Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                           КР Ѳкмѳтγнγн

             2015-жылдын 23-июну № 397 токтомуна ылайык

                            кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 28-марты № 104

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

                   Кыргыз Республикасынын ички иштер

                 органдарынын курал-жарактарына кирген

               атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз

                Республикасынын ички иштер органдарынын

              кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды

                  колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

     "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз  Рес-

публикасынын  Мыйзамынын  14-статьясына  ылайык  Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

     1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

     - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын курал-жарактарына

кирген атайын каражаттардын тизмеси;

     - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери та-

рабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелери.

     2. Кыргыз Республикасынын ички иштер  органдарынын  кызматкерлерин

атайын  каражаттар менен камсыздоо тартиби,  атайын каражаттарды берүү,

эсепке алуу,  сактоо, ташуу жана жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат.

     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн  Аппаратынын коргонуу,  укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

      Премьер-министри                                                      И.Чудинов

 

       

                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                                           2008-жылдын 28-мартындагы

                                              № 104 токтому менен

                                                  бекитилген

 

            Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын

             курал-жарактарына кирген атайын каражаттардын

                                ТИЗМЕСИ

 

     1. Резина таяктар:

     - атайын резина таяктар ПР-73, ПР-73М, ПР-89, ПР-90, ПРС;

     - универсал таяктар ПУ, ПУС.

     2. Колкишендер: БР, БР-С, БКС-1, БОС.

     3. Тешип өтпөй сокку уруучу патрондор жана атылмалар:

     - 23 мм "Волна-Р" резина октуу патрондор;

     - РГС-50 атайын гранатомет комплекси үчүн сокку уруп-эстен  танды-

руучу, алаксытуучу атылмалар;

     - 12 мм, 16 мм, 28 мм, 32 мм резина огу бар патрондор;

     - 12 мм, 16 мм, 28 мм, 32 мм резина жана металл эмес бытыралуу.

     4. Жаш агызуучу газ (дүүлүктүрүүчү аракеттеги атайын каражаттар):

     а) аэрозоль чачыратмалар:

     - "Черемуха-10", "Черемуха-10М" аэрозоль тањгактары;

     - "Сирень-10" дүүлүктүрүүчү курамдуу аэрозоль чачыратмалар;

     - "Контроль-М",  "Контроль-ММ",  "Контроль-МК" аэрозоль чачыратма-

лар;

     - "Резеда-10", "Резеда-10М" аэрозоль чачыратмалар;

     б) жогорку басымдагы чачыратмалар, ранецтеги аппараттар:

     - РВД жогорку басымдагы чачыратмалар;

     - "Облако" АР-16 ранецтеги аппараттар;

     - лакриматордук таасир берүүчү курам ("Облако" АР-16 ранецтеги ап-

паратка);

     в) дүүлүктүрүүчү (жаш агызуучу) таасири бар кол гранаталар:

     - "Дрейф" аэрозолдук кол гранаталар;

     - газдуу (жаш агызуучу) кол гранаталар;

     - айкалыштырылган аракеттеги гранаталар;

     - жаш агызуучу кол гранаталар;

     - түтүндүү кол граната жана жарылуучу пакеттер;

     - дароо таасир этүүчү түтүндүү гранаталардын атылмалары;

     - "Черемуха-12"  көбөйтүлгөн кубаттуулуктагы атайын (жаш агызуучу)

гранаталар;

     - "Сирень-6",  "Сирень-12"  дүүлүктүрүүчү  таасири  бар газдуу кол

гранаталар;

     г) патрондор  жана  дүүлүктүрүүчү (жаш агызуучу), сокку уруп-эстен

тандыруучу атылмалар,  газ патрондорду атуучу газ пистолеттер жана мыл-

тыктар:

     - "Черемуха-7" аралыктык газ (жаш агызуучу) гранаталуу патрондор;

     - "Черемуха-7М" жаш агызуучу гранаталуу 23 мм патрондор;

     - "Сирень-7" дүүлүктүрүүчү таасири бар гранаталуу 23 мм патрондор;

     - ГП-25  граната  ыргыткычына  "Гвоздь"  дүүлүктүрүүчү таасири бар

гранаталуу 40 мм атылмалар;

     - жаш агызуучу заты бар 38 мм патрондор;

     - жаш агызып-дүүлүктүрүүчү жана сокку уруп-эстен тандыруучу тааси-

ри бар гранаталуу атылмалар;

     - РГС-50  атайын граната ыргыткыч комплекси үчүн жаш агызуучу-дүү-

лүктүрүүчү таасири бар ГС-50М атылмалар;

     - газ патрондору;

     - ок-дарылуу газ пистолеттери;

     - 38 мм, 40 мм, 50 мм калибрлүү кыска жана узун найлуу газ патрон-

дорду атуу үчүн мылтыктар;

     д) "Полынь-4-1",  "Полынь-4-2", "Полынь-10-3", "Полынь-25-4" пиро-

техникалык газ генераторлору.

     5. Алаксытуучу таасирдеги жаркылдап-үн чыгаруучу каражаттар:

     - "Заря-2" жаркылдап-үн чыгаруучу кол гранаталар;

     - "Факел"  жаркылдап-үн  чыгаруучу  көп элементтүү кол гранаталар;

     - "Факел-С" жаркылдап-үн чыгаруучу бир элементтүү кол гранаталар;

     - "Гном" буюмдары;

     - "Пламя" стационардык оперативдик-техникалык каражаттары;

     - РГС-50 атайын граната ыргыткыч комплекси үчүн жаркылдап-үн чыга-

руучу таасири бар атылмалар;

     - жаркылдатып-үн чыгаруучу таасири бар гранаталуу атылмалар.

     6. Тоскоолдуктарды бузуучу каражаттар:

     - чакан өлчөмдөгү жардыргыч түзүлүштөр;

     - ГВ-50 атылмалар жана РГС-50 атайын  граната  ыргыткыч  комплекси

үчүн куралдын оозунун үстүндөгү тормоздук түзүлүштөр.

     7. Транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттар, тикен тасмалар жа-

на андан жасалган оролмо тикендер, торлор:

     - "Еж", "Диана" автотранспортту токтотуучу түзүлүштөр;

     - "Гарпун" автотосмологучтар;

     - АКЛ, АСКЛ, АМКЛ дан жасалган оромолор;

     - МКЛ-1, МКЛ-2, МКЛ-3 өркүндөтүлгөн тикенек тасмалар;

     - "Невод" биологиялык объекттердин кыймылын жайлатуучу каражаттар.

     8. Суу чачкычтар, брондолгон машиналар:

     - "Лавина" АВС 40 (6953) суу чачкыч, 249-модель;

     - суу чачкыч (АЦ-40 өрт өчүрүүчү автоцистерна);

     - БТР-60ПБ, БТР-70, БТР-80, БТР-80А бронетранспортерлору;

     - БРДМ-2 күжүрмөн чалгындоочу-кайгуулчу машина;

     - БМП-1 жөө аскердин күжүрмөн машина.

     9. Атайын боечу каражаттар.

     10. Кызматтык иттер.

     11. Электр эстен тандыруучу түзүлүштөр:

     - автономиялуу электр эстен тандыруучу учкун чыгаруучу түзүлүштөр;

     - ЭШУ-039, ЭШУ-200, ЭШУ-200М электр эстен тандыруучу түзүлүштөр.

     12. Жеке коргонуучу каражаттар:

     - "Кора-3",  "Кора-Феникс", "Модуль-С", "Модуль-ЗМ", "Кора-Кулон",

"Кора-2", "Кора-ШК", "Корунд", "Модуль5М", "Штурм-ВВ" чопкуттар;

     - билинбеген ичтен кийип жүрүүчү брондолгон чопкуттар;

     - 6БЗТМ-01 брондолгон чопкуттар;

     - жењилдетилген коргоочу чопкуттар;

     - жењилдетилген брондолгон чопкуттар;

     - жењилдетилген чопкуттар;

     - "Базальт" универсалдуу чабуулдук брондолгон чопкуттар;

     - "Маска-3-1",  "Маска-4",  "ЗШ-1",  "Маска-3-2", "Маска-1", "Мас-

ка-1Р", ССШ-94 "Сфера-С" ок өтпөс (бетти тоскон) шлемдер;

     - ГТШ-97 "Джета", "Маска-2", СШ-68 соккуга туруктуу коргогуч шлем-

дер;

     - "БЗТ-75С" коргогуч болот калкандар;

     - "Витраж-М", "Витраж-В", "Витраж-АТ" коргогуч калкандар;

     - "Забор" брондуу калкандар;

     - "Шиток" соккуга туруктуу коргогуч комплекстер;

     - чабуулдук коргонуучу комплекстер;

     - "ВЭК-Грот" жардыргыч техниктин коргонуучу костюмдар;

     - "Грот" сапердун коргонуучу костюмдар;

     - "Зов" жардыргыч түзүлүштү локалдаштыруу үчүн техникалык каражат-

тар;

     - "ВЭК-Щит" брондолгон кыймылдуу комплекстер.

     Эскертүү. Мурда сатып алынган жана бул Тизмеге кирбеген брондолгон

коргонуунун жеке каражаттары пайдалануунун гарантиялык мөөнөтү бүткөнчө

пайдаланылат.