Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 92/19-5
“Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” Жобосунун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 02-декабрындагы №1-22/2546 катын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 07-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” Жобосунун жаңы редакциясы бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №41/8-3 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |