Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 91/19-5
“Токмок шаарынын кварталдык комитеттери жөнүндө” Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы №1-22/2413 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 07-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок шаарынын кварталдык комитеттери жөнүндө” Жобонун жаңы редакциясы бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №288/34-4 жана 2021-жылдын 10-июнундагы №322/42-4 токтомдору өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |