Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 122 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо боюнча 2008-2015-жылдарга МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА 1. Киришүү Тамеки тартуу проблемасы Кыргызстандын эле эмес, бүткүл дүйнөлүккоомчулуктун алдында турган глобалдык социалдык проблема. Тамеки тарту-унун таралышы бүт дүйнөдөгү калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудуруу-да. Тамеки колдонуу жылына 5 миллионго жакын адамды өлүмгө дуушарлантыпжатат. Бул болжол менен күнүнө 13,5 мињ адам, же бир мүнөттө 10 адамказа болот дегенге барабар (ДССУ, 2002-ж.). Алдын алуучу чаралардыбүгүндөн баштап жүргүзбөсө, болжол менен 20 жылдан кийин тамекинин зы-яндуу таасиринен 10 миллион адам өлүшү мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сак-тоо уюмунун (ДССУ) эксперттеринин божомолдоруна Караганда тамеки тартуудүйнөдө өлүмгө учуроонун башкы себеби болуп калат, мында тамекиденөлүмгө учуроонун 70 проценти өнүгүп жаткан өлкөлөргө туура келет. Таме-ки 25тен ашык оорунун пайда болуу коркунучуна негизги себептердин бири.Тамекинин коркунучтуулугу аны колдонуунун таасири 20-30 жылдан кийинбилингенинде, ал эми бүгүнкү күндө тамеки тартып жүргөн жаштардын жанабалдардын 50 проценти иш жүзүндө 70 жашка жетпейт. Өпкөнүн рагы жана эмфиземасы - тамеки тартуунун баарынан коркунуч-туу кесепеттери. Тамеки буюмдарды колдонуу атеросклероздун пайда болу-шун эки эсе тездетип, ал инсультка, стенокардияга, миокарддын инфаркты-на жана башка көптөгөн илдеттерге чалдыктырат. Ашказанында жарасы бароорулуулардын арасында тамеки тарткандар 98%ти тузөт. Тамеки буюмдардыколдонуу 35-69 жаштагы эркектердин өлүмгө учуроосунун ЗО%ин шарттайт,башкача айтканда, коомдун абдан күчкө толуп турган бөлүгүн көп жок кы-лат. ДССУ тамеки тартууну көз карандылык катары квалификациялайт (Таме-киге көз карандылык синдрому: Оорулардын Эл аралык КлассификациясындагыF 17.2 классификация). Психикага активдүү таасир өтүүчү наркотиктергекөз карандылык даражасын аныктоодо никотин героинге, кокаинге, алкогол-го, кофеинге жана марихуанага Караганда жогору орунга коюлат. Тамеки тартуу чылымчыга эле эмес, анын жанындагы адамдарга да зы-ян: чылымчы тамекинин түтүнүнүн 20%ин гана жутат, калган тутун айлана-дагыларга таралат. Эгер бир чылымчыга тамеки тартпаган 3-4 адам тууракелерин эске алсак, бул дээрлик бүткүл калктын ден соолугуна коркунучкелип жатат дегенди билдирет. Ата-энелердин активдүү же пассивдүү чылымчегиши болочоктогу баланын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунучжаратат. Тамекинин уулары менен өнөкөт уулануу андай учурлардынкөпчүлүк процентинде түйүлдүктүн тигил же бул органдарында анатомиялыккемтиктердин пайда болушуна алып келет (мында алардын функциясы да на-чарлайт) да, келечекте баланын өмүрүнө терс таасир тийгизет. Эгер боюн-да бар аял же анын жанындагылар (күйөөсү, атасы, бир тууганы) тамекитартса, курсактагы бала да сөзсүз түтүндү "жутат". Биздин республика үчүн түтүнсүз тамекини - насвай (мындан ары -насвай) тартуу көйгөйлүү проблемалардын бири. Насвай тартуу сигареттартуу сыяктуу эле көптөгөн инфекциялык эмес өнөкөт оорулардын, баары-дан мурда эриндин, ооздун ичинин былжыры ракка чалдыгышына себеп болот.Республикада насвай өстүрүү жана жасоо кењири таралган. Ал уруксатсыз,кол менен үйдө жасалат жана базарларда, көчөлөрдө, кийинки жылдарда алтургай Бишкек шаарындагы кичине киосктордо жана павильондордо уруксат-сыз эле сатылат. Кийинки жылдарда өлүмгө учуроонун себептеринин структурасы биздинреспублика инфекциялык эмес оорулардан өлүмгө учуроого (82-85% учур)дуушарланып жатканын көрсөтөт, мында тамеки буюмдарды колдонуу анынкөбөйүшүнүн негизги себептеринин бири. Тамеки (насвай) тарта баштаганкурак менен алар шарттаган ооруларга чалдыккан жана өлүмгө учураган ку-рактын аралыгында бир топ узак убакыт өтөөрүн эске алганда, келечектегиоорулардын жана өлүмдөрдүн оорчулугу азыркы учурдагы тамеки буюмдардынтаралышына жараша болот. DALY (disability adjusted life years - өткөн өмүрдөгү ишке жарак-сыз болгон жылдар) оорулардын жана өлүмгө учуроолордун көрсөткүчтөрүнэске алуу менен эсептелген маалыматтарына караганда, тамеки колдонуудүйнөдө бардык өлүмгө учуроонун 6%ин жаратат, бул ооруга чалдыгуунунжана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүн эске алып эсептеп чыгарылган. Анынүстүнө, тамеки буюмдарды колдонуудан болгон өлүмдүн саны көбөйүп жататжана мындай тенденция сакталса, 2020-жылы дүйнөдө өлүмгө учуроолордун12%ине себеп болот. Улуттук изилдөөнүн (2002-ж.) маалыматтары боюнча республикада 18жаштагы жана андан жогорку калктын 23%и тамеки буюмдарды (анын ичинденасвай) колдонушкан болсо, 2005-жылы ушул курактык топтогу калктын 28%итамеки буюмдарды колдонот. Улуттук дењгээлде алганда 2002-жылы 18 жаш-тан жогорку калкынын 47%и тамеки буюмдарды колдонсо, 2005-жылы бул про-цент 58%ке жеткен. 18 жаштан жогорку эркектердин 8%и насвай тартат,мында алардын 75%и айылдык региондордогу эркектер, ал эми алардын ба-сымдуу көпчүлүгү, б.а. 70%и Баткен облусунда жашагандар. Тамеки тартуу-нун жашаган жерине жараша салыштырма анализи (2005-ж.) тамеки тартуунуншаардык адамдарга (25%) Караганда айылдык региондордогу адамдар арасын-да көп таралганын (31%) көрсөткөн. Мында шаардыктарга (51%) Карагандаайылдык эркектерде бул процент 63%. Бул региондордо, айрыкча айылдардаадамдар тамеки буюмдардын зыяны жөнүндө маалымдуулугу начар экенин бил-дирет. Тамеки тарткан аялдар арасында көрүнүш башкача, алардын 74%и ша-ардыктар, мында тамеки тарткан аялдардын көпчүлүк проценти 25-34 жашта-гы куракка туура келет. Бүгүнкү күндө республикада айрыкча жаштар жана аялдар арасында та-меки эпидемиясы таралып жатканы байкалат: сурамжылоонун маалыматтарынакараганда, студенттердин 35%ке жакыны тамеки тартат. Сурамжылангандардыкөмүртектин монооксидинин (СО) дем менен чыгышынын дењгээлине текшер-генден кийин - студенттердин 44,8%и тартаары, ал эми жогорку курстардабул процент сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 60%, СО дењгээлине тек-шерүүнүн жыйынтыгы боюнча - 71% экени аныкталган (эркектер арасында85,7%, аялдар арасында - 58%); Тамеки тартууну Глобалдык сурамжылоонунмаалыматтарына караганда Кыргызстанда 13-15 жаштагы мектеп окуучулары-нын 20%и тамеки буюмдардын тигил же бул түрүн тартып көрүшкөн, ал эмиалардын жарымына жакыны тамеки буюмдарды такай тартып калышкан. Чек араны, маданиятты, коомдорду жана социалдык катмарларды тоот-погон бул дүйнөлүк проблеманы чечүү эл аралык дењгээлде максаттуу ишкеашырылып жатат. Бул интеграциянын негизги багыттары ДССУга мүчө 190донашык өлкө тарабынан иштелип чыгып жана 2003-жылдын 21-майында Дүйнөлүксаламаттык сактоо ассамблеясында кабыл алынган жана 150дон ашык өлкөдөратификацияланган, ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча алкактык конвен-циясында (ТКАК) түптөлгөн. Ал Конвенция ТКАКтын алкагында ушул глобал-дык союзга кошулуучу бардык өлкөлөрдө бул проблеманы чечүүгө багыттал-ган эл аралык юридикалык документ болуп эсептелет. Европа регионундааны ишке ашыруучу иштиктүү механизм болуп тамекиге каршы күрөш боюнчаЕвропанын стратегиясы эсептелет, анда тамекинин колдонулушун контролдообоюнча тийиштүү мамлекеттик стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруукаралган. Кыргыз Республикасы ТКАКты 2006-жылдын 2-мартында ратификаци-ялаган, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зы-яндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабылалынып, ал 2006-жылдын аягында күчүнө кирген. Тамеки кирешелүү товар экенине, аны өндүрүү жана күрөктөө өлкөнүнсоциалдык жана экономикалык ресурстарына тийиштүү таасирин тийгизеринекарабастан саламаттык сактоо жагы тамеки проблемасын экономикалык тал-доодо чечүүчү мааниде болууга тийиш. Иши ийгиликтүү өлкөлөрдө өлкөнүнэкономикасы ден соолук призмасы аркылуу каралат. Эгер тамекиге каршыкүрөшүү саясаты жана стратегиясы бүгүнкү күндө жүргүзүлбөсө, анда 20-30жылдан кийин урпактарыбыздын 50%и оорукчан болот, себеби азыр элеөлкөдө тамеки эпидемиясы байкалууда. Элдин ден соолугун сактоо жаначыњдоо максатында жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасириненсактоо боюнча мамлекеттик программаны жана иш-аракеттер планын кабылалуу абдан зарыл, негиздүү жана приоритеттүү иш. 2. Мамлекеттик программанын максаты Жакын арадагы максат: "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден со-олугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын жана ДСУУнун тамекиге каршы күpөш боюнча алкактык кон-венциясынын (ТКАК) ишке ашырылышын уюштуруу жана камсыздоо төмөнкүдөймаксаттарды көздөйт: - чылым чөгүүдөн бош зоналарды түзүү жолу менен тамеки түтүнүнөаргасыз дуушарланууну болтурбоо; - элде тамеки колдонуунун зыяны жана чылым чекпөөнүн артыкчылыкта-ры жөнүндө маалымдуулукту арттыруу, коомдо тамеки тартууга карата терсмамилени пайда кылуу, тамекиге каршы күрөштө коомду социалдык мобилиза-циялоо; - адамдарда тамеки тартпастан сергек жашоо образына өбөлгөнү жого-рулатуу; - өлкөнүн тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук потенциалын түзүү.Орто мөөнөттөгү максат: Кыргыз Республикасынын калкынын арасында тамекитартуунун санын азайтуу, пассивдүү тамеки тартуунун алдын алуу. Узак мөөнөттөгү (стратегиялык, алыскы) максат: тамеки буюмдардыколдонууга байланыштуу ооруга, майыптыкка чалдыгуулардын жана өлүмгөучуроонун санын азайтуу. 3. Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо боюнча мамлекеттик программамын ишинин стратегиялык багыттары 3.1. Тамекиге жана тамеки буюмдарга сурооталапты азайтуу боюнча баалык жана салыктык чаралар 3.1.1. Тамеки буюмдарга кыйыр салыктарды көбөйтүү жана суроо- талапка ээ бардык тамеки буюмдарды сатууну легалдаштыруу жолу менен тамеки буюмдарына суроо-талапты азайтуу Тамеки тартууну азайтуунун экономикалык натыйжалуу ыкмаларынын би-ри жана тамекиге каршы күрөштө комплекстүү саясаттын майнаптуу элементитамеки продуктуларга салыктарды көбөйтүү болуп эсептелет. Kөп өлкөлөрдөтамеки буюмдарга суроо-талапта баалар ийкемдүү эмес. Баалардын ий-кемдүүлүгү - 0,4төн (өнүккөн өлкөлөрдө) - 0,8ге чейин (өнүгүп жатканөлкөлөрдө). Бул сигареттердин баасын 10%ге кымбаттатуу аларды тартуунуөнүккөн өлкөлөрдө 4%ке жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө 8%ке азайтарынкөргөзөт. Тамеки буюмдардын салыгы көбөйтүлгөн өлкөлөрдө бир учурда экимаксат орундалган: эл арасында тамеки тартуу азайган жана салыктан мам-лекеттик бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Мындай саясат Украинада өзүн то-лук актаган: 1996-жылдан 1999-жылга чейин тамекиге акциздик салыктанмамлекеттин кирешеси доллар менен алганда 4 эсе көбөйгөн. Тамеки буюм-дарга салыктардын көбөйүшү алардын бааларына таасирин берет: баа кым-баттаганда тамеки чеккен адамдардын үчтөн биринен ашыгы аны чеккей ка-лат, ал эми калгандары тамеки буюмдардын санын азайтат. Насвай Кыргыз Республикасынын аймагында жасоого расмий уруксат бе-рилбеген продукт, анткени аны өндүрүү боюнча нормативдик укуктук акты-лар жок, ага салык салынбайт, бирок айрым уй чарбалар колдо жасашат жа-на республиканын көптөгөн соода жайларында сатылат. Мыйзам менен тыюусалуу жашырын рыноктун активдүүлүгүн гана жогорулатышы мүмкүн. Ошондук-тан насвайды жасоону, сатууну легалдаштыруу жана акциздик салык салуумаселесин изилдөө зарылдыгы жаралат, анткени ал сигареттер сыяктуу элеадамдын ден соолугуна зыяндуу жана салык салынууга тийиш. Насвай жасоо-ну жана сатууну легалдаштыруу бир жагынан мамлекеттик бюджетке салыктанкиреше түшүүнү көбөйтөт жана тамекинин жана башка кошундулардын курамынконтролдоого мүмкүндүк берет, бул аны колдонууга мониторингдин жана бааберүүнүн сапатын жогорулатат. Республиканын тамеки тармагы төлөгөн салыктардын структурасына жа-салган анализ жана жалпы эле тармак боюнча да, ошондой эле "Реемтсма-Кыргызстан" ААК боюнча да тийиштүү тенденциялар төмөнкүдөй жыйынтыккаалып келди: - эгер 1995-1999-жылдарда пайдага салыктан которуунун үлүшү тамекитармагы боюнча салыктык которуулардын жалпы структурасында 2,2% дењгэ-элде болсо, 2000-2005-жылдардагы мезгилде "РеемтсмаКыргызстан" ААКнынКыргызстанда тамекиге монополия ишмердигинин учурунда бул салыктынтүшүү үлүшү жалпы тармак боюнча 0,0%ти түзгөн; - 1995-1999-жылдарда тамеки өнөр жайы төлөгөн акциздик салык боюн-ча которуулардын үлүшү салыктардын жалпы суммасына карата кеп болуп,84,6%ти түзгөн. Бирок 2000-2005-жылдарда акциздик салыктын үлүшү ортоэсеп менен 64,3% дењгээлге төмөндөгөн, ал эми 2005-жылы акциздик салык-тын үлүшү 41,4% болгон. - тамеки өнөр жайы (тамеки өстүрүү жана өндүрүү) өздөрү которгонкыйыр салыктарынын суммасында бюджетке түшүүчү кыйыр салыктардын 2%инберишет; - мамлекеттик бюджеттин тамекиден алуучу кирешелерин эки ыкманы:баалардын ийкемдүүлүгүн жана эконометриялык (коинтеграциялык) башкаруу-ну пайдаланып математикалык моделдөө жолу менен алынган жыйынтыктар,эгер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акциздик салыктын ставкасын 50% жо-горулатса бул мамлекеттик бюджетке түшүүчү кирешени болжол менен ошончокөбөйтөт жана тамеки буюмдардын баасы 5% гана кымбаттайт деп жыйынтыкчыгарууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси акциздик са-лыктын ставкасынын жогорулашына жараша көбөйөт, мында тамеки буюмдардынбаасы минимум өзгөрөт. Тамеки колдонууну экономикалык изилдөөнүн натыйжалары тамеки ке-ректөөнү контролдоонун салыктык жана баалык саясатын пайдаланганда та-меки буюмдарды колдонуу дењгээли азаяры күтүлгөнүнө карабастан, мамле-кеттик бюджетке киреше түшүү азайбастан, тескерисинче, баалардын ий-кемдүүлүгү -1.0дөн ашкан күндө да республиканын бюджетине салыктан ки-реше түшүү көбөйөөрү жөнүндө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берди, антке-ни салыктын ставкасын жогорулатуу андан улам баанын кымбатташынан алдаканча жогору болот. Негизги багыттар - тамеки буюмдарга акциздик салыктын ставкасын кирешелердин өсүшүинфляциянын орточо өсүшүнөн жана тамеки буюмдарга баалардын өсүшүнөналдыда болгудай кылып, алардын экономикалык жеткиликтүүлүгү такай аза-йып тургудай кылып пландуу көбөйтүүгө жетишүү; - республикада тамеки буюмдардын бардык түрлөрүн сатууну легалдаш-тыруу, тамеки продукцияларды салыксыз жана пошлинасыз сатуунун бардыктүрлөрүнө тыюу салуу. 3.2. Тамекиге жана тамеки буюмдарга суроо-талапты азайтуу боюнча баалык эмес чаралар 3.2.1. Тамекинин түтүнүнүн кыйыр таасиринен коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу Тамеки түтүнүн аргасыз жутуунун (пассивдүү чылым чөгүү) ден соо-лукка коркунучтуулугу жана кесепеттери жөнүндө чогултулган фактжүзүндөгү маалыматтар тамеки тартпагандардын, айрыкча балдардын ден со-олугун сактоонун катуу нормативдик жана укуктук нормаларын кабыл алуузарылдыгын баса белгилейт. Негизги багыттар - тамекисиз коомдук жайларды, анын ичинде тамекисиз коомдук транс-портту түзүү боюнча чараларды киргизүү; - айрыкча билим берүүчү, маданий, спорттук мекемелерде, бардык ме-дициналык уюмдарда жана алардын аймактарында тамеки түтүнүнөн бош жай-ларды түзүү; - ресторандарда, барларда жана башка коомдук тамактануу жайларындаалардын ээлерин, персоналды жана кардарларды ден соолуктарына зыянданкоргоо үчүн тамеки түтүнүсүз зона түзүү (тамеки тартуучулар жана тарт-пагандар үчүн өзүнчө жайларды болуу); - элге кызмат көрсөтүлчү бардык иш жайларда тамеки тартууга тыюусалуу. 3.2.2. Тамекинин жарнамасын, тамеки буюмдарды сатууну жана тамеки өнөр жайына демөөрчүлүк кылууну жөнгө салуу Тамекинин жарнамасынын тамеки буюмдарга жалпы керектөөгө тийгизгентаасирин ар кайсы өлкөлөрдө изилдөөнүн жыйынтыктары тамекинин жарнама-сына тыюу салгандан кийин сигареттерди пайдалануу элдин санына каратаорточо 25%ке чейин азайганын көрсөтөт. Жалпыга маалымдоонун бардык ка-ражаттарында тамекини түз жана кыйыр жарнамалоонун бардык формаларынатолук тыюу салуу тамеки чегүүнүн социалдык кызыктуулугун азайтат жанаайрыкча жаштар арасында тамеки буюмдарды колдонуу азайышына шарт түзөт.Жарнаманы мыйзамдык жөнгө салуу айлана-чөйрөнү тамеки түтүнүнөн тазало-ого эле эмес, "тамеки тартпоо" социалдык норма болуп калышына да өбөлгөболот. Негизги багыттар - тамеки пайдаланууну, тамекини жана тамеки продуктуларды түз жанакыйыр жарнамалоонун бардык түрлөрүнө тыюу салуу боюнча чараларды иштепчыгуу жана турмушка ашыруу; - тамеки буюмдарды сатуу жана сатууга өбөлгө түзүү максатында та-меки компанияларынын маданий-спорттук жана ден соолукту чындоочу иш-ча-раларга демөөрчүлүк кылышына, конкурстарды, акцияларды жана башка жалпымаданий иш-чараларды өткөрүшүнө, ошондой эле тамекинин соодалык марка-ларын тамеки эмес буюмдарда пайдаланууга тыюу салууну ишке ашыруу боюн-ча тийиштүү эрежелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. 3.2.3. Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо боюнча республиканын потенциалын түзүү жана кадрларды даярдоо Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо боюн-ча стратегияны ийгиликтүү иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу кадрлардыүзгүлтүксүз жана ургаалдуу даярдоо жана өлкөнүн тамекиге каршы күрөшбоюнча өнүккөн потенциалын түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттикпрограмманын жардамы менен гана камсыздалышы мүмкүн. Негизги багыттар - "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зы-яндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жанаДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча Алкактык конвенциясында каралганчараларды натыйжалуу чечүү жана ишке ашыруу үчүн секторлор аралыкөнөктөштүктү (координациялык кенеш) түзүү жана ишин камсыздоо; - чечим кабыл алуучу саясатчылар, саламаттык сактоо кызматкерлери,студенттер, мугалимдер, тарбиячылар жана коомдун башка тийиштүү катмар-лары үчүн тамекиге каршы күрөш боюнча натыйжалуу базалык окуу програм-маларын иштеп чыгуу жана киргизүү; - медициналык жана социалдык кызматкерлердин, педагогдордун моти-вациясын арттыруу, аларды "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соо-лугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамын жана ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча Алкактык конвен-циясын ишке ашыруу боюнча маселелерди чечүүгө тартуу; - коомдук уюмдардын (КУ) жана жарандык коомдун тамекиге каршыкүрөштүн стратегиясын иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышуусуна өбөлгөтүзүү; - КУ жана адис медициналык ассоциациялар жасап жаткан аракеттердикоординациялоону камсыздоо. 3.2.4. Тамеки тapтууну болтурбоо багытында калкты агартуу жана маалымдоо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү Ар бир жаран тамеки колдонуунун ден соолукка зыяны жөнүндө маалы-маттуу болууга укуктуу. Эгер сергек жашоо образын үйрөтүү активдүү үгүттөлсө профилактика-лык иш-чаралар натыйжалуу болот. 0з ара байланышта иштөөнүн бардык ык-маларын жана дењгээлдерин пайдалануу менен элге билим жана маалыматберүү тамеки өндүрүүчүлөрдүн элди дезинформациялоо, тамекини жана таме-ки буюмдарды жарнамалоо сыяктуу тактикалык амалдарына каршы туруудабашкы нерсе болот. Негизги багыттар - калкка маалымдоо жана билим берүү маселелери менен иштеген адам-дарга, анын ичинде саламаттык сактоо кызматкерлерин, студенттерди, оку-туучуларды, тарбиячыларды кесиптик медициналык ассоциациялардын, элдинден соолугун сактоого жана чыњдоого байланыштуу социалдык проблемалардычечүү боюнча иштеген коомдук уюмдардын кызматкерлери үчүн арналган та-мекиге каршы күрөш боюнча натыйжалуу базалык окуу программаларын иштепчыгуу жана киргизүү; - бардык жалпыга маалымдоо каналдары аркылуу контржарнама мененкошо агартуу өнөктүктөрүн, кадрларды даярдоону жана элге маалыматберүүнү өнүктүрүү жана чыњдоо; - калкты, айрыкча балдарды, жаштарды жана аялуу топторду тамекиколдонуунун медициналык жана социалдык кесепеттери, ошондой эле тамекитартууну таштоонун жана чылымсыз жашоонун артыкчылыктары жөнүндө маалы-мат менен камсыздоо; - жарандык коомдун коомдук уюмдарынын тамеки буюмдарды колдонуунунзыяны жана тамеки тартпоонун артыкчылыктары жөнүндө элди маалымдоогокатышуусуна көмөктөшүү. 3.2.5. Тамеки тартууну токтотуу боюнча программаларды түзүү жана киргизүү Көптөгөн чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана ДССУнун маалыматтары сала-маттык сактоонун баштапкы звенодогу дарыгерлери менен болгон кыскачарекомендациялар (2-3 мин.) чылымчыларга тамеки тартууну таштоого натый-жалуу жардамдашаарын, ал эми никотинди алмаштыруучу препараттарды (НАП)колдонуу тамеки тартууну таштоо программасынын ишинде ийгиликке өбөлгөболоорун көрсөтүүдө. Негизги багыттар - калктын конкреттүү топторунун гендердик жана курактыкөзгөчөлүктөрүн эске алып иштелип чыккан жана чылым чегүүнү таштоого ба-гытталган агартуучу жана окутуучу программаларды ишке ашыруу; - тамекиге көз карандылыкты дарылоонун жана тамекини таштагандар-дын арасында аны кайра тартып алууну болтурбоонун кыйла натыйжалуу ме-тоддорун иштеп чыгуу (мисалы, врачтардын, үй-бүлөнүн колдоосу, чылымдыташтагысы келгендер үчүн телефондук консультация берүү кызматы, пациен-ттерге тамеки тартууну таштоонун зарылдыгы жөнүндө баштапкы саламаттыксактоо звеносундагы врачтардын жана/же медсестралардын консультацияберүүсү ж.у.с.) жана аларды саламаттык сактоонун башка улуттук програм-маларына, пландарына жана стратегияларына киргизүү; - врачтар, медсестраларды кошкондо медициналык кызматкерлер, ошон-дой эле мугалимдер жана социалдык кызматкерлер үчүн тамекини таштоонунметоддоруна даярдоо программаларын өркүндөтүү; - айрыкча саламаттык сактоонун баштапкы звеносунун дењгээлинде та-мекиге көз карандылыкты диагностикалоо, консультация берүү жана дарылоопрограммалары боюнча программаларды түзүү. 3.2.6. Тамеки буюмдардын курамын жонго салуу экана керектөөчүлөргө маалымдоо Сигареттердин жана башка тамеки буюмдардын түтүнүндөгү канцеро-гендүү жана уулуу компоненттерге байланыштуу коркунучтарды азайтуу үчүнзарыл шарт болуп тамеки тарткандардын организмине кирүүчү заттарды та-гыраак аныктоо жана катуураак жөнгө салуу эсептелет. Тамеки буюмдардынкутуларында жана тањгактарында жакшы көрүнөт, так формулировкаланганмедициналык эскертүүлөрдү пайдалануу керектөөчүлөргө алар дуушарланыпжаткан коркунуч жөнүндө маалымдоону жакшыртат. Негизги багыттар - тамеки буюмдардын бир бирдигинде никотиндин, чайырдын жанакөмүртек кычкылынын жыл сайын азайтылчу жол берилчү эњ чоњ чектик нор-маларын бекитүү жана киргизүү; - тамеки буюмдардын негизги кошундулары, анын ичинде алардагы уу-луу, канцерогендүү заттар жөнүндө маалыматтын элге жеткиликтүүлүгү; - бардык тамеки компанияларынын Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлигине алар республиканын рыногунда сатчу тамеки буюмдар-дын курамьг жөнүндө отчеттуулугунун эрежелерин иштеп чыгуу, киргизүүжана сакталышын камсыздоо, ошондой эле коомчулуктун так жана тийиштүүмаалымат алышына көмөктөшүү; - "чайыры аз", "жењил", "абдан жењил", "жумшак" деген же ушул сы-яктуу тамеки буюмдарды керектөөчүлөрдү адаштырууну жана тамеки буюмдунбашкаларга салыштырганда зыяны аздыгы жөнүндө пикир жаратууну кездегенбашка терминдерди колдонууга тыюу салуу; - тамеки буюмдардын республикада сатылчу ар бир тањгагын же куту-сун "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуутаасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жа-салгалоо жана маркалоо боюнча чараларды ишке ашыруу; - тамеки колдонуунун коркунучтуулугу жөнүндө тамеки буюмдардын ку-тусунун алдыњкы бетинде кеминде 40%ин жана арткы бетинде 40%ин ээлегениллюстрациялуу медициналык эскертүүнү иштеп чыгуу жана киргизүү. 3.3. Тамеки буюмдардын сунушталышын азайтууга арналган чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү 3.3.1. Мыйзамсыз соодалоону жөнгө салуу - тамеки буюмдарды мыйзамсыз алып келүүнү (контрабанданы) чектөө Тамеки буюмдарга салыктын көптүгү менен аларды мыйзамсыз алыпкелүүнүн (контрабанданын) ортосундагы өз ара байланыш жөнүндө ар кайсыөлкөлөрдүн маалыматтарын талкуулоо уланууда. Салыктын ставкаларына ка-рабастан дүйнөдө тамеки буюмдардын контрабандасына тигил же бул даража-да дуушарланбаган бир да өлкө жок. Дүйнөлүк банктын (мындан ары - ДБ)"Эпидемияны токтотуу: Өкмөт жана тамекиге каршы күрөштүн экономикасы"деп аталган отчетунда салыктардын ставкасын азайтуу контрабандалык иш-тердин токтотулушуна шарт түзбөйт деп айтылган. ДБ изилдөөсүнүн маалы-маттарына Караганда, коррупциянын дењгээли төмөн өлкөлөрдө тамекиниконтрабандалоо дењгээли төмөн. Баалардагы айырма, жарандардын сатыпалуу жөндөмдүүлүктөрү жана коомдо мыйзамсыз алынып келген тамеки буюм-дарга карата мамиле өбөлгө түзүүчү факторлор болот, ал эми мамлекеттинжарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен сактоого умтул-гандыгы жана коррупциянын дењгээли контрабандалык иштин негизги фактор-лору болушат. Тамеки буюмдарды контрабандалоо факторлорун аныктоо үчүн КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматтарын пайдаланыпбинардык баалоонун математикалык моделин жана тамекини колдонуу маселе-си боюнча экономикалык изилдөөлөрдө жетиштүү популярдуу эњ кичине квад-раттар методун түзүү менен регрессивдүү эконометриялык анализжүргүзүлгөн. Тамеки буюмдарды контрабандалоонун дењгээлин аныктоодо өзгөрмөлүүпотенциалдуу чоњдуктар катары тамеки өндүрүүчүлөрдүн аларды өткөрүүдөгүаргументтери болгон факторлор, б.