Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 135
токтому менен бекитилген Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республи-касынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009- жылдын күзгү-кышкымезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коњшу-лаш өлкөлөр менен суу-энергетикалык мамилелердин маселелери боюнча бир-диктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуупайдаланууну ишке ашыруу, Токтогул суу сактагычында суунун зарыл запас-тарын түзүү жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен кал-кын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо, ошондой эле электр-жана жылуулук менен жабдуудагы тартип бузууларды болтурбоо үчүн түзүл-гөн коллегиалдуу координациялык орган болуп саналат. 2. Штаб өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка норма-тивдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Штабдын иш-аракетин төрага, ал жок учурда - төраганын орун ба-сары жетектейт. II. Штабдын милдеттери жана функциялары 4. Штабдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - республиканын суу-энергетика комплексин өнүктүрүү чөйрөсүндөмамлекеттик саясатты иштеп чыгуу; - Токтогул суу сактагычында суунун зарыл көлөмүн топтоо боюнча өзубагында чараларды көрүү; - Кыргыз Республикасынын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуупайдалануу маселелерин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине өз учурунда жана сапаттуу даяр-доону камсыз кылуу. 5. Штаб ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функциялардыаткарат: - ай сайын өзүнүн заседаниелеринде токтомдун аткарылышынын жүрүшүнкарайт; - суу-энергетика ресурстарын башкаруу, кышкы шарттарда иштөөгө өзубагында жана сапаттуу даярдоо, отун менен камсыздоо, электр-жылуулукменен жабдуулардагы бузулууларга жол бербөө жана(же) алардын кесепетте-рин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жана отун-энергетика комплекси-нин ишканаларынын иштерин координациялайт; - электр- жана жылуулук энергиясын берүүдө чектөөлөрдү киргизүүжөнүндө чечим кабыл алат; - региондор боюнча электр- жылуулук энергиясын жана жаратылыш га-зын керектөө лимиттерин белгилейт жана алардын аткарылышын контролдойт; - Токтогул ГЭСинин каскадында суу-энергетика абалына мониторингжана болжолдоо жүргүзөт; - суу-энергетика балансынын бузулууларын жоюу боюнча зарыл чара-ларды көрөт; - электр энергиясы менен иштөөчү от казандарын органикалык отунменен иштөөгө өткөрүү жана отундун зарыл запасын камсыздоо боюнча иш-терди жүргүзүүнү контролдойт. III. Штабдын укуктары 6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу: - Штабдын максаттары менен милдеттеринин чектеринде мамлекеттикоргандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдарменен мекемелердин жетекчилеринин маалыматын угууга жана алардын иште-рине баа берүүгө; - министрликтерден, ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өзишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалымат-тарды сурап алууга; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Штабдын чечимдерин аткарбоогожана кышкы шарттарда иштөөгө даярдык керүү боюнча милдеттерди аткаруунуүзгүлтүккө учуратууга жол беришкен министрликтердин, мамлекеттик коми-теттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын, мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын жетекчилерин кызматтан бошотуу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушкиргизүүгө; - республикадагы суу-энергетика жагдайынын маселелери жана КыргызРеспубликасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күз-гү-кышкы мезгилине даярдоодогу абал боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-зидентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берүүгө; - өзүнүн компетенциясына ылайык Штабдын чечимдерин сөзсүз аткаруу-ну мамлекеттик органдардан жана отун-энергетика комплексинин ишканала-рынан талап кылууга; - республиканын аймагында пайдалануучуларга электр- жана жылуулукэнергиясын, жаратылыш газын керектөөгө чектөө киргизүүгө жана региондорбоюнча энергия булактарын керектөө лимиттерин белгилөөгө; - республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча башкауюштуруу жана координациялык чараларды көрүүгө. 7. Берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кабыл алынган Штабдынчечимдери министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарынын, республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларынын атка-рышы үчүн милдеттүү болуп саналат. IV. Штабдын ишин уюштуруу 8. Штабдын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекити-лет. Штабдын төрагасы кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи ви-це-премьер-министри болуп саналат, ал Штабдын ишин жетектейт. Штабдынмүчөлөрү Штабдын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу боюнча негиз-делген сунуштарды Штабдын талкуусуна киргизүүгө укуктуу. 9. Штабдын иш формасы заседание же селектордук кењешме болуп сана-лат, ал анын жетекчисинин чечими боюнча зарылдыгына жараша, бирок айынабир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү заседаниелерге жанаселектордук кењешмелерге жеке өздөрү катышат. 10. Штабдын заседаниесинин жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, агатөрага кол коет. 11. Чечим добуш берүү аркылуу добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү мененкабыл алынат жана аларды ишке ашырууга жооптуу бардык адамдарга жетки-рилет. 12. Штаб кабыл алган чечимдер зарылдыгына жараша Кыргыз Республи-касынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекет-тик органдардын кароосуна жиберилиши мүмкүн.