КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2008-жылдын 14-марты № 85 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жактырыл-сын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. Карањыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 24-апрелинде-ги № 348-IV "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөркиргизүү жөнүндө" ("Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергетикасы жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мый-замын кабыл алуу тууралу" токтому 3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-лууга дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-ка жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "КыргызРеспубликасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ганы" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын. 2. 5-статьяда: - биринчи бөлүгүндөгү "коммуналдык" деген сөз "муниципалдык" дегенсөзгө алмаштырылсын; - экинчи бөлүгү алып салынсын. 3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10-статья. Аткаруучу кењеш Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуумамлекеттик органында Аткаруучу кењеш түзүлөт, анын курамы жана функци-ялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.". 4. 13-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Улуттук энергетика программасы (УЭП) Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Президентибекитет.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-январындагы № 8 "Электрэнергетикасы жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 3-статьяда: - биринчи бөлүгү алып салынсын; - экинчи бөлүгүндөгү "аныктайт" деген сөз "иштеп чыгат" дегенсөздөргө алмаштырылсын. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти