Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-апрели № 160                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана         ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын           Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз             Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз             Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынынконституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык,  каржылоо булагын анык-тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.Ж.Карабековтарабынан демилге көтөрүлгөн "Согуштун,  Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерижана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына то-луктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбо-оруна тиркелген корутунду жактырылсын.     2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.       Премьер-министри                                      И.Чудинов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                          2008-жылдын 22-апрелиндеги                                              № 130 токтому менен                                                  жактырылган             "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана         ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын           Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз             Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз                       Республикасынын Өкмөтүнүн                              КОРУТУНДУСУ      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынынконституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык,  Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаты К.Ж.Карабеков тарабынан  демилге  көтөрүлгөн"Согуштун,  Куралдуу  Күчтөрдүн  ардагерлери  жана ооруктагы эмгекчилержөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү туура-луу"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  долбоорун карап чыгып КыргызРеспубликасынын Өкмөтү берилген долбоор боюнча төмөнкүдөй пикирин  жанасунуштарын билдирет.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында категориялык жењилдиктер-ди  кењейтпестен социалдык жењилдиктер системасын алардын даректүүлүгүнжана зарылдыгын эске алуу менен  аныктоо  жагында  реформалоо  маселеситургандыгын эске алып,  азыркы учурда төмөнкүдөй негиздер боюнча мыйзамдолбоорун кабыл албай кое туруу зарыл:     - мыйзам  долбоорун  кабыл  алуу категориялык жењилдиктерди алуучуадамдардын саны көбөйүшүнө алып келет,  бул калкты социалдык  коргоонундаректүүлүк принцибине каршы келет;     - мыйзам долбоорунда аскер кызматчылары,  ички иштер жана  улуттуккоопсуздук  органдарынын  кызматчылары  үчүн кошумча жењилдиктерди жанагарантияларды белгилөө сунушталат, алар боюнча мыйзамдарда күч структу-раларынын  кызматкерлерине  да,  пенсионерлерине да социалдык коргоонуннегизги гарантиялары мурда эле каралган.     Жалпысынан мыйзам  долбоору  жылына  554,4 мињ сом кошумча чыгымдыталап кылат.     2008-жылдын бюджетинде мындай сумма каралган эмес.     Ошондой эле Кыргыз  Республикасынын  эл  аралык  милдеттенмелеринеылайык Бириккен Улуттар Уюмунун,  Европадагы коопсуздук жана кызматташ-тык уюмунун тынчтыкты орнотуучу миссияларынын курамында башка мамлекет-тердин аймактарында кызмат өтөгөн аскер кызматчыларга,  ички иштер жанаулуттук коопсуздук органдарынын  кызматчыларына,  анын  ичинде  запаска(отставкага) бошотулгандарга "Ички иштер органдары жөнүндө" жана "Аскеркызматчылардын статусу  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарынаылайык  протездик-ортопеддик камсыздоо (муктаж пенсионерлердин жана ма-йыптардын баарына акысыз берилет).  санаторийлик-курорттук  дарылануугажењилдиктүү  укук,  жүргүнчүлүк  транспортту (таксиден башкасын) акысызпайдалануу,  турак жай менен камсыздоо жана пенсияга жењилдиктүү  чыгуу(кызмат өтөгөн жылдар боюнча пенсия) сыяктуу жењилдиктер жана гарантия-лар каралган.     Эгер тынчтыкты орнотуучу миссиянын курамында башка мамлекеттин ай-магында кызмат өтөгөн аскер кызматчы кызматтык милдеттерин аткаруу учу-рунда  алган мертинүүдөн майып болуп калса ага Улуу ата Мекендик согуш-тун катышуучулары үчүн каралган жењилдиктердин баары берилет.     Андан тышкары,  "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оо-руктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "согуштунардагери", "ооруктун  эмгекчиси" деген түшүнүктөр адамдардын өткөндөгү,Советтик Социалисттик Республикалар Союзу тараганга чейинки ишмердигинеберилген баа  катары каралат, ал эми "тынчтыкты орнотуучу" азыркы учур-дагы, балким  келечектеги да ишмердикти билдирет. "Тынчтыкты орнотуучу"категориясын "согуш  ардагери"  категориясына киргизүү "тынчтыкты орно-туучу" жана "согуш" деген сөздөрдүн маанисине карама-каршылык киргизет.     Жогоруда аталган  мыйзам  долбоорунун сунушталган редакциясы башкааскер   кызматчылардын    кызыкчылыктарын    эске    албайт,    мисалы,1993-1999-жылдарда тажик-афган чек арасын кайтаруу боюнча милдет аткар-ган адамдардын статусу мыйзамдуу  түрдө  ушул  кезге  чейин  аныкталганэмес.  Мындан  тышкары,  Кыргыз Республикасы Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигинин жана Коллективдүү коопсуздук уюмунун  алкактарында  биртоп макулдашууларга кол койгон, аларды ишке ашырууда да тынчтыкты орно-туучу ишмердикке катышуу каралган.