Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-майы № 212 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын тургундарынынсоциалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ко-дексинин 4 жана 20-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жерлерди биркатегориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, Ош облусундагы Өзгөн районунун Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 9,0 га сугат жерин мамлекеттик мен-чикте калтыруу менен социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдүкуруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу ко-нуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттазарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кы-лууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов