Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы №76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-апрели № 195 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын андан ары өркүндөтүү максатында жана Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туура-луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомост-тору. 1998-ж., № 12, 521-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: 1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: - "калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызмат органы","жалдоочулар" деген түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр "иш менен камсыз кылуужаатындагы ыйгарым укуктуу орган", "жумуш берүүчүлөр" деген тиешелүүжөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын; - "жана окутуу фонду" деген түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр алып са-лынсын. 2. Кириш сөз төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул Мыйзам рынок экономикасынын шарттарында калкты иш менен кам-сыз кылууну жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылган адамдынэмгекке болгон конституциялык укуктун ишке ашыруунун укуктук, социал-дык-экономикалык жана уюштуруучулук кепилдиктерин аныктайт. Жумушсуздарды жана иш издеп жүргөн адамдарды ишке орноштуруугакөмөктөшүүнү жана социалдык колдоо көрсөтүүнү укуктук жөнгө салуу ушулМыйзамдын негизги максаты болуп саналат.". 3. 1 жана 2-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1-статья. Калкты иш менен камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Калкты иш менен камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын мый-замдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушулМыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктукактылардан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген,Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдердентурат. Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагымыйзамдары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эларалыккелишимдеринде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгыжок адамдарга да колдонулат. 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүнүн жигердүү чаралары - жу-мушсуз жарандардын иш менен камсыз болушун кайрадан калыбына келтирүүгөкөмөк көрсөтүүгө жана алардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүнкењейтүүгө чакырылган чаралар. Мындай чаралардын катарына төмөнкүлөркирет: жумуш издөөдө жардам көрсөтүү, жумушсуздарды кесиптик окутуу,акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу, алардын өз алдынча иш мененкамсыз болушун уюштурууга көмөк көрсөтүү, чакан жана орто бизнес ишка-наларынын ишин жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюн-ча демилгелердин башка түрлөрүн колдоо. Жумушсуздар - ылайыктуу жумуш издешкен жана ал ишке киришүүгө да-яр, жумушу, айлык маянасы (кирешеси) жок эмгекке жарактуу курактагы жа-рандар. Убактылуу иш менен камсыз болуу - убакыттын чектелүү мезгилиндеаткарылган туруктуу эмес жумуш. Иш менен камсыз кылуунун ийкемдүү формалары - кызматкерлерди ишменен камсыз кылуунун стандарттуу эмес шарттарын (толук эмес жумушубактысы, вахталык метод жана башка) колдонууга негизделген жумушчукүчүн пайдалануу формасы. Жумуш издешкен жарандар - жумуш (жањы) издешкен жана ага киришүүгөжөндөмдүү эмгекке жарактуу жарандар. Алар ылайыктуу жумуш издөө макса-тында иш менен камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарда катталышыда жана катталбашы да мүмкүн. Иш менен камсыз болуу - Кыргыз Республикасынын Конституциясын ка-рама-каршы келбеген, жарандардын жеке жана коомдук керектөөлөрү мененбайланышкан жана эреже катары аларга киреше алып келген каалаганиш-аракеттери. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар - өз алдынча башкаруунун аткаруу-чу-тескөөчү бийлик органдары жана жумуш берүүчүлөр иш менен камсыз кы-луу боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте уюштуруучу, кызмат-кердин алдын-ала кесиптик даярдыгын талап кылбаган, социалдык пайдалуубагыты бар жана жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылуу үчүн иш ме-нен камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жолдомосу боюнчаалар аткара турган эмгек ишмердигинин түрлөрү. Ылайыктуу жумуш - жаран аткарууга кудуреттүү болгон, билимине, ке-сиптик даярдыгына, иш тажрыйбасына, ден соолугунун абалына туура кел-ген, туруктуу жашаган жеринен анча алыс эмес (жол жүрүү бир сааттаналыс эмес) жана кепилденген эмгек акысы бар жумуш. Жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу - жумушсуз жарандарды эмгекрыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жумуш табуумүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн кесиптик даярдоо, квалификациясын жо-горулатуу жана кайрадан окутуу. Жумуш берүүчү - кызматкер менен эмгектик мамиле түзгөн Жеке жак жеюридикалык жак (уюм). Кызматкер - жумуш берүүчү менен эмгектик мамиле түзгөн жеке жак. Эмгек рыногу - жумуш берүүчү (суроо-талап) жана жумушчу күчүн (су-нуш) жолуктурган механизм. Рынок экономикасынын элементи катары эмгекрыногу экономиканын жумушчу күчкө керектөөлөрүн канааттандыруу жана су-роо-талап менен сунуштун (жумушчу күчү менен жумуш орундарынын төп ке-лиши) негизинде алмашуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу жарандардын эмгеккеукуктарын ишке ашыруу максатында социалдык-эмгектик мамилелердин систе-масын мүнөздөйт. Өз алдынча иш менен камсыз болуу - жеке бизнесин ишке ашырган жанаөздөрүн жумуш менен камсыз кылган адамдардын эмгек ишмердигинин түрү. Социалдык жумуш орундары - ишканаларда жана социалдык жана инф-раструктуралык чөйрөлөрдөгү уюмдарда жумушсуз жарандарды жумушка орнош-тура турган туруктуу кошумча орундар, ал иш менен камсыз кылуу жаатындаыйгарым укуктуу органдын Эсебинен түзүлөт жана каржыланат. Эмгектик ортомчулук - иш менен камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктууорган, ошондой эле жарандарды жумушка орноштуруу менен алектенишкенюридикалык жана жеке жактардын калкты жумушка орноштурууга көмөккөрсөтүүсү. Окуу жайы - иш менен камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар-дын жолдомосу менен жана жумушсуз жарандарды жана калктын иштебегенбөлүгүн окутууга конкурстук тандоодон өткөн жумушсуз жарандарды окутуу-чу мекеме. Жумушсуздарды финансылык колдоо - жумушсуз жарандардын өз алдынчаишкерлик жүргүзүүлөрүн уюштуруу үчүн аларга финансылык жардамкөрсөтүү.". 4. 3-статьяда: - биринчи абзацындагы "граждандар" деген сөз "жактар" деген сөзгөатмаштырылсын; - экинчи абзацында "(контракт)" деген сөз алып салынсын; - үчүнчү абзацында "айыл чарбасына арналган аянты 0,05 гектарданкем эмес сугат жер участокторун алган жана айыл чарба азыктарынөндүрүүгө катышуучу өндүрүштүк кооперативдердин мүчөлөрүн" деген сөздөр"өндүрүштүк кооперативдерде, фермердик (дыйкан) чарбаларында иштегендержана өндүрүштө катышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрү" деген сөздөргө алмаш-тырылсын; - төртүнчү абзацында "өтөгөндөрдөн тышкары" деген сөздөр "аныничинде өтөгөндөр" деген сөздөргө алмаштырылсын; - бешинчи абзацы "анын ичинде аскердик окуу жайларында жана акаде-мияларда, аспирантурада, докторантурада күндүзгү окутуу түрүндө" дегенсөздөр менен толукталсын.". 5. 4-статьяда: - статьянын аталышында "чен өлчөмдөрү" деген сөздөр "шарттары" де-ген сөзгө алмаштырылсын; - биринчи бөлүгүндө: биринчи абзацындагы "граждандар" деген сөз "жактар" деген сөзгөалмаштырылсын; - төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардакатталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде кесиптик даярдыктан өтүүдөн жесунуш кылынган ылайыктуу иштен эки жолу баш тарткан учурда;". 6. 5-статьяда: - статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5-статья. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүчү мамлекеттик орган" - биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын иштеп чыгуучужана жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп иш менен камсыз кылуу жаатында-гы ыйгарым укуктуу орган саналат."; - экинчи бөлүгүндө: биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өз компетенциясына ылайык иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйга-рым укуктуу орган:"; төртүнчү абзацындагы "жумушсузга жөлөкпулдарды белгилөө менентөлөп берет", "башка" деген сөздөр алып салынсын; бешинчи абзацытөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "-калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүнүн жигердүү чараларыништеп чыгат;"; сегизинчи абзацта "(Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана окутууфонду)" деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттынжалпы принциптерин белгилеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуугакатышат; - калкты иш менен камсыз кылуунун абалын баалоону жана эмгек рыно-гун өнүктүрүүнү болжолдоону жүргүзөт; - эмгек рыногундагы абал жөнүндө коомчулукка маалымдайт; - жарандарга ылайыктуу жумуш издөөгө, ал эми иш берүүчүлөргө ке-ректүү кызматкерлерди тандоого көмөктөшөт; - жергиликтүү эмгек рынокторундагы атайын иш чараларды кошкондокалкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүнүн жигердүү чараларын уюштуруу-да натыйжалуу механизмдерди киргизет; - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктукактыларына ылайык жумушсуз деп табылган жарандарга социалдык жактанколдоо көрсөтөт; - иш берүүчүлөрдөн бош орундар, социалдык-экономикалык абалдар жа-на ишкананы өнүктүрүү келечектери жөнүндө маалыматтарды сурап алат.". 7. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6-статья. Иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча иш-чараларды каржылоо Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча иш-чараларды кар-жылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражатынын эсебиненжүзөгө ашырылат. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча иш-чараларды кар-жылоо үчүн кошумча каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-ма-каршы келбеген бюджеттен тышкаркы булактардан алынышы да мүмкүн. Бюджеттерден бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө чыгымдалат: - жумушсуздарга кесиптик багыт берүү, кесиптик окутуу боюнчаиш-чараларга, анын ичинде окуу процессине жана иш менен камсыз кылуужаатында ыйгарым укуктуу органдын жолдомосу боюнча окуп жаткан жумуш-суздарга стипендия төлөп берүү чыгымдар; - акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурууга; - жумушсуздарды медициналык камсыздандырууга; - ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө; - калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик программаларын иштепчыгууга жана ишке ашырууга, анын ичинде жумушсуз жарандар үчүн социал-дык жумуш орундарын түзүүгө; - жумушсуз жарандардын ишкердик иштерин уюштурууда жана өзүн өзүиш менен камсыздоодо финансылык колдоо көрсөтүүгө; - иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу органды кармоого,анын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, анын ичине төмөнкүлөркирет: илимий-изилдөө иштерине жана эмгек рыногуна талдоо жүргүзүү калктыиш менен камсыз кылуу жаатында эларалык кызматташтыктын чегинде иш-ча-раларды жүргүзүү; эмгек рыногунун маалыматтык системасын түзүү жана кармоо жанааларды программалык камсыздоону иштеп чыгуу, техникалык каражаттардысатып алуу; калкты иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча информациялык-маа-лымдама жана жарнак-басма ишин жүзөгө ашыруу; иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу органдын кадрларындаярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, окууметодикалык базасынкүтүү; анын ишмердигине байланышкан башка чыгымдар. Социалдык жумуш орундардын түзүү тартиби, аларды уюштуруу шарттарыжана төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 8. II глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "II глава. Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын жүзөгө ашыруу. Иш менен камсыз кылууну уюштуруу жана жөнгө салуу 7-статья. Калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясат Мамлекет толук, үзүрлүү иш менен камсыз кылууга Кыргыз Республика-сынын жарандарынын укуктарын ишке ашыруу саясатын жүргүзөт. Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясаты төмөнкүлөргөбагытталган: - эмгек ресурстарын өнүктүрүүгө, алардын шайма-шайлыгын жогорула-тууга, улуттук эмгек рыногун коргоого; - ыктыярдуу эмгектенүүгө жана иш менен камсыз кылуунун эркин тан-доо укуктарын жүзөгө ашырууда улутуна, жынысына, курагына, социалдыкабалына, саясий көзкараштарына жана диний ишенимдерине карабастан Кыр-гыз Республикасынын жарандарынын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу-га; - татыктуу жашоону жана инсандын эркин өнүгүшүн камсыз кылганшарттарды түзүүгө; - жањы жумуш орундарын түзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө; - жумушсуздукту кыскартууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жүзөгө ашырылуучужарандардын эмгектик жана ишкердик демилгелерин колдоого, алардынөндүрүштүк, чыгармачылык эмгекке болгон жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө; - жумуш изилдөөдө өзгөчө кыйынчылыктарга дуушар болгон (майыптар,эркинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөчү мекемеден бошотулган адамдар, 14жаштан 18 жашка чейинки жашы жете электер, биринчи жолу иш издегенадамдар, бала баккандыгы үчүн отпускадан чыккан аялдар) жарандардын со-циалдык жактан аялуу категориялары үчүн атайын иш-чараларды жүзөгө ашы-рууга; - массалык жумушсуздуктун алдын алууга жана узакка созулган жумуш-суздукту (бир жылдан ашык) кыскартууга; - калкты иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгууда жанажүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, кесиптик кошундардын, башкаөкүлчүлүк органдарынын кызматкерлеринин жана иш берүүчүлөрдүн үзүрдүүкызматташуусун камсыз кылууга; - жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын жана тийиштүү мамле-кеттик кепилдиктерин сакталышынын негизинде иш менен камсыз кылуу жаа-тында укуктук жөнгө салууга; - өндүрүш күчтөрүн рационалдуу жайгаштырууга, эмгек ресурстарыншаймашай жогорулашына, убактылуу жана өз алдынча иш менен камсыз кылуу-нун жана жумуш орундарынын системаларынын сакталышына жана өнүгүшүнөтүрткү берген башка чаралардын өнүгүшүнө багытталган социалдык-экономи-калык өнүктүрүү программаларын, финансылык-кредиттик чараларды, инвес-тициялык саясатты иштеп чыгууга; - Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сыртта ишке ор-ноштурууга байланышкан маселелерди кошкондо калкты иш менен камсыз кы-луу көњгөйүн чечүүдө эларалык кызматташууну өнүктүрүүгө. 8-статья. Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомство-лор жана аткаруу бийлигинин башка органдары иш менен камсыз кылуунунмамлекеттик саясатын жүргүзүүгө төмөнкүдөй жолдор менен катышат: - иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатына ылайык, жерги-ликтүү эмгек рыногуна карата атайын программаларды кошкондо калкты ишменен камсыз кылуунун тармактык программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгөашыруу; - жањы жумуш орундарын түзүүнү жана алардын саны жөнүндө маалымат-тарды квартал сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык коми-тетине жана иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу органга өзубагында берип турууну камсыз кылуу; - иштеп жаткандарды кесиптик окутуу үчүн шарттарды түзүү,үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу; - иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ганга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-домстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жалпы экономи-калык жана социалдык саясаты тууралуу, эмгек рыногунда адистерге мук-таждыктары жөнүндө, түзүмдүк өзгөрүүлөр жана калкты иш менен камсыз кы-луу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан. анын ичинде көмүскө иш жүргүзүүнүачыкка чыгаруу боюнча башка чаралар жөнүндө маалымат берүү; - ички жана тышкы эмгек миграциясы маселелеринде өзара макулдашуу-ну камсыз кылуу. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар калкты иш менен камсызкылуу саясатын төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырууну камсыз кылышат: - иш менен камсыз кылуу саясатынын иш-чараларынын негизинде жумушорундарын түзүүгө колдоо көрсөтүү; - жумушсуз жарандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу; - коомдук акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу; - калкты иш менен камсыз кылууга түрткү берген башка иш-чаралардыжүзөгө ашыруу. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар иш менен камсыз кылуу жа-атында ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте кызматкерлердин жана ишберүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү жамааттарды социал-дык-экономикалык өнүктүрүүнүн пландарынын негизинде калкты иш мененкамсыз кылуунун региондук программаларын иштеп чыгышат жана жүзөгө ашы-рышат, анда төмөнкүлөр каралат: - калкты иш менен камсыз кылуу дењгээлинин өсүшүнө дем бергениш-чаралар; - жумушчу күчтүн суроо-талапты жана сунуштоону тењдештирүү боюнчачаралар; - социалдык жактан колдоого муктаж калктын максаттуу топторун ишменен камсыз кылууну уюштуруу; - кошумча жумуш орундарын түзгөн чакан жана орто ишкердикти колдоожана өнүктүрүү; - эмгек рыногунда муктаждыкты эске алуу менен жумушсуздарды кесип-тик окутуунун ийкемдүү" системасын уюштуруу; - коомдук акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу жана өркүндөтүү; - иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматтардын маалымат-тык базасын өркүндөтүү; - инвестициялык программаларды иштеп чыгууда жергиликтүү эмгек ры-ногундагы кырдаалды эске алуу менен кошумча жумуш орундарын түзүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты иш менен камсызкылуунун мамлекеттик саясатын төмөнкү жолдор аркылуу жүзөгө ашырышат: - калкты иш менен камсыз кылуунун проблемаларын чечүүдө жергилик-түү өзалдынча башкаруу органдарынын аткаруу-бөлүштүрүү ролун жогорула-туу боюнча чараларды көрүү; - калкты иш менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгууга катышуужана аткаруу; - тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаганжана ишке орношууда өзгөчө кыйынчылыктарга дуушар болгон максаттуу топ-торду жыл сайын аныктоо жана аларды социалдык жактан коргоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укукта-рын ишке ашыруу. 8-1-статья. Калкты иш менен камсыз кылууну камсыздоодо жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу Жумуш берүүчүлөр иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатынжүргүзүүгө төмөнкүлөр аркылуу катышат: - иш менен камсыз кылууга ыйгарым укуктуу органга кайра түзүлгөнжана жоюлган жумуш орундары жөнүндө, ошондой эле жумуш орундарынын аба-лына, пайдалануу жана өнүктүрүү келечектерине тийиштүү башка маалымат-тарды берүү; - жумушсуз жарандар үчүн социалдык жумуш орундарын түзүү; - кесиптик окутуу системасын өнүктүрүү, ички өндүрүштүк окутуунууюштуруу; - кызматкерлердин кесиптик дараметинин сакталышын жана рационалдууколдонулушун, алардын социалдык корголушун караган иш-чараларды иштепчыгуу жана жүзөгө ашыруу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана башка жењил-диктер; - өздүк каражаттардын эсебинен акы төлөнүүчү коомдук иштерди кар-жылоого катышуу. 8-2-статья. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарын жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарын жана Кыргыз Респуб-ликасындагы чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген,Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдердеаныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. 8-3-статья. Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө статистикалык отчеттуулук жана маалымат Эмгек рыногунун кырдаалын жана Кыргыз Республикасында калкты ишменен камсыз кылуу жаатында абалды объективдүү баалоо үчүн мамлекеттикстатистикалык отчеттуулук белгиленет. Иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу орган мамлекеттикстатистика органдары, салык органдары, Кыргыз Республикасынын Социалдыкфонд органдары жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен өз мил-деттерин аткаруу үчүн тараптардын ар бирине керектүү болгон отчеттукмаалыматтарды, анын ичинде эмгек мигранттары жөнүндө маалыматтарды жи-берет жана алат. 8-4-статья. Иш менен камсыз кылуу маселеси боюнча үч тараптуу кызматташтык Калкты иш менен камсыз кылуунун саясатын аныктоо жана ишке ашыруубоюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу максатында социалдыкөнөктөштүктүн алкагында үч тараптуу кењеш түзүлөт, ал мамлекет, ишберүүчүлөр уюмдары жана профсоюздар ортосундагы мамилени жөнгө салат. Үч тараптуу кењеш тењ укуктуулук негизинде мамлекеттик органдар-дын, иш берүүчүлөр уюмдарынын жана профсоюздардын өкүлдөрүнөн турат. Үч тараптуу кењеш: - калкты иш менен камсыз кылуу маселелери жана эмгек рыногунда са-ясат боюнча консультацияларды ишке ашырат; - эмгек рыногундагы кырдаалдар жана тенденциялар жөнүндө маалымат-ты талдайт; - калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү программаларын жанакөрүлүп жаткан чараларды макулдашат; - бюджеттик каражаттын түзүлүшү, бөлүштүрүү маселелерин карайт,аларды пайдалануунун натыйжалуулугун көзөмөлдөйт.". 9. III главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "III глава. Иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу органдардын кызмат көрсөтүүлөрү". 10. 9-статьяда: - статьянын аталышында "Граждандарга, жумуш издегендерге же жумуш-суздарга" деген сөздөр алып салынсын; - экинчи бөлүктүн "д)" пунктчасы алып салынсын. 11. 10-статьяда: - статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10-статья.Жумушсуздарды кесиптик окутуу"; биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы"Жумушсуз граждандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардынквалификациясын жогорулатуу" деген сөздөр "Жумушсуздарды кесиптик оку-туу" деген сөздөр менен алмаштырылсын: - экинчи бөлүктөгү: "Ушундай граждандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардынквалификациясын жогорулатуу" деген сөздөр жумушсуздарды кесиптик оку-туу" деген сөздөргө алмаштырылсын; "кесиптик" деген сөз "кесиптик-техникалык" деген сөздөргө алмашты-рылсын; - үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Окуу жайлар жумушсуздарды кесиптик окутууну калкты иш менен кам-сыз кылуунун ыйгарым укуктуу органдары менен түзүлгөн келишимге ылайыкжүзөгө ашырат, ошондой эле алардын ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт. Иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу органдын жолдомосубоюнча жумушсуздарды кесиптик жактан окутуунун мезгилинде аларга сти-пендия төлөнүп берилет. Жумушсуздарды окутуунун, жумушсуздарга стипен-дия чектөө жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан белгиленет.". 12. 11-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11-статья. Иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишкердик менен алектенүүнү каалаган жумушсуз жарандарга финансылык колдоо көрсөтүү" 13. 12-статьяда: - биринчи бөлүгүндө "уюштурат" деген сөздөн мурун "калкты убакты-луу иш менен камсыз кылууну камсыздоо максатында" деген сөздөр менентолукталсын; - үчүнчү-бешинчи бөлүктөр экинчи-төртүнчү бөлүктөр деп эсептелсин: - экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Акы төлөнүүчү коомдук иштерде иштеген жарандар акы төлөнүүчү ко-омдук иштерди уюштуруучуларынын каражаттарынан иш жүзүндө аткарылганиш үчүн эмгек акы, ошондой эле иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарымукуктуу органдан кошумча акы алышат."; - үчүнчү бөлүктө "коомдук иштерде" деген сөздөрдөн кийин "жанатүзүлгөн социалдык жумуш орундарында иштеген" деген сөздөр менен толук-талсын: - төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "Ылайыктуу иш табуу максатында иш менен камсыз кылууга ыйгарымукуктуу органда катталган жарандар акы төлөнүүчү коомдук иштерге каты-шууга укуктуу.". 14. 14-статьянын экинчи бөлүгүндө "Иш менен камсыз кылууга жанаокутууга көмөктөшүү фондунун каражатынын үлүшү" деген сөздөр "республи-калык бюджеттен бөлүнгөн иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктууорганынын каражаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 15. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-статья. Жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо Иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга аймактыкжумушсуз же жумуш издөөчү катары кайрылган граждандарды каттоо алардынтуруктуу жашаган жериндеги иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарымукуктуу аймактык органдар тарабынан жумушсуз төмөнкүлөрдү көрсөтүү ме-нен жеке кайрылганда жүргүзүлөт: - паспортун; - эмгек китепчеси же аны алмаштыруучу документтерин; - өзүнүн кесиптик квалификациясын ырастоочу документтерин.". 16. 16-22-статьялар күчүн жоготту деп табылсын. 17. 23-статьяда: - биринчи бөлүктө: үчүнчү абзацы "же иш менен камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктууорган менен кызматташуудан" деген сөздөр менен толукталсын; төртүнчү абзацында: "соттолгон" деген сөз "тартылган" деген сөз менен алмаштырылсын; "жумушсузга жөлөкпул алуучу" деген сөздөр алып салынсын; алтынчы абзацында "которуу" деген сөздөн мурун "туруктуу" дегенсөз менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "- анын ишке орношушу."; - экинчи бөлүк алып салынсын. 18. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: . "24-статья. Жумушсуз граждандарды убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде социалдык жактан коргоо Иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органда катталганжумушсуз жарандардын убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилине саламаттыксактоо мекемесинин документтеринин негизинде республикалык бюджеттинкаражатынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленгенөлчөмдөрдө акы төлөнөт. Жумушсуз аялдарга боюнда бардык жана төрөгөндүк боюнча өргүү мез-гилине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коом-дук акы төлөнүүчү жумуштарга катышуу мезгилинде жана кесиптик окутуунунмезгилинде төлөнүүчү стипендиянын өлчөмүндө республикалык бюджеттин ка-ражаттарынан социалдык коргоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.". 19. IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын: "24-1-статья. Кайра каттоо Иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органында жумуш-суз же иш издеген катары катталган жана башка жерге (район, шаар) ту-руктуу жашоого көчүп кеткенине байланыштуу каттоодон чыгарылган жаран-дар иш менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органда жањы жаша-ган жери боюнча арызынын жана алдын ала каттоо документтерининкөчүрмөлөрүнүн негизинде жумушсуз катары каттоодон чыгарылган күндөнтартып бир айдын аралыгында кайра катталышы керек. Өлкөнүн чегинде жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарыконсультация, бош орундар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ишке ор-ноштуруу, кесиптик жактан окутуу жана туруктуу жашаган жери боюнча жер-гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан маалымкатын көрсөтүүнүн неги-зинде убактылуу жашаган жери боюнча акы төлөнүүчү коомдук иштерге каты-шуу маселелери боюнча маалыматтарды алуу үчүн иш менен камсыз кылуу жа-атындагы ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.". 20. 27-статьянын 2-пунктунда "тапшырылсын" деген сөз алып салын-сын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти