Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-майы № 204 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка орган-дарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды тү-зүү маселелери жөнүндө" жана 2007-жылдын 16-октябрындагы № 468 "КыргызРеспубликасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республи-касында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштуруугаконцепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун жүрүшү жана ад-министрациялык реформаны терењдетүү боюнча чаралар тууралуу" токтомдо-рун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жө-нүндө тиркелген жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдеринушул токтомго ылайык келтирүүнү караган нормативдик укуктук актылардыбелгиленген тартипте киргизсин; - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов