Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО (2009-жылдын 20-апрелиндеги №236
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Ма-магенттик) аткаруу бийлигинин тутумунда курчап турган чөйрөнү коргоо,биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, токойжана ањчылык чарбасын өнүктүрүү жана мамлекеттин экологиялык коопсузду-гун камсыз кылуу тармагында бирдиктүү саясат жүргүзүүчү мамлекеттик ор-ган. 2. Мамагенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдорун жана буйруктарын, башка нормативдик укуктук актыларды, ошондойэле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Мамагенттик өз ишин башка министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын аткаруучубийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коомдук уюм-дар жана бирикмелер менен тыгыз байланышта жүргүзөт. 4. Мамагенттикти кармоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюд-жеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржы-лоо булактарынын эсебинен милдеттүү түрдө казыначылык тутуму аркылуужүргүзүлөт. 5. Мамагенттик юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жа-на расмий тилдердеги өз аталышы түшүрүлгөн мөөргө, штамптарга, фирмалыкбланктарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыначылыктутумунда алыш-бериш жана башка эсептерге ээ. 6. Мамагенттиктин расмий аталышы: - кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик"; - орус тилинде: "Государственное агентство по охране окружающейсреды и лесному хозяйству при Правительстве Кыргызской Республики". II. Максаттар жана милдеттер 7. Мамагенттиктин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөн-күлөр саналат: - курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү, токой эко-системасын сактоо, өзгөчө коргоого алынган табигый аймактардын тармагынөнүктүрүү, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттин экологиялыккоопсуздугун туруктуу өнүктүрүү жана камсыз кылуу тармагында бирдиктүүмамлекеттик саясатты жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуужана жүзөгө ашыруу; - курчап турган чөйрөнү коргоого, табигый ресурстарды пайдалануу-га, биологиялык түрлөрдүн сакталышын камсыз кылууга, жаратылышты коргоомыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүргүзүү; - жаратылыш компоненттеринин жана ресурстарынын эсебин алуу жанаабалына байкоо салуу; - мүмкүн болуучу табигый жана антропогендик мүнөздөгү жагымсызтаасир этүүлөрдүн улам болуучу зыяндардын алдын алуу жана азайтуу мак-сатында мамлекеттик бийлик органдарына жана чарба жүргүзүүчү субъект-терге, коомчулукка жана калкка колдоо көрсөтүү, аларды курчап турганчөйрөнүн, биологиялык түрлөрдүн жана табигый компоненттердин абалы,алардын өзгөрүүлөрүнүн себептери жөнүндө кабардар кылуу. III. Иш милдеттери 8. Мамагенттик коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүиш-милдеттерди аткарат: а) тармактык саясатты иштеп чыгуу жаатында: - курчап турган чөйрөнү коргоону комплекстүү башкаруунун, биологи-ялык түрлөрдү сактоонун, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун, токойжана ањчылык чарбасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгат жа-на жүргүзөт; - курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жара-тылышты сарамжалдуу пайдалануу, токой жана ањчылык чарбасын өнүктүрүүтармагында нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуунууюштурат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кирги-зет; - курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо жанажаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тармагында бирдиктүү илимий-техника-лык саясатты иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү уюштурат; - өз ыйгарым укуктарынын чегинде курчап турган чөйрөнү коргоо, би-ологиялык түрлөрдү, жаратылыш ресурстарын сактоо, радиациялык, химия-лык, биологиялык коопсуздук жана башка маселелер боюнча республикалык,тармактык талаптарды, экологиялык стандарттарды, нормативдерди, эреже-лерди, жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгат жана белгиленген тартип-те бекитет; - өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, акын ичинде токойлорду пайда-лануунун эрежелерин, нормативдерин жана нормаларын аныктайт; - адамдын ишмердигинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин талдайт; - кызыкдар мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бир-дикте экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун стратегиясын жана саяса-тын, мамлекеттик программаларды, курчап турган чөйрөнү коргоонун, био-логиялык түрлөрдү сактоонун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пай-далануунун аймактык комплекстүү схемаларын, суу, жер, токой, ањчылыкжана башка табигый ресурстарды комплекстүү пайдалануунун жана коргоонунсхемаларын иштеп чыгууну уюштурат; - токой жана ањчылык чарбасын өнүктүрүүнүн, жаратылыш объекттеринпайдалануу менен байланышкан калыбына келтирүү иш-чараларын өткөрүүнүннегизги багыттарын иштеп чыгат; - тиешелүү тартипте Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзөт; - курчап турган чөйрөнүн абалын, процесстердин өнүгүү тенденциясынталдайт жана анын негизинде курчап турган чөйрөнү булгоонун экстремал-дуу жогорку дењгээлдерин болжолдойт жана ал туурасында мамлекеттик ор-гандарды, чарба жүргүзгөн субъекттерди жана жарандарды эскертет; - Глобалдуу экологиялык конвенциялар (анын ичинде, климат өзгөр-гөндүгү, озон катмарын коргоо, органикалык туруктуу булгоочулар, биоло-гиялык түрлөрдү сактоо жана башкалар) боюнча БУУ кабыл алган жана токойжана ањчылык чарбасын өнүктүрүү маселелери боюнча негизги документтердижүзөгө ашырат; - республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү жана экологиялыкабалын жакшыртуу маселелерин чечүүгө чет өлкөлүк инвестицияларды жанагранттарды тартат; - мамлекеттик коргоого алынган жаратылыш объекттеринин жана жара-тылыш комплекстеринин, республикалык маанидеги табигый эстеликтердин,ошондой эле өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жоголуп бараткан сейректүрлөрүнүн эсебин алат; - өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын ишин уюштурат,жаратылыш-корук ишин жүргүзөт жана белгиленген тартипте өзгөчө коргоогоалынган табигый аймактардын жана жаратылыш объекттеринин тармагын өнүк-түрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нө кароого киргизет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экологиялык жана жа-ратылышты коргоо маселелери тармагында эл аралык келишимдерди түзөт; - курчап турган чөйрөнүн, биологиялык түрлөрдүн, жаныбарлар жанаөсүмдүктөр дүйнөсүнүн, токойлордун жана тоо экосистемасынын абалына мо-ниторинг жүргүзөт; - республиканын жаратылышты коргоо конвенциялары, донорлордун жанаэл аралык уюмдардын (финансылык, техникалык) колдоосу менен жүзөгө ашы-рыла турган долбоорлор, программалар боюнча милдеттенмелерин аткаруунужетектейт (анын ичинде кызыкдар башка министрликтер, мамлекеттик коми-теттер жана администрациялык ведомстволор менен бирге); - ањчылыктын эрежелерин, нормаларын жана мөөнөттөрүн, жаныбарлардүйнөсүнүн объекттерин олжолоого чекти жана квотаны аныктайт, балык за-пастарын жана сууда жашаган омурткасыз жаныбарларды коргоо жана көбөй-түү боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн контролдойт, ошондой эле балыкөстүргөн объекттердин балык кармоо мөөнөттөрүн жана квотасын жөнгө са-лат; - башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана адм-инистрациялык ведомстволор менен бирге жаратылышты пайдалануунун, био-логиялык түрлөрдү сактоонун, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдала-нуунун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде токойлордукоргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизмдерин иштеп чыгат; - токой жайгаштырууну жүргүзөт; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомст-волор жана чарбалык субъекттер менен бирге жаратылыш ресурстарын пайда-лануунун, курчап турган чөйрөгө таштандыларды, булгоочу заттарды чыга-руунун жана башка зыяндуу таасирлердин жана алардын булактарынын, аныничинде радиоактивдүү булактардын мамлекеттик эсебин жүргүзөт; - токой чарбасынын жүргүзүүнү уюштурат, токой фондунун эсебиналат, токой ресурстарын коргоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана көбөй-түүнү, токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюудан коргоону, токойду зыянкеч-терден, илдеттерден жана токойго зыян келтире турган башка аракеттерденкоргоону уюштурат; - ањчылыкка көзөмөл жүргүзөт, ањчылык ресурстарын жөнгө салат, ањфаунасынын эсебин алат, биотехникалык иш-чараларды жүргүзөт, зыяндуужырткычтардын санын жөнгө салат; б) координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө: - курчап турган чөйрөнүн корголушун, биологиялык түрлөрдү, жараты-лыш ресурстарын сактоого жана радиациялык, химиялык жана биологиялыккоопсуздук тармагында мамилелерди жөнгө салууну жакшыртууга багытталганиш-чаралардын аткарылышына контролду камсыздайт; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана чарбалык субъекттер менен курчап турган чөйрөнү коргоо, би-ологиялык түрлөрдү сактоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу тарма-гында иш-чараларды, илимий-изилдөө иштерин макулдашат; - курчап турган чөйрөнүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн,курчап турган чөйрөгө антропогендик таасирлер этүүлөрдүн булактарынажана жаратылыш ресурстарынын пайдаланылышына такай байкоолорду уюштуратжана жүргүзөт. Мамагенттик курчап турган чөйрөнүн корголушуна жана жаратылыш ре-сурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик контроль жүргүзөт, атап айткан-да: атмосфералык абанын корголушуна, озонду бузуучу заттарды өндүрүүгөжана колдонууга, суу ресурстарын, жерди, өсүмдүктөр дүйнөсүн, жаныбар-лар дүйнөсүн, балык запастарын жана алар тараган жана жашаган чөйрөнүпайдаланууга жана коргоого, токойлорду коргоого жана сактоого, өзгөчөкоргоого алынган жаратылыш аймактарынын ишине, өндүрүш калдыктарына кы-лынган мамилеге жана алардын пайдаланылышына, алардын, анын ичинде, ра-диоактивдүү калдыктардын чек ара аркылуу ташылышына; жаратылыш ресурстарын пайдалангандык жана курчап турган чөйрөнүбулгагандык үчүн акы алуу тартибинин сакталышына, ошондой эле жараты-лышты коргоо максатындагы каражаттардын пайдаланылышына; министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомство-лор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юриди-калык жактар (анын ичинде, чет өлкөлүк) төмөнкүлөрдү аткарышына мамле-кеттик контроль жүргүзөт: жаратылышты коргоо мыйзамдарын, стандарттарын, нормативдерин, эре-желерин, Мамагенттиктин ушул документтерди аткаруу үчүн иштеп чыкканжана кабыл алган буйруктарын, нускамаларын жана жоболорун, белгиленгенэрежелерди жана нормаларды, жаратылыштан пайдалануу лимитин жана квота-ларын, булганыч заттарды абага чыгаруу жана калдыктарды курчап тургантабигый чөйрөгө жайгаштыруу нормативдерин аткарышына; - пайдалуу кендерди казып алууда, жардыруу, жерди терењ оюу иште-рин аткарууда, топтогучтарды, кен иштетүүдөн калган калдыктарды сактоожайларын, террикондорду, кен калдыктарын, таштандыларды жайгаштыруудажана керекке жаратууда, ошондой эле геологиялык чалгындоо иштерин жүр-гүзүүдө, мал айдап өтүүдө жана жаратылыш комплексине таасир эте турганбашка иштерди аткарууда, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана алардынөсүшүнө стимуляторлорду, минералдык жер семирткичтерди, башка химиялыкзаттарды, препараттарды, анын ичинде, колдонулушу экономиканын айрымтармактарында уруксат берилген радиоактивдүү препараттарды ташууда,сактоодо жана колдонууда, жаратылышты коргоо курулмаларын, суу чарбасистемаларын, суу сактагычтарды жана башка гидротехникалык курулуш жай-ларын пайдаланууда курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурс-тарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптардын аткарылышына; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомст-волор, Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлигинин башка органдары,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары, жеке адамдар жана менчигинин түрүнө карабастан юри-дикалык жактар (анын ичинде чет өлкөлүктөр) тарабынан курчап турганчөйрөгө чыгарылчу булгоочу заттарды тазалоо үчүн курулмаларды, жабдуу-ларды жана аппаратураларды куруу жана ишке киргизүү, булгоо булактарыналар чыгарчу саркындыларды контролдоо жана жөнгө салуу приборлору мененкамсыздоо; суунун зыяндуу таасирлерине (ташкындар, суу чыгуу, суу кап-тоолор, жээктердин бузулушу жана башкалар) каршы күрөшүү; жерлерди ре-культивациялоо жана аны арналышы боюнча пайдаланууга өз убагында өткө-рүп берүү, кыртышты эрозиядан жана шор басуудан, сазга айлануудан, өн-дүрүш калдыктары, уу химикаттар жана башка химиялык (анын ичинде радио-активдүү) заттар менен булгануудан, пайдалуу кендерди иштетүү жайларынкурууда, иштетүүдө, кен изилдөө иштерин жүргүзүүдө башка бузуулардансактоо; жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, анын ичинде, баалуула-рын, ошондой эле жоголуу коркунучундагыларды жана Кыргыз Республикасы-нын Кызыл китебине кирген объекттерин коргоо, төлдөтүү жана калыбынакелтирүү боюнча чараларды аткарышына; - жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кадастрынын жүргүзүлүшүнө; - бардык чарбачылык субъекттерде жаратылыш ресурстарын пайдалануу-нун, булгачу заттарды чыгаруунун жана жаратылыш чөйрөсүнө өнөр жай, ти-ричиликтик жана башка, анын ичинде, радиоактивдүү калдыктардын башкатаасирлеринин баштапкы эсеби жүргүзүлүшүнө; - токой чарбасынын жүргүзүлүшүнө, токой фондунун эсеби алынышына,токой ресурстарын коргоонун, пайдалануунун жана көбөйтүүнүн эсеби алы-нышына, токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюудан сактоого, токойлордун зы-янкечтерден, илдеттерден жана токой чарбасына зыян келтире турган башкааракеттерден корголушуна; - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жана алар жашаган чөйрөнүн;балык запастарынын жана алар жашаган чөйрөнүн корголушуна, көбөйтүшүнөжана пайдаланылышына; жапайы өскөн дары өсүмдүктөрдүн эсеби алынышына; - суу ресурстары, анын ичинде, жер үстүндөгү суулар; атмосфералыкаба өндүрүштүк жана башка керектөөлөр үчүн; жаратылыш объекттерин өз-гөртүүгө жана ландшафттарды түзүүгө байланышкан чарбалык ишти жүргүзүү-дө жер жана токой ресурстарынын сарамжалдуу пайдаланылышына; - жаратылышты коргоо курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн абалынажана ишинин натыйжалуулугуна; - өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштырууга. Мамагенттик Кыргыз Республикасынын CITES Администрациялык органыкатары жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучу алдындагы түрлө-рүн эл аралык соодалоону контролдойт. Мамагенттик жањы (реконструкцияланган, кењейтилген, технологиялыкжактан кайра жабдылган, жоюлган) объекттерди кабыл алуу жана пайдала-нууга берүү, объекттерди жайгаштыруу үчүн орундарды тандоо жана чарбажүргүзүү үчүн жер бөлүп берүү боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссия-лардын ишине катышат. Мамагенттик Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынбузууларга бөгөт коюу жана болтурбоо маселелери боюнча Кыргыз Республи-касынын прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-гинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети-нин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жана Кыргыз Республика-сынын Мамлекеттик бажы комитетинин органдары менен байланышта иштейт. Мамагенттик Кыргыз Республикасында аркарлардын популяциясын изил-дөө, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча программанын алкагындаишти, ошондой эле гранттарды жана инвестицияларды алуу үчүн или-мий-изилдөө, долбоордук-конструкциялык долбоорлорду жана программалардыиштеп чыгуу боюнча ишти координациялайт . в) жөнгө салуу тармагында: Мамагенттик төмөнкү ишкердиктин төмөнкүдөй түрлөрүнө лицензиялардыаныкталган тартипте берет жана жокко чыгарат: - уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде, радиоактивдүүзаттардын калдыктарын керекке жаратуу, жайгаштыруу, жок кылуу жана кө-мүү; - Уулуу заттарды өндүрүүдөн чыккан калдыктарды ташуу (анын ичинде,чек ара аркылуу); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизме боюнчаањчылык кылуу жана канаттууларды кармоо. Мамагенттик төмөнкүлөргө аныкталган тартипте атайын уруксаттардыберет жана жокко чыгарат: - курчап турган чөйрөгө булгачу заттарды чыгарууга; - курчап турган чөйрөгө булгачу заттарды төгүүгө; - калдыктарды курчап турган чөйрөдө жайгаштырууга; - мурда пайдаланылган автомобиль дөњгөлөктөрүн калдык катары ташыпкирүүгө; - жыгач кыюуга билет; - токойчулук билети; - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн (анын ичинде, балык) объ-екттерин пайдаланууга (кармоого, жыйноого жана башка); - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичиндебалыкты илимий максатта пайдаланууга; - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичиндебалыкты Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө, ташып чыгууга; - CITES Конвенциясынын күчү жайылтылчу жаныбарлардын жана өсүмдүк-төрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республика-сына импорттоого сыртка экспорттоого жана реэкспорттоого; - балыктардын жана башка суу организмдеринин айрым түрлөрүн КыргызРеспубликасындагы көлмөлөрдө климатташтырууга, көбөйтүүгө жана жайгаш-тырууга. Мамагенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттикэкологиялык экспертиза жүргүзөт. (Экологиялык экспертиза - жүзөгө ашы-рылышы курчап турган чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына түз-дөн-түз же кыйыр таасирин тийгизе турган болочок чечимдердин экология-лык тобокелдигинин жана опурталынын дењгээлин аныктоо). Мамагенттик татаал экологиялык кырдаалдарды, экологиялык коркунуч-тун булактарын тезинен аныктоо иштерин жүргүзөт; жаратылыш комплексте-ринин, флоранын жана фаунанын абалын байкоого алат. Мамагенттик ањчылык чарбаларынын ортосунда жапайы жаныбарлардыкармоого квоталарды тиешелүү тартипте бөлүштүрөт; г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө: Мамагенттик акы алынчу кызматтардын төмөнкүдөй түрлөрүн көрсөтөт: - улуттук музейлерди, өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынкөрсөтүү жана туристтерди, альпинисттерди, спортсмендерди алардын су-роосу боюнча тейлөө; - курчап турган чөйрөнүн объекттеринин жана булгоонун булактарынынабалын арыздар боюнча лабораториялык изилдөө; - экология боюнча илимий-изилдөө иштерин келишимдик негизде атка-руу. д) ишти колдоо тармагында: - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы тармагына рес-публиканын туруктуу өнүгүшүн, курчап турган табигый чөйрөгө минималдуутаасирди, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сарамжалдуу пайдалануунукамсыз кыла турган инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнчасунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; - республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялыкмаалыматтык системалардын алкагында экологиялык маалыматтарды жыйнайтжана алмашат; курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сак-тоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тармагында чет өлкөлүк жана эларалык уюмдар менен кызматташат жана бул тармактагы макулдашуулардагы,келишимдердеги, конвенциялардагы милдеттенмелердин аткарылышын камсызкылат; - экологиялык мониторинг тармагында курчап турган чөйрөнүн, биоло-гиялык түрлөрдүн, жаратылыш, токой жана ањчылык ресурстарынын абалы жө-нүндө маалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзөт, ушул маалыматтардыталдайт, маалымат китепчелерин даярдайт; - жаратылыш жөнүндө билимдердин пропагандаланышын жана таркатылы-шын уюштурат, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, республика-ны туруктуу өнүктүрүү проблемалары боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү,конференцияларды, семинарларды, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнчабашка иш-чараларды, Эл аралык күндөргө (курчап турган чөйрөнү коргоо,биологиялык түрлөрдү, токойду, бактарды жана башкаларды коргоо) арнал-ган иш-чараларды өткөрөт. IV. Мамагенттиктин укуктары 9. Мамагенттик өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерине ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумдарында министрликтердин,мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергилик-түү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарынын, чарбачылык субъекттеринин курчап турган чөйрөнү кор-гоо, биологиялык түрлөрдү сактоо жана жаратылыш, токой жана ањчылык ре-сурстарын пайдалануу маселелери боюнча отчетторун угуу жөнүндө; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын жара-тылышты коргоо мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жана нормативдикукуктук актыларын жокко чыгаруу жөнүндө; - жапайы жаныбарларды жана балык запастарын, жапайы өскөн өсүмдүк-төрдү, анын ичинде, токойду, техникалык чийки заттарды жана башка таби-гый заттарды (мумиени кошуп алганда) мыйзамсыз алуу же жок кылуу мененкелтирилген зыян үчүн алынчу доонун өлчөмүн эсептөө үчүн нормативдердижана таксаларды белгиленген тартипте бекитүү жөнүндө; - курчап турган чөйрөнүн жаратылыш компоненттерине, анын ичиндетокой чарбасына келтирилген зыян үчүн доонун өлчөмүн эсептөө үчүн нор-мативдерди жана таксаларды белгиленген тартипте бекитүү жөнүндө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте курчаптурган чөйрөнү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана жараты-лыш ресурстарын пайдалануу тармагындагы администрациялык укук бузууларжөнүндө материалдарды кароого, күнөөлүүлөргө айыптарды салууга жанабашка администрациялык жазаларды берүүгө, зарыл болсо күнөөлүүлөрдүжоопко тартуу үчүн алардын ишин укук коргоо органдарына өткөрүп берүү-гө, төлөтүп алынган сумманы тиешелүү бюджеттин эсебине кириштөөгө; - курчап турган чөйрөнү коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнө-сүн жана жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзам-дарды, Кыргыз Республикасынын Токой кодексин бузуудан улам келтирилгензыяндын ордун толтуруу жөнүндө юридикалык жактарга жана жеке адамдаргадоо коюуга, төлөтүп алынган сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да көрсөтүлгөн тартипте жаратылышты коргоонун жана токой чарбасын өнүк-түрүүнүн жергиликтүү фонддорунун эсебине котортууга; - жаратылышты коргоо мыйзамдарын, жаратылыш ресурстарын коргоо жа-на пайдалануу жагындагы стандарттарды, нормаларды жана эрежелерди бузууменен жүргүзүлүп жаткан объекттердин курулушуна, реконструкциясына, ке-њейтилишине же техникалык кайра жабдылышына жана башка жумуштарга тыюусалууга; - эгерде эксплуатациялоо жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, жараты-лышты пайдаланууга берилген лицензиялардын жана уруксаттардын талапта-рын бузуу, булгачу заттарды чыгаруунун белгиленген лимитинен ашуу мененжүргүзүлсө менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын же башка объект-тердин ишине тыюу салууга, убактылуу токтотуп турууга, ошондой эле ан-дай иштерди каржылоону токтотуу тууралуу тиешелүү органдарга сунуштардыдаярдоого; - абаны булгашы белгиленген нормадан ашкан транспорт каражаттарынжана башка жүрмө орнотмолорду жана объекттерди эксплуатациялоону жаналинияга чыгарылышын токтотууга же тыюу салууга; - экологиялык посттордун иштерин жетектөөгө; - экологиялык жактан опурталдуу жүктөрдү (буюмдарды), чийки затресурстарын экологиялык нормаларды жана эрежелерди бузуу менен ташыпкелүүгө, ошондой эле транзиттөөгө (андан ары ташып өткөрүүгө); - колдонулушу жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына же бузулушуна алыпкелчү, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирчү про-дукцияны, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө жана пайдаланууга тыюусалууга; - илимий уюмдар менен макулдашуу боюнча республиканын аймагындажашаган (көбөйүп келаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объек-ттерине же адамдардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон жаны-барларды жана өсүмдүктөрдү ташып келүүгө, чыгарып кетүүгө, кое берүүгө,таратууга жана климатташтырууга тыюу салууга; - мыйзамсыз кармалган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объек-ттерин же продукциясын (анын ичинде, токой, ањчылык жана башка), ошон-дой эле алардан жасалган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныктал-ган тартипте алып коюлган буюмдарды Кыргыз Республикасынын прокуратура-сынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети-нин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин, Кыргыз Республика-сынын Мамлекеттик бажы комитетинин органдарынан жана башка мамлекеттикоргандардан, коомдук уюмдардан жана бирикмелерден, ошондой эле жекеадамдардан сактоо же сатуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алууга; - жаратылышты пайдаланышкан министрликтерден, мамлекеттик комитет-терден, администрациялык ведомстволордон, юридикалык жактардан жана же-ке адамдардан (анын ичинде, чет өлкөлүк) курчап турган чөйрөнүн абалы,курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндөзарыл маалыматтарды (анын ичинде, статистикалык отчет) алууга, ошондойэле чарбачылык жана башка субъекттерден жана булгоочу заттардын ири чы-гарылганы, авариялык жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө шашылыш маалымат-тарды алууга; - жаратылышты коргоо боюнча татаал маселелерди чечүү жана жараты-лыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иш-теп чыгуу, кыйла татаал объекттерде мамлекеттик экологиялык экспертизажүргүзүү, мамлекеттик экологиялык экспертизанын натыйжалары боюнча кай-чы пикирлерди кароо үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка ке-њештерди, топторду жана комиссияларды түзүүгө; - тейлеген тармакта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн КыргызРеспубликасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институт-тарын, ведомстволук институттарды жана башка жогорку окуу жайларын тар-тууга; - жаратылышты коргоо боюнча ири маселелердин ар тараптан жана те-рењ талкууланышын камсыз кылуу, аларды чечүү боюнча сунуштарды иштепчыгуу үчүн окумуштуулардан, коомдук ишмерлерден, өз алдынча башкарууоргандарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, окуу жайлардын, басма сөздүнөкүлдөрүнөн жана жарандардан түзүлчү жаратылышты коргоо боюнча консуль-тациялык, коомдук кењештерди түзүүгө; министрликтердин, мамлекеттик ко-митеттердин, администрациялык ведомстволордун, чарбачылык субъекттердинжетекчилерине карамагындагы объекттерде курчап турган чөйрөгө булгоочузаттарды чыгарууну контролдоо пункттарын (постторду) түзүү жөнүндө көр-сөтмөлөрдү берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаратылышты коргоонунжана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддо-рун тескөөгө; - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш ресурстарынанпайдалангандык, чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарлар олжоло-ру, курчап турган чөйрөгө булгоочу заттарды чыгаргандык жана курчаптурган чөйрөгө калдыктарды жайгаштыргандык үчүн акы алууга; - жаратылышты коргоо боюнча коомдук (штаттан тышкаркы) инспектор-лор тармагын түзүүгө. 10. Мамагенттиктин жана анын жер-жерлердеги органдарынын кызматадамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ: - ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде белгиленген тар-типте режимдик, коргоочу), корголуучу аймактарга, ведомстволук тиеше-лүүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан башка объекттерге айла-на-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылыш ресурстарынпайдалануу жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарысакталганын текшерүү үчүн тоскоолдуксуз кирүүгө, текшерүүгө жана алардытекшерүүнүн жыйынтыгы боюнча актыларды жана протоколдорду түзүүгө, кем-чиликтерди жоюу боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү бе-рүүгө. Текшерилчү ишканалар, мекемелер жана уюмдар алардын ведомстволуктаандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан Мамагенттик системасы-нын кызмат адамдарын алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарганучурда жай, телефон байланышы, транспорт жана зарыл учурда объекттитекшерүү (инспекциялоо) мезгилинде атайын кийим менен камсыз кылууга,ошондой эле зарыл жардамдарды көрсөтүүгө милдеттүү; - жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга пайдаланылган келүүчү до-кументтерди, куралдарды (предметтерди), транспорт каражаттарын, жараты-лыштын, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсызалынган объекттерин мыйзамда белгиленген тартипте текшерүүгө, кароого,кармоого жана алып коюуга; министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,администрациялык ведомстволордун, чарбакер субъекттердин жетекчилеринеөздөрүнүн ведомстволук объекттеринде айлана-чөйрөгө булгоочу заттардычыгарууну (төгүүнү) контролдоо пункттарын (постторун) уюштуруу жөнүндөкөрсөтмө берүүгө. 11. Мамагенттик системасы органдарынын кызмат адамдары айырмалообелгилери бар бекитилген үлгүдөгү форма кийим кийүүгө укуктуу жанааларга табелдик курал жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш ка-ражаттары ж.б.) сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берилет. V. Мамагенттиктин ишин уюштуруу
12. Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.
(2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Мамагенттикте статс-катчынын мамлекеттик жогорку кызмат орунууюштурулат. Статс-катчы кызматка "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-ри тарабынан дайындалат жана бошотулат. Директордун орун басарлары кызматка Мамгенттиктин директорунун су-нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайында-лышат жана бошотулушат. 14. Мамагенттиктин директору: Мамагенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана иштердин аткарылышы үчүнжеке жооп берет; - директордун орун басарларынын, ошондой эле Мамагенттиктин түзүм-дүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт; - Мамагенттиктин карамагындагы түзүмдүк жана аймак аралык бөлүнүш-төрдүн жоболорун, түзүмүн жана штаттык тизимин эмгек акы төлөөнүн анык-талган фондунун чегинде бекитет; - Мамагенттиктин борбордук аппаратынын башкармалыктары, бөлүмдөрүжана секторлору жөнүндө жоболорду аныкталган тартипте бекитет; - Мамагенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, ошондой элеведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Эмгеккодексине, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-на жана Мамагенттиктин директорунун буйругу менен бекитилчү кызматорундардын номенклатурасына ылайык ишке алат жана иштен бошотот; - Мамагенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерине, ошондойэле ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине тартиптик жазаларды бе-рет; - Мамагенттиктин коллегиясынын отурумдарын өткөрөт; - Мамагенттик тутумундагы кызматкерлерди аттестациядан өткөрөт; - Мамагенттик системасынын кызматкерлерин "Айлана-чөйрөнү коргооотличниги", "Мамлекеттик токой коргоо кызматында X жыл", "Мамлекеттиктокой коргоо кызматында XX жыл", "Мамлекеттик токой коргоо кызматындаXXX жыл", "Мамлекеттик токой коргоо кызматында ХХХХ жыл" төш белгилери,Мамагенттиктин ардак грамоталары, акчалай сыйлыктар жана баалуу белек-тер менен сыйлайт; - Мамагенттик системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыр-гыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого аныкталгантартипте көрсөтөт; - Мамагенттик системасынын бардык структуралык подразделениелерижана кызматкерлери аткарууга милдеттүү буйруктарды жана башка актылардычыгарат; - жаратылышты коргоо боюнча коомдук кењештердин курамын жана жобо-лорун бекитет; - ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген башка ыйгарымукуктарды ишке ашырат. 15. Статс-катчы жана директордун орун басарлары ага ишенип берил-ген иш участогу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, директордун буйруктары-нын жана башка актыларынын аткарылышын уюштурат жана текшерет. 16. Директор жок учурда директордун милдетин анын тапшыруусу боюн-ча статс-катчы же директордун орун басары аткарат. 17. Мамагенттикте анын ишинин негизги багыттарынын маселелерин ка-роо үчүн 7 кишиден турган коллегия түзүлөт, анын курамына директор(коллегиянын төрагасы), статс-катчы, директордун орун басарлары, Мама-генттиктин жетектөөчү кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын кызматкери кирет. Коллегиянын курамын, ага кызматы боюнча киргендерден башкасын,Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушуменен кабыл алынат жана директордун токтомдору жана буйруктары аркылууишке ашырылат. 18. Мамагенттиктин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саныКыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. 19. Мамагенттикти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.