КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-майы № 227 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам
долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостто-ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-гизилсин: 1. 5-статьяда: - биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын ай-магында түзүлүп жаткан" деген сөздөрдөн кийин "саясий партияларды, мам-лекеттик бийликтин борбордук органдарын" деген сөздөр менен толуктал-сын; - биринчи бөлүктүн сегизинчи абзацы алып салынсын. 2. 6-статьяда: - биринчи бөлүктөгү "жана каттала турган юридикалык жактын жайгаш-кан жерин ырастоочу документти" деген сөздөр алып салынсын; - экинчи бөлүк алып салынсын. 3. 13-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "мамлекеттик каттоо жөнүндөгүжана башка" деген сөздөр алып салынсын. 4. 14-статьянын төртүнчү бөлүгү алып салынсын. 5. 15-статьяда: - биринчи бөлүктүн 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "фирмалык" дегенсөз алып салынсын; - биринчи бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацындагы "статусу (коом-дук бирикмелер үчүн)," деген сөздөр алып салынсын; - экинчи бөлүктүн бешинчи абзацындагы "юридикалык жактын стат-кар-точкасы," деген сөздөр алып салынсын. 6. 17-статьяда: - үчүнчү бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточ-каларды" деген сөздөр алып салынсын; - жетинчи бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статистикалык кар-точканын" деген сөздөр алып салынсын. 7. 18-статьяда: - экинчи бөлүктүн үчүнчү абзацы алып салынсын; - төртүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы ", статистикалык картанын"деген сөздөр алып салынсын; - бешинчи бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточ-касынын" деген сөздөр алып салынсын. 8. 21-статьянын 2-пунктундагы "бул Мыйзамдын 18-статьясынын талап-тарын аткарган шартта" деген сөздөр алып салынсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти