Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы N 588 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 8-майы № 210 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Жер казынасын пайдалануу маселелерин мамлекеттик жөнгө салуунуөркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооружактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул Мыйзам дол-боорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Жер казынасы жөнүндө I бөлүм. Жалпы жоболор II бөлүм. Жер казынасына менчик укугу жана жер казынасын пайдалануудапы ыйгарым укуктар III бөлүм. Жер казынасынын участокторун пайдаланууга берүү IV бөлүм. Жер казынасын пайдалануучулар менен жердин укуктуу ээлеринин ортосундагы мамилелер V бөлүм. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик жөнгө салуу VI бөлүм. Жер казынасын пайдалануучу объектилерди мамлекеттик эсепке алуу жана пайдалуу кендердин корлорун мамлекеттик экспертизалоо VII бөлүм. Мамлекеттик геологиялык фонд VIII бөлүм. Жер казынасын пайдалануудагы салыктар жана төлөмдөр IX бөлүм. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш- тартыштарды чечүү жана жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик X бөлүм. Корутунду жоболор Жер казынасы топурак кыртышынан жана көлмөлөрдүн түбүнөн төмөнжаткан, геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн мүмкүн болгон те-рењдикке чейин созулган жер катмарынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын изилдөө,пайдалануу жана коргоо процесстеринде пайда болгон мамилелерди жөнгөсалат. Мыйзам жер казынасын комплекстүү, сарамжалдуу пайдалануунун жанакоргоонун укуктук жана экономикалык негиздерин камтыйт, мамлекеттин жа-на Кыргыз Республикасынын жарандарынын таламдарын, ошондой эле жер ка-зынасын пайдалануучулардын укуктарын коргоону камсыз кылат. I бөлүм. Жалпы жоболор 1-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы (мындан ары- Мыйзам) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер казынасын пайдалануутартибине байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жер казынасын пайдалану-удагы негиздерди жана шарттарды, ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарымукуктарын, жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын пайдаланууда-гы укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Жер казынасын концессия боюнча пайдаланууга берүүдө келип чыгуучумамилелер жана продукциялар бөлүмү жөнүндө макулдашуулар Кыргыз Респуб-ликасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жер казынасын пайдаланууда келип чыгуучу жер, суу, токой мамилеле-ри, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелер, ишкердиктин түрлөрү жанажер казынасын пайдаланууда келип чыгуучу башка мамилелер ушул Мыйзамдынчегинде жөнгө салынбаса Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдык акты-лары менен жөнгө салынат. 2-берене. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук негиздер Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди КыргызРеспубликасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынынбашка нормативдик укуктук актылары түзөт. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча ушул Мыйзамдын ченемде-ри менен Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынынченемдеринин ортосунда карама-каршылыктар пайда болсо ушул Мыйзамдынченемдери колдонулат. 3-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Баланстык корлор - мамлекеттик баланска коюлган минералдык сырь-енун корлору. Бонус - пайдалуу кен чыкчу жерлерди иштетүү максатында аны пайда-лануу укугун бергендиги үчүн жер казынасынын ресурстарынын ээсине (мам-лекетке) бир жолку төлөнүүчү төлөм. Өз калыбына келүүчү пайдалуу кендер чыккан жерлер - өзөндөрдүннуктарында учурдагы суу агымдары менен, аларды колдонуп жатканына кара-бастан, өз калыбына келип туруучу кум жана кум-шагыл чыккан жерлер. Жер укугунун ээлери - Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарындааныкталган жер участогун бөлүп берүү укугу ыйгарылган органдар, ошондойэле жер участокторунун ээлери. Ылгап иштетүү - жер казынасынан минералдык сырьенун кыйла өнүмдүүкорлорун техникалык долбоордун нормаларын бузуу менен жер казынасындакалган корлордун өнөр жайлык баалуулугун жоготуп ылгап казып алуу. Геологиялык корлор - экономикалык баа албаган минералдык сырьенунчалгындалган запастары. Геологиялык маалымат ресурстары - геологиялык жана жер казынасыжөнүндө геологиялык фонддордогу бөлөк маалыматтарды жана жер казынасыжөнүндө башка маалыматтарды камтыган, ошондой эле аларды пайдалануу ме-нен түзүлгөн маалыматтык продуктылардын айрым документтери жана доку-менттердин топтому. Жер казынасын геологиялык изилдөө - пайдалуу кен чыккан жерлердигеологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо этаптарын кошо алгандаизилдөөнүн, алардын корлорундагы минералдык сырьелордун санын жана са-патын экономикалык баалоо менен аныктоонун, ошондой эле жер казынасынынгеологиялык түзүлүшүн изилдөөнүн же айрым геологиялык пайда болуулардынпайдалуу кендер чыккан жерлерди түздөн-түз иштетүү менен байланышпаганизилдөө иштеринин комплекси." Геологиялык издөө иштери (пайдалуу кен чыкчу жерлерди издөө) -пайдалуу кен чыкчу жерлерди табуудагы аймактык жана толук, ошондой элеиздөө-баалоо стадияларын камтуучу, алардын божомолдуу ресурсун баалоожана ал жерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн ылайыктуулугунабагытталган геологиялык изилдөөлөр комплекси. Геологиялык чалгындоо иштери (пайдалуу кен чыккан жерлерди геоло-гиялык чалгындоо) - пайдалуу кен чыккан жерлерди алдын ала жана толукчалгындоо стадияларын камтуучу, кен чыккан жерлерди толук изилдөөнү жа-на пайдалуу кендердин корлорун эсептөө менен геологиялык, тоо-кен-тех-никалык жана башка иштетүүнүн шарттарын, анын технологиялык касиетте-рин, минералдык сырьенун сапатын аныктоо менен өнөр жайлык өздөштүрүүгөдаярдыгын камсыз кылуучу геологиялык изилдөөлөр комплекси. Геологиялык бөлүк - пайдалуу кендер чыккан жерлерди чалгындоо жеиздөө үчүн берилүүчү жана графикалык документтерде анын бурчтарынын че-киттери тик бурчтуу координаталарда тартылуучу жер казынасынын бөлүгү. Тоо-кен бөлүгү - пайдалуу кендер чыккан жерлерди өнөр жайлык иш-тетүү үчүн жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпа-ган объекттерди жер астында жайгаштыруу үчүн берилүүчү жана графикалыкдокументтерде анын бурчтарынын чекиттери тик бурчтуу үч өлчөмдүү коор-динаталарда тартылуучу жер казынасынын бөлүгү. Тоо-кен мүлкү - тоо-кен бөлүгүнүн чектеринде жайгашкан кен чыкканжерлерден бөлүп алгыс, анын ичинде тоо-кен иштеп чыгуулар, скважиналар,технологиялык кирүүчү жолдор, өнөр-жайлык аянтчалар, кендер жана кентектери кампалары ж.б., тоо-кендерин казып чыгаруучу ишканалардын өзалдынча мүлкү. Баланстагы эмес (потенциалдык экономикалык) корлор - учурдагынарктын жана техникалык жетишилген дењгээлде жер казынасынан чыгаруужана товардык продукцияга кайра иштетүү жер казынасын пайдалануучуларүчүн экономикалык жактан максатка ылайыксыз, бирок баанын жогорулашыменен жањы технологияларды пайдалануу же өркүндөтүү менен баланстык(экономикалык) корлор категориясына өтүшү мүмкүн болгон минералдыксырьенун корлору. Жер бөлүгү - жер казынасын пайдалануучуларга геологиялык чалгындоожана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн берилген жана графикалык документтердеанын бурчтарынын чекиттери тик бурчтуу координаталарда тартылуучу жер-дин үстүнкү катмарынын бөлүгү. Консервация - негизги тоо казмаларын жана курулуштарды эксплуата-циялоо абалына келтирүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен, зарылчылык болгон-до, тоо-кен жана аны менен байланышкан иштердин убактылуу токтотулушу. Лицензиат - жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ээси. Лицензиар (лицензия берүүчү орган) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжер казынасын пайдаланууга лицензияларды берүү укугун берген жер казы-насын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Жер казынасын пайдаланууга лицензия - ушул Мыйзамга ылайык жер ка-зынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынанберилген жер казынасынын бөлүгүн пайдаланууга укук берүүчү документ. Лицензиялык аянт - лицензиаттын жер казынасын пайдалануу укугу жа-йылтылган тик бурчтуу координаталар менен белгиленген аймак. Лицензиялык объект - пайдалуу кендер чыккан жерлер орун алган жай-ларына же пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындажайгашкан объекттерге туура келген, анын бурчтарынын чекиттери тикбурчтуу координаталарда белгиленген аймак. Лицензиялык жыйымдар - лицензияга ээ болуу мөөнөтүнө (жылына), жерказынасын өздөштүрүү стадиясына жана лицензиялык объекттин аянтына жа-раша жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасын пайдалануугалицензияга ээлик кылгандыгы үчүн (лицензияны кармоо) жыл сайынтөлөнүүчү акы. Жер казынасын пайдаланууга лицензиялык макулдашуу - лицензиардынжана лицензиаттын ортосунда жер казынасын пайдалануунун шарттарыжөнүндөгү, анын жер казынасындагы бөлүктөрдөгү пайдалуу кендердин эсеп-ке алынган корлорунун саны жана сапаты жөнүндө маалыматтар, пайдалуукендерди казуунун эсебинин көлөмү, жер казынасындагы кендерди пайдала-нуу үчүн салыктардын төлөнүшү, лицензиялык жыйымдар жана жаратылышчөйрөсүнүн коопсуздугу жана коргоо боюнча иш-чараларды камтыган кели-шим. Лицензиялык макулдашуу жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ажы-рагыс бөлүгү болуп эсептелет. Тоо-кен казмаларын, скважиналарды жана башка жер астындагы курулу-маларды жоюу - имараттардын жана курулумалардын сакталышын, курчап тур-ган жаратылыш чөйрөсүн коргоону, калктын саламаттыгынын жана жашоосунункоопсуздугун камсыз кылуучу жана жер астындагы, үстүндөгү тоо-кен каз-маларын андан ары колдонуу мүмкүнчүлүгүн алып салуучу чараларды мил-деттүү түрдө иш жүзүнө ашырууга багытталган иш-чаралардын комплекси. Пайдалуу кендер чыккан жерлер (кен чыккан жерлер) - геологиялыкжактан изилденген жана экономикалык жактан бааланган жер казынасындагыминералдык түзүлүштөрдүн табигый чогундулары, анын ичинде өнөр жайлыктехнологиялардын жетишкен дењгээлинде жана учурдагы бааларда өздөштүрүүэкономикалык максатка ылайыктуу болгон жер астындагы суулар. Жергиликтүү маанидеги кен чыккан жерлер - жакын жайгашкан жерги-ликтүү керектөөчүлөрдүн гана керектөөсүн камсыз кыла алган жалпы тара-ган пайдалуу кендер чыккан жерлер. Жер казынасынын бүтүндүгүнүн бузуу - жер үстүндө жана астындатоо-кен казмаларынын өткөөлү. Жер казынасы - топурак катмарынын бетинен же төмөнкү чегинен тар-тып, көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүнөн тартып жердин борборуначейинки пайдалуу кендерди жана жылуулук ресурстарды камтыган жер катма-рынын бөлүгү. Жер казынасын пайдалануу - пайдалуу кендерди геологиялык издөө,чалгындоо жана казып алуу, ошондой эле пайдалуу кендерди казуу мененбайланышпаган курулумаларды куруу жана эксплуатациялоо (нефть, газ жанабашка заттарды жана материалдарды сактоо үчүн, зыяндуу заттарды көмүүжана башка муктаждыктар үчүн). Жалпы таралган пайдалуу кендер - курулуш иштери жана курулуш мате-риалдарын өндүрүү үчүн колдонулуучу бузулган же табигый абалындагыкењири таралган минералдар жана тоо-тектер. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу объектилери -Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн маанилүү болгон кен чыккан жер-лер же пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган жер казынасынын баш-ка объектилери. Жер казынасын коргоо - пайдалуу кендерди жер казынасынан максимал-дуу, экономикалык рентабелдүү казып алууну, ошондой эле минералдыксырьелорду иштетүүдө пайдалуу компоненттерди алууну камсыз кылуу боюнчачаралардын комплекси. Пайдалуу кендер - жер казынасындагы химиялык курамы жана физикалыккасиети аларды материалдык өндүрүү чөйрөсүндө пайдаланууга мүмкүндүкберген жана табигый түрдө же аларды кайра иштетүүдөн кийин керектелүүчүтабигый минералдык түзүлүштөр, анын ичинде көмүртек менен суутектин ко-шундулары жана жер астындагы суулар. Пайдалуу кендер байкалган жерлер (кен көрүнгөн жерлер) - геология-лык жана экономикалык так бааны албаган жер казынасындагы, жер астында-гы сууларды да кошо алганда, минералдык түзүлүштөрдүн табигый топтолу-шу. Жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу токтотуу - тоо-кен каз-маларынын сакталышын, курулуштардын. курулмалардын жана жабдуулардынадамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз, бузулбаган абалда кармалышынкамсыз кылуу боюнча иштерден сырткары жер казынасындагы кендерди пайда-лануудагы негизги өндүрүштү жана аны менен байланышкан көмөкчү иштердиубактылуу токтотууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан протоколже көрсөтмө түрүндө таризделген жер казынасындагы кендерди пайдалануубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук чечими. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) - прото-кол менен таризделген жер казынасындагы кендерди пайдалануу боюнча ый-гарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук чечими. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуукендерди казып алуу боюнча процесстердин комплекси. Табигый түрүнөн өзгөртүү - казып алууда тектердин кошулуусунунэсебинен пайдалуу кендин сапатынын төмөндөшү. Роялти - жер казынасын пайдалануучулар тарабынан казылып алынганжана иштетилген пайдалуу кендер үчүн дайыма төлөнүп туруучу төлөмдөр. Нормативден ашык коромжулуктар - техникалак-экономикалык негизде-мелерде же техникалык долбоорлордо каралган регламенттердин жана/жетехнологиялардын бузулушу менен пайдалуу кендерди казып алуудагы жекайра иштетүүдөгү долбоордон ашык коромжолуктар. Сервитут - чектеш же чектеш эмес жер, тоо-кен жана/же геологиялыкбөлүктөргө мүмкүндүк алуу укугу жана/же анын чектелиши, ал тараптардынмакулдугу боюнча чечиле тургандай (эркин) "макулдашуучу", же жер казы-насын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусуменен же сот тартибинде чечиле тургандай "аргасыз" (административдик)болушу мүмкүн. Техногендик түзүлүштөр - пайдалуу кендерди казып алуудагы же кайраиштетүүдөгү калдыктар. Техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - пайдалуу кен чыккан жер-ди өздөштүрүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныкташ үчүн тех-никалык-экономикалык эсептөөлөр. Техникалык долбоор - жер казынасындагы пайдалуу кендер чыккан жер-лерди иштетүү же геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүүнү натыйжа-луу камсыз кылуучу эсептөөлөрдү, чиймелерди, макеттерди, сметаларды,түшүндүрмө каттарды жана башка материалдарды камтыган толук аналитика-лык жана графикалык документтердин комплекти. Үчүнчү жактар - лицензиаттан жана лицензиярдан айырмаланган ээликкылуучу субъекттер катары ар кандай жактар. Форс-мажор - өзүнө алган милдеттенмелердин тиешелүү аткарылышынатүздөн-түз кедерги болгон, мүмкүн болушунча жасалган ар түрдүү аракет-терге карабастан, каршы тура алгыс ар кандай жагдай, кырдаал же шарт.Аларга төмөндөгүлөр таандык: аскер чыр-чатактары, жаратылыш катастрофа-лары, жаратылыш кырсыктары жана/же атайын ыйгарым укуктуу орган тарабы-нан форс-мажордук катары таанылган башка жагдайлар. Экономикалык корлор - учурдагы нарктын жана техникалык жетишилгендењгээлде жер казынасынан казып алуу жана товардык продукцияга кайраиштетүү жер казынасын пайдалануулар үчүн экономикалык жактан максаткаылайыктуу болгон мамлекеттик баланска коюлган минералдык сырьенун кор-лору. II бөлум. Жер казынасына менчик укугу жана жер казынасын пайдалануудагы ыйгарым укуктар 4-берене. Жер казынасына менчик укугу Жер, анын казынасы, аба мейкиндиги, суулар, токойлор, өсүмдүк жанажаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынынменчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоосунун жанаиш-аракетинин негизи катары колдонулат жана мамлекет тарабынан өзгөчөкорголууга ээ. Ошондой эле жер жана башка жаратылыш ресурстары жеке, муниципалдыкжана менчиктин башка формаларында болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынын чектериндеги бардыкжер казынасы пайдаланылган жана пайдаланылбаган бөлүктөр менен биригипМамлекеттик жер казына фондун түзөт. Жер казынасынын участкалары ишкерсубъектилерге мөөнөттүү пайдалануу укугун берүү жолу менен берилишимүмкүн. Жер казынасынын участкаларын пайдалануу укуктары, ушул Мыйзамдабелгиленген тартипте, жер казынасынын участогуна укук (жер казынасынпайдаланууга лицензия) берилгенден баштап пайда болот. 5-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењеши ушул Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алат, жер казы-насын пайдалануу жана коргоо боюнча Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн от-четторун угат жана иш-аракетине баа берет. 6-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жер казына фондун ыйга-рым укуктуу жана башка мамлекеттик органдар аркылуу тескейт жана башка-рат: 1) жер казынасын изилдөөдө жана өздөштүрүүдө мамлекеттик саясаттыиштеп чыгуу жана иш жүзөгө ашыруу; 2) жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун жана жер ка-зынасын пайдалануудагы кесиптик иш-аракеттердин мамлекеттик системасынуюштуруу, лицензиялоо шарттарынын аткарылышын жана жер казынасы жөнүндөмыйзамдуулуктун сакталышын контролдоо; 3) жер казынасын пайдаланууда салык салуу системаларын өркүндөтүү; 4) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жер-лерди иштетүү үчүн инвестицияларды тартуу; 5) жер казынасын изилденген абалын, пайдалуу кендердин эсепкеалынган корлорунун колдонулушун жана кыймылын эсепке алуу; 6) жер казынасындагы кендерди өнөр жайлык өздөштүрүүдө жана геоло-гиялык изилдөөдө жер казынасын пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөөжана контролдоо; 7) геологиялык изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүнүн жыйынтыгы боюнча,аларды каржылоо булактарына карабастан, жер казынасы жөнүндөгү геологи-ялык жана бөлөк маалыматтардын Мамлекеттик фондун түзүү жана колдоогоалуу, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын эсебинен алынган маалымат-тарды тескөө жана жайылтуу; 8) геологиялык жана тоо-кен долбоорлорунун жер казынасы жөнүндөмыйзамдуулукка, экологиялык жана техникалык коопсуздук ченемдерге, жерказынасынын пайдаланылышына жана корголушуна ылайык келишине экспертизакылуу; 9) жер казынасын пайдаланууда техникалык коопсуздуктун камсыздалы-шын көзөмөлдөө; 10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жерказынасын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү; 11) жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-тартыштардысоттон сырткары чечүү; 12) пайдалуу кендердин корлорун, жер казынасын изилдөө жана мони-торинг жүргүзүү боюнча долборлоо-эсептөө документтерин мамлекеттик экс-пертизалоо, пайдалуу кендердин корлорун бекитүү; 13) кетирилген чыгымдардын көлөмүн, жер казынасы жөнүндөгү геоло-гиялык маалыматтарды алуунун тартибин жана наркын аныктоо. 7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Жер казынасын пайдалануу мамилелерин жөнгө салуу боюнча жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1) жер казынасын геологиялык изилдөө максатында аларга тиешелүүаймактарда иш жүргүзүүнү жазуу түрүндө макулдашуу; 2) жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин лицензияда жаналицензиялык келишимде белгиленген чектерге жана мөөнөттөргө жер казына-сын пайдалануу участокторуна жерди убактылуу пайдалануу укугун берүү; 3) контролдонуучу аймактарда иштеген жер казынасын пайдалануучу-ларды каттоого алуу; 4) минералдык-сырье базаларын колдонуунун, өнүктүрүүнүн жана кайтаөндүрүүнүн аймактык программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; 5) жер казынасынын пайдаланылышын жана корголушун, пайдалуу кенчыккан жерлерди геологиялык изилдөөдө жана иштетүүдө коопсуздуктун кам-сыздалышын текшерүү; 6) жер казынасынын участокторун пайдаланууга, эгерде бул пайдала-нуу адамдардын саламаттыгына жана жашоосуна коркунуч туудурса, чарбакеробъекттерге же курчап турган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болсо,чектөөлөрдү киргизүү; 7) жер казынасынын пайдаланууда контролдонуучу аймактарда жардырууиштеринин жүргүзүү процессин макулдашуу; 8) лицензия ээлеринин лицензиялык аянтка эркин кирүүсүн камсыздоо; 9) пайдалуу кендерди мыйзамсыз (өз алдынча) казып алууну токтотуу; 10) тоо-кен казмаларынын жоюлушуна жана лицензиялык объекттердирекультивациялоого байкоо жүргүзүү; 11) өндүрүштү консервациялоо же жоюу жөнүндөгү актыга кол коюугакатышуу; 12) контролдонуучу аймактарда жайгашкан жер казынасын пайдаланууобъектилери боюнча аукциондорду жана конкурстарды өткөрүүгө катышуу; 13) өз алдынча алтын чайкоочулардын ишмердигин жөнгө салуу. III бөлүм. Жер казынасынын участокторун пайдаланууга берүү 8-берене. Жер казынасын пайдаланууга берүүнүн шарттары Жер казынасы пайдаланууга конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү,ошондой эле түз сүйлөшүүлөр аркылуу кадимки салык режиминин шарттарын-да, концессия шарттарында же продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө келишимшарттарында лицензия түрүндөгү атайын уруксаттарды берүү менен берилет. Кадимки салык режиминин шарттары деп Кыргыз Республикасынын салыкмыйзамдары боюнча салык салуу системасы эсептелет. Концессия шарттары "Концессиялар жана Кыргызстан Республикасындагыконцессиялык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыканыкталат, ага байланыштуу жер казынасын пайдалануучу (инвестор) өзүнүниш-аракетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жер казынасын пайдалануубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен концессиялык келишимдиннегизинде жүргүзөт. Концессиялык келишимде аныкталгандай концессиялыктөлөөлөрдүн суммасы бюджетке төлөнүүчү салыктардан жана башка милдеттүүтөлөмдөрдүн суммасынан кем болбоого тийиш. Продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө келишим шарттары "Жер казынасынпайдаланууда продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык аныкталат, ага байланыштуу жер казынасын пайдалануучу(инвестор) өзүнүн иш-аракетин продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндөгү кели-шимдин негизинде жүргүзөт. Продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндөгү келишим-де аныкталгандай Кыргыз Республикасынын пайдасына берилүүчү продукция-нын көлөмү бюджетке төлөнүлүүчү салыктардан жана башка милдеттүүтөлөмдөрдүн суммасынан кем болбоого тийиш. Конкурстар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен изилден-ген жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасындагы пайдалуу объектилерибоюнча өткөрүлөт. Конкурстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимибоюнча жарыяланат жана өткөрүлөт. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чык-кан жерлердин (объектилердин) тизмеси жер казынасын пайдалануу боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жыл сайын КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Конкурстун шарттары жана анын жењүүчүсүн аныктоо Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү тарабынан ар бир объект боюнча атайын дайындалган кон-курстук комиссия менен аныкталат. Конкурстун жењүүчүсүн аныктоо жөнүндөчечим анын шарттарына ылайык Өкмөттүк конкурстук комиссиянынмүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилүүчү протокол менен таризделет. Эгерде жер казынасынын участогун пайдаланууга жарыяланган конкурсбир гана катышуучудан арыз түшкөнүнө байланыштуу эки жолу өткөн жок дептабылса жер казынасынын участогун пайдалануу лицензиясы ушул катышуучу-га жарыяланган конкурстун шарттары менен берилиши мүмкүн. Аукциондор жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасындагы пайдалууобъектилерден сырткары корлору мамлекеттин балансынын эсебине алынганкен чыккан жерлер боюнча өткөрүлөт. Аукциондор жер казынасын пайдалануубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан такай кулактандыры-лат жана өткөрүлөт. Баштапкы баа мамлекеттин кен чыккан жерди чалгындо-ого кетирген чыгымдарга түзөтүү коэффициенттерин колдонуунун натыйжа-сында аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.Аукциондо талап кылынбаган кен чыккан жана табылган жерлер жер казына-сын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими мененжер казынасын пайдалануучуларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу берилишимүмкүн. Түз сүйлөшүүлөр аукционго чыгарылбай турган жана жалпы мамлекеттикмаанидеги объектилерден бөлөк бардык башка объектилер боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан талапкерлердин арыздарынын келиптүшүү тартибине жараша арыз ээси менен лицензиялоо шарттарын талкуулоожана макулдашуу аркылуу ишке ашырылат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары түзсүйлөшүүлөрдүн протоколу менен таризделет. Тараптардын колдору коюлганпротокол лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат. 9-берене. Арызды кароонун жана лицензия берүүнүн тартиби Кадимки салык режиминин шарттарында жер казынасын пайдаланууга ли-цензия алуу үчүн арыз ээсинин реквизиттерин, жер казынасын пайдаланууобъектисинин жайгашкан жерин, жер казынасынын участогун пайдалануунунмаксатын жана ишкананын пландаштырылган өндүрүштүк кубаттуулугункөрсөткөн арыз мамлекеттик же расмий тилде жер казынасындагы кендердипайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет (казыпалуу арызында). Арызга төмөндөгүлөр тиркелет: - юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (ус-тавы жана уюштуруу келишими); - юридикалык жана/же жеке жактарды мамлекеттик каттоо тууралуукүбөлүктүн көчүрмөсү; - жер казынасын өздөштүрүү стадияларына (издөө, чалгындоо жанапайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү)жараша ириленген техникалык-эконо-микалык эсептөө менен жер казынасын пайдаланууну көрсөткөн мөөнөткө ли-цензиялануучу объектти өздөштүрүү программасы; - жер казынасынын участогун өздөштүрүүнүн берилген программасынаылайык каржы ресурстарынын болушу жөнүндө тастыктоочу документ; Жер астындагы сууларды колдонууга лицензия алуу үчүн кошумчатөмөндөгүлөр көрсөтүлөт: - скважинаны эксплуатациялоонун технологиялык схемасы; - сууну куюштуруу (тузсуз же минералдык) жана бальнеологиялык да-рылоону (термоминералдык) уюштуруу үчүн колдонгон учурларда - саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу. Документтердин толук комплекти көрсөтүлбөсө арыз кабыл алынбайт. Жер казынасын пайдалануу укугун алууга арыз жана анда көрсөтүлгөнматериалдар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан 30 күнгө чейинки мөнөттө каралат. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн же конкурска жана аукци-онго катышуудан баш тартуу төмөнкү учурларда берилиши мүмкүн, эгердеарыз ээси: - өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берсе; - жер казынасынын участогун техникалык, экологиялык коопсуз жанасарамжалдуу өздөштүрүү үчүн зарыл болгон каржылык же инвестициялык ре-сурстарга ээ болбосо; - эгер көрсөтүлгөн участокко мурда лицензия берилген болсо. Жер казынасынын пайдаланууга лицензия берүү жана лицензиар мененжер казынасын пайдалануусу бардык шарттарда (кадимки салык режим, кон-цессия же продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө келишим) жер казынасын пай-далануу укугу бар лицензиаттын ортосундагы лицензиялык келишимдин кору-тундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын чечиминин негизинде жеаукциондун же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жер казынасын пай-далануу боюнча ыйгарымдуу укуктуу мамлекеттик органдын протоколу мененберилет. Лицензиялык келишим менен макулдашылган мөөнөттө лицензиат жер ка-зынасын пайдалануу боюнча ыйгарымдуу укуктуу мамлекеттик органга жерказынасын коргоо жана техникалык, экологиялык коопсуздук боюнча экспер-тизасы менен жер казынасындагы участокторду өздөштүрүүнүн техникалыкдолбоорун, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияүчүн жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү же пайдалуукен чыккан жерлерди чалгындоого жана издөөгө лицензия үчүн иштердижүргүзүүгө жердин укуктуу ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугун көрсөтөт. Техникалык долбоорду эксперттик органдар жактырган учурда жана жеручастогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктүн же жердин укуктуу ээ-синин геологиялык иштерди жүргүзүүгө жазуу түрүндөгү макулдугу бар бол-со, лицензиат менен лицензиардын ортосунда жер казынасын пайдалануугакезектеги лицензиялык келишим түзүлөт. Кезектеги лицензиалык келишимгетараптар кол койгондон кийин мурункусу өзүнүн күчүн жоготот. Жер казынасынын бүтүндүгүн бузууга байланышкан иштерге техникалыкдолбоор макулдашылганга жана иш жүргүзүү үчүн кезектеги лицензиялык ке-лишимге кол коюлганга чейин тыюу салынат. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик лицензиялоонун бардык сис-темалары жана механизми ушул Мыйзамдын нормаларына ылайык иштелип чык-кан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ата-йын Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободокењири айтылган. 10-берене. Жер казынасын пайдалануучулар Жер казынасын пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын юридикалык,жеке жактары жана Кыргыз Республикасынын резиденттери боло алышат. Чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары мекендештер мененкатар эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш. 11-берене. Жер казынасын пайдалануунун түрлөрү Жер казынасы пайдаланууга лицензиялардын негизинде төмөндөгүдөймаксаттар менен берилет: 1) пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө; 2) пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо; 3) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү; 4) пайдалуу кендерди казып алууга байланышпаган курулуштарды куруужана эксплуатациялоо (нефть, газ жана башка заттарды, материалдардысактоо үчүн, зыяндуу заттарды кемүү жана башка муктаждыктар үчүн); 5) өзгөчө экологиялык, жаратылышты сактоо, илимий, тарыхый-мада-ний, эстетикалык, ден-соолукту чыњдоо жана башка мааниси бар өзгөчөкорголуучу табигый аймактарды түзүү. Лицензиялоого минералдык сырьенун бардык түрлөрү боюнча жер казы-насын пайдалануунун бардык түрлөрү, анын ичинде жер астынан суу чыгаруу(алуу), техногендик түзүлүштөрдү изилдөө жана кайра иштетүү, жылуулукресурстарын изилдөө жана колдонуу кирет, төмөндөгүлөрдөн башка: 1) геологиялык картага түшүрүү, аймактык геологиялык, геофизикалыкжана башка илимий изилдөөлөр; 2) минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу; 3) мамлекеттик программаларга ылайык аткарылуучу же гранттык не-гизде, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган атайынгеологиялык изилдөөлөр: 4) өз алдынча алтын чайкоочулар өндүрүп алуу үчүн багышталган өнөржайлык эмес пайдалуу кендер бар жерлерди иштетүү. Жер казынасын пайдалануунун жогоруда көрсөтүлгөн түрлөрү жер казы-насын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ал эми өзалдынча алтын чайкоочулар үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация-ларда каттоого алуу жолу менен жүргүзүлөт. 12-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө максатында жер казынасын пайдаланууга лицензия Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө максатында жер казынасын пайда-ланууга берилген лицензия анын ээсине лицензиялык аянттын чектеринде 2жыл аралыгында геологиялык изилдөө ыкмаларын колдонуп, жер казынасынтоо-кен казмалары менен олуттуу бузбастан, жер участокторун алып коюугажол бербей жана мурунку лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган бол-со андан кийин жалпы мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу менен жер казынасы-на геологиялык изилдөө укугун берет. Издөө иштеринин стадияларында геологиялык изилдөө үчүн лицензиялыкаянттын эњ чоњ өлчөмү 500 км" ашпоого тийиш. Нефтегаз чыккан жерлердииздөөдө же аралыгы узак геологиялык түзүлүштүн чектеринде, берилген ли-цензиялык аянттын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн чектерден чоњ болушумүмкүн, бирок 1000 км ашпаган суммада болушу керек. Пайдалуу кендердин белгилүү бир түрлөрүн издөөгө лицензияланганаянтка пайдалуу кендердин башка түрлөрүн издөө үчүн лицензия ээсининжазуу түрүндөгү макулдугу менен башка лицензиаттарга лицензия берилишимүмкүн. Кен чыккан жерди (кен бар жерди) ачкан учурларда лицензиат анычалгындоого лицензия алууга өзгөчө укукка ээ болот. 13-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо максатында жер казынасын пайдаланууга лицензия Пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо максатында жерказынасын пайдаланууга берилген лицензия анын ээсине геологиялык учас-токтун чектеринде 3 жыл аралыгында, мурунку лицензиялык келишимдиншарттары аткарылган болсо андан кийин жалпы мөөнөтүн 6 жылга чейинузартуу менен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө өзгөчө укук бе-рет. Объект мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен изилденген учур-да кен чыккан жерди чалгындоого лицензия бир жолку төлөмдү (бонусту)төлөнгөндөн кийин берилет. Он жыйынтыктарга жетишпеген лицензиат лицензиялык келишимде макул-дашылган мөөнөт бүткөндө лицензиялык объектини кайтарып берет, ал эмикен чыккан жерди чалгындоону ийгиликтүү аяктаган лицензиат аны иштетүү-гө өзгөчө укукка ээ болот. 14-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга лицензия Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пай-даланууга берилген лицензия анын ээсине тоо-кен бөлүгүнүн чектериндекен чыккан жерди геологиялык изилдөөгө, ачууга, даярдоого, минералдыксырьену иштетүүгө жана кайра иштетүүгө, тоо-кен калдыктарын, байытуучужана металлургиялык өндүрүштөрүн колдонууга, бардык казылган пайдалуукендерди жана минералдык сырьенун кайра иштетилген продуктыларын таза-лоого (аффинаждоого), сатууга жана экспорттоого 20 жылга чейинки мез-гилде, андан ары пайдалуу кендердин запастары түгөнгөнгө чейин узартууменен өзгөчө укук берет. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пай-даланууга лицензия корлору өнөр жайлык категориялар боюнча чалгындалганжана мамлекеттик баланска эсепке алынган объектилерге берилет. 15-берене. Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо максатында жер казынасын пайдаланууга лицензия Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагыобъектилерди куруу жана эксплуатациялоо (нефть, газ жана башка заттардыжана материалдарды сактоо үчүн, зыяндуу заттарды кемүү жана башка мук-таждыктар үчүн) же илимий, маданий, эстетикалык, санитардык-денсоолуктучыњдоочу жана башка маанидеги өзгөчө корголуучу объекттерди түзүү мак-сатында жер казынасын пайдаланууга берилген лицензия анын ээсинетоо-кен бөлүгүнүн чектеринде техникалык долбоор жана программа мененбелгиленген максатка жана мөөнөткө жараша, андан ары зарыл болгон учур-да оњдолгон техникалык долбоор менен негизделген мезгилге узартуу менениш жүргүзүү укугу берилет. 16-берене. Өзөндөрдүн нуктарында жана сезондук суу агымдарында өз калыбына келип туруучу кум-шагыл аралашмалуу жерлерге лицензия Өзөндөрдүн нуктарында сайроондук катмардан турган инерттүү матери-алдарды качып алууга лицензия Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарбажана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу инспекциясынын жана жер-гиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын макулдугу менен 5 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Өзөндөрдүн жээктерин бузуучу, ошондой эле форватердик абалынөзгөртүүчү кен чыккан жерди иштетүүгө тыюу салынат. Өтө шашылыш учурларда жээкти бекемдөөчү иштер үчүн жергиликтүүмамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынажана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-га билдирүү менен лицензия албастан эле инерттүү материалдарды казыпалууга уруксат берилет. 17-берене. Жер казынасын пайдаланууга берилүүчү лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун мазмуну 1) Жер казынасын пайдаланууга берилүүчү лицензия төмөндөгүдөй маа-лыматты камтыш керек: -лицензиянын алфавиттик-номурлук кодун; - жер казынасын пайдалануунун түрүн; - лицензиаттын аталышын жана реквизиттерин; - лицензиялануучу объекттин аталышын; - пайдалуу кендин түрүн; - объекттин администрациялык жайгашкан ордун; - лицензиянын берилген датасын жана күчүндө болуу мөөнөтүн; - лицензиянын узартылган мөөнөтүн; - лицензиардын колун жана мөөрүн. 2) Лицензиялык макулдашуу төмөнкү маалыматтарды камтыш керек: - бурчтагы чекиттеринин координаттары жана лицензиялык аянттынөлчөмү; - иштердин максаттуу багыты (долбоорлук документ түзүү, жалпы жанатолук издөөлөр, алдын ала жана толук чалгындоо, ТЭН долбоор түзүү, иш-кананын курулушу, кен чыккан жерди иштетүү); - иштердин негизги түрлөрүнүн көлөмү жана ар жылкы инвестициялар-дын суммасы; - лицензиат тарабынан кайтарылып берилүүчү аянттардын же айрымобъектилердин өлчөмү жана кайтарып берүү мөөнөтү; - жер казынасын пайдалануудагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрү; - геологиялык маалыматты берүүнүн шарттары; - форс-мажордук кырдаалдар; - лицензиат жөнүндө маалыматтар; - лицензиялык макулдашуунун күчүндө болуу мөөнөтү; - лицензиат менен лицензиардын колу жана мөөрү. 3) Жер астындагы сууларды пайдаланууга жана чыгарууга лицензиялыкмакулдашууда төмөнкүлөр камтылат: - скважинанын же булактын дебити, корлордун саны жана категориясы; - жер астындагы суулардын тиби; - скважинанын же булактын жайгашкан жери; - жер астындагы суулардын максатка ылайык колдонулушу; - жер астындагы суу чыккан скважинанын (булактын) айланасындагытоосанитардык корголуучу зонанын өлчөмү; - жер астындагы сууларды чыгаруунун макулдашылган көлөмү; - жер казынасын пайдалануудагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрү; - форс-мажордук кырдаалдар; - лицензиат жөнүндө маалыматтар; - лицензиялык макулдашуунун күчүндө болуу мөөнөтү; - лицензиат менен лицензиардын колу жана мөөрү. Чет өлкөлүк капиталдын катышуусунда жер казынасын пайдалануучу ме-нен лицензиялык макулдашууда долбоорду ишке ашырууга чет өлкөлүк адис-тердин катышуусу жөнгө салынышы керек. Лицензиялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-йык башка шарттар да киргизилиши мүмкүн. 18-берене. Жер казынасын пайдаланууга берилген лицензияларды күрөөгө коюу же үчүнчү жактарга берүү Лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен лицензиялык объекттегииштерди кошумча каржылоону камсыз кылуу үчүн жер казынасын пайдаланууукугун күрөөгө коюуга укуктуу. Жер казынасын пайдалануу лицензиясын күрөөгө коюу, долбоорлоо ста-диясынан башка учурда, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы-нын жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жер казынасын пайдала-нуу укугун өз ыктыяры менен, лицензиялоонун шарттарын аткаруу мененбирге лицензиялык объектини өздөштүрүү долбоорун ишке ашыруудан бир жылөткөндөн кийин, анын ичинде тоо-кен жана/же геологиялык чалгындоо дол-боорун (лицензиялык объектини) каржылык камсыздоо максатында үчүнчүжактарга берүү укугуна ээ. Жер казынасын пайдалануу укугун башка жер казынасын пайдалануучугаберүү шарттары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ли-цензиянын мурдагы жана жањы ээсинин ортосундагы келишим менен аныкта-лат. Лицензияны берүү тууралуу келишим түзүү жөнүндө жер казынасын пай-далануу укугуна лицензиялык объектинин жањы талапкери 7 күндүн ичиндежер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органгабилдирет жана 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна арызберүүдө талап кылынган документтерди көрсөтүү менен лицензияны өзүнөтариздейт. Лицензия жањы лицензиатка берилет жана бонус төлөнгөндөн кийинкайрадан таризделет. Лицензия кайрадан таризделген үчүнчү жак мурунку лицензиаттын ли-цензиялык макулдашуудагы белгиленген милдеттенмелерин өзүнө алууга мил-деттүү. 19-берене. Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуулардын иштөө мөөнөтүн узартуу Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун иштөө мөөнөтүн узартуулицензиат учурдагы лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарганда жанажер казынасын пайдалануу лицензиясына ээ болгондугу үчүн ар жылдыктөлөмдөр (лицензиялык жыйымдар) өз убагында төлөнгөндө гана жасалат. Лицензиянын же лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартуу үчүн жерказынасын пайдалануучу кийинки жылга лицензияга ээлик кылуу (лицензияныкармоого) укугу үчүн төлөгөн акы тууралуу квитанцияны, учурдагы лицен-зиялык макулдашуунун шарттарынын аткарылышын тастыктоочу документтердитиркөө менен лицензиянын же учурдагы лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүбүткөнгө чейин 2 айдан эрте эмес жана 15 күндөн кеч эмес убакта арызберет. Жер казынасын пайдалануучу учурдагы лицензиянын мөөнөтүн узартууарызы менен чогуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органга учурдагы стандарттарга ылайык таризделген лицензиягаээлик кылган бардык мурунку мезгилдеги аткарылган иштер жөнүндө отчеттапшырат. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган 15 жумушчу күндүк мөөнөткө чейин материалдарды карап чыгат жаналицензиянын же лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартат же узартууданбаш тартканын жер казынасын пайдалануучуга жазуу түрүндө баш тартуунунсебептерин негиздөө менен билдирет. 20-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу жана токтотуу Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ый-гарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 айга чейин төмөнкү учурлар-да токтотулушу мүмкүн: 1) экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук бузулганда; 2) лицензиялык макулдашуунун шарттары бузулганда; 3) жер казынасын берилген максаттарда эмес, башка максаттарда пай-даланганда. Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ый-гарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу)чечими менен төмөнкү учурларда токтотулат: 1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга ээлик кылгандыгыүчүн (лицензияны кармоо) белгиленген мөөнөттөрдө ар жылкы төлөм (лицен-зиялык жыйындар) төлөнбөсө; 2) лицензиялык макулдашууда айтылган мөөнөттүн ичинде техникалык,экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча экспертизаларыменен жер казынасындагы участокторду өздөштүрүүгө техникалык долбоорду(жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы), ошондой эле ге-ологиялык иштерди жүргүзүүгө жердин укуктуу ээсинин жазуу түрүндөгү ма-кулдугун же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасынпайдаланууга жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктүкөрсөтпөсө; 3) жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу токтото турганданбаштап 3 айдын ичинде жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды, экологиялык жа-на өнөр жайлык коопсуздуктун бузулушу четтетилбесе; 4) эгер лицензиат лицензияны алгандан кийин бир жылдын ичинде ли-цензиялоо шарттарында каралган көлөмдөрдөгү иштерди аткарбаса; 5) жер казынасын өздөштүрүүдө иштегендердин жана калктын ден соо-лугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудуруучу, ошондой эле жаратылышчөйрөсүнө орду толгус зыян келтирүүчү жана пайдалуу кендердин корлорукоромжулукка учуратуучу технологиялар пайдаланылса; 6) жер казынасын пайдалануудан өз ыктыяры менен баш тартса; 7) лицензиянын колдонулуш мөөнөтү бүтсө; 8) геологиялык изилдөөлөр аяктаганда, пайдалуу кендердин корлорутүгөнгөндө жана/же ишкана жоюлганда; 9) соттун чечими боюнча. Лицензиялоо шарттарынын бузулушунан лицензиясынан ажыраган жер ка-зынасын пайдалануучу - бузуучудан жер казынасындагы объектиге пайдала-нуу укугуна кайрадан арызы лицензия жокко чыгарылган күндөн баштап 6 айөткөнгө чейин, жер казынасын жањы пайдалануучуга жер казынасындагы бо-шогон объектини пайдалануу укугуна арыз кабыл алуудан баш тартпай ту-руп, кабыл алынбайт. Жер казынасын пайдалануу укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учур-да, лицензиянын мурунку ээси тоо-кен мүлкүн консервациялоого жана сак-тоого жана аны жањы жер казынасын пайдалануучуга өткөрүп берүүгө (сату-уга) милдеттүү. Тоо-кен мүлкүн өткөрүп берүүнүн (сатуунун) тартиби Кыр-гыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык лицензиянын мурункужана жањы ээлеринин ортосундагы келишим менен аныкталат. Лицензияны токтото туруу же токтотуу жөнүндөгү чечим лицензия бер-ген жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органтарабынан кабыл алынат, протокол менен таризделет жана бул жөнүндө бил-дирүү бир жуманын ичинде жер казынасын пайдалануучуга жөнөтүлөт. 21-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоонун мамлекеттик системасын уюштурууну камсыздоо Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоонун мамлекеттик систе-масын уюштурууну камсыздоону жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органжер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо боюнча даярдык иштеринжүргүзөт жана жер казынасын пайдаланууга лицензия берет, ошондой элекомпетенттүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбо-орго же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасына ылайыктоо-кен же геологиялык бөлүктөрдүн өлчөмүн аныктайт жана тоо-кен долбо-орун ишке ашыруу процессинде ишкананын чыныгы өндүрүштүк кубаттуулугуөзгөргөндө аларды өзгөртүү укугуна ээ. 22-берене. Өз алдынча алтын чайкоочулардын ишмердиги Өндүрүштүк иштетүү рентабелдүү болбогон чачыранды пайдалуу кендерөз алдынча алтын чайкоочулук жол менен иштетилиши мүмкүн. Чачыранды пайдалуу кендерди өздөштүрүүдө жер казынасын пайдаланууөз алдынча алтын чайкоочулар тараптан жергиликтүү мамлекеттик админист-рациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аларга жербөлүктөрүн бөлүп берүү жөнүндөгү жыл сайын чыгарган чечиминин негизинделицензиясыз жүзөгө ашырылат. Чачыранды пайдалуу кендерди өз алдынча алтын чайкоочулук ыкма ме-нен иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайынЖобо менен жөнгө салынат. 23-берене. Жер казынасын пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери Жер казынасын пайдалануучулар төмөндөгүдөй укуктарга ээ: 1) аларга берилген жер казынасындагы участокторду лицензиядакөрсөтүлгөн максаттарда пайдаланууга; 2) минералдык сырьелордон алынган товардык продукцияны өз ыктыярыбоюнча тескөөгө, анын ичинде аны экспорттоого; 3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер казынасынпайдалангандыгы үчүн салыктарды төлөө жана жер казынасынан пайдалуукендерди чыгаруу боюнча жыл сайын отчет берүү менен, жер казынасын пай-далануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик, тоо-кен көзөмөлдөө жана ай-лана-чөйрөнү коргоо органдарында бул иштерди каттаттуу менен, берилгентоо-кен бөлүгүнүн чектеринде жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жерастындагы сууларды өзүнөн жеке муктаждыктары үчүн лицензиясыз пайдала-нууга; 4) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандын жазуу түрүндөгү уруксатынан кийин тоо-кен жана/же геологиялыкдолбоорлорду кошумча каржы менен камсыз кылуу максатында, долбоорлоостадиясынан сырткары учурда, жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгөкоюуга; 5) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандын жазуу түрүндөгү уруксатынан кийин лицензиялоонун шарттарын атка-руу менен лицензиялык объектини өздөштүрүү долбоорун ишке ашырганданбаштап бир жыл өткөндөн кийин жер казынасын пайдалануу укугун үчүнчүжактарга берүүгө; 6) геологиялык жана башка лицензияланган жер казынасындагы учас-токторду геологиялык изилдөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү процессиндеалынган маалыматтарды өз ыктыяры менен тескөөгө. Жер казынасын пайдалануучулар төмөндөгүлөргө милдеттүү: 1) жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын, белгиленгентартипте бекитилген жер казынасын пайдалануу менен байланышкан стан-дарттарды (эрежелерди, нормаларды) сактоого; 2) пайдалуу кендердин корлорунун абалын жана кыймылын, жоготуула-рын жана сапатынын төмөндөшүн эсепке алууга, жер казынасынан пайдалуукендерди казып алуу жана минералдык сырьену байытуудан пайдалуу компо-ненттерди чыгарууга карата жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга жыл сайын отчет берүүгө; 3) жыл жыйынтыгы жана тоо-кен, геологиялык чалгындоо иштеринөнүктүрүү, анын ичинде келерки жылга жер астындагы сууларды чыгаруугакарата жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ганга отчет берүүгө; 4) убактылуу колдонулбаган, кошо-казылган же чыгарылган пайдалуукендердин бул жерлер үчүн атайын бөлүнгөн жана даярдалган потенциалдыкэкономикалык корлорун иреттөөгө жана сактоого; 5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсузжүргүзүүнү камсыз кылууга; 6) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдөжер казынасынын физикалык жана биологиялык, курчап турган чөйрөнүн аба-лына таасирлердин жол берилген нормаларын сактоого; 7) жер казынасын пайдаланууда бузулган жер бетинин участокторунрекультивациялоо долбооруна ылайык калыбына келтирүүгө; 8) бюджетке төлөмдөрдү, анын ичинде лицензияга ээлик кылгандыгыүчүн (лицензияны кармоо) акыны, өз убагында жана толук көлөмдө төлөптурууга; 9) лицензиялык объекттердеги жумуштар аяктаган соњ жер казынасынпайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген стан-дарттарга жооп берүүчү отчетторду жана бардык баштапкы документтердиберүүгө; 10) жер казынасын геологиялык изилдөө жана өнөр жайлык өздөштүрүүпроцессинде алынган геологиялык жана башка документтерди сактоого. 24-берене. Жер казынасын пайдалануучулардын укугун коргоо Жер казынасын өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилген жер участокторунда-гы тоо-кен мүлкү, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар тарабынансалынган курулмалар жана имараттар, аларга тиешелүү болгон бардык алын-ган жабдуулар жер казынасын пайдалануучунун менчигин түзөт жана мамле-кеттин же башка жер казынасын пайдалануучулардын карамагына келишимдикнегизде же соттун чечими менен өтүшү мүмкүн. Жер казынасын пайдаланууну мыйзамсыз токтоткон учурларда, иштинтоктотулушу менен шартталган экономикалык зыян жер казынасын пайдалану-учуга өндүрүштүк ишти токтоткон мамлекеттик орган тарабынан соттун че-чиминин негизинде төлөнүп берилет. Кен казуу тармагына инвестиция жумшаган жер казынасын пайдалануу-чулар жањы мыйзам актыларынын кабыл алынышынан же Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилишинен улам жерказынасын пайдалануу үчүн экономикалык шарттар начарлап кетсе өздөрүүчүн ыњгайлуу экономикалык шарттарды тандап алууга укуктуу. IV бөлүм. Жер казынасын пайдалануучулар менен жердин укуктуу ээлеринин ортосундагы мамилелер 25-берене. Жер казынасын пайдаланууга жерге укуктарды алуунун тартиби Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору жергиликтүү мамлекеттикадминистрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (жер-дин укуктуу ээсинин) чечими менен лицензиянын иштөө мөөнөтүнө убактылуупайдаланууга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайыктөмөндөгүлөр үчүн берилет: - жер участогун ажыратуунун объективдүү зарылдыгы келип чыккандажер бетинин жана жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу менен пайдалуу кенчыккан жерлерди геологиялык издөө жана чалгындоо үчүн; - пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн. Жер казынасын пайдаланууга жер участогун пайдалануу укугун алууүчүн жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ээси жердин укуктуу ээсинетөмөнкү документтерди берет: - арыз; - жер казынасын пайдаланууга лицензиянын жана анын ажырагыс бөлүгүболгон лицензиялык макулдашуунун көчүрмөлөрүн; - пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн тоо-кен жана жербөлүгүнүн чектери жана бурчтагы чекиттеринин координаталары менен то-пографиялык картанын (пландын) көчүрмөсүн же пайдалуу кен чыккан жер-лерди чалгындоо үчүн лицензиялык аянттын чектери жана бурчтагы чекитте-ринин координаталары менен топографиялык картанын көчүрмөсүн; - тиешелүү мамлекеттик органдардын экспертизасынын натыйжалуу жы-йынтыктары менен техникалык долбоорду. Жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органы жер участогун пайдалануу укугун алууга берилген доку-менттерди бир айдын ичинде карап чыгышат. Жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ээсине эгер суралып жатканжердин бөлүгү башка жер казынасын пайдалануучуга берилип калган болбосожер казынасын пайдаланууга жер участогун берүүдөн баш тартуу болушумүмкүн эмес. Жер участогун ажыратпастан жер казынасын геологиялык изилдегенучурларда (пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө жана башка атайын геоло-гиялык изилдөөлөр), жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдала-нууга берилген лицензиянын негизинде лицензиялык аянтка туура келгенаймактарда көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациянын жазуу түрүндөгү макулдугу берилет. Жер казынасын пайдаланууга жер участогун мөөнөттүү (убактылуу)пайдалануу укугун билдирүүчү документ болуп жер участогун убактылууукукта пайдалануучу күбөлүк болуп саналат. Жер казынасын пайдаланууга жер участогун убактылуу пайдалануу уку-гуна күбөлүк жер казынасын пайдаланууга берилген лицензиянын жана жер-дин укуктуу ээсинин башка кошумча шарттарды көрсөтпөгөн чечиминин неги-зинде берилет, төмөндөгүлөрдүн тышкары учурларда: - жер салыгын төлөө; - айыл-чарба жерлерин ээлик кылуудан ажыраткан учурларда айылчарбаөндүрүшүнө келтирилген зыяндын жана коромжунун ордун толтуруу; - жер казынасын пайдалануу токтотулгандан кийин жер участогун ре-культивациялоо боюнча милдеттенме алуу. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотулгандан (жок-ко чыгарылгандан) кийин жердин укуктуу ээси тарабынан токтотулат (жоккочыгарылат). Эгерде жердин укуктуу ээси же жерди пайдалануучу жер казынасынпайдалануучуга берилген жер участогун пайдалануунун мөөнөтү бүткөнгөчейин айыл-чарбасына багытталган өзүнүн ирригациялык жана башка систе-маларын өзгөртүү ниети болсо жана мындай өзгөртүүлөрдүн жер казынасынпайдаланууга таасири тийиши мүмкүн болсо, анда ал мындайга жер казына-сын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органдардан уруксат алууга милдеттүү. Жеке менчиктеги жер участоктору боюнча аларды жер казынасын пайда-лануу максатында колдонууда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынынталаптарын эске алуу менен жер участогуна менчик ээси менен убактылуупайдаланууга келишим түзүлөт. Жер казынасын пайдаланууга жер бөлүгүнүн чегаралары жана өлчөмдөрүпайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жана геологиялык изилдөөгө тех-никалык долбоору менен же жер астындагы сууларды чыгаруунун технология-лык схемасы менен аныкталат. Жер казынасын пайдаланууга жер участогунун аянтынын бурчтагы че-киттеринин координаталары лицензиялык макулдашууда тик бурчтуу коорди-наталар системасында белгиленет. 26-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер бөлүктөрүндө сервитуттун пайда болушу Чектеш же чектеш эмес жердин бөлүгүнө эркин же аргасыз кирүү укугутөмөнкү учурларда пайда болот: 1) бөлүнүп берилген жердин аянты боюнча салынган унаа жана темиржол магистралдарын, суу жолдорун, нефтегазтүтүктөрүн, электр линияларынжана башка региондук жана мамлекеттик маанидеги курулуштарын тейлөөдөжана оњдоодо; 2) эгерде тоо-кен бөлүгүндө авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн чек-теш жана/же чектеш эмес жердин бөлүгү тараптан кирүү мүмкүндүгү тезирэ-эк ачылса; 3) геологиялык, геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, архео-логиялык жана башка мамлекеттик маанидеги изилдөө иштерин жүргүзүүдө. 27-берене. Жер казынасын пайдаланууда чектеш тоо-кен/геологиялык бөлүктөрдө сервитуттун пайда болушу Чектеш тоо-кен/геологиялык бөлүктөрдө эркин же аргасыз кирүү укугутөмөнкү учурларда пайда болот: 1) эгерде транспорттук, электрдик же башка коммуникацияларды чек-теш тоо-кен/геологиялык бөлүктөргө алып өтүүгө жана эксплуатациялоогомүмкүн болбогондо; 2) эгерде чектеш тоо-кен/геологиялык бөлүгүнүн аянтынан тоо-кеништетүүлөрдөгү аварияларды жоюу боюнча жумуштарды тезирээк жүргүзүүгөмүмкүн болгондо. 3) эгерде бир геологиялык бөлүккө эки же андан көп жер казынасынпайдалануучуга пайдалуу кендердин ар кандай түрлөрүнө лицензия берилсежана алардын чектеш же дал келген геологиялык бөлүгүнө кирүү зарылчылы-гы пайда болгондо. Бардык учурларда, ушул берененин 1, 2 жана 3-пунктчаларындакөрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар пайда алуучу тарап-тын эсебинен толтурулат. 28-берене. Жер боюнча талаш - тартыштарды чечүү Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары менен жер казынасын пайдалануучулардын ортосундагыталаш-тартыштар жер участогун берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органтарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине макулболбогон учурда жер талаш-тартыштары сот тартибинде каралат. V бөлүм. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик жөнгө салуу 29-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдаланууга жана коргоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана иштерди коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контроль Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдаланууга жана коргоо-го, айлана-чөйрөнү коргоого жана иштерди коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттикконтролдун милдети бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан мый-замдардын, жер казынасын пайдалануунун жана изилдөөнүн эрежелерин жаначенемдерин, пайдалануу кендердин корлорун мамлекеттик эсепке алуу эре-желеринин сакталышын, айлана-чөйрөнү коргоону, тоо-кен иштерин коопсузжүргүзүүнү камсыз кылуу, алардын калкка, курчап турган чөйрөгө, имарат-тарга жана курулуштарга тийгизген зыяндуу таасирлеринин алдын алуу жанажоюу болуп эсептелет. 30-берене. Жер казынасын пайдаланууга талаптар Жер казынасын пайдалануунун негизги талаптары төмөндөгүлөр болупсаналат: 1) жер казынасын пайдаланууга берүүнүн белгиленген тартибин сактоожана жер казынасын өз бетинче пайдаланууга жол бербөө; 2) жер казынасын иликтөө, пайдалануу жана коргоо боюнча мыйзамдар-дын жана белгиленген тартипте бекитилген стандарттардын (эрежелердин,ченемдердин) талаптарын сактоо; 3) пайдалуу кендердин корлорун, ошондой эле пайдалуу кендерди ка-зып алууга байланышпаган максаттарда пайдаланылуучу жер казынасынынучастокторун мамлекеттик эсепке алуу; 4) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө негизги жана алар мененбирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана чогуу компоненттердин чыгарыл-ган жана жер казынасында калтырылган корлорун эсепке алуу; 5) пайдалуу кен чыккан жерлерди суу каптоодон, суу басуудан,өрттүн жана пайдалуу кендердин сапатын жана кен чыккан жерлердин өнөржайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдантуучу баш-ка факторлордон коргоо; 6) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө,ошондой эле нефтини, газды же башка заттарды жана материалдарды жер ал-дына сактоодо, зыяндуу заттарды жана өндүрүштүн калдыктарын көмөөдө,саркынды сууларды агызууда жер казынасынын булганышына жол бербөө; 7) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуукендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды кон-сервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоо; 8) пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды өзү билип куруугажол бербөө жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белги-ленген тартибин сактоо; 9) иче турган же өнөр жайлык суу менен камсыз кылуу үчүн пайдала-нылуучу аянттарда жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өнөр жайлыкжана турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолушуна жол бербөө; 10) жер казынасынан пайдалуу кендерди жана минералдык сырьелордукайра иштетүүдөн пайдалуу компоненттерди чыгарууда техникалык долбоордобелгиленген көрсөткүчтөрдү сактоо. 31-берене. Монополияга каршы талаптар Төмөндөгүлөргө багытталган ар кандай аракеттер белгиленген тартип-те жараксыз деп табылат же тыюу салынат: 1) юридикалык жана жеке жактардын жер казынасын пайдаланууга укукалууга конкурстарга, аукциондорго же сүйлөшүүлөргө катышуугамүмкүнчүлүк алышын чектөөгө; 2) лицензияны берүүдөн негизсиз баш тартууга; 3) жер казынасын пайдаланууда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгончарбакер субъекттер менен атаандашкан юридикалык жана жеке жактардыбасмырлоого; 4) чектеш жана чектеш эмес жер, тоо-кен жана геологиялыкбөлүктөргө кирүү укугун берүүнү басмырлоого; 5) пайдалуу кендер чыккан жерлерди геологиялык изилдөөдө жана/жеиштетүүдө кайсы бир лицензиат үчүн монополиялык жагдайды түзүүгө. 32-берене. Жер казынасын пайдалануу жумуштарын коопсуз жүргүзүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды, жер астында аркандай багыттагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого, жер казы-насын геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жер астындагы кендерди пайдаланууменен байланышкан иштерди жүргүзүүдө курчап турган чөйрөнүн жана жерастындагы кендердин физикалык жана биологиялык абалына таасирининмүмкүн болгон ченемдерин сактоо менен, иштин таасир эткен зоналарындабул ишкананын жумушчуларынын жана калктын саламаттыгын жана жашоосунункоопсуздугун камсыз кылганда гана жол берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасынпайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде жер астындагыкендерди пайдалануу менен байланышкан мыйзамдардын, иштерди коопсузжүргүзүү боюнча белгиленген тартипте бекитилген ченемдердин жана эреже-лердин талаптарын аткарууну камсыз кылууга милдеттүү. 33-берене. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар жер казынасынын участокторун коргоо Өзгөчө илимий жана маданий баалуулуктагы геологиялык ачык кендер,минералогиялык түзүлүштөр, палеонтологиялык объекттер жана башка жерказынасынын участоктору жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын корутундусу боюнча белгиленген тартипте геология-лык коруктар же атайын коруктар, жаратылыш же маданият эстеликтери депжарыяланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн коруктардын, атайын коруктардын жанажаратылыш эстеликтеринин сакталышын бузуучу ар кандай иш-аракеттергетыюу салынат. Жер казынасын пайдаланууда сейрек кездешүүчү геологиялык же мине-ралогиялык түзүлүштөр, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык жеилим жана маданият үчүн мааниси бар башка объекттер табылган учурда жерказынасын пайдалануучулар тийиштүү участокко иштерди токтото туруп, булжөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ганга билдирүүгө милдеттүү. 34-берене. Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштардыкуруунун шарттары Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-дан курулуш түшө турган участоктордун астындагы жер казынасында пайда-луу кендердин жок экендиги тууралуу маалыматты алганга чейин калктууконуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка чарбакер объекттерди дол-боорлоого жана курууга тыюу салынат. Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды курууга, ошондой элеалар жаткан жерлерге пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаганжер астындагы курулуштарга жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органдын чечими менен негизделген ТЭН бар болгонөзгөчө учурларда жол берилет. 35-берене. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган объекттерди жоюу жана консервациялоо Пайдалуу кендердин корлору иштетилип бүткөндөн кийин же жер казы-насын пайдаланууда колдонулуучу объекттердин жана курулуштардын зарыл-дыгы болбой калган учурда, ошондой эле экономикалык жана башка себептербоюнча кен чыккан жерди андан ары иштетүүгө же объектти эксплуатацияло-ого мүмкүн болбой калган кезде, пайдалуу кендерди казып алуу боюнча иш-каналар же казып алуу үчүн багытталбаган объекттер жана курулуштар эко-логиялык, техникалык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча мамле-кеттик органдардын макулдугу менен атайын долбоор боюнча иштердин конт-ролдук мөөнөтүн көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануучулардын каража-тынын эсебинен жоюлууга же консервацияланууга тийиш. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды же казып алуугабагытталбаган объекттерди толук же жарым-жартылай жоюуда же консерваци-ялоодо тоо-кен казмаларын жана жер казынасын пайдалануучу объектилержер казынасын пайдалануучулардын эсебинен калктын коопсуздугун, курчаптурган чөйрөнү коргоону, имараттардын жана курулуштардын сакталышынкамсыз кылгыдай, ал эми консервациялоо учурунда - ошондой эле кен чык-кан жерди, тоо казмаларын жана объекттерди консервация мезгилинде сак-талгандай абалга келтирүүгө тийиш. Пайдалуу кендерди казып алуучу ишкана жоюлган учурда тоо-кен каз-маларын башка максатка пайдалануу мүмкүнчүлүгу кошо чечилиши керек. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар, жер казынасындагыобъекттер жана курулуштар жоюлган жана консервацияланган учурда бардыкмаркшейдерлик, геологиялык жана техникалык документтер жер казынасынпайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактап коюугаөткөрүлөт. Тоо-кен казмаларын жана объекттердин инфраструктураларын консерва-циялоо жана жоюу боюнча иштердин техникалык талаптары жана жүргүзүүнүнтартиби мамлекеттик тоо-кен көзөмөлү жана мамлекеттик экологиялык конт-ролдоочу органдар тарабынан жер казынасын коргоо бөлүгү жагынан жер ка-зынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ма-кулдашуу аркылуу аныкталат. 36-берене. Жер казынасын пайдалануу объектилерин рекультивациялоо Жер казынасын пайдалануу объектилерин рекультивациялоо кен чыкканжерди өнөр жайлык иштетүүдөн баштап лицензиат тарабынан ай сайын кото-руулардын эсебинен чогулган рекультивациялоо фондунун каражаттары мененишке ашырылат. Рекультивация кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мам-лекеттик орган менен, жер казынасын пайдалануу боюнча, тоо-кен жанаэкологиялык көзөмел боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мененжана жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органы менен макулдашылган атайын долбоор боюнча жүргүзүлөт. Рекультивациялоо фондунун каржылык каражаттары банктардын атайынэсептерине жайгаштырылат жана башка максаттарга, анын ичинде салык жанабажы төлөмдөрү боюнча карыздарды жоюу үчүн да сарпталышы мүмкүн эмес. Ишкананын кудуретсиздиги учурунда же өзүн-өзү жоюусунда рекульти-вациялоонун атайын фондусундагы каражаттар кредиторлордун доо арыздарынканааттандыруу үчүн сарпталышы мүмкүн эмес, алар лицензиялык объекти-деги рекультивациялык иштерди каржылоо үчүн жердин укуктуу ээлерининэсептешүү эсебине которулат. VI бөлүм. Жер казынасын пайдалануу объекттерин мамлекеттик эсепке алуу жана пайдалуу кендердин корлорун мамлекеттик экспертизалоо 37-берене. Жер казынасын пайдалануу объекттерин мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо Мамлекеттик эсепке жана мамлекеттик каттоого алууга тийиштүү бол-гондор: жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер, пайдалуу кен-дерди казып алуу үчүн, анын ичинде техногендик түзүлүштөрдөн, ошондойэле казып алуу менен байланыштуу болбогон максаттар үчүн, берилген жерказынасындагы участоктор. Жер казынасындагы пайдалануу объектилерин мамлекеттик эсепке алуужана каттоо жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан ишке ашырылат. 38-берене. Жер казынасын пайдалануудагы мамлекеттик кадастрлар Мамлекеттик кадастрлар пайдалуу кендер чыккан, байкалган жерлержана техногендик түзүлүштөр боюнча, ошондой эле пайдалуу кендерди казыпалуу менен байланышпаган максаттарда колдонулуучу жер казынасындагыобъекттер боюнча түзүлөт. Пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлеринин жана техногендиктүзүлүштөрүнүн мамлекеттик кадастрлары алардын жайгашкан ордун, негизгижана аны менен кошо жаткан пайдалуу кендин санын жана сапатынмүнөздөөчү маалыматтарды, тоо-кен техникалык, гидрогеологиялык жанабашка пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүнүн башка шарттарын жанаалардын экономикалык бааланышын камтыйт. Пайдалуу кендерди казып алуу үчүн багытталбаган жер казынасындагыобъектилердин мамлекеттик кадастрлары алардын жайгашкан орду,өлчөмдөрү, багыты, колдонуу мөөнөтү, тоо-кен - геологиялык жана объект-тин жайгашуусунун башка жаратылыш шарттары жөнүндө маалыматтарды кам-тыйт. Мамлекеттик кадастрлар жер астындагы кендерди пайдалануу боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. 39-берене. Пайдалуу кендердин корлорун жана казып алуу менен байланышпаган жер казынасынын участоктору жөнүндөгү геологиялык маалыматты мамлекеттик экспертизалоо Чалгындоо жүргүзүлгөн кен чыккан жерлердин пайдалуу кендерининкорлору жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаганжер астындагы объектилерди куруу жана эксплуатациялоо үчүн белгиленгенжер казынасынын участоктору тууралуу геологиялык маалымат Кыргыз Рес-публикасынын пайдалуу кендердин корлору боюнча Мамлекеттик комиссиясытарабынан мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш. Пайдалуу кендер чыккан жерлердин чалгындоо жүргүзүлгөн корлорунамамлекеттик экспертиза кен чыккан жерлердин геологиялык изилдөөнүн кай-сы гана баскычында болбосун жүргүзүлөт, эгерде экспертизага берилипжаткан геологиялык материалдар пайдалуу кендердин корлорунун санына жа-на сапатына, алардын экономикалык маанисине, аларды казып алуунунтоо-кен техникалык, гидрогеологиялык, экологиялык жана башка шарттарынаобъективдүү баа берүүгө мүмкүндүк берген шарттарда. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган жер ас-тындагы курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо үчүн жарактуу болгонжер казынасынын участоктору тууралуу геологиялык маалымат да мамлекет-тик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш. Мындай жер казынасындагы участок-торду пайдаланууга берүүгө геологиялык маалымат мамлекеттик экспертиза-дан өткөрүлгөндөн кийин гана уруксат берилет. Мамлекеттик экспертизанын пайдалуу кендердин корлору тууралуу ко-рутундусу пайдалуу кендердин чалгындоо жүргүзүлгөн корлорун мамлекеттикбаланска (эсепке) коюуга негиз болуп саналат. 40-берене. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары жана аларды эсептен чыгаруу Корлордун мамлекеттик баланстары өнөр жайлык мааниси бар кен чык-кан жерлер боюнча пайдалуу кендердин саны, сапаты жана канчалык даража-да изилденгени, алардын экономикалык баалуулугу, жайгашкан орду жанаөнөр жайлык өздөштүрүлгөн даражасы, казып алынышы, коромжуга учурашыжана иштеп жаткан ишканалардын пайдалуу кендердин чалгындоо жүргүзүлгөнкорлору менен камсыз кылынгандыгы тууралуу маалыматтарды камтыйт. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары жер казынасынпайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекет-тик экспертизанын корутундусунун жана жер казынасын пайдалануучулардынжыл сайын берүүчү геологиялык жана тоо-кен бөлүктөрүнүн чектериндегичалгындоонун жыйынтыктары жана чалгындоо жүргүзүлгөн корлордун түгөнүшүжөнүндөгү маалыматтардын негизинде түзүлөт. Казып алуу процессинде өнөр жайлык маанисин жоготкон же коромжуболгон же болбосо кийинки геологиялык чалгындоо иштеринде же кен чыкканжерди иштетүүдө тастыкталбаган пайдалуу кендердин баланстык корлорунтоо-кен өндүрүүчү ишкананын эсебинен чыгарып таштоо пайдалуу кендердинкорлорунун мамлекеттик баланстарына тиешелүү өзгөрүүлөрүн көрсөтүү ме-нен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органтарабынан жүргүзүлөт. VII бөлүм. Мамлекеттик геологиялык фонд 41-берене. Жер казынасы жөнүндөгү геологиялык жана башка маалыматтар, мамлекеттик геологиялык маалымат ресурстары Жер казынасы жөнүндөгү геологиялык жана башка маалыматтар (маалы-мат ресурстары) деп геологиялык отчеттордогу, карталардагы жана башкаматериалдардагы геологиялык, тоо-кен-техникалык, экономикалык маалымат-тар, анын ичинде Жерге аралыктан зонд жасалгандагы геологиялык де-шифрлөөнүн маалыматтарын кошкондо, ошондой эле геофизикалык жана геохи-миялык аянттар, тоо тектердин, пайдалуу кендердин, жер астындагы суу-лардын, жылуулук процесстердин жана жер казынасынын бөлүктөрүнүн башкапараметрлеринин касиеттери жөнүндөгү маалыматтар эсептелет. Геологиялык маалымат ресурстары жер казынасын изилдеп жаткан бар-дык уюмдар, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан, Мамле-кеттик геологиялык фондго (мындан ары - Фонд) сөзсүз түрдө акысызөткөрүп берүүчү материалдардын (отчеттордун) системасынын негизинде,жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бел-гилеген тартипте түзүлөт. Отчеттор кагаз жана электрондук түрдө болупизилдөөлөрдүн жыйынтыктарын камтыш керек, анын ичинде алынган сынамык-тардын мейкиндикке байланыштырылуусу менен жыйынтыктардын электрондукбазалык маалыматтарын камтыйт. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууну администрациялоо жерказынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кура-мында иштеп жаткан Фонд оперативдүү башкаруу укугунда жүзөгө ашырат.Фонддун аймактык филиалдары болушу мүмкүн, бирок геологиялык маалымат-тын бир нускасы сөзсүз түрдө борбордук сактоо жайында сакталууга тийиш. Фонд бардыгына жалпы жеткиликтүү болуп саналат, Кыргыз Республика-сынын жарандары жана чет өлкөлүк жактар үчүн ачык жана маалымат ресурс-тарды пайдаланууга эч кандай кошумча уруксат алууну талап кылбайт.Фонддун маалымат ресурстарына эркин кирүүгө пайдалануучулардын укугу эчкандай чектелбейт. 42-берене. Жер казынасы жөнүндөгү маалыматка ээлик кылуу жана аны колдонуунун тартиби Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен алынган, ошондой элемамлекеттин үлүшү бар ишканалардан алынган жер казынасы жөнүндөгү гео-логиялык жана башка маалымат мамлекеттин менчиги болуп саналат. Мамле-кеттин менчиги болуп турган Фонддо сакталуучу отчеттордун түп нускаларысатып алуу-сатуунун объектиси болууга тийиш эмес жана менчиктөөгө бол-бойт. Жеке компаниялардын өздүк каражаттарынын эсебинен алынган жер ка-зынасы жөнүндөгү геологиялык жана башка маалымат, лицензия күчүндө тур-ган мезгил ичинде алардын менчиги болуп саналат, анын мөөнөтү бүткөндөнкийин жер казынасы жөнүндөгү маалымат мамлекеттин менчигине акысызөтөт. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан жер казынасын пайдалануу бо-юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген аралык маалымат, анынээсинин талабы боюнча жашыруун мүнөздө болушу мүмкүн. Мындай маалыматка кирүүгө мүмкүндүгү бар кызмат адамдары анын жа-шырындуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Фонддун маалымат ресурстарын пайдаланууга акы төлөнөт. Фонддунпайдалануучулары геологиялык маалымат ресурстарынын кагаз жана элект-рондук көчүрмөлөрүн алууга укугу бар. Фонддун маалымат ресурстарындагы анык документтин бардыгыжөнүндөгү маалымат акысыз берилет. Жер казынасы жөнүндөгү мамлекеттик маалыматты колдонуунун тартибижана шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет-тик орган тарабынан аныкталат жана геологиялык материалдарды тариздөөтартиби, аларды Мамлекеттик геологиялык фондго өткөрүү жана аларды пай-далануу жөнүндөгү атайын жобо менен жөнгө салынат. VIII бөлүм. Жер казынасын пайдалануудагы салыктар жана төлөмдөр 43-берене. Жер казынасын пайдалануудагы салык салуулар Жер казынасын пайдалануучуларга Кыргыз Республикасында салыкмыйзамдары жайылтылат. Ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралгандан тышкары учурларда жерказынасын пайдалануу акы төлөө менен болот. Төлөнүлүүчү төлөмдөрдүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз РеспубликасынынСалык кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен атайын жобо-лор менен аныкталат. 44-берене. Жер казынасын пайдаланууда төлөмдөрдөн бошотуу Жер казынасын пайдаланууда төлөмдөрдөн төмөнкүлөр бошотулат: 1) айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, жалпы таралган пайдалуу кен-дерди белгиленген тартипте өздөрүнүн муктаждыктары үчүн казып алуучужер бөлүктөрүнүн менчик ээлери, ошондой эле жерди пайдалануучулар; 2) жер казынасын изилдөө боюнча геологиялык, геофизикалык жанабашка иштерди, жер титирөөлөрдү алдын ала болжолдоо боюнча иштерди, ин-женердик-геологиялык изилдөөлөрдү, геоэкологиялык изилдөөлөрдү, жер ас-тындагы суулардын режимин көзөмөлдөөнү, ошондой эле жер казынасынынбүтүндүгүн бузбастан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жегранттык негизде башка иштерди жүргүзүүчү жер казынасын пайдалануучу-лар; 3) өзгөчө экологиялык, жаратылыш коргоочу, илимий, тарыхый-мада-ний, эстетикалык жана башка мааниси бар өзгөчө корголуучу жаратылышобъекттилерин түзүү үчүн жер казынасынын участокторун алган жер казына-сын пайдалануучулар; 4) чачынды пайдалуу кендердин билинген жерлерин иштетүүнү каттату-унун негизинде жүргүзүүчү өз алдынча кен чайкоочулар; 5) пайдалуу кендердин техногендик түзүлүштөрүн кайрадан иштетүүчүжер казынасын пайдалануучулар. IX бөлүм. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш- тартыштарды чечүү жана жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 45-берене. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-тартыштар жер ка-зынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуу-су менен сот же соттон сырткары тартипте чечилет. 46-берене. Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамда каралган жер казынасына ээ болуу, пайдалануу жанатескөө укуктарын бузуучу түз же жабык түрдөгү бүтүмдөр (аракеттер) жа-раксыз болуп саналат. Төмөндө көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү (аракеттерди) бузууга көнөөлүүадамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарты-шат: - жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди иштегендердинжана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч туудурган ыкмалар, жер казынасынжана курчап турган чөйрөнү булгоо менен жүргүзүшсө; - пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өз алдынча курулуштарды ку-рушса; - жер казынасын өз эркинче пайдаланышса; - кен чыккан жерлерди ылгап казып алышса; - жер казынасы жөнүндөгү маалыматка менчик укугун бузушса; - жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүүчү режимдик скважиналарды,маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылышса же бузушса; - жоюлуп же консервацияланып жаткан тоо-кен казмаларын жана сква-жиналарды калктын коопсуздугун камсыз кылуучу абалга келтирүү боюнчаталаптарды, ошондой эле ишкананын консервациялануу мезгилинде тоо-кенказмаларын жана бургулоочу скважиналарды сактап калуу боюнча талаптардыаткарышпаса. Жер казынасын өз эркинче пайдалануу жана пайдалуу кендер жайгаш-кан аянттарга өз алдынча курулуштарды куруу жер казынасын пайдалануубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде чыгым-дары кайрылып берилбестен токтотулат. 47-берене. Жер казынасын пандалануучуга тарткан зыяндарынын ордун толтуруу Эгерде юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ишинин натыйжа-сында жер казынасынын табигый касиеттери начарлап кетсе жана жер казы-насын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай же толук жокко чыгаргыдайшарттар түзүлсө, жер казынасын пайдалануучунун тарткан зыяндарынын ордуошолордун эсебинен толтурулат. Эгерде участок толук пайдаланылбай тур-са, анда зыяндардын орду жер казынанын ээсине - мамлекетке толтурулат. 48-берене. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан зыяндардын ордун мамлекетке толтуруу Жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү менен келтирилген зыяндардынордун мамлекетке толтуруу экономикалык маанисин жоготкон корлордун са-нына жана баалуулугуна жараша аныкталат. Зыяндардын ордун толтуруунун жалпы тартиби Кыргыз Республикасынынжарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. X бөлүм. Корутунду жоболор 49-берене. Өтмө жоболор Геологиялык иликтөөгө мурда берилген лицензиялар ушул Мыйзамкүчүнө кирген күндөн баштап бир жылдын ичинде пайдалуу кендерди издөөлицензиясына жана чалгындоо лицензиясына өзгөртүлүүгө тийиш. Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин алынган лицензиялар үчүн лицен-зиялык аянттардын конфигурацияларын сактоого жол берилет. 50-берене. Эларалык келишимдер Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда бел-гиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда кам-тылгандан бөлөк эрежелер аныкталса анда эларалык келишимдердин эрежеле-ри колдонулат. 51-берене. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" 1997-жылдын 2-июлун-дагы N 42 Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Президенти