Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-августу № 472
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбулада “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” 2007-жылдын 13-декабрындагы № 548 Жарлыгына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы “жана муниципалдык” деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибинде:
аталышындагы, бүткүл текст боюнча жана Тартиптин тиркемелериндеги “жана муниципалдык” деген сөздөр алып салынсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 КПҮ токтомунун 6-тиркемесинде аталган мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициенттин колдонулушун белгилейт.”;
2-пункттагы “№ 1-4 тиркемелерине” деген сөздөр жана цифралар “№ 1-3 тиркемелерине” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
3-пункттагы:
“жана муниципалдык” деген сөздөр алып салынсын;
“Жарлыктын № 11-12 тиркемелеринде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 КПҮ токтомунун 6-тиркемесинде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибинин 4-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |