Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 145
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын
Токой кодексине жана КыргызРеспубликасынын
Жер кодексине ылайык иштелип чыккан. 2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентари-зация жүргүзүүнүн тартибин белгилейт. II. Токойлорго улуттук инвентаризация 3. Токойлорго улуттук инвентаризация - токойлордун абалын, алардынсандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча иш-чараларды систе-масы. 4. Токойлорго улуттук инвентаризация токойлорду коруу, коргоо, кө-бөйтүү, сарамжалдуу пайдалануу, биологиялык түрлөрдү сактоо тармагындатуруктуу мамлекеттик башкаруунун маанилүү элементи болуп саналат, улут-тук токой саясатын иштеп чыгуу үчүн негиз, айлана-чөйрөнү коргоо, че-чимдерди ыкчам жана өз убагында кабыл алуу, токойлордун сандык жана са-паттык өзгөрүүлөрүн контролдоо жана мамлекеттик органдардын, жергилик-түү жамааттардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун токойлордун аба-лы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө ыкчам, туура жана зарыл маалыматка муктаж-дыктарын камсыздоо үчүн Кыргызстандын токойлорунун ролун сактоого жанажогорулатууга негиз болот. III. Токойлорго улуттук инвентаризациянын максаты Токойлорго улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн максаты токой секто-рун туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоону, биологиялык түрлөрдү сактоону жа-на токойлордун абалы, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүн-дө ишеничтүү, туура жана зарыл маалыматтык база түзүү аркылуу токойсекторунда коррупцияны жоюуну көздөйт. IV. Токойлорго улуттук инвентаризация киргизүүнүн негизги принциптери Токойлорго улуттук инвентаризация киргизүүнүн негизги принциптеритөмөнкүлөр болот: - Кыргыз Республикасынын аймагындагы токойлорду толук камтуу; - бирдей илимий негизделген методологияны, карталар системасын,маалыматтар базасын колдонуу; - токойлорго инвентаризация жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү; - токойлордун абалы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматтын тууралы-гы, көрсөтмөлүүлүгү, актуалдуулугу, ыкчамдыгы, жеткиликтүүлүгү жана до-кументтүүлүгү. V. Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризацияны уюштуруу жана жүргүзүүнүн тартиби 5. Токойлорго улуттук инвентаризация токой чарбасын башкаруучуреспубликалык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
6. Токойлорго улуттук инвентаризация мамлекеттик, муниципалдык жа-на жеке токой фонддорунун, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын(мындан ары - ӨКЖА) токойлоруна жана башка категориялардагы жерлердегитокойлордо жүргүзүлөт. 7. Токойлорго улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн методологиясынтокой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекитет.
8. Токойлорго улуттук инвентаризация тийиштүү жылга карата беки-тилген республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын каражаттардынэсебинен ишке ашырылат. 9. Токойлорго улуттук инвентаризация үзгүлтүксүз, мезгил-мезгилименен жана зарылдыгына жараша жүргүзүлөт. 10. Токойлорго үзгүлтүксүз инвентаризация - токой фондунун, ӨКЖА-нын жерлерине жана башка категориялардагы жерлерге мониторинг жүргүзүүжолу менен токойлордун көрсөткүчтөрүн жыл сайын аныктоо. 11. Токойлорго мезгил-мезгили менен инвентаризация - токой фонду-нун, ӨКЖАнын жерлерине жана башка категориялардагы жерлердеги токойлор-дун көрсөткүчтөрүн мезгил-мезгили менен (тийиштүү убакыттан кийин)аныктоо. 12. Зарылдыгына жараша инвентаризация - токой фондунун, ӨКЖАнынжерлерине жана башка категориялардагы жерлерде орчундуу өзгөрүүлөр бол-гон учурда токой ресурстары жөнүндө маалыматтарды топтоо зарыл болгондожүргүзүлөт. 13. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо системасы төмөнкүлөрдүкамтыйт: - маалыматтык муктаждыктарды жана инвентаризациянын максаттарынаныктоо; - сынамык аянттарды аныктоо менен кошо изилдөөнү даярдоо жана маа-лыматтарды талдоо үчүн программалык камсыздоо, талаалык колдонмону да-ярдоо; - маалыматтарга баа берүү (талаалык сүрөткө тартуулар, космостуксүрөттөрдү чечмелөө, цифралык сүрөттөрдү талдоо, информацияны башкамаалымат булактарынан чогултуу); - чогултулган маалыматтарды талдоо жана жыйынтыкты жарыялоо. 14. Алынган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын токойло-рунун абалы жөнүндө мамлекеттик (улуттук) отчет тексттик жана графика-лык материалдар түрүндө даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөбекитүүгө берилет. 15. Кыргыз Республикасынын токойлорунун абалы жөнүндө мамлекеттик(улуттук) отчетто токойлордун сандык жана сапаттык абалы жөнүндө маалы-маттар, аларга жалпы республика боюнча жана администрациялык-аймактыктүзүлүштөр боюнча берилген баа, алардын категориялар боюнча бөлүнүшүжөнүндө жана башка маалыматтар болот.