ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майы № 233 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 «Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция19.05.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-майы № 233                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын               27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгектик             мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык              үч тараптуу комиссия жөнүндө Жобону бекитүү          тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө      Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үчтараптуу комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы  №718 токтому менен бекитилген Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуубоюнча Республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өз-гөртүүлөр киргизилсин:     7-пунктундагы "республикалык  аткаруу  бийлик  органдарынын" дегенсөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;     9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "9. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн курамына кызматорду боюнча  Кыргыз  Республикасынын саламаттык сактоо министри, КыргызРеспубликасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Респуб-ликасынын айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик  мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комите-тинин төрагасы,  Кыргыз  Республикасынын  Миграция жана ишке орноштуруубоюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Социал-дык фондунун  төрагасы  (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигинин  статс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Билим берүүжана илим министрлигинин статс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Экономи-калык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы, Кыргыз Респуб-ликасынын юстиция министринин орун басары кирет.".     2. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри-не Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуучу Тараптагы комиссия-нын ишин координациялоо тапшырылсын.     3. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2001-жылдын 16-мартындагы №103 "Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үчтараптуу комиссиядагы  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик орган-дарынын өкүлдөрүнүн структурасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготтудеп эсептелсин.   Премьер-министр                                     И.Чудинов