ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 64 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-февралы № 64

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын

аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы

транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Транзиттин чет өлкөлүк катышуучуларына транзиттин Кыргыз Республи-

касында белгиленген тартиби жөнүндө өз убагында маалымдоо максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы №

432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техника-

ны транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бе-

китилген Жобонун жашырындыгы ачыкка чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы №

432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техника-

ны транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөн-

күдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы ("жашырын") деген сөз алып салынсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жободогу жана анын тиркемесинде-

ги "Жашырын" жана "№ нуска" деген сөздөр алып салынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов