Загрузка документа…
Токмок шаардык кеӊешинин
2022-жылдын 09-декабрындагы
№92/19-5 токтомуна
тиркеме
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
Негизги милдеттер
Башкармалыктын функциялары
Башкармалыктын укуктары
Башкармалыктын милдеттери
Башкармалыктын ишин башкаруу жана уюштуруу
Башкармалыкты жоюу жана кайра уюштуруу
Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын негизги функцияларын, укуктарын жана милдеттерин аныктайт (мындан ары-Башкармалык).
1.2. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында, Токмок шаары боюнча мүлктүк жана жер мамилелери чөйрөсүндө башкаруу жүргүзөт.
1.3. Башкармалык юридикалык жак болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы боюнча-Мекеме, өз алдынча балансы, аймактык казына бөлүмүндө, ошондой эле банк мекемелеринде счеттору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби чагылдырылган, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү бар. Мындан тышкары бланктары, штампы жана мыйзам менен каралган ар кандай реквизиттери бар. Башкармалыктын жайгашкан жери жана почта дареги: Чүй облусу, Чүй району, Токмок шаары, Ленин көчөсү 385.
1.4. Башкармалык өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администарция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.5. Башкармалыктын расмий аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы»;
Расмий тилде: «Управление муниципальной собственностью города Токмок».
1.6. Башкармалыктын штатын кармоого чыгымдарды каржылоо, жыл сайын жергиликтүү бюджетте каралуучу каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Башкармалыктын ишмердүүлүгүнө контролду Токмок шаарынын мэриясы жүргүзөт.
1.7.Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат.
1.8. Башкармалык чечимдерди буйрук түрүндө кабыл алат.
2. Негизги милдеттер
2.1.Токмок шаарынын аймагында мүлктүк жана жер мамилелери чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүү.
2.2. Өз компетенциясынын чегинде муниципалдык мүлктү жана жер ресурстарын приватизациялоо, башкаруу жана тескөө.
2.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген учурларда, өз компетенциясынын чегинде муниципалдык мүлктү жана жер ресурстарын приватизациялоо, башкаруу жана тескөө боюнча ишмердүүлүктү координациялоо.
2.4. Жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин кайрылуулары, даттануулары боюнча иштөө.
2.5. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, товарларды, жумуштарды жана кызматтарды мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун өткөрүү.
2.6. Товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу жол-жоболорунда эффективдүүлүктү, ачыктыкты, айкындуулукту камсыз кылуу.
2.7.Токмок шаарынын турак жай-коммуналдык маселелерин өз убагында, толук чечүү.
2.8.Токмок шаарынын Турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин жана кварталдык комитеттеринин ишмердүүлүгүнө контроль жана мониторинг.
2.9. Шаардын ишканаларынын жана турак жай чарбасынын өндүрүштүк жана каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө системалуу мониторингди камсыз кылуу, чыгымдарды төмөндөтүү жана турак жай-коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу.
2.10.Токмок шаарынын аймагында, автоунаа каражаттарын жайгаштыруу үчүн акы алуу максатында, автоунаа каражаттарын токтотуу үчүн орундарды уюштуруу.
3. Башкармалыктын функциялары
Башкармалык ага жүктөлгөн милдеттер менен төмөнкү функцияларды аткарат:
3.1.Муниципалдык менчиктин жер тилкелерине менчик укуктарын же ижарага берүү боюнча сунуштарды даярдоо.
3.2. Токмок шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык мүлктүн эсебин алуу жол-жобосун жүргүзөт жана муниципалдык менчиктин реестрин алып барат, муниципалдык мүлктүн маалымат базасынын реестркармоочуусу болуп саналат.
3.3. Муниципалдык менчик боюнча талаштарды өз компетенциясынын чегинде чечүү.
3.4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муниципалдык кыймылсыз мүлккө менчик укуктарын же ижарага берүү же кыймылсыз мүлккө менчик укукту түз сатуу жолу менен берүү боюнча аукцион же конкурс өткөрүүгө документацияларды түзөт.
3.5.Муниципалдык турак жай эмес фондундагы объектилерди, жер тилкелерин приватизациялоодо, ошондой эле Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги объектилерди ижарага берүү укугун соодалашууну өткөрүүдө, соодалашууга (конкурска, аукционго) катышууга билдирмелерди кабыл алат жана каттайт.
3.6. Муниципалдык мүлктү, жер тилкелерин сатуучу катары чыгат.
3.7.Токмок шаарынын муниципалдык мүлкүн сатып алуу-сатууга, алмаштырууга, ижаралоого, акысыз өткөрүп берүүгө ж.б. келишимдерди түзүү.
3.8. Токмок шаарынын муниципалдык мүлкүн ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугуна ээ мекемелер жана ишканалар менен келишимдерди түзүү.
3.9. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ээси жок кыймылсыз мүлктү Токмок шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга иш-чараларды жүргүзүү жана зарыл документтерди топтоо.
3.10.Турак жай маселелери боюнча зарыл материалдарды даярдоо жана топтоо.
3.11. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин алуу жана каттоого коюу.
3.12. Жеке турак үй курууга жер тилкесин алууга муктаж жарандарды каттоо журналын алып баруу.
3.13.Башкармалыкка жеке жана юридикалык жактардан түшкөн кайрылууларды мыйзам менен белгиленген тартипте кароо.
3.14.Кыймылсыз мүлктү колдонгондугу үчүн, белгиленген тартипте тарифтерди жана бааларды корректировкалоо боюнча сунуштарды киргизет.
3.15.Берилген билдирмелерге ылайык, имараттарды жана курулмаларды куруу жана оңдоо боюнча чыгашалар сметасын жана план түзүү максатында объектилердин абалына мониторинг.
3.16.Муниципалдык менчикти кармоо, эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча муниципалдык менчикти колдонуучулар тарабынан алардын келишимдик милдеттерин сактоосуна талдоо жана контроль.
3.17.Токмок шаардык кеңешине жана Токмок шаарынын мэриясына Башкармалыктын ишмердүүлүгүнө тиешелүү токтомдордун, жоболордун, буйрутмалардын долбоорлорун иштеп чыгып жана бекитүүгө берет.
3.18.Муниципалдык турак жай эмес фондунун объектилерин приватизациялоо программасына киргизүү үчүн Токмок шаардык кеңешине сунуштарды даярдайт.
3.19.Муниципалдык ишканаларга жана муниципалдык мекемелерге чарба жүргүзүү укугунда жана ыкчам башаруу укугунда бекитилген, ошондой эле белгиленген тартипте жарандык укуктук мамилелердин субъектилерине берилген муниципалдык менчикти максаттуу пайдаланышына жана сакталышына контроль жүргүзөт.
3.20.Муниципалдык мүлктү жана жер тилкелерин ижарага берүүчү катары чыгат. Муниципалдык мүлктү субижарага берүү келишимин макулдашат.
3.21.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка ченемдик актыларына ылайык, жер тилкелерине башкарууну жана тескөөнү жүргүзөт.
3.22. Муниципалдык турак жай эмес фондунун объектилери үчүн ижара төлөмдөрүнүн шаардын бюджетине толук жана өз убагында которулуусуна контроль жүргүзөт.
3.23. Жер тилкелерин же аларды ижарага берүү укугун сатуудан жана муниципалдык мүлктү приватизациялоодон түшүүчү каражаттарды контролдоо боюнча иштерди жүргүзөт.
3.24.Токмок шаарынын муниципалдык менчигин каттоодо жана мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик менен бүтүмдөр болгондо менчик ээсинин атынан чыгат.
3.25. Муниципалдык менчик объектилерин, анын ичинде жер тилкелерин баалоого келишимдерди түзөт.
3.26. Муниципалдык менчик объектилерин колдонууга контроль жүргүзөт.
3.27.Белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууну жүргүзөт, анын жыйынтыгында товарлар менен камсыздоого, жумуштарды аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө келишимдерди түзөт.
3.28.Муницпалдык ишканалардын өндүрүштүк жана каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
3.29.Токмок шаарынын Турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин жана кварталдык комитеттеринин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана пландаштыруу ишине мониторинг жүргүзөт;
3.30. Өз компетенциясынын чегинде, Токмок шаарынын аймагында автоунаа каражаттарын жайгаштыруу үчүн токтотуу орундарын уюштурат.
3.31.Токтотуу үчүн уюштурулган жер тилкелеринде автоунаа каражаттарын жайгаштыргандыгы үчүн, Токмок шаардык кеңеши бекиткен төлөмдү алуу;
3.32.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башка функцияларды аткарат.
4. Башкармалыктын укуктары
Башкармалык төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, шаардын аймагындагы муниципалдык мүлккө жана жер тилкелерине приватизациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө.
4.2. Муниципалдык мүлктү жана жер тилкелерин ижаралоо келишимдерин түзүүгө жана бузууга.
4.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө жана өкүлчүлүктүү органынын чечимдерине ылайык, муниципалдык мүлктү башкаруу жана муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүү укугунда, ыкчам башкаруу укугунда өткөрүп берүүнү жүргүзүү, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, чарба жүргүзүү укугунан, ыкчам башкаруу укугунан муниципалдык мүлктү алып коюу тууралуу чечим кабыл алууга.
4.4. Өз компетенциясынын чегинде, муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга.
4.5.Башкармалыктын башка функцияларын ишке ашыруу максатында, приватизациялоону өткөрүү жана жүрүшүн баалоо үчүн, белгиленген тартипте муниципалдык ишканалардан жана башка аймактык органдардан муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү үчүн зарыл көлөмдө маалымат суроого.
4.6.Салык инспекциясы органдарына, муниципалдык ишкананалардын баланстарынын толтурулушунун тууралыгын текшерүү, баланстардын көчүрмөлөрүн берүү, ыкчам башкаруудагы, колдонуудагы, муниципалдык мүлккө ээлик кылган юридикалык жактардын отчетторун берүү өтүнүчү менен кайрылууга.
4.7.Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин башкарууну уюштуруу, муниципалдык мүлктүн эсебин алуу жана анын реестрин жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана аны менен болгон бүтүмдөр боюнча маалыматты, жер тилкесине жана кыймылсыз мүлк объектисине укуктар жөнүндө жана аны менен болгон бүтүмдөр боюнча маалыматты белгиленген тартипте суроого.
4.8.Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө маселелерди чечүү үчүн материалдарды прокуратура жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүүгө.
4.9.Муниципалдык менчикти, жер тилкелерин приватизациялоо, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча муниципалдык кызыкчылыктарды коргоого сотторго доо менен кайрылууга, анын ичинде төмөнкү маселелер боюнча: муниципалдык мүлктү, жер тилкелерин приватизациялоо жана тескөө боюнча бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу, муниципалдык кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча карызды өндүрүү, ижара төлөмү боюнча карызды өндүрүү, муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин бузуу, ижара келишими боюнча карызды өндүрүү жана жер тилкелерин ижаралоо келишимдерин бузуу; жеке жана юридикалык жактардын укуксуз аракеттери менен келтирилген чыныгы зыянды жана башка чыгымдардын ордун толтуруу.
5. Башкармалыктын милдеттери
Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:
5.1.Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигинин алдында отчет берүүгө.
5.2.Башкармалык жыл сайын Токмок шаардык кеңешине Токмок шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүгө.
5.3.Муниципалдык менчиктин катышуусу менен мүлктүк бүтүмдөрдү түзүүдө, КР мыйзамдары бузулган, ошондой эле Токмок шаарынын экономикалык кызыкчылыктарына зыян келтирилген учурда, бүтүмдөрдү кайра карап чыгуу же бузуу тууралуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу тууралуу сотто доо ишин козгоого.
6. Башкармалыктын ишин башкаруу жана уюштуруу
6.1.Башкармалыктын жетекчиси болуп Башкармалыктын начальниги саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Токмок шаарынын мэри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
6.2. Башкармалыктын начальниги:
-Башкармалыктын ишмердүүлүгүнө жеке башчылык принциптеринде жетекчилик жүргүзөт;
- Башкармалыктын түзүмүн жана штаттык тизимин бекитүүгө берет;
- Башкармалыктын бөлүмдөрү тууралуу жобо жана Башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жумушка кабыл алууну жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде, Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Башкармалыктын атынан келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- Башкармалыктын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды, каржы ресурстарын белгиленген тартипте башкарат;
- бардык менчик түрүндөгү уюмдарда, мекмелерде, ишканаларда ишеним каты жок Башкармалыктын атынан чыгат;
- Башкармалыктын компетенциясынын чегинде, мүлктүк маселелер боюнча буйруктарды, ошондой эле чечимдердин долбоорлорун чыгарат;
- каржы документтерине кол коет;
- каржы жана эсеп тартибин сактоону камсыздайт;
- Башкармалыктын кызыкчылыктарын менчик түрүнө карабастан уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда коргоого ишеним кат берет.
6.3.Башкармалыктын начальниги Токмок шаарынын мэрине түз баш ийет. Башкармалыктын начальнигине Башкармалыктын кызматкерлери баш ийет.
6.4. Башкармалыктын начальниги өз ишинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алат.
7. Башкармалыкты жоюу жана кайра уюштуруу
7.1. Башкармалыкты жоюу жана кайра түзүү жөнүндө чечим, Токмок шаарынын мэринин көрсөтмөсү менен, Токмок шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
7.2.Башкармалыкты жоюу жана кайра уюштуруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте, Токмок шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
Жооптуу катчы М.А.Табалдиев