КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-марты № 100 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Сот арачылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык каржылоо булагын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмө-тү токтом кылат: 1. "Сот арачылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мый-зам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна тиркелген корутунду жактырыл-сын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-сына жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-мартындагы № 100 токтомуна тиркеме "Сот арачылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана "Сот арачылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамактыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзам долбоорлоруна корутундуларды берүү тууралуу Кыр-гыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2008-жылдын12-февралындагы № 15-454 тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү төмөнкүлөрдү белгилейт. 1. "Сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорубоюнча. Сот заседателдери катары сот адилеттигин ишке ашырууга катышуугажарандардын укугун чектөө аталган долбоор менен гана белгилене турган-дыгына жана Кыргыз Республикасынын кодекстерине киргизилүүчү түзөтүүлөр"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруменен көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн бөлүгүндө "Сот арачылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбооруна шилтемелер жасалгандыктан долбоордун1-статьясынын 1-пунктундагы "жана башка мыйзамдар менен" деген сөздөрдүалып салууну сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 5-статьясынын 2-пункту менен сот заседателдерикатары сот адилеттигин ишке ашырууга катышуучу адамдарга милдеттүү түр-дө бюджеттен кошумча төлөмдөр жана командировка чыгымдары төлөнөт. Ушу-га байланыштуу аталган адамдарга компенсациялык жана стимулдоочу мүнөз-дөгү төлөмдөрдү төлөөгө жумуш берүүчүлөрдү милдеттендирүүчү долбоордун5-статьясынын 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз. Сот арачысынын антынын текстин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жа-за-процесстик кодексине киргизилүүчү "Кыргыз Республикасынын айрым мый-зам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзам долбоорунан бир эле учурда алып салуу менен"Сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда баян-доону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Мыйзам долбоорунун 8, 10, 11 жана 12-статьялары менен сот адилет-тигин ишке ашырууга жарандардын катышуу маселелери жана сот адилеттигинишке ашырууга катышуудан качуу үчүн жоопкерчилик чаралары жөнгө салы-нат. Мында жарандардын эркин билдирүүсүн эске албастан сот арачыларынаталапкерлердин тизмесин түзүү каралат. Ошентсе да Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесинин1-пунктунун экинчи абзацына ылайык мыйзамда каралган учурларда жанатартипте Кыргыз Республикасынын жараны сот адилеттигин ишке ашыруугакатышууга укуктуу экендигин белгилей кетүү керек. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынынжарандарын сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга милдеттендирбейт,бирок укук берет. Ушуга байланыштуу "Сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын жарандарын сотадилеттигин ишке ашырууга катышууга милдеттендирүүчү нормаларды сотадилеттигин ишке ашыруудан качуу үчүн администрациялык таасир этүү ча-раларын колдонуу менен бирдей кароо Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын нормаларын бузууга алып келиши мүмкүн. 2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-боору боюнча. Долбоордун 1-статьясынын 3-пунктундагы
Кылмыш-жаза-процесстик ко-дексинин 31-главасына шилтемени алып салууну сунуштайбыз, анткени андасот арачыларынын катышуусу менен кылмыш иштерин кароо эрежелери анык-талбайт. Долбоордун 1-статьясынын 5-пунктунда баяндалган аталган Кодекстин32-1-статьясынын сунушталган редакциясындагы "312-статьянын 4" дегенсандарды жана сөздү "312-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 4" деген сандаржана сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. Долбоордун 1-статьясынын 11-пунктундагы "Биринчи бөлүк" деген сөз-дөрдү "1-пункт" деген сөз жана сан менен алмаштырууну сунуш кылабыз. Долбоордун 1-статьясынын 20-пунктунун экинчи абзацын төмөнкүдөйредакцияда берүүнү сунуштайбыз: - "биринчи бөлүгүндөгү "экинчи бөлүк" деген сөздөр "экинчи, бешин-чи бөлүктөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кылмыш-жаза-процесстик кодексинин 31-статьясынын экинчи бөлүгүнкөњүлгө алсак, ага ылайык жаза чаралары катары өмүр бою эркинен ажыра-туу колдонулушу мүмкүн болгон кылмыштарды жасоого адамдарды күнөөлөөбоюнча кылмыш иштерин кароо биринчи инстанциядагы сот тарабынан арачысоттордун катышуусу менен судьянын төрагалыгы астында ишке ашырыла тур-гандыгын жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 294 жана373-статьяларында каралган кылмыштар үчүн өмүр бою камакта отуруу тү-рүндө жаза колдонулушу мүмкүн экендигин эске алуу менен Кылмыш-жаза ко-дексинин аталган статьясынын долбоордун 1-статьясынын 20-пунктунда ба-яндалган Кылмыш-жаза-процесстик кодексинин 240-статьясынын бешинчи бө-лүгүнүн сунушталган редакциясына киргизүүнү сунуш кылабыз. Долбоордун 1-статьясынын 25-пункту боюнча төмөнкүдөй сын-пикирлер-ди жана сунуштарды көњүлгө алууну сунуштайбыз: - 331-8-статьянын биринчи бөлүгүнүн 5-пунктунун, 331-8-статьянынэкинчи бөлүгүнүн 1-пунктунун, 331-9-статьянын биринчи бөлүгүнүн сунуш-талган редакциясында шилтеме жасалган Мыйзамдын аталышындагы "КыргызРеспубликасынын сотторунда" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз,анткени берилген материалдарга ылайык "Сот арачылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамын кабыл алуу болжолдонууда; - 331-8-статьянын он биринчи бөлүгүнүн сунушталган редакциясыналып салууну сунуш кылабыз, анткени сот арачыларынын коллегиясынын би-ротоло курамы түзүлгөнгө чейин тараптарда сот арачыларына талапкерлергежүйөлүү каршы болуу укуктары бар жана жүйөсүз каршы болуу укуктары жокбул курамдын бир тараптуулугуна байланыштуу сот арачыларынын коллегия-сын түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат; - 331-10-статьясынын сунушталган редакциясынын биринчи бөлүгүнүнбиринчи абзацындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процесстик ко-дексинин 72-статьясына шилтемени алып салууну сунуштайбыз, анткениаталган статьяда сот арачыларына талапкерлердин эмес, судьялардын каршыболуусунун тартиби каралат; - 331-26-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүнүн сунушталганредакциясындагы жана 331-32-статьянын 2-пунктундагы "331-21" деген сан-дарды "331-22" деген сандар менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени сотзаседателдери жооп берүүгө тийиш болгон маселелердин тизмеси331-22-статьянын биринчи бөлүгүндө келтирилген; - сот арачыларынын коллегиясынын таркашына жана кылмыш ишин жањыкароого жиберүүгө судьяга укук берген 331-31-статьянын 4-пунктун алыпсалууну сунуштайбыз, анткени берилген долбоорго ылайык күнөөлөнүүчүадамдын күнөөлүү же болбосо күнөөсүздүгү тууралуу вердикти кабыл алуусот арачыларынын компетенциясына кирет, мында судьяга айыптоочу вердик-ти кабыл алуу учурунда жазанын түрүн аныктоо гана берилген. Мындан тыш-кары, эгерде тараптарда чыгарылган чечимдин мыйзамдуулугуна карата шек-тенүү пайда болсо, аларга жогоруда турган инстанцияга чечимге каратадаттанууга укук берилген. Долбоорлордун 3-статьянын биринчи абзацында "Жарандык-процесстиккодекс" деген сөздү "Жарандык процесстик кодекс" деген сөздөр менен ал-маштырууну сунуштайбыз. Долбоордун 3-статьясында баяндалган 258-1-статьянын 1-пунктундагыаталган Кодекстин 3-главасына шилтемени алып салууну сунуш кылабыз, ан-ткени анда соттолгондук жөнүндө эреже аныкталбайт. Долбоордун 3-статьясында баяндалган 258-1-статьянын 2-пунктундагы"Кыргыз Республикасынын сотторунда" деген сөздөрдү алып салууну сунушкылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзүндө "Сот арачыла-ры жөнүндө" катары аныкталган. Долбоордун 4-статьясынын 1-пунктунда баяндалган 422-1 422-4-стать-яларындагы "бир айлык" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткениКыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин30-статьясына ылайык айыптын өлчөмү административдик укук бузуу жасал-ган учурга белгиленген эсептик көрсөткүчкө жараша аныкталат. Долбоордун 4-статьясынын 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнүсунуштайбыз: "2. 508-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "420-422" деген сандар"420-422-4" деген сандар менен алмаштырылсын. Жалпысынан сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга жарандардынукуктарын ишке ашырууну кароочу каралып жаткан мыйзам долбоорлорун жү-зөгө ашыруу үчүн 48114,4 мињ сом талап кылынат, анын ичинде: - жыл аралыгында сот арачылары кароого тийиш болгон иштердин санынэске алуу менен (сот заседаниеси орточо 15 күн өткөрүлөт) сот арачыла-рын сыйлоого төлөмдөр үчүн 41583,8 мињ сом керек; - эмеректерди жана компьютердик техникаларды сатып алуу үчүн 930,6мињ сом керек; Кыргыз Республикасынын облустук сотторунун сот заседаниелерининзалдарын кайра профилдештирүү үчүн 5600,0 мињ сом керек. Ушуга байланыштуу жана "Сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзам долбоорунун 2009-жылдан 2011-жылга чейин сот арачыларынынсоттор институтун этап-этабы менен киргизүүнү караган 14-статьясын кө-њүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамды кабыл алуугамүмкүн деп эсептейт. Аталган Мыйзамды ишке ашырууну этап-этабы менен каржылоонун башта-лышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийинки жылга республикалык бюджет-тин долбоорунда карайт.