Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 токтому менен бекитилген
|
(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-мартындагы № 103, 2008-жылдын 19-майындагы № 233, 2012-жылдын 12-октябрындагы № 711 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүктүн такай иштөөчү органы болуп эсептелет жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын, жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн (мындан ары Тараптар) турат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарын жана башка нормативдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Комиссиянын негизги максаттары жана милдеттери
3. Комиссиянын негизги максаттары:
- социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин республикалык деңгээлде иштеп чыгууда, мамлекеттик органдарынын, кесиптик бирликтер бирикмелеринин жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин социалдык-экономикалык таламдарын айкалыштыруу;
- социалдык-эмгектик мамилелерди республикалык деңгээлде келишимдик жөнгө салууга көмөктөшүү.
4. Комиссиянын негизги милдеттери:
- республикалык деңгээлде мамлекеттик органдарынын, кесиптик бирликтер бирикмелеринин жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин тең укуктуу кызматташтыгын камсыздоо;
- социалдык өнөктөштүктү республикалык деңгээлде өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кесиптик бирликтер бирикмелери жана жумуш берүүчүлөр бирикмелери ортосунда жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Башкы макулдашуу долбоорун даярдоо, тармактык (тарифтик) макулдашууларды түзүүгө көмөктөшүү, аталган макулдашууларды түзүү жана аткаруу учурундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-эмгектик мамилелер чөйрөсүндө мыйзам долбоорлорун жана башка нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга байланышкан маселелер боюнча үч тараптуу кеңештерди өткөрүү;
- социалдык саясаттын негизги багыттары боюнча Тараптардын пикирлерин макулдашуу;
- эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү, социалдык өнөктөштүк жана социалдык-эмгектик мамилелер жаатында тиешелүү чет өлкөлүк уюмдар менен өткөрүлүүчү иш чараларга катышуу, Комиссиянын алкагында эл аралык эмгек нормаларын ратификациялоого жана колдонууга байланышкан маселелер боюнча кеңештерди өткөрүү;
III. Комиссиянын укуктары
5. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, алар менен макулдашылган тартипте социалдык-эмгектик мамилелер жаатында, анын ичинен калкты иш менен камсыз кылуу, эмгек акы төлөө, калктын кирешелери жана жашоо деңгээли, социалдык коргоо, социалдык жана медициналык камсыздандыруу, эмгекти жана ден соолуктуу коргоо, социалдык өнөктөштүк чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка нормативдик укуктук актыларын кабыл алуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
- башкы макулдашуу долбоорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууда кесиптик бирликтер бирикмелеринин, жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин, республиканын аткаруу органдарынын таламдарын координациялоого;
- социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жана Башкы макулдашууну, тармактык (тарифтик) макулдашууну даярдоонун, аталган макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүндө социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тармактык, регионалдык жана аймактык үч тараптуу комиссиялардын биргелешкен иш-аракетин жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аткаруу бийлик органдарынан жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Башкы макулдашуу долбоорун даярдоо, аталган макулдашуунун аткарылышын контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон республикадагы социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалыматты, Кыргыз Республикасынын мыйзам жана нормативдик укуктук актыларын, социалдык-экономикалык мамилелер боюнча башка материалдарды алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуунун негизинде алар тараптан социалдык-экономикалык мамилелер боюнча иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун жана башка нормативдик укуктук актыларын даярдоого жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна даярдоого катышат;
- Комиссиянын мүчөлөрү болуп эсептелбеген республикалык кесиптик бирликтер бирикмелеринин жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле окумуштуулар менен адистерди, башка уюмдардын өкүлдөрүн өз иштерине катыштыруу үчүн чакырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Комиссия социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын регламентин (мындан ары - Комиссиянын регламенти) иштеп чыгат жана бекитет.
IV. Комиссиянын курамы жана түзүлүшү
7. Комиссия теңдик жана тараптардын тең укуктуулук принциптерин сактоо негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, кесиптик бирликтер бирикмелеринин жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин өкүлдөрүнөн түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кесиптик бирликтер бирикмелери менен жумуш берүүчүлөр бирикмелери өз өкүлдөрүнүн жекече курамын жана аларды алмаштыруу тартибин өз алдынча аныктайт.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн курамына кызмат орду боюнча саламаттык сактоо, жол-транспорт комплекси, байланыш, маалыматташтыруу, айыл чарба, өнөр жай, социалдык өнүгүү, эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилери, финансы, билим берүү жана илим, экономика, юстиция чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын статс-катчылары кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Тараптардын өкүлдөрү Комиссиянын мүчөлөрү болуп эсептелишет.
V. Комиссиянын иштөө жана чечим кабыл алуу тартиби
11. Комиссия өз ишин регламентке ылайык жүзөгө ашырат.
12. Комиссиянын чечими, Тараптардын үчөө тең добуш берген учурда кабыл алынды деп эсептелет.
13. Ар бир Тараптын чечим кабыл алуу тартиби, Комиссиянын регламенти менен аныкталат.
14. Кабыл алынган чечимге макул болбогон Комиссия мүчөлөрү, алардын өзгөчө ой-пикирин Комиссиянын протоколуна киргизүүнү талап кылууга акылуу.
VI. Комиссиянын Координатору
15. Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын координаторун Тараптар менен макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалат. Комиссиянын Координатору Комиссияга мүчө болуп эсептелбейт.
16. Комиссиянын Координатору:
- Комиссиянын ишин уюштурат, анын кеңешмелеринде төрагалык кылат;
- тараптардын сунуштары боюнча жумушчу топтордун курамын бекитет;
- тараптардын пикирлерин макулдашууга көмөк көрсөтөт;
- Комиссиянын регламентине, Комиссиянын иш планы менен чечимдерине кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Комиссиянын иши жөнүндө маалымат берип турат.
17.Комиссиянын Координатору тараптардын иштерине кийлигишпейт жана добуш берүүгө катышпайт.
VII. Тараптардын координаторлору
18. Ар бир Тараптын ишин тиешелүү Тараптын координатору уюштурат.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болгон Координатор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
20. Республикалык кесиптик бирликтер бирикмелеринин жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин өкүлдөрү болгон Тараптардын Координаторлорун, аталган тараптар шайлайт.
21. Тараптардын ар биринин Координатору, алардын тапшыруусу боюнча Комиссиянын Координаторуна, Комиссиянын иш-пландарын долбоорлоо жана кеңешмелеринин күн тартиби, жумушчу топтогу тараптардын өкүлдөрүнүн жекече курамы жөнүндө сунуштарды киргизет, Комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча Тараптардын өкүлдөрүнүн кеңешмелерин уюштурат, Комиссиянын кезексиз кеңешмесин өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет.
22. Тараптардын ар биринин Координатору, Комиссиянын ишине катышуу үчүн, Комиссиянын мүчөлөрү болуп эсептелбеген республикалык кесиптик бирликтер бирикмелеринин жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин, республикалык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, окумуштууларды, адистерди жана башка уюмдардын өкүлдөрүн чакырат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Комиссия мүчөлөрү
23. Комиссия мүчөлөрү:
- Комиссиянын регламентине ылайык Комиссиянын жана жумушчу топтордун кеңешмелерине катышышат;
- Комиссиянын жана жумушчу топтордун кеңешмелеринде кароо үчүн, Комиссиянын компетенциясындагы маселелер боюнча сунуштарды киргизишет;
- Комиссиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, маалыматтык жана справкалык материалдар менен таанышууга акылуу.
IX. Комиссиянын иштөөсүн камсыздоо
24. Комиссиянын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 166-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2000-жылдын 8-январы Орозо-айт күнү болуп жарыялансын.
2. 2000-жылдын 1-январындагы жана 2000-жылдын 8-январындагы майрам күндөрүнө туура келген дем алыш күндөрү ирети боюнча 2000-жылдын 3 жана 10-январына которулаары эске алынсын.
3. Бул токтом жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А.Муралиев
|