а. импорттун суммасынан мамлекеттикбюджетке которуулар каралган. Финансылык которууларга импортко КНСтенкоторуулар, тамеки продукцияны импорттоодо акциздик салыктан которуу-лар, бажылык пошлиналардан которуулар кирет. Эконометрикалык анализдинжыйынтыгы Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарды контрабандалоонун жа-на мыйзамсыз жүгүртүүнүн дењгээли тамеки буюмдарга салыкты көбөйтүү бо-юнча чараларды каалабаган тамеки өндүрүүчүлөр аргумент катары пайдалан-ган негизги көрсөткүчтөргө (кыйыр салыктардын ставкаларына) көз каран-дысыз экенин көрсөттү. Негизги багыттар - бардык тамеки буюмдардын рыноктогу өтүшүн алардын каптарындагыжана маркировкасындагы маалыматтар боюнча натыйжалуу көзөмөлдөөгөмүмкүндүк берүүчү чараларды киргизүү жана мониторингдөө; - мыйзамсыз соодалоо, анын ичинде контрабандалык тамеки буюмдаржөнүндө маалыматтарды мониторингдөө жана чогултуу, ошондой эле тийиштүүулуттук жана эл аралык уюмдар менен маалымат алмашуу; - ТКАКты жана тамеки буюмдарды колдонууну жөнгө салуучу мыйзамдар-ды киргизүү максатында тийиштүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чы-гуу. 3.3.2. Жаштардын тамеки буюмдарга жеткиликтүүлүгүн чектөө Азыркы учурда Кыргыз Республикасында тамеки буюмдар лицензияланчутоварлар болуп эсептелбейт, тамеки буюмдардын көпчүлүгү, анын ичинденасвай дагы көчөлөрдө ар түрдүү адамдар тарабынан кутулап же бир-бирденсатылып жатат. Көчөдөгү соодагерлердин көпчүлүгү адамдар көп болуучужерлерге - мектептердин, ооруканалардын, маданийзоок комплекстердинжандарынан орун алышып, ал жерлерде өспүрүмдөр жана жаштар сигареттердида, насвайды да оњой эле сатып алышат. Кыргыз Республикасыньгн "Жаран-дардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйза-мында тамеки буюмдарды: - он сегиз жашка чыга электерге сатууга; - он сегиз жашка чыга элек адамдар тарабынан сатууга; - саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарында,спорт залдарда жана курулмаларда, стадиондордо жана аларга 100 метрденжакын жерлерде жана дүкөндөрдө сатууга; - 20 даана сигареттен аз кутуларда же бир-бирден сатууга; - акциздик маркасыз сатууга тыюу салынган. Сигареттерди бир-бирден сатуу алардын баасын айрыкча мектеп окуу-чуларына, студенттерге жеткиликтүү кылат. Каршы бөгөт коюучу негизгичара тамеки буюмдарды, анын ичинде насвайды да легалдуу сатууну лицен-зиялоо болуп эсептелет. Насвай баасы боюнча айрыкча өспүрүмдөр жанажаштар үчүн жеткиликтүү. Негизги багыттар - Кыргыз Республикасынын "Жарандардын ден соолугун тамекинин зыян-дуу таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамынын тамеки буюмдарды он сегизжашка чыга элек жана он сегиз жаштагы адамга/адамдарга, саламаттык сак-тоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарында, спорт залдарда жана ку-рулмаларда, стадиондордо жана алардын жанындагы жерлерде жана 100 метррадиустагы дүкөндөрдө 20 сигареттен аз кутулар менен же бир-бирден,ошондой эле акциздик маркасыз сатууга тыюу салуу жөнүндө нормаларын ка-туу сактоо; - Мыйзамдын тамеки буюмдарды жашы жете элек адамдарга сатууга тыюусалуу жөнүндө нормаларын киргизүүнү камсыздоо үчүн тамеки продуктулардысатуучуларды маалымдоо жана маалымат менен камсыздоо; - сигареттерди жарнама үчүн бекер таратууга же тамеки буюмдардынтигил же бул маркаларын сатууну сүрөмөлөөгө тыюу салуу максатында жого-руда аталган Мыйзамдын нормаларын ишке ашыруу; - тамеки буюмдарды, анын ичинде насвайды сатууну лицензиялоонукиргизүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу. 3.3.3. Тамекиге субсидиялар жана альтернативдүү айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдоо Эгер альтернативдүү өсүмдүктү өстүрүүнүн рентабелдүүлүгү тамекижалбырагын өстүрүүнүн рентабелдүүлүгүнө барабар же ашык болсо, тамекижалбырагын өстүрүүчүлөрдү альтернативдүү айыл чарба өсүмдүктөрүнөстүрүүгө багыттоо ылайыктуу. Альтернативдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгөөтүү дүйнөнүн тамеки жалбырагынын ири өндүрүүчүлөрү болгон көпөлкөлөрүндө, мисалы, Бразилияда активдүү каралып жатат. Негизги багыттар - тамекини алмаштыруучу альтернативдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгөөтүүдө башка өлкөлөрдүн пайдалуу тажрыйбасын изилдөө, ыњгайлаштыруу жа-на киргизүү; - экономикалык иштин тамеки жалбырагын алмаштыруучу мүмкүн болгональтернативдүү механизмдерин жана аны барабара киргизүүнүн этаптарыништеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берүү. 3.4. Мониторинг, илимий изилдөө, баалоо жана отчет Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо боюн-ча мамлекеттик программаны киргизүүнүн натыйжалуулугу тамекини колдонуужагындагы абалды баштапкы изилдөө жана андан кийинки мониторинг мененкамсыздалат. Мониторинг жана баалоо тигил же бул конкреттүү ке-ректөөлөрдү аныктоого жана Мамлекеттик программанын негизги стратегия-сын жана тактикасын тийиштүү түрдө корректировкалоого мүмкүндүк берет. Негизги багыттар - тамеки колдонуунун дењгээлин аныктоо үчүн эпидемиологиялык жанаэкономикалык изилдөөлөрдүн стандартташтырылган методдорун пайдаланууганегизделген мониторинг системасын түзүү; - изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомдук лидерлердин, жалпыга маалым-доо каражаттарынын жана саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасында та-ратуу; - тажрыйба алмашуу, тамеки колдонууну контролдоо боюнча өнөктүктүтүзүү жана программаны ишке ашыруу боюнча активдүүлүктү өнүктүрүү үчүнконференцияларды, эл аралык семинарларды уюштуруу; - ДССУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын Конференцияга КыргызРеспубликасында тамеки колдонууга карты күрөш боюнча такай отчетун кам-сыздоо. 3.5. Эл аралык кызматташуу, пайдалуу тажрыйбаны жана эл аралык программалардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын практикалык саламаттык сактоого киргизүү Тамеки буюмдарды колдонуу глобалдык проблема. Проблеманы глобалдык- секторлор аралык жана дүйнөлүк дењгээлдерде чечүү зарыл. Эл аралыккызматташуу төмөнкүлөрдү жакшыртат: - тамеки буюмдардын курамына кирген компоненттерди тийиштүү жөнгөсалууну камсыздоого арналган куч-аракеттерди координациялоо; - тамеки буюмдарга салык салууга тиешелүү стратегияларды координа-циялоо; - тамеки буюмдарды контрабандалоого каршы натыйжалуу чаралардыкөрүү жана телекоммуникациялардын глобалдык системалары аркылуу ишкеашырылып жаткан тамеки буюмдардын трансчегаралык жарнамасын жөнгө салуужана тиешелүү каршы чараларды көрүү; - тамеки эпидемиясынын масштабдарын жана Борбордук Азияөлкөлөрүндө, КМШга катышкан мамлекеттерде, Европа мамлекеттеринде,ошондой ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча Алкактык Конвенциясына ка-тышкан мамлекеттерде жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу тааси-ринен сактоо боюнча стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүн мониторингдөө. Негизги багыттар - РКБТ киргизүүнүн алкагында катышуучу-өлкөлөр менен кызматташуу; - маалымат алмашууга, техникалык кызматташууга жана мониторингге,ДССУнун Алкактык Конвенциясынын принциптерин киргизүүгө эл аралык коор-динацияны күчөтүүгө шарт түзүүчү эл аралык координацияны изилдөө,өнүктүрүү жана күчөтүү. 4. Мамлекеттик программанын милдеттери 1. Тамеки буюмдарды керектөөнү азайтууга багытталган чараларды иш-теп чыгуу жана киргизүү. 2. Тамеки буюдардын сунуш кылууну азайтууга арналган чараларды иш-теп чыгуу жана киргизүү 3. Тамекини колдонуунун контролдонушун мониторингдее, баа берүүжана отчет берүү. 4. Илимий изилдөөлөрдүн, эл аралык программалардын пайдалуу таж-рыйбасын жана натыйжаларын ыњгайлаштыруу жана практикалык саламаттыксактоого киргизүү. 5. Мамлекеттик программаны башкарууну уюштуруу жана ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо Кыргыз Республикасында тамекинин колдонулушун контролдоо боюнча2008-2015-жылдарга карата мамлекеттик программанын ишке ашырылышын Кыр-гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республи-касынын өкмөтүнө караштуу Тамекиге каршы күрөшүү боюнча секторлор ара-лык координациялык кењеш башкарат жана контролдойт. 6. Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжасын баалоо жана күтүлгөн түпкү натыйжалар Бул аракеттер планынын натыйжалуулугу мониторингдин төмөнкүдөйкөрсөткүчтөрү менен бааланат. - тамеки буюмдардын керектелишин контролдоо жана элдин ден соолу-гун алардын зыяндуу таасиринен сактоо боюнча өлкөнүн улуттук потенциалытүзүлгөн жана өнүктүрүлгөн; - тамеки буюмдарды колдонуунун таралышын мониторингдөө системасыиштелип чыккан; - тамекини таштагысы келгендер үчүн медициналык жана психологиялыкжардам уюштурулган; - тамеки буюмдардын өндүрүлүшүнө жана сатылышына контроль орноту-лат; - тамеки буюмдарды активдүү керектөө азайтылган жана пассивдүү та-меки тартуунун алды алынган, бул тамеки колдонууга байланышкан оорулар-га чалдыгуунун жана өлүмгө учуроонун кийин болуучу көрсөткүчтөрүндө ча-гылдырылууга тийиш.