Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-февралындагы №132 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 24-майы № 239
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук
органынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-январындагы №
6 "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинде кызмат
өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинде кызмат өтөө жөнүндө
жобонун 33-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын тиркел-
ген Тартиптик уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги түзүмдүк
бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук
органынын Тартиптик уставынын талаптарын кынтыксыз аткарышын камсыз
кылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 539
"Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин Тартиптик
уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №
731 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин маселе-
лери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
Премьер-министри И.Чудинов