Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-февралы № 65 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө (КР Окмотунун 2009-жылдын 2-апрелиндеги №208 токтому менен озгортулду) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статья-сына ылайык жана мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызмат-керлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумча-ларды төлөө маселесин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине пе-дагогикалык стажысы боюнча кошумчаларды төлөөдөгү карыздарды төмөнкүграфикке ылайык жойсун: 2008-жылдын 1-сентябрынан тартып - 2003-жыл үчүн; 2009-жылдын 1-январынан тартып - 2004-2005-жылдар үчүн; 2010-жылдын 1-январынан тартып - 2006-2007-жылдар үчүн; - ушул токтомдон улам "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республи-калык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштепчыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-гизсин; - мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине пе-дагогикалык стажысы боюнча 2004-2007-жылдардагы түзүлгөн карызды төлөөүчүн бекем гарантияны камсыздоо максатында мамлекеттик баалуу кагаздар-ды белгиленген тартипте чыгарсын; - 2008-жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык окуужайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2004-2007-жыл-дардагы карызды төлөө үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды берүүнүн меха-низмин жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жоюунун шарттарын иштеп чык-сын жана белгиленген тартипте бекитсин. - 2004-2007 жылдар учун педагогикалык стажына кошумчаларды толоо боюнча карыздарды квартал сайын бирдей улушто оз убагында каржылоону камсыз кылсын. 2. (КР Окмотунун 2009-жылдын 2-апрелиндеги №208 токтому менен алынып салынды) - нормативдик укуктук актыларда Кыргыз Республикасынын билим берүүсистемасынын кызматкерлерине кошумчалардын түрлөрүнүн кайталанышын жоюумаксатында 2008-жылдын 15-мартына чейин Кыргыз Республикасынын билимберүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына инвентаризация жүргүзсүн. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардынкызматкерлерине педагогикалык стажысы үчүн кошумчаларды алуучулардынтизмесин жана төлөө үчүн зарыл каражаттардын эсептөөлөрүн тиркемегеылайык форма боюнча 2008-жыл үчүн - 2008-жылдын 15-мартына чейин,2003-2007-жылдар үчүн - 2008-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республика-сынын Финансы министрлигине беришсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 токтомуна тиркеме Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы үчүн кошумчаларды алуучулардын тизмеси жана төлөө үчүн зарыл каражаттардын ЭСЕПТӨӨЛӨРҮ ------------------------------------------------------------------------|№|Аты-жөнү| Паспорт |Мамлекеттик/ | Төмөнкү жылдар үчүн карыздар || | |маалыматтары|муниципалдык |--------------------------------|| | | |окуу жайдын |2003-|2004-|2005- |2006- | 2007-|| | | | аталышы | жыл | жыл | жыл | жыл | жыл || | | |жана дареги | | | | | ||-|--------|------------|-------------|-----|-----|------|------|------|------------------------------------------------------------------------ Колу _____________________________________________ (министрликтин, мамлекеттик комитеттин администрациялык ведомствонун, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү алдынча башкаруу органынын жетекчиси) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов