Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 9-апрели № 135
Токтогул суу сактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн
топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары
менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине
даярдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 31-июлундагы № 416 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, отун-энергетика комплексинин ишканалары 2007-2008-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен 2007-2008-жылдын декабрь-февралында узакка созулган суук мезгилге карабастан канааттандырарлык абалда өткөндүгүн белгилейт.
Татаал аба-ырайынын шарттары, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын отун жана энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыктарынын балансташпагандыгы, электр пайдалануу режимдерин башкаруунун натыйжалуу механизминин жоктугу, жылуулук менен камсыз кылуунун сапатынын начарлашы жана региондор боюнча электр энергияны пайдалануунун белгиленген лимиттерин сактабоо электр энергиясын пайдалануунун жана Кыргыз Республикасынын энергия системасында кубаттуулуктун башкарылбай турган өсүүсүнө алып келди.
Өткөн жылытуу мезгилинде электр энергияны пайдалануунун өсүүсүнө жана Токтогул гидроэлектрстанциялары каскадын максимум иштетүүгө байланыштуу суунун запасы Токтогул суу сактагычында 2008-жылдын апрелине карата кризистик көлөмгө жетти - 6,5 млрд.куб.м суу калды, ал эми күзгү-кышкы мезгилдин башталышына карата (2008- жылдын 1-октябры) суунун көлөмүн 12 млрд.куб.м чейин жеткирүү зарыл.
Токтогул суу сактагычынын суу балансы менен түзүлгөн кырдаалды талкуулап, экономиканын тармактарынын жана калктын 2008 жана 2009- жылдарда электр энергияга жана отунга муктаждыктарын камсыз кылуу жана министрликтерди, администрациялык ведомстволорду жана республиканын региондорун алдыдагы жылытуу мезгилинен өтүүгө өз учурунда даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин 2007/2008-жылдын жылытуу мезгилинен өтүү жана Токтогул суу сактагычына сууну топтоо боюнча кырдаалдар жөнүндөгү доклады көңүлгө алынсын.
2. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) № 1 тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Токтогул суу сактагычында сууну топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План) жана Штаб жөнүндөгү жобо бекитилсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, "Көмүр" мамлекеттик ишканасы, Кыргызтуракжайкоммунсоюз, "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдору:
- № 2-10 тиркемелерге ылайык Планды аткарууну, региондор боюнча электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитин сактоону жана от казандарда отундун зарыл болгон запасын түзүүнү камсыз кылышсын;
- 2008-жылдын 15-июнуна чейин бюджеттик уюмдар үчүн отун берүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендер өткөрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;
- электр менен жабдууда үзгүлтүктөргө жол бербөөчү электр кабылдагычтарды дизелдик (бензин менен иштөөчү) генераторлор же аккумулятордук батареялар түрүндө электр менен жабдуунун автономдуу булактары менен комплекттөөнү камсыз кылышсын;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине зарыл көлөмдөрдү жана каржылоо булактарын көрсөтүп, отундун альтернативдүү түрлөрү менен жылытуу максаттары үчүн электр энергияны пайдалануучу электр менен жабдуу булактарына этабы менен которуу боюнча программа беришсин. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги аталган материалдарды жалпыласын жана бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын катышуусу менен жылытуучу от казандардын жана отун-энергетика комплекси ишканаларынын даярдыктарын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн, объекттердин жылытуу мезгилине даярдыгын акты түзүү менен 2008-жылдын 10-октябрына чейин текшеришсин;
- ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигиндеги негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө ар бир айдын 1ине, 20сына карата маалымат берүүнү камсыздашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги:
"Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Кыргызгаз" жана "Кыргызнефтегаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" акционердик коомдору, "Кыргыз Петролеум Компани" биргелешкен ишканасы, Кыргызтуракжайкоммунсоюз, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жана "Көмүр" мамлекеттик ишканасы № 11 -20 тиркемелерге ылайык тапшырмаларды камсыз кылуулары боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясы жана "Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте Бишкек шаарынын райондорунун биринде алдын ала төлөө боюнча электр эсептегичтерди орнотуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын;
- бөлүштүрүүчү электр компаниялары үчүн электр энергиясынын коромжулуктарынын чоңдугун 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча 30 процентке чейинки өлчөмдө белгилесин;
- 2008-жылдын 1-майынан 2009-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансын иштеп чыксын жана бекитсин жана облустардын мамлекеттик администрацияларына жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирсин.
6. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жергиликтүү бюджеттен каржылануучу электр жана жылуулук энергияларынын пайдалануучуларынын учурдагы төлөмдөрүнүн эсебине ай сайын акча каражатын, Бишкек шаарынын ТЭЦинин ремонттук-калыбына келтирүү иштерин максаттуу каржылоо үчүн 2,5 млн. сом өлчөмүндө жана Бишкек шаарынын ТЭЦине Каракече жана Ташкөмүрдүн көмүрлөрүн ташууга - 3,0 млн. сомду "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын алыш-бериш эсебине которууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- белгиленген тартипте 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен отунду борбордоштуруп даярдоого 200 млн. сомду Кыргызтуракжайкоммунсоюзга бөлсүн;
- отундун альтернативдүү түрлөрүнө электр от казандарын которуу боюнча иштерди жүргүзүүгө зарыл каражаттарды 2009-жылга иштелип чыгуучу республикалык бюджеттин долбоорунда карасын;
- көмүр берүүгө жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн жана тиешелүү түрдө таризделген келишимдерди бюджеттик уюмдар бергенден кийин 20 проценттик алдын ала төлөөнү бөлүүнү камсыздасын;
- учурдагы айдын 1ине карата пайдаланылган электр жана жылуулук энергиялары, жаратылыш газы үчүн бюджеттик пайдалануучуларды өз учурунда каржылоону ишке ашырсын;
- жылуулук жана электр энергияларын, жаратылыш газын пайдалануунун белгиленген лимитинин чегинде бюджеттик уюмдарга каражаттарды бөлүүнү ишке ашырсын;
- Кыргызтуракжайкоммунсоюздун жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун алдындагы дебитордук карызын жоюуну камсыздасын;
- 2009-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө негизги сумманы жана проценттерди төлөөнүн мөөнөтүн узартуу бөлүгүндө "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун 8 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда боюнча карыздык милдеттенмесин белгиленген тартипте реструктуралаштырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагына ремонттоочу-техникалык персоналды, электр берүү линияларын ремонттоодо колдонулуучу технологиялык жабдууларды жана шаймандарды ушул аймактар боюнча өткөрүүгө жана аларды андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүүгө уруксат берүүгө көмөк көрсөтсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Атайын фонд Токтогул районунун суу чарба объекттерин күзгү-кышкы мезгилде даярдык керүү учурунда каржылоо боюнча "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы", "Кыргызнефтегаз", "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын, Кыргызтуракжайкоммунсоюздун, "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын жана отун даярдоого тартылган ишканалардын алыш-бериш эсептерин жабууга жол беришпесин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу ишканалар үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган чектик суммалардын төмөнкү өлчөмдөрүн белгилесин:
- эң кичине чектик сумма - 5 млн. сом;
- эң чоң чектик сумма - 10 млн. сом.
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Бишкек шаарынын ТЭЦинде жабык типтеги бажы кампасын уюштурууга "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна лицензия берүү жөнүндө маселени карасын.
12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" токтому.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
И.Чудинов |