Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Токмок шаардык кеңешинин

2024-жылдын 5-августундагы № 233/36-5

токтомуна ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ

 

2022-жылдын 9-декабры  № 93/19-5

Балдардын эс алуусун жана бассейнин уюштуруу үчүн Ф.Именходжаевага аянты 0,735 га жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө акысыз берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 05-декабрындагы №1-22/2559 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү  боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 07-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын  жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     

1. Балдардын эс алуусун жана бассейнин уюштуруу үчүн Ф.Именходжаевага аянты 0,735 га жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө акысыз берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук  берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү  боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев