Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 7-майы № 208 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2002-жылдын 21-февралындагы Министрлер комитетинин Rеs(2002)3 резолюциясы менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) Уставына кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64, 65-статьяларына ыла-йык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эларалык иштер жана пар-ламенттер аралык кызматташтык комитетинин 2008-жылдын 24-январындагы №5 чечимин көњүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. "2002-жылдын 21-февралындагы Министрлер комитетинин Res(2002)3резолюциясы менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Укук аркылуудемократия үчүн Европалык комиссияга (Венеция комиссиясы) Уставына ко-шулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жактырыл-сын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссияда Кыргыз Рес-публикасынын атынан туруктуу мүчө (көз карандысыз эксперт) катарында -Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы, анын орун баса-ры катарында - Кыргыз Республикасынын юстиция министри аныкталышсын. 4. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. 5. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын17-апрелиндеги Венеция комиссиясынын президентине даректелген катын;Венеция комиссиясынын 2003-жылдын 17-декабрындагы Кыргыз Республикасы-нын тышкы иштер министрине даректелген катын; Кыргыз РеспубликасынынБиринчи вице-премьер-министринин 2004-жылдын 6-февралындагы Венеция ко-миссиясынын Европалык Кењешинин Башкы секретарына даректелген катын;Венеция комиссиясынын 2004-жылдын 27-февралындагы Кыргыз Республикасы-нын Биринчи вице-премьер-министрине даректелген катын: чогуу алганда2004-жылы Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясына мүчөлүккө кирүүсүжөнүндө макулдашууну түзүүчү алмашылган каттарды ратификациялоо туура-луу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинен кайра сурап алынсын. 6. "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалыккомиссияга мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жыл-дын 29-майындагы № 202
токтомунун 1, 3, 4-пункттары күчүн жоготту дептабылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2002-жылдын 21-февралындагы Министрлер комитетинин Res(2002)3 резолюциясы менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) Уставына кошулуусу жөнүндө 1-статья. 2002-жылдын 21-февралындагы Министрлер комитетинин Res(2002)3 ре-золюциясы менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу де-мократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) Уставына ко-шулсун. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Укук аркылуу демок-ратия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) Секретариатынааталган Уставдын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндегижол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам 2004-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Расмий эмес котормо Статут (Устав): (2002)3 Резолюциясы Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын кайра каралган Уставы (2002)3 Резолюциясы Министрлердин Комитети тарабынан 2002-жылдын21-февралында министрлердин орунбасарларынын 784-отурумунда кабыл алын-ган) Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясын түзүү жөнүндө ма-кулдашууга мүчө мамлекеттердин министрлеринин Комитетинен өкүлдөр, Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясын түзүү жөнүндө Ма-кулдашуунун (90) 6 резолюциясына шилтеме жасоо менен, 1992-жылдын декабрындагы министрлердин 484 бис-жолугушуусунда ко-миссиянын түзүмүн Европа Кењешинин Макулдашуусунун бир бөлүгү катарындакелечекте сактап калуу жөнүндө кабыл алынган чечимин эске алуу менен, Жарым-жартылай жана кењири макулдашуу жөнүндө (93) 28 мыйзам чыга-руу Резолюциясын эске алуу менен, Европа Кењешинин мүчөсү эмес көптөгөн мамлекеттердин Комиссиянынишине болгон кызыкчылыктарын колдоо менен жана ушул мамлекеттерге Ко-миссиянын ишине тењ укуктуу шарттарда катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү ниетименен, Иштин көз каранды эмес мүнөзү жана ийкемдүү жолдору анын ийгилиги-нин кепилдиги болуп саналарына жана ушуга кепилдик болушу керектигинеишенүү менен, Тажрыйбага ээ болуш үчүн Комиссия жөнүндө Жобону андан арыөнүктүрүүгө умтулуу менен, Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы ушундан тарта ушулрезолюция кабыл алынгандан кийин күчүнө кире турган тиркелген редакция-дагы жоболор аркылуу жөнгө салына турган кењири макулдашуунун алкагындаиштейт. Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы кайрадан каралган статуту 1-берене. 1. Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы Европа Кењешинемүчө мамлекеттер, ошондой эле кызыкдар мамлекеттер, Европа Кењешинемүчө эмес мамлекеттер жана кызыкдар эл аралык уюмдар жана органдар ме-нен кызматташкан көз каранды эмес консультативдүү орган болуп саналат.Анын ишинин конкреттүү тармагы демократия кызыкчылыгында сунуш кылынганмыйзам аркылуу кепилдениши абзел. Ал төмөнкүдөй милдеттерди аткарат: - Кењешке мүчө мамлекеттердин укуктук тутумдарынын, анын ичинде,ушул тутумдарды демократиялык негиздерге келтирүү максатындатүшүнүшүүнү бекемдөө; - мыйзамдын жана демократиянын улуктугун бекемдөө; - демократиялык институттардын ишин, аларды чыњдоо жана өнүктүрүүпроблемаларын изилдөө. 2. Комиссия төмөнкү иштерге көњүл бурат: а) демократиялык институттардын ишинин кайтарымдуулугун, алардычыњдоону, ошондой эле мыйзамдын улуктугунун принцибин камсыз кылганконституциялык, мыйзам чыгаруучулук жана администрациялык принциптердижана усулдарды; Ь) укуктардын жана эркиндиктердин негиздерин, атап айтканда, жа-рандардын коомдук турмушка катышуусу менен байланышкандарын; с) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык органдардындемократияны өнүктүрүүгө кошкон салымы. 3. Мыйзамдын, адам укугунун жана демократиянын улуктугунун негизгибаалуулуктарын жайылтуу максатында Комиссия ушундай органдарды дүйнөнүнбашка региондорунда түзүүгө көмөктөшөт жана алар менен байланыш түзүшүжана өз иш тармагында биргелешкен программаларды ишке ашырышы мүмкүн. 2-берене. 1. Комитет демократия институттарындагы өз тажрыйбасы жана кызматыбоюнча жогорку кызмат абалын ээлеген же мыйзамдуулуктун жана саясийилимди бекемдөөгө өз салымдарын кошкон көз каранды эмес эксперттердентурат. Комиссиянын мүчөлөрү өз функцияларын өз ыйгарым укуктарынын ал-кагында аткарышы абзел жана башка кандайдыр-бир нускамаларды ала же ка-был ала алышпайт. 2. Комиссияга ар бир мамлекет - кењири макулдашуунун мүчөсү бирмүчө жана анын бир орунбасарын сунуш кылынат. Мүчө жана анын орунбасарымүчө-мамлекет тарабынан дайындалат жана ушул берененин биринчи пунктуталап кылгандай жетиштүү квалификацияга ээ, ошондой эле комиссиядаиштөөгө жөндөмдүүлүгү жана мүмкүнчүлүгү болушу абзел. 3. Комитеттин мүчөлөрү төрт жылдык мөөнөткө шайланышат жана кайра-дан шайланышы мүмкүн. Комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарынынмөөнөтүндө эгерде алар отставкага кетүүгө арыз жазышкан же Комиссия өзфункциясын аткара албайт же квалификациялуу эмес деп тапкан учурлардагана башкалар менен алмаштырылышы мүмкүн. 4. Министрлер Комитетинин мүчөлөрү, Парламенттик ассамблеянын, Ев-ропанын жергиликтүү жана региондук бийликтеринин Конгресси жана ГиунтаВенето региону Комиссиянын ишинин жыйындарына катыша алышат. 5. Министрлердин комитети Европа Кењешинин Уставынын 20.d берене-синде каралган көпчүлүк добуш менен Европа Кењешине мүчө эмес кайсымамлекет болбосун кењири макулдашууга кошулуу үчүн чакыра алат. ЕвропаКењешине мүчө эмес мамлекеттер тарабынан дайындалган мүчөлөр ЕвропаКењешинин уставдык органдары тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча до-буш берүү укуктарына ээ эмес. 6. Европа кызматташтыгы Комиссиянын ишине катышууга укуктуу. Алминистрлер Комитети менен макулдашылган жол-жоболорго ылайык Комиссия-нын мүчөсү боло алат. 7. Министрлердин комитети Европа Кењешинин Уставынын 20.d берене-синде каралган көпчүлүк добуш менен эл аралык уюмдарга же органдаргаанын ишине катышууга сунуш кылууга ыйгарым укуктуу. 8. Мурда Комиссиянын ишине ассоцияланган мүчө же байкоочу катарын-да катышууга ыйгарым укуктуу болгон кайсы мамлекет болбосун Комиссияда-гы ишин анын мүчөсү катары кошулганга чейин уланта алат. Байкоочуларкомиссиянын ишинин күн тартибине коюлган маселелерге жараша сессияларгакатышуу үчүн чакырылат. Эрежелер тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүү мененассоцияланган мүчөлөргө жана байкоочуларга карата колдонулат. 3-берене. 1. Европа Кењешинин ыйгарым укуктуу органдары үчүн зыянын тийгиз-бестен туруп Комиссия өз демилгеси боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшү мүмкүнжана зарыл учурда жетектөө принциптеринин, мыйзамдардын жана эл аралыккелишимдердин долбоорлорун даярдашы мүмкүн. Комиссиянын кандай сунушуболбосун Европа Кењешинин уставдык органдары тарабынан талкууланышы жа-на кабыл алынышы мүмкүн. 2. Комиссия өз мандатынын алкагында Министрлер комитети, Парла-менттер ассамблеясы, Европанын жергиликтүү жана региондук бийликтерининконгресси, Генералдык катчысы же мамлекет же эл аралык уюм же Комиссия-нын ишине катышкан орган тарабынан суралган сурам боюнча корутунду береалат. Эгерде мамлекет тарабынан суралган корутунду башка мамлекеттинмаселеси болсо Комиссия ушуга тиешеси бар мамлекетти кабардар кылат жа-на кароо процесси эки мамлекет ал маселени министрлер Комитетинде коюу-га макулдашканга чейин эле башталышы абзел. 3. Кењири макулдашуунун мүчөсү болуп саналбаган кайсы мамлекетболбосун министрлердин Комитетине өтүнүч менен кайрылуу менен Комиссия-нын ишинин пайдалуу жактарын үйрөнө алат. 4. Комиссия конституциялык соттор жана эквиваленттүү юрисдикциянынсоттору менен эки тараптык негизде жана ушул соттордун атынан чыкканассоциациянын алкагында кызматташа алат. Ушул кызматташтыкка көмөктөшүүмаксатында Комиссия конституциялык адилеттүүлүк маселелери боюнча анынмүчөлөрүнөн жана кызматташкан соттордун жана ассоциациялардынөкүлдөрүнөн турган бириккен Кењешти түзүшү мүмкүн. 5. Мындан тышкары Комиссия окутуу жана изилдөө институттары жанаборборлору менен байланыш түзө алат. 4-берене. 1. Комиссия өз мүчөлөрүнүн эсебинен курамына Төрага, төраганын үчорунбасары жана төрт башка мүчөсү кирген Президиумду шайлайт. Төрага-нын, төраганын үч орунбасарынын жана Президиумдун төрт башка мүчөсүнүныйгарым укуктарынын мөөнөтү эки жылды түзөт. Төрага, төраганын үч орун-басары жана Президиумдун мүчөлөрү кайрадан шайланышы мүмкүн. 2. Төрага Комиссиянын ишин жетектейт жана анын атынан чыгат. Төра-ганын бир орунбасары Төрага өзүнүн ордунда боло албаган учурда аны ал-маштырат. 3. Комиссия өзүнүн отурумуна эреже катары жылына төрт жолу чогу-лат. Анын бөлүмдөрү зарылдыкка жараша чогулушу мүмкүн. 4. Комиссия өзүнүн ишинин жол-жобосун жана ыкмасын жол-жоболоргоылайык жүргүзөт жана өз иши жөнүндө чечим кабыл алат. Комиссиянын жу-мушчу тили болуп француз жана англис тилдери эсептелет. 5-берене. 1. Комиссия зарыл деп тапкан учурларда ал консультанттардын жарда-мынан пайдаланат. 2. Комиссия ошондой эле угууларды өткөрө жана анын ишине катышуугаиндивидуалдуу негизде Комиссиянын ыйгарым укуктарынын алкагында аракет-тенген жана өз максаттарына жетишүүдө жардам кылууга жөндөмдүү квалифи-кациялуу адисти же өкмөттүк эмес уюмду чакыра алат. 6-берене. 1. Иштөө программасын аткаруу менен байланышкан чыгымдар жана кат-чылыктын негизги чыгымдары кењири Макулдашууга мүчө мамлекеттер тарабы-нан каржыланган бюджеттин эсебинен жабылат жана Европа Кењешинин кењириМакулдашуусунун бюджети үчүн каралган каржы эрежелери аркылуутөмөнкүлөрдү эске алуу менен жөнгө салынат: - Европа Кењешинин кењири Макулдашуусунун мүчөсү эмес мамлекеттер-дин салымы алардын төгүмдөрүнүн үчтөн бирин түзөт, Европа Кењешине мүчөмамлекеттердин эрежелерине ылайык эсептелет; Арийне аталган сумма иритөлөөчүлөрдүн салымынын үчтөн биринен ашпоосу абзел; - Комиссия Европа Кењешине мүчө болбогон кењири Макулдашууга мүчөмамлекеттер менен консультациялар өткөргөндөн кийин жылдык бюджеттиндолбоорун Министрлердин Комитетине кабыл алуу үчүн сунуш кыла алат. 2. Мындан тышкары Комиссия ыктыярдуу төгүмдөрдү кабыл алышымүмкүн. Алар Европа Кењешинин каржы жөнүндө жобосунун 4.2-беренесинеылайык ачылган атайын эсепке которулат. Башка ыктыярдуу төгүмдөр конк-реттүү изилдөөлөргө сарпталышы мүмкүн. 3. Венето региону Комиссиянын карамагына штаб-квартираны акысызберет. Жергиликтүү катчылык жана Комиссиянын штаб-квартирасын эксплуа-тациялоо менен байланышкан чыгымдарды Венето региону жана Италия өкмөтүэкөө өз ара макулдашылган шарттарда көтөрөт. 4. Транспорт чыгымдарын жана Комиссиянын ар бир мүчөсүнө күнүмдүкмуктаждык үчүн чыгымдарды аларды жиберген мамлекеттер көтөрөт. ЭгердеКомиссия өзүнүн мүчөлөрүнө конкреттүү миссия тапшырса, чыгымдар Комис-сиянын бюджетинин эсебинен жабылат. 7-берене. 1.1. Комиссия жылына бир жолу министрлердин Комитетине өзүнүн ат-карган жана аткара турган иши жөнүндө баяндама берүүгө тийиш. 8-берене. 1.1. Комиссия өзүнүн штаб-квартирасына италиялык бийликтер тарабы-нан жөнөтүлгөн кызматкерлер менен байланышта болгон Европа КењешининГенералдык катчысына жардамдашат. 2. Комиссияга италиялык бийликтер тарабынан жөнөтүлгөн адамдар Ев-ропа Кењешинин персоналына кирбейт. 3. Комиссия жайгашкан жер болуп Венеция эсептелет. 9-берене. 1. Министрлер комитети Комиссия менен консультация жүргүзгөндөнкийин Европа Кењешинин Уставынын 20.d беренесинде каралган көпчүлүк до-буш менен ушул Уставга түзөтүүлөр киргизиши мүмкүн. 2. Комиссия министрлердин Комитетинин ушул Статусуна түзөтүүлөрдүкиргизүүнү сунуштайт, Комитет ушул туурасында чечимди көпчүлүк добушменен кабыл алат.