Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 27-февралы № 64
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Транзиттин чет өлкөлүк катышуучуларына транзиттин Кыргыз Республи- касында белгиленген тартиби жөнүндө өз убагында маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техника- ны транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бе- китилген Жобонун жашырындыгы ачыкка чыгарылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техника- ны транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөн- күдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пунктундагы ("жашырын") деген сөз алып салынсын; - аталган токтом менен бекитилген Жободогу жана анын тиркемесинде- ги "Жашырын" жана "№ нуска" деген сөздөр алып салынсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
|