Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 204
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы(мындан ары - "Кыргызинтранс") Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигинин Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүнортосунда эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө өкмөттөр аралык макул-дашууларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет. 2. Толук аталышы: мамлекеттик тилде "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-кациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуубашкармалыгы"; расмий тилде "Управление международных автомобильных перевозок"Кыргызинтранс" Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Рес-публики"; кыскартылган аталышы: мамлекеттик тилде - "Кыргызинтранс" ЭАТБ; расмий тилде - УМАП "Кыргызинтранс". 3. "Кыргызинтранс" өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын
Консти-туциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республика-сынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ченемдик укуктукактыларын, эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерин жана че-немдерин, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой элеушул Жобону жетекчиликке алат. "Кыргызинтранс" өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мекеме бо-луп эсептелет. "Кыргызинтранс" ага бекитилген мүлктү оперативдүү түрдөбашкарууну аткарат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы тү-шүрүлгөн гербдүү мөөрү жана казыналык системада эсеби бар. 4. "Кыргызинтрансты" кармоого чыгымдарды каржылоо республикалыкбюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршыкелбеген башка кирешелердин эсебинен жүргүзүлөт. 5. "Кыргызинтранстын" Жобосу, башкаруу схемасы жана штаттык саныКыргыз Республикасынын Окметү тарабынан бекитилет. 6. "Кыргызинтранстын" юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москвакөчөсү, 154-11. 2. "Кыргызинтранстын" негизги милдеттери жана функциялары 7. "Кыргызинтранстын" негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсепте-лет: - Кыргыз Республикасында эл аралык автомобилдик ташууларды өнүктү-рүү жана калыптандыруу жана аларды эл аралык транспорттук системага ин-теграциялоо; - тышкы транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү изилдөө, башка мамлекет-тер менен экономикалык мамилени өнүктүрүү; - чет мамлекеттер менен эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө ма-кулдашуулардын жана келишимдердин долбоорун түзүү; - улуттук жана башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын астындакыргыз автоташуучулардын кызыкчылыгын коргоо. 8. "Кыргызинтранс" жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функци-яларды аткарат: а) тармактык саясат функциясы: - эл аралык автомобилдик катнашты уюштурууда мамлекеттик саясаттыиштеп чыгууга катышуу; - эл аралык автомобилдик ташуулар боюнча макулдашуулардын долбоо-рун иштеп чыгууга катышуу; б) жөнгө салуу функциясы: - эл аралык макулдашууларга ылайык эл аралык автомобилдик ташуу-ларды аткарууда Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча кирүүлөргө, чыгуу-ларга жана транзиттик өтүүлөргө уруксат берүү; - эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууга эл аралык товар-дык-транспорттук коштомолорду (СМК) бланктар менен камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын аймагына кыргыз жана чет өлкөлүк автот-ранспорттук каражаттардын киришин жана чыгышын оперативдүү эсепке алуу; в) координациялоо жана текшерүү функциясы: - эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын жана эл аралык келишимдердин сакталышын камсыздоо; - мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарууну жана алардын сакталы-шын жана натыйжалуу колдонулушун контролдоо; г) кызмат көрсөтүү боюнча функциясы: - эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруунун шарттары жана тар-тиби жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берүү; - эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруу боюнча конвенциялар-дын, макулдашуулардын жоболору жана талаптары жөнүндө автоташуучуларганускама берүү жана документтер менен камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кызматтардыкөрсөтүү; д) колдоо функциясы: - финансы ишмердигинде эсеп жүргүзүүнү өркүндөтүүнү камсыздоо жанатоптомо отчетторду жана баланстарды түзүү; - "Кыргызинтранстын" борбордук аппаратын кармоого чыгымдардын сме-тасын, ошондой эле республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен каржы-лануучу аймактык бөлүнүштөрүнүн аппараттарын кармоого чыгымдардын сме-тасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-гине берүү; "Кыргызинтранс" ишмердигинин белгиленген чөйрөсүндө башка функция-ларды аткарат, эгер мындай функциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык ага жүктөлгөн болсо. 3. "Кыргызинтранстын" укуктары 9. "Кыргызинтранс" ушул Жобо менен аныкталган негизги милдеттердиишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу: - эл аралык автомобилдик катнаш жагында эл аралык келишимдердинжана макулдашуулардын долбоорлорун даярдоого; - эл аралык автомобилдик ташуулар боюнча ченемдик укуктук актылар-дын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлигинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө; - Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча чет өлкөлүк автоташуучулар-дын кирүүгө, чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксатын текшерүүгө; - эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууга Кыргыз Республикасы-нын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин макулдугу боюнча баш-ка мамлекеттер менен уруксат берүүчү бланктарды алмаштырууга; - аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин докладдарын жана маалымат-тарын угууга, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери бо-юнча кењешмелерди өткөрүүгө; - өз компетенциясынын чегинде иштерди аткарууга юридикалык жанажеке жактар менен келишимдерди түзүүгө. 10. "Кыргызинтранстын" кызматкерлерин укуктук жана социалдык жак-тан коргоо "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыжана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгөсалынат. 4. "Кыргызинтранстын" башкаруу органдары 11. "Кыргызинтранс" Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-кациялар министрлигине отчет берип турат. 12. "Кыргызинтрансты" Кыргыз Республикасынын транспорт жана комму-никациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу ди-ректор башкарат. 13. "Кыргызинтранстын" директору: - "Кыргызинтранстын" ишмердигин жетектейт жана анын ишин уюштурат,ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жооп-керчилик тартат; - "Кыргызинтранстын" борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүжөнүндө жоболорду бекитет; - анын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт; - аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет; - ишеним катсыз эле "Кыргызинтранстын" атынан чыгат жана мамлекет-тик органдарда, ошондой эле башка юридикалык жактарда анын кызыкчылыгынжактайт жана ишкердик байланыштарды түзөт; - ишеним каттарды берет, казыначылыкты тейлөөчү банктарда жеэсеп-сактык компанияларда эсептерди ачат;. - "Кыргызинтранстын" борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана ай-мактык бөлүнүштөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бо-шотот; - республикалык бюджеттен "Кыргызинтранска" бөлүнгөн каражаттардынчыгымдар сметасынын сакталышын жана аны аткаруу боюнча отчетторду кам-сыздайт; - өз компетенциясынын чегинде кызматкерлер жана аймактык бөлүнүш-төр үчүн милдеттүү приказдарды жана башка буйруктарды чыгарат; - "Кыргызинтранска" жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана алар-дын жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат. 14. "Кыргызинтранстын" директорунун бир орун басары бар. 15. "Кыргызинтранстын" директорунун орун басары "Кыргызинтранстын"директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана комму-никациялар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошо-тулат. 16. Директордун орун басары: - транспорттук контролдоо пункттарынын адистеринин ортосунда функ-циялык милдеттерди бөлүштүрөт, анын аткарылышын контролдоону уюштурат; - эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда уруксаттардын бери-лишин уюштурат жана контролдойт; - документтерди даярдоону жана чет мамлекеттер менен уруксаттардыөз учурунда алмаштырууну уюштурат; - эл аралык автомобилдик катнаш жагында ченемдик укуктук актылардыиштеп чыгууга катышат; - эл аралык автомобилдик катнаш жагында макулдашууларды ишке ашы-руу бөлүгүнде чет мамлекеттердин аткаруучу органдары менен туруктуубайланышты ишке ашырат; - башка мамлекеттер менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүү мак-сатында башка мамлекеттин эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүүрыногун изилдөөнү уюштурат. 5. "Кыргызинтранстын" мүлкү 17. "Кыргызинтранстын" мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражат-тар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилген жана"Кыргызинтранстын" балансында чагылдырылган башка материалдык баалуу-луктар түзөт. 18. "Кыргызинтранстан" негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражатта-рын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюуга Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн чечими менен гана жол берилет. 6. "Кыргызинтранстын" эсеби жана отчеттуулугу 19. "Кыргызинтранс" оперативдүү бухгалтердик эсепти жана отчеттуу-лукту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт. 20. Финансы-чарбалык ишмердигине текшерүү жүргүзүү Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 7. "Кыргызинтрансты" өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу 21. "Кыргызинтрансты" өзгөртүп кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бө-лүү, ажыратуу) же "Кыргызинтрансты" жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүргүзү-лөт. 22. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык пайдаланылат.