердик арыздын эњ аз баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатыпалууларды өткөрүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе."; - 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Ушул статьянын 1-1-пунктуна ылайык тоорук болгон жок деп таа-нылган учурда сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын башка усулуменен кайталап тоорук өткөрө алат.". 10. 35-статьяда: - 1-пункттагы "6" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын; - 2-пункт алып салынсын. 11. 36-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы экинчи сүйлөм алыпсалынсын. 12. 61-статьянын 1-пунктундагы "Мамлекеттик орган менен макулдаш-кандан кийин гана" деген сөздөр алып салынсын. 13. 66-статьяда: - 4-пункт алып салынсын. 14. 68-статьядагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "мыйзамдабелгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу бо-луп эсептелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти