КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-майы № 206 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам
долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинежиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-лууга дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-статья. "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1997-ж., № 6, 232-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 14-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи бөлүктөрменен толукталсын: "Балыктардын Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө жашаган өзгөчөбаалуу жана эндемикалык түрлөрү өзгөчө корулууга тийиш. Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү болупЫсык-Көлдөгү жана амударыядагы жилињгир, май канат, момун балык,Ысык-Көлдөгү көк чаар, Ысык-Көлдөгү чабак, чабакча, сары боор жанакањылтыр эсептелет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муни-ципалдык көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемика-лык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилиши мүмкүн.". 2. 18-статьядагы "максаттык мамлекеттик жана мамлекеттик эмесфонддор түзүлүшү мүмкүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда фонд түзүлөт"деген сөздөргө алмаштырылсын. 3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-статья. Балык чарбаны өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу Балык чарбаны өнүктүрүү фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден максаттык балык чар-ба программаларын ишке ашыруу үчүн бөлүнүүчү которуулардан; - менчигинин формасына жана чарба жүргүзүүсүнүн ыкмасына карабас-тан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан, анын ичинде биргелешкенжана чет өлкөлүк юридикалык жактардан, балык чарба көлмөлөрүн жана суу-дагы биологиялык ресурстардан пайдалангандык үчүн түшүүлөрдөн: - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын балык чарбаныөнүктүрүүгө ыктыярдуу кошумчаларынан; - балык запастарды көбөйтүү үчүн жумуштарды каржылоого максаттыккаражаттардан; - балык өстүрүүгө, балык уулоого жана балык запастарды корууга ин-вестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардан; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башкатүшүүлөрдөн (анын ичинде четөлкөлүк валютада). Кыргыз Республикасынын балык чарбаны өнүктүрүү фондунун каражатта-ры төмөнкүдөй иш-чараларды каржылоого жумшалат: - балык тармагын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик балык өстүрүүчү чар-баларды уюштурууга; - балык өстүрүүчү ишканаларда жана алардын көлмө фондундаоњдоо-калыбына келтирүү жана реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүүгө; - балык чарбалык жана башка көлмөлөрдө илимий жана ихтиологиялыкизилдөөлөрдү жүргүзүүгө; - балык чарбалык көлмөлөрдө жана көлмөлүк балык чарбаларда балыкөстүрүү-мелиорация жумуштарын жана балыктардын ылањдарынын алдын алуу,балык өстүрүүчү чарбаларды мите фаунадан жана балыктардын инвазийлери-нен тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө; - балык питомниктерин жана инкубациялык цехтерди түзүүгө; - республиканын балык чарбалык көлмөлөрүн балыктандыруу үчүн ба-лыктын кое берилчү сапаттуу материалын алууга; - көлмөлүк балык чарбаларда селекциялык-асыл тукумдук иштижүргүзүүгө; - ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо үчүн маданий балык чарба-ларды уюштурууга жана өнүктүрүүгө; - балыкты коруу мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын иш-теп чыгууга, балык чарба көлмөлөрдү жана суудагы биологиялык ресурстар-ды пайдалануунун экономикалык механизмин өркүндөтүүгө; - садоктук жана көлдүк-товардык балык чарбаларды өнүктүрүүгө жанааларды заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдууга; - балык запастарын корууга жана көбөйтүүгө, балыктардын баалуутүрлөрүн жана суудагы жемдик организмдерди климатташтырууга жана рес-публиканын көлмөлөрүнө кое берүүгө; - балык чарба үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого; - балык чарбаны өнүктүрүү жана балык чарбалык көлмөлөрдөгү бра-коньерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга активдүү катышкан адам-дарды сыйлоого; - балык чарбаны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-дын материалдык-техникалык базасын чыњдоого. Фондду түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартиби КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 1. 15-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 149-1-статья менен толуктал-сын: 2. "149-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты алуу же сатуу Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан жасалган балык продукцияныжана икраны алуу же сатуу, - балыкты жана андан жасалган продукцияныжана икраны конфискациялоо менен жарандарга - жыйырма, кызмат адамдары-на - отуз эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга кириптер кылат.". 3. 508-статья "149," деген сандан кийин "149-1," деген сан менентолукталсын. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине (Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж., 229-ст.) төмөнкүдөй то-луктоо киргизилсин: 1. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 276-1-статья менен толукталсын: "276-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты алып чыгуу, ташуу, алуу, сатуу (1) Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан жасалган продукцияныжана икраны алып чыгуу, ташуу, алуу же сатуу, эгер бул иштер балыктынөзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнө карата жасалса - беш мињ эсеп-тик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салуу менен, же бир жылга чейинтүзөтүү жумуштары менен же эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу мененайыпталат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө айтылган ошол эле иштер өнөржайлык түрдө, ири өлчөмдө, адамдардын тобу тарабынан мурдатан макулда-шуу боюнча же уюшкан топ тарабынан жасалса, - бештен он мињге чейинкиэсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салуу менен, же эки жылга чейинтүзөтүү жумуштары менен же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу мененайыпталат. Эгер балык продукциянын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакылмыш жасалган учурга карата белгиленген эсептик көрсөткүчтөн мињ эсеашык болсо, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган иш ири өлчөмдө депэсептелет.". 4-статья. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти