КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-апрели № 180 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат 1. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендер-ди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мый-замына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-боору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорунКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-статья. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендердижана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-на (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., №8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-статьядагы "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөз-дөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти