КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-марты № 83 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниси бар объекттердинбашкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын
Конс-титуциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитетинин төрагасы көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-статьясынаылайык Кыргыз Республикасынын улуттук (коомдук) коопсуздугун камсыздоомаксатында стратегиялык объекттерди аныктоонун жана жөнгө салуунунукуктук негиздерин белгилейт. 1-статья. 1. Стратегиялык объект аларга ээлик кылуу, (же) пайдалануу жана(же) тескөө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук абалына таасиртийгизүүчү, коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык маани-си бар мүлк болуп саналат. 2. Стратегиялык объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, менчик жана башка формала-рында болушу мүмкүн. 2-статья. 1. Стратегиялык объектиге төмөнкүлөр кирет: 1) мүлк, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөколдонулуучу аскердик техника жана жабдуулар; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары колдонуучу имарат-тар жана жайлар; 3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык,карантиндик кызматтар пайдалануучу мүлк; 4) магистралдык темир жол тармактары; 5) магистралдык газ түтүктөрү; 6) улуттук электр тармагы; 7) гидро- жана жылуулук электр станциялары; 8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары; 9) магистралдык байланыш линиялары; 10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы; 11) улуттук почта тармагы; 12) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой элеаба кыймылын башкаруу системасынын аэронавигациялык түзүлүштөрү; 13) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, 14) жер казнасы, токой фонду, токой чарбасынын объекттери, улуттукстатуска ээ болгон коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчөбиосфералык аймактар; 15) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объекттери,анын ичинде табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суусактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу насос стан-циялары; 16) Кыргыз Республикасынын улуттук статуска ээ болгон саламаттыксактоо уюмдарынын объекттери. 2. Менчигинде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялыкобъекттер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышууүлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого жеменчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алганчечимдерге таасир тийгизүү мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактардынакцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялык объект-терге кириши мүмкүн. Стратегиялык объекттерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялыкмааниси бар ишканалар да кириши мүмкүн. 3. Стратегиялык объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Кооп-суздук кењешинин рекомендациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан аныкталат. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук коопсуздукту камсыздоого ба-гытталган стратегиялык объекттердин иштөө жана эксплуатациялоо режиминеатайын талаптарды белгилейт. Өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш катаклизмдери болгон учурда Кыр-гыз Республикасынын Президенти улуттук таламдарды коргоону камсыздоомаксатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу мененстратегиялык объекттерди коргоонун жана анын иш-аракетин камсыздоонунөзгөчө режимин киргизүүгө укуктуу. 4-статья. 1. Стратегиялык объекттерди ажыратуу Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн макулдугу менен гана мүмкүн болот. 2. Менчик ээси менчиктин муниципалдык, менчик жана башка формала-рында турган стратегиялык объектти сатууга ниеттенсе, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү стратегиялык объектти рынок баасы боюнча сатып алуунунартыкчылыктуу укугуна ээ. 3. Стратегиялык объектти ажыратууга макулдугун жана сатып алуунунартыкчылыктуу укугун пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү аныктайт. 4. Эгерде стратегиялык объектинин менчик ээси ушул статьянын 1 жа-на 2-пункттарынын талаптарын бузса, мындай бүтүмдөр түзүлгөн учурдантартып жараксыз деп таанылат. 5-статья. 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндө күчү-нө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ча-раларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти