Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9-апрели № 134 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-ноябрындагы №252 буйругуна ылайык, 2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашырууга мониторинг жана баалоо системасын (мындан ары - ӨӨС)киргизүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары: - ӨӨСтү жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоонун тиеше-лүү индикаторлору боюнча анык маалыматты өз убагында берүүгө чаралардыкөрүшсүн; - бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө ӨӨС-тү жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунунматрицасын аткарууга жооптууларды белгиленген тартипте аныкташсын жанаКыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинеички актынын көчүрмөсүн жиберишсин; - жарым жылдыктардын жыйынтыгы боюнча 15-январдан жана 15-июлданкечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соодаминистрлигине ӨӨСтү жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоонунтиешелүү индикаторлору боюнча (анын ичинде гендерлик-дезагригирленгениндикаторлор) маалымат берип турушсун. 2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги: - Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомст-волор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте: - ӨӨСтү жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасынтейлөө боюнча методологиялык жана техникалык маселелерди иштеп чыксын; - мониторинг системасын ишке ашыруунун жыйынтыгынын негизинде За-рыл учурда 2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына, ӨӨСтү жү-зөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрица-сына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча сунуш киргизсин; - 1-апрелден жана 1-октябрдан кечиктирилбеген мөөнөттө Кыргызстан-ды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кењешке ӨӨСтү жүзөгө ашыруугамониторинг жүргүзүү жана баалоонун жыйынтыгы боюнча маалымат берсин; - ӨӨСтү жүзөгө ашыруунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатындаӨӨСтү жүзөгө ашырууга баалоо мониторингине катышууга кызыкдар өкмөттүкэмес жана коммерциялык эмес уюмдарды, жеке сектордун жана илимий чөйрө-нүн өкүлдөрүн тартсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов