(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-июнундагы № 287
"Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улут-
тук" статусун ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана мектептен тышкар-
кы, кошумча билим берүүнү андан ары өнүктүрүү жана өсүп бараткан муунду
тарбиялоодо балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунун
ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору жөнүндө
тиркелген Жобо бекитилсин.
2.(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
3.(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Премьер-министр И.Чудинов