КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-майы № 230 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-беренесине ылайык каржылоо булактарынаныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" жана"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоор-лоруна тиркелген корутунду жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-сына жиберилсин. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы № 230 токтомуна тиркеме "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунаылайык расмий корутунду берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Администрациясынын 2008-жылдын 11-январындагы № 15-71 катынаылайык, ошондой эле "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жө-нүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөр-түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынмыйзам долбоорлоруна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт. 1. "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору боюнча. Кыргыз Республикасы мамлекеттин эсебинен юридикалык жардамды га-рантияланган адамдарга карата түрдүү чечмелөөлөрдү болтурбоо үчүн Мый-зам долбоорунун кириш сөзүндө "жана мыйзамдуу кызыкчылыктар" деген сөз-дөрдөн кийин "биринчи инстанциясындагы сотто, апелляциялык, кассациялыкжана көзөмөлдөө инстанцияларында тергөө жүргүзүү стадиясында кылмыш ишибоюнча шектенилген, айыпталган, соттолгон, акталган учурларда.". Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде "актылар" деген сөз "Кыргыз Рес-публикасынын" деген сөздөр менен толукталсын. Долбоордун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөр формасындагы"адистештирилген башкармалар" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү"адистештирилген бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоордун 3-беренесинде "ар бир жаранга" деген сөздөр ушулМыйзам менен аныкталуучу жактарга" деген сөздөргө, "андан" деген сөз"алардан" деген сөзгө алмаштырылсын. Аталган мыйзам долбоорунда республикалык бюджеттен каржылоо карал-ган, мында жергиликтүү бюджеттен каржылоо каралган эмес, долбоордун3,21 жана 30-беренелеринде "мамлекеттик бюджеттен" деген сөздөрдү "рес-публикалык бюджеттен" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Долбоордун 6-беренесинин экинчи бөлүгүн конкреттештирүүнү сунуш-тайбыз, мында мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам алуу-га укукту аныктоодо жан башына бөлүнгөн орточо үй-бүлөнүн жыйынды кире-шеси эсепке алынат. Долбоордун 4-беренесине ылайык мамлекет тарабынан гарантияланганюридикалык жардам мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамалууга жарандардын тењ укуктуулук принцибинде берилет жана шектүү бол-гон, айыпталган, соттолгон, акталган, өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүнкамалгандар социалдык-аялуу категориялар болуп эсептелбестигин эскеалып, долбоордун 7-беренесинин алтынчы абзацын алып салууну сунуштай-быз. Долбоорду иштеп чыгууда мамлекет тарабынан гарантияланган юридика-лык жардам алууга укук берүүчү табигый кемчиликтердин чөйрөсү кыскар-тылганын эске алуу менен 7-берененин бешинчи абзацын Кыргыз Республика-сынын Кылмыш-процесстик кодексинин 46-беренесине ылайык келтирүүнү су-нуштайбыз. Долбоордун 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлиги мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды башка-руу системасына катышуучу орган болуп эсептелет, Улуттук кењештин кура-мына юстиция министрлигинин өкүлүн киргизүүнү сунуштайбыз. Долбоордун 11-беренесинин биринчи бөлүгүндө "Мамлекет тарабынангарантияланган юридикалык жардам боюнча улуттук кењеш" деген сөздөрдөнкийин "(мындан ары - Улуттук кењеши)" деген сөздөр менен толуктоону су-нуштайбыз. Долбоордун 13-беренесинин бешинчи бөлүгүн баяндалгандардын неги-зинде алып салууну сунуштайбыз. Долбоордун 11-беренесинин төртүнчү бөлүгүнө ылайык Улуттук кењеш-тин курамына милдеттүү түрдө окумуштуу юрист жана үч адвокат (адвокат-тардын кесиптик уюмунун өкүлдөрү) кирет, аталган абзацтагы "жана коом-дук уюмдар" деген сөздөр алып салууну сунуштайбыз. Долбоордун 12-беренесинин үчүнчү бөлүгүнө ылайык Улуттук кењешмамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды берүү жана көрсө-түү боюнча арыздарды жана даттанууларды кароого укуктуу болушат, ушунуменен бирге долбоордун 29-беренесинде аныкталгандай аталган Улуттук ке-њеш мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды берүү жанакөрсөтүү үчүн жооптуу органдардын жана жактардын иш-аракеттерин кароогоыйгарым укуктуу органдардын тизмесине киргизилген эмес. 21-берененин 2-пунктунда адвокаттын милдеттеринде ушул мыйзамгаылайык аныкталган юридикалык жардамдын сапатына минималдуу талаптардысактоо каралган. Мында, мыйзам долбоордо көрсөтүлүүчү юридикалык жар-дамдын сапаттарынын дењгээли каралган эмес. Долбоордун 23-беренесинин экинчи бөлүгүнүн жобосун эске алып, дол-боордун 22-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү 3-пунктчада "юридикалык жар-дам" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекет тарабынан гарантияланган юри-дикалык жардамды берүү боюнча мамлекеттик реестрден алып салуу" дегенсөздөр менен толукталсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы № 4токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерининжана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттери-нин жана административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин баш-ка борбордук органдарынын нормативдик актыларынын долбоорлорун даярдоо-нун тартиби жөнүндө эрежелердин талаптарын көњүлгө алып, долбоордун23-беренесинин төртүнчү бөлүгүндөгү "пункту" деген сөз "экинчи бөлүгү-нүн 2-пунктчасы" деген сөздөргө алмаштырылсын. Долбоордун 24-беренеси юридикалык жардам берүү же берүүдөн баштарткандыгы жөнүндө жүйөөлүү чечимди чыгаруу боюнча координатордун ый-гарым укугу каралат. Бирок, мындай чечимди координатор кайсы мөөнөттөчыгараары мыйзам долбоордо каралган эмес. Ушуга байланыштуу аталган бе-ренеде координатор аталган чечимдин кабыл алууга тийиш болгон мөөнөткаралса жакшы болмок. Мыйзам долбоордун 25-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмунда ба-яндоону сунуштайбыз: "Социалдык фонддун, салык инспекциясынын органдары, башка мамле-кеттик органдар жана мекемелер акысыз негизде суроо-талап алынган күн-дөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен координаторго маалыматберүүгө милдеттүү. Аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бер-беген жана/же өз убагында бербеген учурларда Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.". 2. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүү-лөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-зам долбоору боюнча. Долбоордун 1-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмунда баян-далышы максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. "1-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 10, 442-статья.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:". Аталган Кодекстин 46-беренесинин 1-пунктунда шектүү, айыпталуучуже соттолуп жаткан адам каалаган учурда кылмыш-жазык иши боюнча жактоо-чунун сөзсүз катышуу маселеси жөнгө салынганын эске алып жана КыргызРеспубликасынын Конституциясынын ар бир адам квалификациялуу юридикалыкжардам алууга укугу бар экендиги жөнүндө 40-беренесине ылайык КыргызРеспубликасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 46-беренесинен аталганпунктту алып салуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Долбоордун 1-беренесинин акыркы абзацын төмөнкүдөй редакцияда ба-яндоону сунуштайбыз: "- 95-берененин биринчи бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөрүтөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Шектүүгө протокол жактоочунун катышуусунда жарыяланат, мында ушулКодекстин 40-беренесинде каралгандай ага укугу түшүндүрүлөт. Кармоопротоколуна аны түзгөн, кармалган жана анын жактоочу тарабынан кол кою-лат.". Ошондой эле бардык сунушталган толуктоолорду аларды хронологиялыктартипте баяндоо менен долбоордун 1-беренесинин өзүнчө пункттары түрүн-дө тариздөөнү сунуштайбыз. Азыркы учурда "Адвокаттын эмгек акысын республикалык бюджеттин ка-ражатынын эсебинен төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-майындагы № 306 токтомуна ылайык мам-лекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам иштери боюнча адвокат-тардын эмгек акысына төлөө үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Юсти-ция министрлигинин бюджетинде каражат каралат. Учурдагы жылы "КыргызРеспубликасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына ылайык аталган максаттар үчүн 4713, 0 мињ сомсуммасында каражат каралган. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эсебине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүнө ашыруу үчүн сом суммасындагы ак-ча каражаты талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунунжоболорун иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл акча каражаты 2009-жылга бюджет-тин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эске алы-нат. Ушуга байланыштуу 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүү мөө-нөтүн белгилөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-боорун кабыл алса болот деп эсептейт.