КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-майы № 224 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешикараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-йындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-статья. "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж.,№ 3, 85-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 8-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура жана курулуш бо-юнча мамлекеттик орган тарабынан башкарылууга жана контролдонууга ти-йиш. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын аймактыкбөлүнүштөрүнүн ишин координациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары тарабынан жүргүзүлөт.". 2. 36-статьянын 1-пунктундагы: "15 күндүн ичинде" деген цифра жанасөздөр "10 күндүн ичинде" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын. 3. 39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби 1. Козголбос мүлк обьекттерин куруу жана башка курулуштукөзгөртүүлөрдү жүргүзүү укугуна жер участокторуна жана башка козголбосмүлк обьекттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга ылайыкбелгилечү тартипте менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүзпайдалануу укугу бар жеке жактар жана юридикалык жактар ээ. 2. Жарандар өзүмдүк турак үй курууга алышкан жер участокторуна ку-рулуш куруу "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. 3. Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тар-типти бузуу менен обьекттерди курууга жол берилбейт". 4. 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "41-статья. Курулуш объекттерин пайдаланууга кабыл алуу Курулган обьект Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарымукуктуу орган кабыл алгандан кийин эксплуатацияга киргизилет. Объектти пайдаланууга кабыл алуунун тартиби Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү бекитүүчү жобо менен аныкталат. Курулуш объектилерин кабыл алынмайынча эксплуатациялоого жол бе-рилбейт. Объектти кабыл алуу актысы козголбос объектке укукту мамлекеттиккаттоо үчүн негиз болот". 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти