Редакцияот 24.04.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек ш, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-апрели, № 184           "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган       Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук          түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө      Макулдашуунун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын                Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 64-беренесине ылайык мамлекетичиндеги жол-жоболорду  аткаруу  максатында,  "Кыргыз  Республикасынын эларалык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   1. "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук  түзүмүндө маалыматтарды   техникалык коргоо жөнүндө Макулдашуунун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.   2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.   3. Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик  Улуттук  коопсуздук  комитетинин төрагасы  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган  учурда  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн    расмий өкүлү болуп дайындалсын.    Премьер-министр                                      И.Чудинов                                                          Долбоор       Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган     Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук        түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө             Макулдашуунун ратификациялоо тууралу     1-статья. Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык  уюмунун  террорчулукка  каршы  региондук  түзүмүндө маалыматтарды  техникалык  коргоо  жөнүндө  макулдашуу ратификациялансын.   2-статья.  Кыргыз  Республикасыны Тышкы иштер  министрлиги  аталганМакулдашуунун  күчүнө  кириши  үчүн  зарыл  болгон  мамлекет  ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Секретариатына билдирсин.             Кыргыз Республикасынын                Президенти