Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2008-жылдын 16-апрели № 150

Мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартиби бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Тартип 2008-жылдын 1-январынан тартып күчкө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И. Чудинов