Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин
2022-жылдын 09-декабрындагы
№91/19-5 токтомуна
тиркеме
Токмок шаарынын кварталдык комитеттери жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кварталдык комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
III. Кварталдык комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
IV. Кварталдык комитеттердин эмгек акы фондусу
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
I. Жалпы жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы "Аймактык өзүн-өзү башкаруу коомдук ишмердүүлүктү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" №625 токтомунун негизинде жана Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (мындан ары ММБ) Жобосунун негизинде иштелип чыккан.
1.1. Кварталдык комитеттер - бул аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формалары, алардын иши кварталда жашаган жарандарды жергиликтүү жана социалдык-маданий маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган.
1.2.Кварталдык комитеттер турак-жай комплекстеринде жана жеке курулуш райондорунда түзүлөт.
1.3.Кварталдык комитеттин ишмердүүлүгүнүн аймагынын чектери ушул кварталда жашаган тургундардын сунуштарын эске алуу менен Токмок шаардык кеңеши тарабынан белгиленет.
1.4. Кварталдык комитеттер жарандардын жалпы чогулуштарында тандалма негизде түзүлөт.
1.5. Комитеттер Токмок шаарынын ММБда учеттук каттоодон өткөндөн кийин гана өз статусун алат. Комитет аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде документтерди каттоого беришет.
1.6. Кварталдык комитеттер аларды шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттоодон өткөргөн Токмок шаарынын ММБна отчет берип турат.
1.7. Кварталдык комитеттердин саны Токмок шаардык кеңеш аркылуу бекитилет.
1.8. Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык, келишим түрүндө иш аракеттерин жүргүзгөн кварталдык комитеттеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылдан ашпашы керек.
1.9.Токмок шаардык кеңешинин чечими менен кварталдык комитеттердин аткаруу милдетинен төмөнкү учурларда бошотулат.
а) өзүнүн милдеттерин тийиштүү аткара албаганда;
в) өзүнүн арызы же ден-соолугунун абалы боюнча;
2.0.Кварталдык комитет бошотулгандан кийин, жаңы квартал тандалма негизде шайланат.
2.1.Өзүнүн ишмердүүлүгүндө кварталдык комитеттери Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына жана Токмок шаардык кеңешинин Токтомун жана Уставын ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
II. Кварталдык комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
2.1.Кварталдык комитеттерди шайлоо бул кварталдын аймагынын чектеринде жашаган жана катталган жарандардын жалпы жыйналыштарында тиешелүү документтери менен өткөрүлөт.
2.2.Жалпы жыйналышты ошол аймактын тургундары уюштурушат жана өткөрүшөт. Жыйналыштын өтүүчү жери жана күнү Токмок шарынын ММБсы менен макулдашылат.
а) Кварталдык комитет болуп 18 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан жогору эмес, бул кварталда жана үйдө туруктуу катталган жана жашаган, ортодон кем эмес билими менен, соттолбогон же соттолгондугу белгиленген мыйзам тартибинде алынган жана жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
б) Ачык добуш берүүдө добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алган талапкерлер шайланды болуп саналат. Комитетти шайлоо боюнча кеңешмеде добуш берүү укугу менен Токмок шарынын ММБсы жана мэриянын өкүлдөрү катыша алышат.
2.3.Жалпы жыйналыштардын жумушуна катыша алат:
а) Токмок шарынын ММБнын жана Токмок шаарынын мэриясынын өкүлүдөрү добуш берүү укугу менен;
2.4. Көчөлөрдүн жалпы жыйналышы төмөнкү кворумунан кийин укуктуу болуп саналат:
а) кварталдык комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - үйлөрдүн жалпы санынын 35%дан кем эмес болгондо;
Жыйналышка катышкан жана жазуу түрүндө макулдук берген тургундардын жалпы санынан 50%ын алган талапкерлер шайланды болуп эсептелинет.
2.5. Жаңы кварталдар, үй жана кварталдык комитеттер түзүлгөндө, ушул Жобонун ченемдерине ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйыны чакырылат.
2.6. Жаңы кварталдарды, үй комитеттерди түзүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйналышын даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле шайлануучу жактарды шайлоо ачык-айкын өткөрүлөт.
III. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
3.1. Кварталдык комитет төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
а) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда бул аймакта жашаган жарандардын коомдук кызыкчылыгын, өз укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого;
б) тиешелүү аймактагы жергиликтүү өз алдынча бшкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын кароосуна пландарды жана өнүгүү программаларын иштеп чыгууга катышууга;
в) социалдык чөйрөдөгү обьектилерди кабыл алууга;
г) Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
д)жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын (конференцияларынын) чечимдерин аткарууну уюштурууга;
е) турак жайларды куруунун, пайдалануунун, турак жай имараттарын жана ага чектеш аймактардын эрежелерине көзөмөл жүргүзүүгө, өрт коопсуздугунун жана санитардык ченемдердин сакталышына, жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга, тарыхый-маданий коргоого коомдук көзөмөлдү жүзөгө ашырууга, эстеликтер, аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн тиешелүү органдарга сунуштарды киргизүүгө;
ж)санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык, өрттү көзөмөлдөө жана коопсуздук чараларын ишке ашырууда тиешелүү уюмдарга жана кызматтарга көмөк көрсөтүүгө;
з)коомдук тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө;
и) аталган аймактын тургундарынын муктаждыктарын аныктап мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкармалыкка аларды чечүүнү уюштурууга;
к) тургундарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери жөнүндө кабарландыруу жана алардын аткарылышын уюштурууга.
л) кварталдын калктын маданий-массалык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүнү тартууга;
м) үйлөрдүн, көчөлөрдүн, кварталдардын жашоочуларынын эсебин жүргүзүүгө;
н) баардык үй кожоюндардын иш-чарбалар боюнча китебин жүргүзөт;
о) үй-бүлөнүн курамы, жашаган жери, малдын бар экендиги жөнүндө маалым каттарды берет;
п) жарандарды каттоого, ошондой эле паспортторду алууга жана алмаштырууга документтерди күбөлөндүрөт;
р)коммуналдык чарба обьектилеринин жана башка коммуналдык кызматтардын коопсуздугун көзөмөлдөөгө, кварталдын калкында коопсуздук жана мүлктү этияттого жоопкерчилик сезимин тарбиялоого;
с) жергиликтүү өз алдынча башкарууга шайлоочулардын тизмесин даярдоого, шайлоорлорду уюштурууга, референдумдарды жана жашоочулар менен жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө;
т) бекитилген аймактагы жашоочулардын таштандыларын жыйноону жана өз убагында ташып кетүүнү контролдоого;
у) калктын аз камсыз болгон катмарын даректик социалдык коргоо боюнча иштерди уюштурууга катышат;
ф) аткаруу бийлигинин органдары менен биргеликте жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен иштерди уюштурат.
х) жашоочуларды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, отургузуу, жашыл аянттарды сугаруу иштерин жүргүзүүнү уюштурат, зарыл болгон учурда кварталдын калкын акыркы табигый кырсыктарды жоюуну уюштурат;
ч) Токмок шаарынын баардык кызматтары менен биргеликте иш алып барат, анын ичинде:
-мамлекеттик салык кызматы менен жергиликтүү салыкты чогултуу боюнча;
-Токмок аскердик комиссариаты менен;
-Токмок водоканал биримдик ишканасы менен;
-Токмок райондук электро станциясы менен;
-Токмок газ чарбасы менен;
-Токмок “Жылуулук” өндүрүш ишканасы менен;
-шаардык социалдык коргоо башкармалыгы менен (жашоо-тиричилиги оор кырдаалга кабылган жарандарга, УАС катышуучуларына, майыптарга жана башка категориядагы жакырларга даректик жардам көрсөтүү);
-шаардык билим берүү бөлүмү менен;
-саламаттыкты сактоо мекемеси менен;
-санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык өрттү контролдоо мекемелери менен;
-аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен (АКӨАБ) өз ара аракеттенет анын курамына квартал, аксакалдар соту жана аялдар кеңеши кирет;
ш) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктары.
3.3.Тийиштүү аймактын калкынын кызыкчылыгына тийиштүү маселелерди чечүүдө өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашырып жиберген учурда, Токмок шаардык кеңеши тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилүүсү мүмкүн.
3.4. Кварталдык комитеттердин жыйынында же жарандардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамына туура келбесе, Токмок шарынын ММБнын чечимдин айрым бөлүктөрүн же бүтүндөй жокко чыгарууга укуктуу.
IV. Кварталдык комитеттин эмгек акы фондусу
4.1.Кварталдык комитеттердин эмгек акы фондусу Токмок шаардык кенеши аркылуу бекитилет.
4.2.Кварталдык комитеттердин айлык маянасы, түзүлгөн эмгек келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
5.1. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөрүүлөр Токмок шарынын ММБнын сунуштарынын негизинде киргизилет жана Токмок шаардык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
Жооптуу катчы М.А.Табалдиев