ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №230 «Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу»токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-майы № 230                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө"       жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине          өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"          Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз            Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунажана "Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын   34-беренесине   ылайык  каржылоо булактарынаныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Мамлекеттик  гарантияланган  юридикалык  жардам  жөнүндө" жана"Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоор-лоруна тиркелген корутунду жактырылсын.     2. Бул  токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-сына жиберилсин.         Премьер-министри                                И.Чудинов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                           2008-жылдын 16-майындагы                                                № 230 токтомуна                                                    тиркеме         "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө"       жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине          өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"              Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна                   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                              КОРУТУНДУСУ      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунаылайык расмий  корутунду берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Администрациясынын  2008-жылдын  11-январындагы  №  15-71  катынаылайык, ошондой  эле  "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жө-нүндө" жана  "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөр-түүлөрдү жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө" Кыргыз Республикасынынмыйзам долбоорлоруна  "Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө" КыргызРеспубликасынын конституциялык  Мыйзамынын  34-беренесине ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт.     1. "Мамлекеттик  гарантияланган  юридикалык жардам жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору боюнча.     Кыргыз Республикасы  мамлекеттин  эсебинен юридикалык жардамды га-рантияланган адамдарга  карата түрдүү чечмелөөлөрдү болтурбоо үчүн Мый-зам долбоорунун кириш сөзүндө "жана мыйзамдуу кызыкчылыктар" деген сөз-дөрдөн кийин "биринчи инстанциясындагы сотто, апелляциялык, кассациялыкжана көзөмөлдөө инстанцияларында тергөө жүргүзүү стадиясында кылмыш ишибоюнча шектенилген, айыпталган, соттолгон, акталган учурларда.".     Мыйзам долбоорунун  1-беренесинде "актылар" деген сөз "Кыргыз Рес-публикасынын" деген сөздөр менен толукталсын.     Долбоордун бүткүл  тексти  боюнча  түрдүү  жөндөмөлөр формасындагы"адистештирилген башкармалар"  деген  сөздөрдү  тиешелүү жөндөмөлөрдөгү"адистештирилген бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.     Мыйзам долбоордун 3-беренесинде "ар бир жаранга" деген сөздөр ушулМыйзам менен  аныкталуучу  жактарга"  деген сөздөргө, "андан" деген сөз"алардан" деген сөзгө алмаштырылсын.     Аталган мыйзам долбоорунда республикалык бюджеттен каржылоо карал-ган, мында  жергиликтүү  бюджеттен  каржылоо  каралган эмес, долбоордун3,21 жана 30-беренелеринде "мамлекеттик бюджеттен" деген сөздөрдү "рес-публикалык бюджеттен" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.     Долбоордун 6-беренесинин  экинчи  бөлүгүн конкреттештирүүнү сунуш-тайбыз, мында мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам алуу-га укукту аныктоодо жан башына бөлүнгөн орточо үй-бүлөнүн жыйынды кире-шеси эсепке алынат.     Долбоордун 4-беренесине  ылайык  мамлекет тарабынан гарантияланганюридикалык жардам  мамлекет  тарабынан гарантияланган юридикалык жардамалууга жарандардын  тењ укуктуулук принцибинде берилет жана шектүү бол-гон, айыпталган,  соттолгон,  акталган, өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүнкамалгандар социалдык-аялуу  категориялар  болуп  эсептелбестигин  эскеалып, долбоордун  7-беренесинин  алтынчы абзацын алып салууну сунуштай-быз. Долбоорду иштеп чыгууда мамлекет тарабынан гарантияланган юридика-лык жардам  алууга  укук берүүчү табигый кемчиликтердин чөйрөсү кыскар-тылганын эске алуу менен 7-берененин бешинчи абзацын Кыргыз Республика-сынын Кылмыш-процесстик  кодексинин 46-беренесине ылайык келтирүүнү су-нуштайбыз.     Долбоордун 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлиги мамлекет  тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды башка-руу системасына катышуучу орган болуп эсептелет, Улуттук кењештин кура-мына юстиция министрлигинин өкүлүн киргизүүнү сунуштайбыз.     Долбоордун 11-беренесинин  биринчи  бөлүгүндө  "Мамлекет тарабынангарантияланган юридикалык  жардам боюнча улуттук кењеш" деген сөздөрдөнкийин "(мындан ары - Улуттук кењеши)" деген сөздөр менен толуктоону су-нуштайбыз.     Долбоордун 13-беренесинин  бешинчи  бөлүгүн баяндалгандардын неги-зинде алып салууну сунуштайбыз.     Долбоордун 11-беренесинин  төртүнчү бөлүгүнө ылайык Улуттук кењеш-тин курамына  милдеттүү түрдө окумуштуу юрист жана үч адвокат (адвокат-тардын кесиптик  уюмунун өкүлдөрү) кирет, аталган абзацтагы "жана коом-дук уюмдар" деген сөздөр алып салууну сунуштайбыз.     Долбоордун 12-беренесинин  үчүнчү  бөлүгүнө  ылайык  Улуттук кењешмамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды берүү жана көрсө-түү боюнча  арыздарды жана даттанууларды кароого укуктуу болушат, ушунуменен бирге долбоордун 29-беренесинде аныкталгандай аталган Улуттук ке-њеш мамлекет  тарабынан  гарантияланган  юридикалык жардамды берүү жанакөрсөтүү үчүн жооптуу органдардын жана жактардын иш-аракеттерин кароогоыйгарым укуктуу органдардын тизмесине киргизилген эмес.     21-берененин 2-пунктунда  адвокаттын  милдеттеринде  ушул мыйзамгаылайык аныкталган  юридикалык  жардамдын сапатына минималдуу талаптардысактоо каралган.  Мында,  мыйзам долбоордо көрсөтүлүүчү юридикалык жар-дамдын сапаттарынын дењгээли каралган эмес.     Долбоордун 23-беренесинин экинчи бөлүгүнүн жобосун эске алып, дол-боордун 22-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү 3-пунктчада "юридикалык жар-дам" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекет тарабынан гарантияланган юри-дикалык жардамды  берүү  боюнча мамлекеттик реестрден алып салуу" дегенсөздөр менен толукталсын.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  1997-жылдын  4-январындагы  № 4токтому менен  бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерининжана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттери-нин жана административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин баш-ка борбордук органдарынын нормативдик актыларынын долбоорлорун даярдоо-нун тартиби  жөнүндө  эрежелердин  талаптарын  көњүлгө алып, долбоордун23-беренесинин төртүнчү  бөлүгүндөгү "пункту" деген сөз "экинчи бөлүгү-нүн 2-пунктчасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.     Долбоордун 24-беренеси  юридикалык  жардам  берүү  же берүүдөн баштарткандыгы жөнүндө  жүйөөлүү чечимди чыгаруу боюнча координатордун ый-гарым укугу  каралат.  Бирок, мындай чечимди координатор кайсы мөөнөттөчыгараары мыйзам долбоордо каралган эмес. Ушуга байланыштуу аталган бе-ренеде координатор  аталган  чечимдин  кабыл алууга тийиш болгон мөөнөткаралса жакшы болмок.     Мыйзам долбоордун 25-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмунда ба-яндоону сунуштайбыз:     "Социалдык фонддун,  салык  инспекциясынын органдары, башка мамле-кеттик органдар  жана мекемелер акысыз негизде суроо-талап алынган күн-дөн тартып  он  күндүк  мөөнөттөн кечиктирбестен координаторго маалыматберүүгө милдеттүү. Аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бер-беген жана/же  өз  убагында  бербеген  учурларда Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".     2. "Кыргыз  Республикасынын  Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүү-лөрдү жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-зам долбоору боюнча.     Долбоордун 1-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмунда  баян-далышы максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.     "1-статья.      Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку  Кењешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 10, 442-статья.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:".     Аталган Кодекстин  46-беренесинин  1-пунктунда шектүү, айыпталуучуже соттолуп жаткан адам каалаган учурда кылмыш-жазык иши боюнча жактоо-чунун сөзсүз  катышуу  маселеси  жөнгө салынганын эске алып жана КыргызРеспубликасынын Конституциясынын ар бир адам квалификациялуу юридикалыкжардам алууга  укугу  бар  экендиги жөнүндө 40-беренесине ылайык КыргызРеспубликасынын Кылмыш-процесстик   кодексинин   46-беренесинен аталганпунктту алып салуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.     Долбоордун 1-беренесинин  акыркы абзацын төмөнкүдөй редакцияда ба-яндоону сунуштайбыз:     "- 95-берененин  биринчи бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөрүтөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "Шектүүгө протокол жактоочунун катышуусунда жарыяланат, мында ушулКодекстин  40-беренесинде  каралгандай  ага укугу түшүндүрүлөт.  Кармоопротоколуна аны түзгөн, кармалган жана анын жактоочу тарабынан кол кою-лат.".     Ошондой эле  бардык сунушталган толуктоолорду аларды хронологиялыктартипте баяндоо менен долбоордун 1-беренесинин өзүнчө пункттары түрүн-дө тариздөөнү сунуштайбыз.     Азыркы учурда "Адвокаттын эмгек акысын республикалык бюджеттин ка-ражатынын эсебинен  төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн  2003-жылдын 24-майындагы № 306 токтомуна ылайык мам-лекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам иштери боюнча адвокат-тардын эмгек  акысына төлөө үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Юсти-ция министрлигинин  бюджетинде  каражат  каралат. Учурдагы жылы "КыргызРеспубликасынын 2008-жылга  республикалык  бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына  ылайык  аталган максаттар үчүн  4713, 0 мињ сомсуммасында каражат каралган.     Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин эсебине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүнө ашыруу үчүн сом суммасындагы ак-ча каражаты  талап  кылынат.  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунунжоболорун иш  жүзүнө ашыруу үчүн зарыл акча каражаты 2009-жылга бюджет-тин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эске алы-нат. Ушуга байланыштуу 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүү мөө-нөтүн белгилөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-боорун кабыл алса болот деп эсептейт.