Сравнение редакций…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 23-июну № 397 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-марты № 104
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын ички иштер
органдарынын курал-жарактарына кирген
атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз
Республикасынын ички иштер органдарынын
кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды
колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын 14-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын курал-жарактарына
кирген атайын каражаттардын тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери та-
рабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелери.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин
атайын каражаттар менен камсыздоо тартиби, атайын каражаттарды берүү,
эсепке алуу, сактоо, ташуу жана жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-мартындагы
№ 104 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
курал-жарактарына кирген атайын каражаттардын
ТИЗМЕСИ
1. Резина таяктар:
- атайын резина таяктар ПР-73, ПР-73М, ПР-89, ПР-90, ПРС;
- универсал таяктар ПУ, ПУС.
2. Колкишендер: БР, БР-С, БКС-1, БОС.
3. Тешип өтпөй сокку уруучу патрондор жана атылмалар:
- 23 мм "Волна-Р" резина октуу патрондор;
- РГС-50 атайын гранатомет комплекси үчүн сокку уруп-эстен танды-
руучу, алаксытуучу атылмалар;
- 12 мм, 16 мм, 28 мм, 32 мм резина огу бар патрондор;
- 12 мм, 16 мм, 28 мм, 32 мм резина жана металл эмес бытыралуу.
4. Жаш агызуучу газ (дүүлүктүрүүчү аракеттеги атайын каражаттар):
а) аэрозоль чачыратмалар:
- "Черемуха-10", "Черемуха-10М" аэрозоль тањгактары;
- "Сирень-10" дүүлүктүрүүчү курамдуу аэрозоль чачыратмалар;
- "Контроль-М", "Контроль-ММ", "Контроль-МК" аэрозоль чачыратма-
лар;
- "Резеда-10", "Резеда-10М" аэрозоль чачыратмалар;
б) жогорку басымдагы чачыратмалар, ранецтеги аппараттар:
- РВД жогорку басымдагы чачыратмалар;
- "Облако" АР-16 ранецтеги аппараттар;
- лакриматордук таасир берүүчү курам ("Облако" АР-16 ранецтеги ап-
паратка);
в) дүүлүктүрүүчү (жаш агызуучу) таасири бар кол гранаталар:
- "Дрейф" аэрозолдук кол гранаталар;
- газдуу (жаш агызуучу) кол гранаталар;
- айкалыштырылган аракеттеги гранаталар;
- жаш агызуучу кол гранаталар;
- түтүндүү кол граната жана жарылуучу пакеттер;
- дароо таасир этүүчү түтүндүү гранаталардын атылмалары;
- "Черемуха-12" көбөйтүлгөн кубаттуулуктагы атайын (жаш агызуучу)
гранаталар;
- "Сирень-6", "Сирень-12" дүүлүктүрүүчү таасири бар газдуу кол
гранаталар;
г) патрондор жана дүүлүктүрүүчү (жаш агызуучу), сокку уруп-эстен
тандыруучу атылмалар, газ патрондорду атуучу газ пистолеттер жана мыл-
тыктар:
- "Черемуха-7" аралыктык газ (жаш агызуучу) гранаталуу патрондор;
- "Черемуха-7М" жаш агызуучу гранаталуу 23 мм патрондор;
- "Сирень-7" дүүлүктүрүүчү таасири бар гранаталуу 23 мм патрондор;
- ГП-25 граната ыргыткычына "Гвоздь" дүүлүктүрүүчү таасири бар
гранаталуу 40 мм атылмалар;
- жаш агызуучу заты бар 38 мм патрондор;
- жаш агызып-дүүлүктүрүүчү жана сокку уруп-эстен тандыруучу тааси-
ри бар гранаталуу атылмалар;
- РГС-50 атайын граната ыргыткыч комплекси үчүн жаш агызуучу-дүү-
лүктүрүүчү таасири бар ГС-50М атылмалар;
- газ патрондору;
- ок-дарылуу газ пистолеттери;
- 38 мм, 40 мм, 50 мм калибрлүү кыска жана узун найлуу газ патрон-
дорду атуу үчүн мылтыктар;
д) "Полынь-4-1", "Полынь-4-2", "Полынь-10-3", "Полынь-25-4" пиро-
техникалык газ генераторлору.
5. Алаксытуучу таасирдеги жаркылдап-үн чыгаруучу каражаттар:
- "Заря-2" жаркылдап-үн чыгаруучу кол гранаталар;
- "Факел" жаркылдап-үн чыгаруучу көп элементтүү кол гранаталар;
- "Факел-С" жаркылдап-үн чыгаруучу бир элементтүү кол гранаталар;
- "Гном" буюмдары;
- "Пламя" стационардык оперативдик-техникалык каражаттары;
- РГС-50 атайын граната ыргыткыч комплекси үчүн жаркылдап-үн чыга-
руучу таасири бар атылмалар;
- жаркылдатып-үн чыгаруучу таасири бар гранаталуу атылмалар.
6. Тоскоолдуктарды бузуучу каражаттар:
- чакан өлчөмдөгү жардыргыч түзүлүштөр;
- ГВ-50 атылмалар жана РГС-50 атайын граната ыргыткыч комплекси
үчүн куралдын оозунун үстүндөгү тормоздук түзүлүштөр.
7. Транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттар, тикен тасмалар жа-
на андан жасалган оролмо тикендер, торлор:
- "Еж", "Диана" автотранспортту токтотуучу түзүлүштөр;
- "Гарпун" автотосмологучтар;
- АКЛ, АСКЛ, АМКЛ дан жасалган оромолор;
- МКЛ-1, МКЛ-2, МКЛ-3 өркүндөтүлгөн тикенек тасмалар;
- "Невод" биологиялык объекттердин кыймылын жайлатуучу каражаттар.
8. Суу чачкычтар, брондолгон машиналар:
- "Лавина" АВС 40 (6953) суу чачкыч, 249-модель;
- суу чачкыч (АЦ-40 өрт өчүрүүчү автоцистерна);
- БТР-60ПБ, БТР-70, БТР-80, БТР-80А бронетранспортерлору;
- БРДМ-2 күжүрмөн чалгындоочу-кайгуулчу машина;
- БМП-1 жөө аскердин күжүрмөн машина.
9. Атайын боечу каражаттар.
10. Кызматтык иттер.
11. Электр эстен тандыруучу түзүлүштөр:
- автономиялуу электр эстен тандыруучу учкун чыгаруучу түзүлүштөр;
- ЭШУ-039, ЭШУ-200, ЭШУ-200М электр эстен тандыруучу түзүлүштөр.
12. Жеке коргонуучу каражаттар:
- "Кора-3", "Кора-Феникс", "Модуль-С", "Модуль-ЗМ", "Кора-Кулон",
"Кора-2", "Кора-ШК", "Корунд", "Модуль5М", "Штурм-ВВ" чопкуттар;
- билинбеген ичтен кийип жүрүүчү брондолгон чопкуттар;
- 6БЗТМ-01 брондолгон чопкуттар;
- жењилдетилген коргоочу чопкуттар;
- жењилдетилген брондолгон чопкуттар;
- жењилдетилген чопкуттар;
- "Базальт" универсалдуу чабуулдук брондолгон чопкуттар;
- "Маска-3-1", "Маска-4", "ЗШ-1", "Маска-3-2", "Маска-1", "Мас-
ка-1Р", ССШ-94 "Сфера-С" ок өтпөс (бетти тоскон) шлемдер;
- ГТШ-97 "Джета", "Маска-2", СШ-68 соккуга туруктуу коргогуч шлем-
дер;
- "БЗТ-75С" коргогуч болот калкандар;
- "Витраж-М", "Витраж-В", "Витраж-АТ" коргогуч калкандар;
- "Забор" брондуу калкандар;
- "Шиток" соккуга туруктуу коргогуч комплекстер;
- чабуулдук коргонуучу комплекстер;
- "ВЭК-Грот" жардыргыч техниктин коргонуучу костюмдар;
- "Грот" сапердун коргонуучу костюмдар;
- "Зов" жардыргыч түзүлүштү локалдаштыруу үчүн техникалык каражат-
тар;
- "ВЭК-Щит" брондолгон кыймылдуу комплекстер.
Эскертүү. Мурда сатып алынган жана бул Тизмеге кирбеген брондолгон
коргонуунун жеке каражаттары пайдалануунун гарантиялык мөөнөтү бүткөнчө
пайдаланылат.